27/05/2024
‼️Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аянтчасында Экономика жана коммерция министрлиги менен Чүй, Талас жана Ысык-Көл олблусунун чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жумушчу кеңешме болуп өттү.
✅Аталган жыйында төмөнкү маселелер каралды:
- тоют базасына рыноктук бааларды эске алуу менен чийки сүттүн сатып алуу баасын жыл сайын корректировкалоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, даярдоочулардын, фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы салыштырмалуу баа макулдашуусу.
Сүттү кайра иштетүүчүлөр, сүт баасы 40 сомдомк кем эмес белгиленген сатып алуу баасы боюнча ой бөлүштү.
Алар чийки сүттүн сатып алуу баасы бир литрин 40 сом деңгээлинде белгиленсе, пастерленген сүттүн бир литринин (майдын 2,5%) наркы орточо 20-30% га, ал эми сары майдын килограммы дээрлик 10-20% га жогорулай тургандыгына көңүл бурушту. Ошондой эле, башка сүт азыктарына да баалар көтөрүлөт. Ошол эле учурда заводдордун өкүлдөрү фермерлер берип жаткан сүттүн сапаты жетишсиз экендигин белгилешти. Сүт иштетүүчүлөр мындай сапатта орто эсеп менен бир литр чийки сүттөн болжол менен 600 мл пастерленген сүт чыгат, ал эми калган сүт азыктарын өндүрүү үчүн негиз болуп саналат деп түшүндүрүштү.
🔰Мындан тышкары, бир литрине 40 сом баа коюу бир катар сүт ишканаларынын жабылышына жана сүт даярдоочулардын ишин токтотууга алып келет. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна, бодо малдын санын кыскарышына, жумуш орундарынын азайышына, жергиликтүү сүт азыктарын өндүрүүнүн төмөндөшүнө, импорттун көбөйүшүнө коркунуч келтириши мүмкүн.
Кеңешменин жүрүшүндө сүттү кайра иштетүүчүлөр сүттүн баасы 3,4% жана 3,6% майлуулугу боюнча базиске карата кандай жол менен эсептелгенин (кайра эсептөө формуласы) түшүндүрүштү. Мисалы, чийки сүттүн баасы 36 сом/л болсо, базиске карата майлуулугу 3,4%, анык майы 2,8% болсо, баасы 29,64 сом/л түзөт.
Жумушчу кеңешмеде чийки сүттү өндүрүү көйгөйлөрү, колдонулган тоюттардын сапаты, бодо малдын сапатынын төмөндүгү белгиленди.
📌Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан фермердик чарбалар арасында чийки сүттүн сапатына терс таасирин тийгизген дары-дармек каражаттарын уйларга көзөмөлсүз колдонуусун токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси айтылды.
📍Министрликтин тарабынан чийки пастерленген сүттүн, сүт продукциясынын сапатын жана курамын аныктоо боюнча көз карандысыз лабораторияларды ачуу сунушталды. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан чийки сүттүн сунушталган сатып алуу баасын аныктоо боюнча техникалык топту түзүү аркылуу чийки сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жана оңдоо механизми айтылган, анын курамы жана иштөө регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталмак. Сунушта баа макулдашуусу Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын региондору боюнча сезондуулугуна жараша чийки сүткө сунушталган сатып алуу баасын белгилөө шарттарында жүзөгө ашырылаары каралган.
Техникалык топтун курамына профилдик министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сүт даярдоочу жана кайра иштетүүчүлөрдүн, фермердик чарбалардын өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда.
Жолугушуунун катышуучулары техникалык топту түзүү идеясын колдошту жана баа макулдашуусу аркылуу чийки сүткө бааларды жөнгө салуунун сунушталган механизмин кийинки отурумда талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.
2,5% майлуу пастерленген сүт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы 455 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирерин эскертебиз..
Кыргызстанда чийки сүт көбүнчө үй чарбаларында өндүрүлөт. Анын кесепети сүттүн сапатынын төмөндүгү болуп саналат.
⏩⏩⏩⏩⏩
‼️В Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики (далее – МВРСХПП КР) прошло рабочее совещание с участием представителей МВРСХПП КР, Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики (далее – МЭК КР), представителей заводов, перерабатывающих сырое молоко и заготовителями из Таласской, Чуйской и Иссык-Кульской области.
🔰На данном совещании были рассмотрены следующие вопросы:
- ежегодная корректировка закупочной цены сырого молока с учетом рыночных цен на кормовую базу;
- ценовое соглашение между государственными органами, органами местного самоуправления, заготовителями, фермерами, переработчиками относительно.
Переработчики молока поделились мнениями по установленной закупочной цене на молоко не менее 40 сомов за литр сырого молока.
‼️Так, они обратили внимание, что в случае установления закупочной цены на уровне 40 сомов за литр на сырое молоко, стоимость одного литра пастеризованного молока (2,5 % жирности) повысится в среднем на 20-30 %, а килограмм сливочного масла – почти на 10-20 %, также произойдет повышение цен и на другие молочные продукты. При этом представители заводов отметили недостаточное качество молока, сдаваемое фермерами. Молокопереработчики пояснили, что при таком качестве в среднем из одного литра сырого молока выходит примерно 600 мл пастеризованного молока, которое выступает базой для производства остальных молочных продуктов.
📌Помимо этого, установление цены в 40 сомов за литр приведет к неизбежному закрытию ряда молочных предприятий и свертыванию деятельности заготовщиков молока. Это, в свою очередь, может угрожать продовольственной безопасности страны, сокращению поголовья КРС, уменьшению рабочих мест, снижению производства местной молочной продукции, увеличению импорта.
Во время совещания переработчики молока пояснили, каким образом рассчитывается (формула пересчета) цена на молоко к базису по жирности 3,4 % и 3,6 %. Так, при цене сырого молока в 36 сом/л к базису по жирности 3,4 %, с фактическим жиром 2,8 %, цена составит 29,64 сом/л.
📍На рабочем совещании были отмечены проблемы производства сырого молока, качество используемых кормов, низкокачественный состав поголовья КРС.
Со стороны представителей молзаводов прозвучало предложение о проведении разъяснительных работ среди фермерских хозяйств о прекращении бесконтрольного использования лекарственных средств для коров, сказывающееся на качестве сырого молока.
Представителями МВРСХПП КР было предложено открыть независимые лаборатории по определению качества и состава сырого, пастеризованного молока и молочной продукции.