СЭС при МЮ

СЭС при МЮ

Share

Судебно-экспертная служба при Министерстве юстиции Кыргызской Республики

Государственная судебно-экспертная служба является государственным органом, реализующим политику в сфере судебно-экспертной деятельности и осуществляющим судебно-экспертную деятельность в Кыргызской Республике

Photos from СЭС при МЮ's post 15/05/2026
09/05/2026
26/04/2026

🚯СЭК жашылдандыруу иши боюнча ишембиликти өткөрдү

🚯СЭС провела субботник по санитарной очистке

----------------

🧹Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Сот-эксперттик кызматынын кызматкерлери санитардык тазалоо иш-чарасын өткөрүп, мекеменин курчап турган аймактарын, ошондой эле Орозбеков жана Боконбаев көчөлөрүн тазалашты. Иш-чаранын алкагында арыктар тазаланып, таштандылар чогултулду.

🧹Бул ишембиликке Ош шаарындагы кесиптештер да кошулушту.

****************

🧹Сотрудники Судебно-экспертной службы при МЮ КР провели санитарную очистку прилегающих территорий и улиц Орозбекова и Боконбаева. В рамках акции расчищены арыки, собран мусор.

🧹К мероприятию присоединились коллеги из Оша.

24/04/2026

🤝Соттук экспертиза кызматы менен Соттук эксперттер палатасы өз ара аракеттенүүнү бекемдейт

🤝Судебно-экспертная служба и Палата судебных экспертов укрепляют взаимодействие

-----------------------

✅КРнын 2025-жылдын 8-августундагы №192 "Соттук-эксперттик ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамына ылайык, биринчи жолу мамлекеттик эмес (жеке) соттук эксперттерди бириктирген КРнын Соттук эксперттер палатасы түзүлдү.

✅Палатанын түзүлүшүнө жана ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук-эксперттик кызматынын төрагасы Т.Кожоновдун Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасынын төрагалары К.Жансеитов менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

✅Тараптар республикада соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган Кызмат менен Палатанын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. Бирдиктүү илимий-методикалык жана билим берүү платформасын түзүү, ошондой эле сот эксперттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

✅Мындан тышкары, тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууну караган кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоорун карашты.

✅Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат мамлекеттик эмес (жеке) соттук-экперттик ишти түзүүгө, өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү көздөйт.

*****************

✅В соответствии с Законом КР от 8 августа 2025 года №192 «О судебно-экспертной деятельности» впервые создана Палата судебных экспертов КР, объединяющая негосударственных (частных) судебных экспертов.

✅В целях оказания содействия становлению и развитию деятельности Палаты, состоялась рабочая встреча председателя Судебно-экспертной службы при МЮ КР Т.Кожонова с председателем Палаты судебных экспертов КР К.Джансеитовым.

✅Стороны обсудили вопросы организации взаимодействия между Службой и Палатой, направленного на развитие и совершенствование судебно-экспертной деятельности в республике. Особое внимание уделено вопросам формирования единой научно-методической и образовательной платформы, а также повышению профессионального уровня судебных экспертов.

✅Кроме того, стороны рассмотрели проект меморандума о сотрудничестве, предусматривающего установление долгосрочного и взаимовыгодного партнерства.

✅Судебно-экспертная служба при МЮ КР намерена оказывать содействие в становлении, совершенствовании и развитии негосударственной (частной) судебно-экспертной деятельности.

Photos from СЭС при МЮ's post 15/04/2026

🤝Соттук-эксперттик кызмат ЖОЖдор менен байланышты бекемдейт

🤝Судебно-экспертная служба укрепляет связь с ВУЗами

----------------------

✅КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматында соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана борбор калаадагы алдыңкы ЖОЖдордун окутуучулары менен жолугушуу болуп өттү.

✅Иш-чарага Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, ошондой эле КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын өкүлдөрү катышты.

✅Жолугушуунун негизги темасы билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө болду.

✅Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучуларга Кызматтын ишинин негизги багыттары, жүргүзүлүүчү соттук экспертизалардын түрлөрү жана эксперттердин сот адилеттиги системасындагы ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ведомствонун ишмердүүлүгүнө жалпы баяндама жасалып, актуалдуу кадрдык чакырыктар белгиленди.

✅Өзгөчө көңүл жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйүнө бурулду. Белгиленгендей, профилдик багыттарды бүтүрүүчүлөр эксперттик чөйрөдө иштөөнү дайыма эле тандашпайт, анын ичинде айлык акынын деңгээлине байланыштуу.

✅Кезекте башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери өз иштеринин практикалык аспектилери менен бөлүшүп, эксперттик изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү жана келечектеги адистерге коюлган талаптар жөнүндө айтып беришти.

✅Жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү бир катар системалык маселелерди белгилешти. Атап айтканда, бардык эле бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен толтуруу мүмкүн эмес, анткени тиешелүү билим берүү адистиктери жок экени белгиленди. Буга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана актуалдаштыруу зарылдыгы баса белгиленди.

✅Жолугушуунун алкагында коноктор үчүн Кызматтын бөлүмдөрү боюнча тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду. Окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрүн жүргүзүү процесси көрсөтмөлүү түрдө көрсөтүлдү.

✅Иш-чара кадрдык резервди түзүү жана студенттердин соттук экспертиза чөйрөсүндөгү кесиптик ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында өттү.

***********************

✅В Судебно-экспертной службе при МЮ КР состоялась встреча с заведующими кафедрами судебной экспертизы и преподавательским составом ведущих столичных ВУЗов.

✅В мероприятии приняли участие представители Кыргызско-Российского Славянского университета им. Б. Ельцина, Кыргызского национального университета им. Ж. Баласагына, а также Юридической академии Генеральной прокуратуры КР.
Главной темой встречи стало укрепление взаимодействия между образовательной системой и практической экспертной деятельностью.

✅В ходе встречи преподавателям подробно рассказали о ключевых направлениях работы Службы, видах проводимых судебных экспертиз и роли экспертов в системе правосудия. Также представили общий обзор деятельности ведомства и обозначили актуальные кадровые вызовы.

✅Особое внимание было уделено проблеме нехватки молодых специалистов. Как было отмечено, выпускники профильных направлений не всегда выбирают работу в экспертной сфере, в том числе из-за уровня заработной платы.

✅Руководители управлений и отделов Службы в свою очередь поделились практическими аспектами своей работы, рассказали о специфике экспертных исследований и требованиях к будущим специалистам.

✅Представители ВУЗов обозначили ряд системных вопросов. В частности, было отмечено, что не все существующие вакансии могут быть закрыты выпускниками, поскольку отсутствуют соответствующие образовательные специализации. В этой связи была подчеркнута необходимость расширения и актуализации учебных программ.

✅В рамках встречи для гостей была организована ознакомительная экскурсия по подразделениям Службы. Преподавателям продемонстрировали современное лабораторное оборудование и наглядно показали процесс проведения отдельных видов экспертиз.

✅Мероприятие прошло в рамках реализации мер по формированию кадрового резерва и повышению информированности студентов о возможностях профессиональной реализации в сфере судебной экспертизы.

Photos from СЭС при МЮ's post 14/04/2026

СЭК: Шерлок Холмс дагы расмий корутундусуз күнөөнү далилдей алмак эмес! 🕵️‍♂️

Далилдерди табуу — бул иштин жарымы гана. Кырсык болгон жерде (мисалы, жол кырсыгынан кийин) айкын издер болушу мүмкүн: тормоздун издери, фаралардын сыныктары, боёктун бөлүкчөлөрү. Шерлок «баары ачык-айкын» деп ишенет, бирок адилеттүү чечим чыгаруу үчүн бул жетишсиз. Мыйзамдуу, талашсыз далилдер керек.

Дал ушул жерде Соттук-эксперттик кызмат (СЭК) сахнага чыгат!

Биз далилдерди эксперттерге өткөрүп беребиз, алар:

- Экспертиза жүргүзүп, эң майда бөлүкчөлөрдү да изилдешет.
- Окуянын жүрүшүн майда-чүйдөсүнө чейин калыбына келтире алышат.
- Расмий эксперттик корутунду беришет.

Бул корутунду — соттун адилеттүү чечиминин негизи. Күнөө мыйзамдуу түрдө дал ушул корутундунун негизинде гана далилдениши мүмкүн.

************

СЭС: Даже Шерлок Холмс не смог бы доказать вину без официального заключения! 🕵️‍♂️

Найти улики — это полдела. На месте происшествия (например, после ДТП) могут быть очевидные следы: следы торможения, осколки фар, частицы краски. Шерлок уверен, что «картина ясна», но в реальной жизни для вынесения справедливого решения этого недостаточно. Нужны законные, неопровержимые доказательства.

Именно здесь на сцену выходит Судебно-экспертная служба!

Мы передаем улики экспертам, которые:
- Проведут экспертизу и изучат даже самые мельчайшие частицы.
- Смогут восстановить ход событий по деталям.
- Дадут официальное экспертное заключение.

Это заключение — основа справедливого решения суда. Только на его основе вина может быть доказана законно.

Photos from СЭС при МЮ's post 11/04/2026

Сотрудники Судебно-экспертной службы провели санитарную очистку на улицах, прилегающих к административному зданию Службы

Photos from СЭС при МЮ's post 06/04/2026

📢📢📢Бакуда Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагы түзүлдү

📢📢📢В Баку создана Тюркская сеть судебно-экспертных учреждений

------------------------

✅Баку шаарында (Азербайжан) Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү соттук экспертиза жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшуп, Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагын (TFSN) түзүү жөнүндө жарыялашты.

✅Жолугушууга Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, Өзбекистан жана Түркиянын делегациялары катышты.

✅Кыргыз Республикатынын атынан Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын төрагасынын орун басары Кубан Нурланов катышты. Өз сөзүндө ал ведомствонун түзүмүн жана негизги иш багыттарын тааныштырып, ошондой эле кызматтын учурдагы долбоорлору жана өнүгүү потенциалы жөнүндө айтып берди.

✅Жыйындын катышуучулары тажрыйба алмашууну, изилдөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүүнү жана профилдик мекемелердин ортосундагы илимий өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү камтыган кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

✅Кол коюлган меморандум 2024-жылдын 9-сентябрында Астана шаарында өткөн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн юстиция министрлеринин биринчи жыйынында кабыл алынган Астана декларациясынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча практикалык кадам болуп калды.

✅Түзүлгөн Түрк соттук-эксперттик мекемелер тармагы (TFSN) төмөнкүлөргө багытталган:
➡️эксперттик ыкмаларды унификациялоого көмөктөшүү;
➡️ биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
➡️ маалымат алмашууну ыкчам камсыз кылуу;
➡️ кесиптик байланыштарды жана окутуу программаларын бекемдөө.

✅Катышуучулардын баалоосу боюнча, тармакты түзүү көп тараптуу кызматташтыктын жаңы этабын ачат жана соттук-эксперттик чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

************************

✅В городе Баку (Азербайджан) представители государств-членов Организация тюркских государств подписали Меморандум о сотрудничестве в области судебной экспертизы и объявили о создании Тюркской сети судебно-экспертных учреждений (TFSN).

✅Встреча объединила делегации Азербайджана, Казахстана, Кыргызстана, Узбекистана и Турции.

✅Кыргызскую Республику представил заместитель председателя Судебно-экспертной службы при МЮ КР Кубан Нурланов. В своем выступлении он презентовал структуру и ключевые направления работы ведомства, а также рассказал о текущих проектах и потенциале развития службы.

✅Участники заседания обсудили перспективы расширения сотрудничества, включая обмен опытом, внедрение современных методик исследований и развитие научного взаимодействия между профильными учреждениями.

✅Подписанный меморандум стал практическим шагом по реализации договоренностей, достигнутых в рамках Астанинской декларации, принятой 9 сентября 2024 года на первом заседании министров юстиции стран ОТГ.

✅Созданная Тюркская сеть судебно-экспертных учреждений (TFSN) призвана:
➡️ способствовать унификации экспертных методик;
➡️ развивать совместные научные исследования;
➡️ обеспечивать оперативный обмен информацией;
➡️ укреплять профессиональные связи и программы обучения.

✅По оценке участников, формирование сети открывает новый этап многостороннего сотрудничества и позволит значительно повысить эффективность взаимодействия в судебно-экспертной сфере.

Photos from СЭС при МЮ's post 31/03/2026

📢📢📢Кыргызстанда соттук экспертиза институту күчөтүлөт: жеке секторго болгон ставка жана сапаттын жаңы стандарттары

📢📢📢В Кыргызстане усиливают институт судебной экспертизы: ставка на частный сектор и новые стандарты качества

------------------------------

✅Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик системаны масштабдуу реформалоо улантылууда, анын негизги элементи катары Соттук эксперттер палатасын түзүү жана жеке адистер институтун киргизүү болду. Жаңы ыкмалар эксперттик изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга, экспертизаларды өткөрүүнү тездетүүгө жана эксперттик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

✅Реформанын зарылдыгы учурдагы системанын объективдүү чектөөлөрүнөн келип чыгат. Бүгүнкү күндө өлкөдө экспертизалардын 60тан ашык түрү талап кылынууда, бирок алардын кыйла бөлүгү адистердин жетишсиздигинен улам жеткиликсиз болууда.

✅Натыйжада жарандар, юридикалык жактар жана сот-тергөө органдары кечигүүлөргө дуушар болушат, ал эми айрым багыттар боюнча - мисалы, ДНК-изилдөөлөр боюнча - өлкөдөн сырткары кайрылууга же экспертизаны айлап өткөрүүнү күтүүгө аргасыз болушат.

✅Жаңы модель жеке сектордун активдүү катышуусун камтыйт. Жеке эксперттер жана лабораториялар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, Соттук эксперттер палатасына мүчө болгон шартта Кыргызстанда иштей алышат. Бул институт көз карандысыз өзүн - өзү жөнгө салуучу орган катары иштейт-соттук эксперттин компетенттүүлүгүн сертификациялоодон өтүүгө, методикаларды бекитүүгө, реестрди жүргүзүүгө жана тарифтерди жөнгө салууга жардам көрсөтүү ыйгарым укуктары менен.

✅Реформаны иштеп чыгуучулардын айтымында, мындай ыкма:
➡️ мамлекеттик эксперттик мекемелерге жүктү азайтуу;
➡️ заманбап жабдууларга инвестицияларды тартуу;
➡️ эл аралык стандарттардын киргизилишин камсыз кылуу;
➡️ экспертизалардын жеткиликтүүлүгүн жана мөөнөтүн жогорулатуу.

✅Бүгүнкү күндө мамлекеттик системага жүк жогору бойдон калууда. СЭК жыл сайын 10 миңден ашык экспертиза жүргүзөт, алардын 80% га жакыны алгачкы изилдөөлөр.

✅Жеке эксперттер институтун киргизүү жарандарга дагы мүмкүнчүлүк берет. Экспертиза кылмыш иштеринин алкагында гана эмес, сотко чейинки процесстерде, ошондой эле, мисалы, керектөөчүлөрдүн талаш-тартыштарында толук далилдөөчү курал катары колдонулушу мүмкүн.

✅Мында система мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо механизмдерин караштырат. Эксперттерди жеке дайындоо кардар тарабынан эмес, палата аркылуу жүргүзүлөт. Тарифтер ачык-айкын болуп, сот эксперттеринин иши стандартташтырылган жана көзөмөлгө алынат.

✅Реформаны ишке ашыруу сот системасынын натыйжалуулугун гана жогорулатпастан, сот адилеттигине тезирээк, объективдүү жана технологиялык жактан жетүүнү камсыз кылуу менен жарандардын укуктарын коргоону бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калаары күтүлүүдө.

***************************

✅В Кыргызской Республике продолжается масштабная реформа судебно-экспертной системы, ключевым элементом которой стало создание Палаты судебных экспертов и внедрение института частных специалистов. Новые подходы направлены на повышение качества экспертных исследований, ускорение проведение экспертиз и расширение доступа к экспертным услугам.

✅Необходимость реформы продиктована объективными ограничениями существующей системы. Сегодня в стране востребовано более 60 видов экспертиз, однако значительная часть из них фактически недоступна из-за нехватки специалистов.

✅В результате граждане, юридические лица и судебно-следственные органы сталкиваются с задержками, а по отдельным направлениям - например, ДНК-исследованиям - вынуждены обращаться за пределы страны или ожидать проведения экспертизы месяцами.

✅Новая модель предполагает активное вовлечение частного сектора. Частные эксперты и лаборатории, включая зарубежные, смогут работать в Кыргызстане при условии членства в Палате судебных экспертов. Этот институт будет функционировать как независимый саморегулируемый орган - с полномочиями оказания помощи по подготовки для прохождения сертификации компетентности судебного эксперта, утверждению методик, ведению реестра и регулированию тарифов.

✅По мнению разработчиков реформы, такой подход позволит:
➡️ снизить нагрузку на государственные экспертные учреждения;
➡️ привлечь инвестиции в современное оборудование;
➡️ обеспечить внедрение международных стандартов;
➡️ повысить доступность и сроки проведения экспертиз.

✅Сегодня нагрузка на государственную систему остается высокой. Ежегодно СЭС проводит более 10 тысяч экспертиз, причем около 80% из них первичные исследования.

✅Введение института частных экспертов также расширит возможности граждан. Экспертиза сможет использоваться не только в рамках уголовных дел, но и в досудебных процессах, а также, например, в потребительских спорах, как полноценный инструмент доказательства.

✅При этом система предусматривает механизмы защиты от возможных рисков. Назначение экспертов в частном порядке будет осуществляться через Палату, а не напрямую заказчиком. Тарифы станут прозрачными, а деятельность судебных экспертов стандартизированной и контролируемой.

✅Ожидается, что реализация реформы не только повысит эффективность судебной системы, но и станет важным шагом в укреплении защиты прав граждан, обеспечив более быстрый, объективный и технологичный доступ к правосудию.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address

Улица Орозбекова 11
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00