08/12/2022
Биринчи май районунун жалпы билим берүү уюмдарынын өспүрүм кыздары үчүн “ВИЧ инфекциясын алдын алуу”, “Репродуктивдүү ден соолук”, “Өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулуктун алдын алуу” жана “Өспүрүм кыздардын жеке гигиенасы” деген темаларда лекциялар өткөрүлдү.
Лекцияны Биринчи май райондук Билим берүү борбору Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жана үй-бүлөлүк медицина борборунун гинекологдору менен биргеликте уюштурду.
Иш-чара мектеп окуучуларынын саламаттыгын сактоо максатында өттү.

08/12/2022
28/07/2021