08/03/2026
Урматтуу айымдар!
Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Аялзаты — жашоонун көркү, үй-бүлөнүн куту, коомдун бекем таянычы. Сиздердин мээримиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар дүйнөнү жарык кылып, жашоого өзгөчө мазмун, жылуулук жана көрк берип келет.
Ошону менен бирге, үй-бүлөнүн уюткусу болуп, келечек муунду тарбиялоодо да чоң жоопкерчиликти аркалап, коомдун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келесиздер.
Жаздын жаркыраган бул майрамы сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана түгөнгүс кубаныч тартууласын! Ар бир күнүңүздөр жылмайууга, сүйүүгө жана ийгиликтерге толо болсун!
Урматтоо менен,
Министр
Т. СОЛТОБАЕВ

05/03/2026