Ала-Тоо конушунда кубанычтуу окуя — “Эмгек” фракциясынын лидери Эркин Салымбеков жана депутат Светлана Кенжебаеванын демилгеси менен жаңы, заманбап балдар аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Демилгени ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөткөн Ленин районунун акими Тариел Айтиевге жана жалпы администрацияга терең ыраазычылык билдиребиз.
Мындай иштер — шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам.
Эмгек саясий партиясы
🇰🇬 Наша столица! Наша страна!
“Эмгек” фракциясынын депутаты Эркинбек Салымбеков Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев менен биргеликте Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйынга катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы текшерилип, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү көзөмөлгө алынды.
Мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо жана шаардык чөйрөнү тартипке келтирүү маселелери көтөрүлүп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.
2026-жылдын 12-мартында Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Эркинбек Салымбеков көчмө жыйынга катышты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү Ала-Арча көчөсүндө жайгашкан ишкананын өндүрүштүк базасы менен таанышып, техникалык туздун запасын жана атайын техникалардын абалын карап чыгышты. Ошондой эле Товарная көчөсүндө жайгашкан ишкананын жаңы базасынын аймагы көрсөтүлдү.
Андан соң комиссиянын мүчөлөрү Ростовская көчөсүндө жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасына жана кеңсесине барып, ишкананын ишмердүүлүгү жана иш процесси менен таанышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Эркинбек Салымбеков шаар тургундарын кызыктырган бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү.
В преддверии Нового года депутат Бишкекского городского кенеша Эркинбек Салымбеков оказал поддержку жителям Ленинского района, вручив продуктовые наборы.
Жители выразили искреннюю благодарность за внимание, заботу и поддержку, отметив важность таких инициатив в преддверии праздников.
“Эмгек” фракциясынын депутаттары Калыбек Чепеев жана Эмир Марлисбековдун демилгеси менен Октябрь районунун 11-кичи району, 12-кичи району жана Көк-Жар кичи районунда балдар үчүн воркаут аянтчалары курулуп, салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чарага Октябрь районунун акиминин орун басарлары Маратбек Турсунов жана Баркалбас Байтиков, муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ) жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
**********
Состоялось торжественное открытие детских воркаут-площадок, построенных по инициативе депутатов фракции «Эмгек» Калыбека Чепеева и Эмира Марлисбекова, в 11-м и 12-м микрорайонах, а также в микрорайоне Кок-Джар Октябрьского района.
В мероприятии приняли участие заместители акима Октябрьского района Маратбек Турсунов и Баркалбас Байтиков, руководители муниципальных территориальных управлений (МТУ), а также местные жители.
Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясынын депутаты Эркинбек Салымбеков Ленин районунун кичинекей тургундарын Жаңы жылы менен куттуктап, өзүнүн атынан таттуу белектерди тапшырды. Бул иш-чара балдардын жүзүнө жылмаюу тартуулап, майрамдык маанай тартуулады.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Майрамбек Касиевдин демилгеси менен Биринчи Май районундагы Үмүт көчөсүнө жаңы асфальт төшөлдү. Бул иш тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу каттамда жүрүүсүнө шарт түзөт. Эл үчүн жасалган ар бир иш — келечек үчүн маанилүү салым.
26/09/2025
Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын депутаты Элизавета Алымбаева Тунгуч кичи районунда Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиев жана тиешелүү муниципалдык кызматтардын катышуусу менен көчмө жыйын өткөрдү.
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер жеринде угулуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Район башчысы көйгөйлөрдү өз көзөмөлүнө алып, алардын чечилишине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Депутат Элизавета Алымбаева тургундардын көйгөйлөрү толук чечилгенге чейин аларды жеке көзөмөлүндө кармап турарын билдирди.
20/09/2025
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Элизавета Алымбаева Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев менен биргеликте Октябрь районунун тургундарын кабыл алды.
Жолугушууда жарандар бир топ көйгөйлүү маселелерин көтөрүштү. Көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү үчүн дароо тапшырмалар берилди.
17/09/2025
Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясынын депутаты Майрамбек Касиев Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Майрамбек Качканакович 17 жыл бою Кыргыз Республикасынын Салык кызматында эмгектенип, Бишкек шаарынын салык тармагында чоң салым кошуп, жигердүү иштерди алып барган. Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин 29-чакырылышынын депутаты болуп, бүгүнкү күнгө чейин шаар үчүн кызмат кылып келет.
Мындай жогорку сыйлыкка көрсөтүп, ишине күч-кубат берип, алдыга жаңы умтулууларга шыктандырган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, Майрамбек Качканаковичти алган сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана шаарыбыз үчүн дагы чоң ийгиликтерди жарата беришин каалайбыз!
05/08/2025
5 августа 2025 года депутат Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Жумабек Салымбеков и заместитель председателя Бишкекского городского кенеша Эльмир Досалиев провели встречу с жителями жилого массива Ак-Тилек-2 и улицы Широкой Свердловского района.
На встрече приняли участие представители соответствующих муниципальных служб.
В ходе встречи были обсуждены вопросы, ранее поднятые по инициативе фракции “Эмгек” и депутата Эльмира Досалиева:
1. Обеспечение улицы Арычной питьевой водой. Согласно информации, предоставленной представителями Управления капитального строительства мэрии города Бишкек, работы по подведению чистой воды в настоящее время активно ведутся. Завершение строительства водопроводной сети запланировано в течение ближайших трёх месяцев.
2. Асфальтирование улицы Широкой.Учитывая многократные обращения жителей, вопрос ремонта данной улицы был включён в план дорожных работ. Представители городских служб сообщили, что завершение асфальтирования запланировано до конца 2025 года.
Кроме того, жители обратились с инициативой по благоустройству заброшенного пруда, расположенного на улице Широкой, с целью создания зоны отдыха. По итогам встречи все озвученные предложения и проблемы были рассмотрены на месте. Соответствующим городским службам даны конкретные поручения для дальнейшей работы.
30/06/2025
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин “Эмгек” фракциясынын депутаттары медицина, билим берүү, салык жана муниципалдык кызмат тармагында үзүрлүү эмгек кылып жаткан кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырышты.
Депутаттар куттуктоо сөзүндө ар бир сыйлык ээси өз ишинин чебери экенин баса белгилеп, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалашты.
************
Сегодня депутаты фракции «Эмгек» Бишкекского городского кенеша вручили награды Бишкекского городского кенеша сотрудникам, добросовестно трудящимся в сферах здравоохранения, образования, налоговой и муниципальной службы.
В своих поздравительных речах депутаты подчеркнули, что каждый из награждённых — настоящий профессионал своего дела. Они выразили признательность за самоотверженный труд, пожелали крепкого здоровья, семейного благополучия и дальнейших успехов в работе.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Website
Address
Г. Бишкек
720001
