Национальный Центр Охраны Материнства и Детства

Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства

Share

Национальный центр охраны материнства и детства

Материнство и детство
#NCOMID
#

Национальный центр охраны материнства и детства ведет свое начало с августа 1961 года, он был открыт в соответствии со специальным Постановлением ЦК Компартии и Совета Министров Киргизской ССР «О создании материально-технической базы больнично-поликлинических учреждений, родильных домов и детских больниц» (№257-5/2-Б от 13.04.1960 г.).
В 1974 году институт был переименован в Киргизский научно-

04/06/2026

Делегация Представительства государственных закупок Республики Корея (PPS) посетила Национальный центр охраны материнства и детства

3 июня Национальный центр охраны материнства и детства (НЦОМиД) посетила делегация Представительства государственных закупок Республики Корея (Public Procurement Service, PPS) с целью ознакомления с успешным опытом реализации проекта и осмотра объекта.

В состав корейской делегации вошли:

* Ким Джи Гук — директор департамента;
* Чхве Мин Су — секретарь (советник);
* Ким Бён Гон — руководитель Центра инноваций;
* У Хе Ён — исследователь.

В ходе визита представители PPS ознакомились с результатами реализации проекта, осуществленного при поддержке корейской стороны. Администрация НЦОМиД представила достигнутые результаты, провела экскурсию по объекту и продемонстрировала отделения, где в рамках проекта были установлены современные системы теплых полов, способствующие созданию комфортных условий для пациентов и медицинского персонала.

Согласно ранее достигнутым договоренностям, презентацию объекта и подробные пояснения по техническим аспектам реализации проекта провел г-н Ян Джэ Су — генеральный директор компании Wonwoo Korea, которая осуществляла руководство строительными работами.

Представители PPS высоко оценили результаты выполненных работ и отметили важность подобных проектов для повышения качества медицинской инфраструктуры и создания благоприятных условий для оказания медицинской помощи матерям и детям.

Визит стал важным этапом в укреплении сотрудничества между Кыргызской Республикой и Республикой Корея в сфере развития социальной и медицинской инфраструктуры.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 03/06/2026

2 июня состоялось открытие выставки в рамках уникального культурно-социального фотопроекта «ТАМЫР - СИЛА ДУХА В НАСЛЕДИИ ПРЕДКОВ» организованной Благотворительным фондом «Help the Children-SKD» в Кыргызском Национальном Музее Изобразительных Искусств им. Г. Айтиева (ул.
Выставка продлится с 2 по 5 июня 2026 года, время работы музея с 11:00 до 18:00.
Героями фотопроекта стали маленькие подопечные фонда — дети, которые уже одержали полную победу c онкологическими заболеваниями.
Через призму традиционных кыргызских образов, воссозданных в
традиционном стиле, экспозиция рассказывает истории их невероятного мужества и победы над недугом.
Цель проекта: жизненный пример: как надежда другим детям на выздоровление, оказать всестороннюю духовную и
психологическую поддержку тяжелобольным детям в их пути
к выздоровлению, открыв для них мощный источник внутренней силы, скрытый в национальных традициях. связи с предками и памяти своих корней. Показать, что многовековое наследие народа и поддержка предков
помогают преодолевать самые сложные жизненные испытания.
Все вырученные средства будут направлены на закупку жизненно важных медикаментов для детей с онкологическими и гематологическими заболеваниями.
Почетные гости:
- Главы традиционных религиозных конфессий Владыка Савватий, епископ
Бишкекский и Кыргызстанский и Верховный муфтий Кыргызстана Абдулазиз Закиров.
- Уполномоченный по правам ребенка Кыргызской Республики Чынбаева A.Р.;
- Вице мэр г.Бишкек Мозгачева В.А.;
- Советник-посланника Посольства Российской Федерации в Кыргызской Республике Чистова Е.С.
Замминистра здравоохранения КР Кадыралиев Б.К.;
Главный врач Национального центра охраны материнства и детства (НОМиД) Джетыбаева А.Б.;
- Президент Конгресса женщин Кыргызской Республики Акбагышева З.А.;
Заслуженный артист Кыргызской Республики и большой друг фонда Воронцов И.С.;
- Заведующие отделений НОМиД: онкологии Стамбеков С.А., гематологии Мотушева Р.К., онкогематологии Орозбекова А.Б
На мероприятии состоялось вручение Подарочного сертификата на 1 млн.сомов НЦОМиДу президентом Благотворительного фонда «Help the Children-SKD» Коневой Е.И.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 03/06/2026

Республикабыздагы Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун бет- жаак хирургиясы бөлүмү -- балдардын бет- жаак аймактары жана ооз көңдөйундөгү ооруларын аныктоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча адистештирилген бөлүм болуп саналат. Бул жерге;
- Тубаса эрин,таңдай , жана башка аномалиялар менен,
- Ооз көңдөйүнүн залалсыз шишиктери жана кисталары.
- Жаак сөөктөрүнүн жаракаттары
- Ириңдүү - сезгенүү оорулары менен жабыркагандар кайрылышат. Аларга бөлүмдө квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүп, заманбап диагностика жана хирургиялык дарылоо жүргүзүлөт. Аталган бөлүмдө 15 дарыгер жана ординаторлор тобу менен бирге 10 медайым жана кенже кызматкерлер эмгектенишет. Бөлүмдү медицина илимдеринин кандидаты, КРнын "Саламаттыкты Сактоонун отличниги" төш белгисинин ээси Суеркулов Эрбол Сыргакбекович жетектейт. Ошондой эле КРнын "Саламаттык Сактоонун отличниги" төш белгисинин ээси, бөлүмгө көп жылдык эмгеги сиңген тажрыйбалуу дарыгер Мамыралиев Алтынбек Ботолович, медицина илимдеринин кандидаты Абдышев Талант Кубатбековичтер бөлүмдөгү жаш дарыгерлерге өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, алардын кесиптик чеберчиликтерин арттырууга жардамдарын берип келишет. Белгилей кетчү жагдай И.К. Ахунбаев атындагы КММАсынын балдар стоматологиясы кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Юлдашев Ильшат Мухиддинович бул бөлүмдө кеңешчи катары эмгектенип, бардык дарыгерлерге оор шарттарда өз кеңеши менен жардамга келет жана операцияларга катышат. Дарыгерлердин максаты ар бир баланын ден соолугун калыбына келтирүү, толук кандуу өнүгүүсүнө шарт түзүү менен алардын жашоо сапатын жакшыртуу. Бирок дарыгерлер учурда, аталган бөлүмдө аларга ашыкча жүк артылган көйгөй бар экенин айтышат. Алардын айтымында келген оорулардын 70% шаардан келген,тиш оорусунун өтүшүп, кабылдап кеткенден кийинки абалы менен келишкен балдар. Мунун себеби балдардын тиш ооруусуна ата- энелердин көңүл бурбай кайдыгер болуусу, мектептерде тиш дарыгерлери иштебегендиги, жеринде тиш оорусунун алдын алуу үчүн профилактикалык иштердин жүргүзүлбөгөндүгү жана жергиликтүү дарыгерлер тобунда тиш дарыгерлерине өз убагында кайрылбагандыгы себеп болгонун белгилешет. Ошентип каралбай калып, негизинде тиштин кабылдап кеткен оор жагдайлары менен бул борбордун бет - жаак хирургиясы бөлүмүнө келишип, бул бөлүм аларды кабыл алууга жана дарылоого аргасыз болушкандыктарын белгилешет. Ал эле эмес, көчөдө ар кандай оюн-зоок учурунда, же самокат сыяктуулар баш болгон унаалардан травмаларды алып кайрылгандардын саны да жылдагыдан быйыл өтө көп болуп жаткандыгын, врачтар жетише албай калып жатышкандыктарын да жашырышбайт. Оорунун абалына жараша пландуу жана шашылыш операциялар жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тарта 17 жашка чейинки балдарга жасалат. Урматтуу дарыгерлер, сиздер ар кандай аномалиялар менен күрөшүп, балдардын ден соолугун кайтарып, жүзүнө күлкү тартуулап, жашоосуна ишеним жаратканыңыздар -- бул сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн чыныгы далили десек болот. Күн сайын тынымсыз жасап жаткан эмгегиңиздер жүздөгөн үй- бүлөлөргө кубаныч тартуулап, балдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүп келет. Ар бир куткарылган бала жана алардын жаркыраган жылмаюусу -бул сиздердин мээнетиңиздердин чоң сыйлыгы болуп, ата- энелердин, элдин сый -урматына бөлөнүп жүрө бериңиздер ардактуу ак халатчан өмүр сакчылары.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 01/06/2026

Өлкөбүздөгү Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунда бүгүн 1- июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдарга арналган салтанаттуу иш- чаралар өткөрүлдү. ЭжБКУБ уюштурган бул иш чарага " Пациенттик коомдордун союзу" бирикмеси", "Жашоого үмүт" коомдук бирикмеси, "Help the children skd" коомдук кайрымдуулук фонду жана башка коомдук фонддор демөөрчүлүк кылып, колдоолорун көрсөтүштү. Балдардын маанайларын көтөрүү үчүн музыкалык чыгармалар, искусство аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу жана майрамдык маанай, эмоционалдык колдоо тартуулоо менен айыгып кетүүсүнө болгон ишенимдерин бекемдеп, ар дайым коомчулук алар менен бирге экенин, дайыма колдоолор болуп тураарын сезлирүү иш- чаранын башкы максаты болду. Учурда 426 бала дарыланууда. Алардын ичинде оңкологиялык оорулар жана оор диагноздор менен жаткан балдар бар. Иш чаранын алгачкы бөлүгү саат 10до башталып, ЭжБКУБнун администрациясынын, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, өнөктөш уюштуруучулардын жана иш- чарага катышкан коноктордун балдарды куттуктоо сөздөрү менен ачылды.Сөз сүйлөөчүлөр балдар мамлекетибиздин эртеңки келечеги экендигине токтолушуп, балдардын ден соолугуна кам көрүү, коопсуздугун камсыз кылуу ар бир ата эненин жана жалпы коомчулуктун милдети экендигин белгилешти. Иш чараны шаңдуу ыр күүлөр коштоп, чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Балдар костюмчан каармандар менен да фотосессияларды жасашып, алар менен бийлеп да көрүштү. Ошондой эле "АСФАЛЬТТАГЫ КЫЯЛДАР" акциясы жарыяланды. Анда борбордун бөлүмдөрүнөн чыгышкан балдар сүрөтчүлөр менен бирге ооруканага чектеш аймактагы асфальтка түстүү борлор менен өздөрүнүн кыялдарын, бактылуу келечегин, үй - бүлөсүн , үйлөрүн жана айыгып чыккандан кийинки жашоолорун тарткан сүрөттөрүндө чагылдырышты. Артынан " Менин келечегимди тарт" акциясы уланып, иш чаранын 2- бөлүгү оңкология, оңкогемотология бөлүмдөрүндө улантылды. Анда иш чараны колдоо иретинде Кыргызстан сүрөтчүлөр Союзунан келишкен сүрөтчүлөр менен бирге Т. Садыков атындагы көркөм- сүрөт колледжинен келишкен ыктыярчы сүрөтчүлөр балдар оңкологиясы бөлүмүнүн палаталарына киришип, карандаш менен балдардын портреттерин тартышты. Алар ар бир бала менен жекече иштеп, балдардын сүрөтүн тартууда аларды келечектин күчтүү, бактылуу жана дени сак баатырларынын образында жаратышты. Анткени сүрөтчүлөр өз сүрөттөрүнөн күчтүү балдарды көрүшүн каалагандыктарын айтышат. Ал эми өз сүрөттөрүнөн күчтүү экенин көрүү балдар үчүн абдан чоң дем, күч кубат болоору талашсыз. Балдар өздөрүнүн тартылган сүрөттөрүн кубануу ,толкундануу менен кабыл алышып, сүрөтчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришти. Бул күнү бардык балдарга, ар бирине өзүнчө белектер берилди. Ал эми "Help fhe children skd" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 4 даана муздаткыч борборго жардам берүү максатында тапшырылды. Андан кийин иш- чаранын 3- бөлүгү ЭжБКУБнун 2- базасында уланды. Ал жерде да уюштуруучулар тарабынан жагымдуу каалоо- тилектер менен кошо куттуктоо сөздөр айтылып, балдардын маанайларын көтөргөн оюн-зоок программалар менен коштолду. Албетте демөөрчүлөрдүн белектери тапшырылып, таттуулар таратылды. Соңунда колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө ЭжБКУБнун жетекчилиги ыраазычылык билдирүү менен мындан ары да тыгыз кызматташуулар улана тургандыгын белгиледи.

1 июня 2026 года в Национальном центре охраны материнства и детства состоялось праздничное благотворительное мероприятие «Моё будущее», приуроченное к Международному дню защиты детей.
Организаторами выступили ОЮЛ «Союз пациентских сообществ», ОО «Жашоого үмүт» и Союз художников Кыргызстана в сотрудничестве с Национальным центром охраны материнства и детства Кыргызской Республики.
Главная цель мероприятия — подарить детям, проходящим лечение в НЦОМиД, атмосферу праздника, радости и эмоциональной поддержки, укрепить веру в выздоровление и счастливое будущее. Сегодня в стационаре центра проходят лечение 426 детей, в том числе пациенты с онкологическими и другими тяжелыми заболеваниями.
В рамках программы состоятся акция художников «Нарисуй моё будущее», концертные выступления творческих коллективов и артистов, интерактивные программы, шоу мыльных пузырей, фотосессии, вручение подарков, а также творческая акция «Мечты на асфальте». Особым событием стало создание и вручение детям индивидуальных портретов, символизирующих силу, надежду и жизнь после болезни.
Мероприятие проводится при финансовой поддержке ОсОО «Илим», ОБФ «Help the Children SKD», депутата Жогорку Кенеша КР Ж.Эгенбердиевой и Optima Банка. В реализации проекта также принимают участие общественные организации, объединяющие пациентов с тяжелыми заболеваниями, благотворительные фонды и медицинские партнеры.
Организаторы убеждены, что внимание общества, творчество и искренняя поддержка способны подарить детям не только яркие эмоции, но и дополнительную мотивацию на пути к выздоровлению.

29/05/2026

Оштогу областтар аралык балдардын клиникалык ооруканасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин “Таза суу — таза кол — таза чөйрө” Улуттук компаниясынын челленджин колдойт!
Тазалык — ден соолуктун негизги кепилдиги.
Ар бирибиз таза айлана-чөйрөнү сактоого жана гигиенаны бекем кармоого салым кошолу.
Бул челленджин төмөнкү мекемелерге жолдойбуз:
🏥 Ошская межобластная объединенная клиническая больница Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына
🏥 Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна
🏥 Кара-Кулжа Жалпы дарыгерлик практика борборуна
Бирге — таза коом үчүн!
#ТазаСуу #ТазаКол #ТазаЧөйрө #Челлендж #СаламаттыкСактоо #Тазалык

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 29/05/2026

Эне жана Баланы Коргоо Улуттук Борборунун дарт аныктоо ( диагностикалык) лабораториясы -- эне менен баланын ден соолугун коргоо үчүн, инновациялык ыкмаларды киргизген заманбап, жогорку технологиялык лаборатория болуп саналат. Лабораториялык аныктоо - бул так диагноз коюунун башаты. Лаборатория бөлүмү ооруларды аныктоодо эң маанилүү орундардын бири. Бул жерде көпчүлүк билген кан менен заарадан башка жалпы анализдердин 72 түрү текшерилип аныкталат. Оорунун себебин тактоодогу башкы жардамчылар болушкан лаборатория адистери ар бир анализди кылдаттык менен текшеришип, дарыгерлерге так жана туура маалыматтарды беришет. Андыктан туура аныкталган анализ туура дарылоого багыт болоору талашсыз. Бир анализ бир адамдын тагдырын өзгөртүшү мүмкүн. Демек лабораториядагы тактык - бейтаптын өмүрүнө болгон камкордук десек болот. Лаборатория кызматкерлеринин эмгеги сырттан көп байкалбаганы менен ,алардын өз иштерине өтө кылдаттык менен жасаган мамилеси жана жоопкерчилиги, тыкан аракеттери бейтаптардын сакайып кетүүсүндө чоң салымы бар экенин далилдейт. Бейтаптардын ден соолугу үчүн лаборанттардын тынымсыз аракеттери менен жасап жаткан эмгеги абдан баалуу. ЭжБКУБнун дарт аныктоо лаборатория бөлүмүндө 7 жогорку категориядагы, эки 2- категориядагы врач- лаборанттар аталган борбордун бейтаптарына кызмат көрсөтүшөт. Ал эми фельдшер- лаборанттар 26 адамдан туруп, алардын 18и жогорку категориядагы, 3 лобарант 1-категориядагы жана калган жаш адистер дагы такшалып калган 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар тажрыйбалуу лаборанттар. Жигердүү эмгектери үчүн бөлүмдөгү врач-лаборант Макеева .М. Ж, лаборанттар : Джакыпбаева Р.И, Тыныева Н.Т, Рысалиева Б.Ж жана З.Ж.Расулбаевалар КРнын "Саламаттыкты Сактоонун отличниги" төш белгилери менен сыйланышкан. Ал эми бул бөлүмдү КРнын "Саламаттыкты Сактоонун отличниги" төш белгисинин ээси ,Жогорку Кеңештин Грамотасы менен сыйланган,бөлүмгө эмгеги сиңип, мындагы кызматкерлерге тактыкты, жоопкерчиликти үйрөтүү менен үлгү болуп эмгектенип келе жаткан тажрыйбалуу дарыгер Абдыкеева Замира Токтосуновна жетектейт. Анализ изилдеп, анын жыйынтыгын чыгаруучулар -- адам өмүрүн сактап калууга салым кошуучулар. 65 жылдык ийгиликтүү иш тажрыйбасы бар бул лаборатория жылына 900 000ден ашык изилдөө жүргүзүшүп, 70тен ашык анализдин түрүнө изилдөөнүн жыйынтыктарын беришет. Алар да күн сайын адамдардын ден соолугу үчүн күрөшүшөт жана эмгектенишет. Ишиңиздердин көрсөткүчү мындан да мыкты деңгээлге жетип, ийгилик сиздер менен бирге боло берсин урматтуу лаборатория кызматкерлери.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 29/05/2026

В Национальном центре охраны материнства и детства (НЦОМиД) продолжаются бесплатные операции по пересадке почки за счет государства.

Благодаря государственной поддержке и профессионализму отечественных хирургов высокотехнологичные операции сегодня становятся реальными и успешно проводятся в Кыргызстане, что позволяет спасать жизни граждан без необходимости выезда за рубеж.
В Национальном центре охраны материнства и детства (НЦОМиД) с января месяца 2024 года успешно выполняются бесплатные операции по пересадке почки за счет государства. С этого момента уже выполнены 43 таких операций.
На это раз реципиенту А.Т., 24 года произведена пересадка почки от дяди Ы.у.Б, 30 лет. Реципиент с хронической болезнью почек в течение 2 лет находилась на хроническом программном гемодиализе. Состояния пациентов стабильные.
Кроме того, на базе НЦОМиД налаживается методология иммунологического тестирования при трансплантации почки. В диагностической лаборатории НЦОМиД проведены 10 референсных исследований у пациентов (донор+реципиент) с ранее известными анализами. Результаты наших анализов полностью совпали с результатами анализов, выполненных зарубежом.
Медицинская бриагада НЦОМиД при МЗ КР на постоянной основе принимает пациентов для консультации, подготовки к возможной будущей операции.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 27/05/2026

В мае месяце мы отмечали много праздников: начиная с самого любимого с детства 1 мая, затем дня Победы - 9 мая, за которыми следовали наши профессиональные – посвященные Международному дню медицинской сестры – 12 мая, Всемирному дню семейного врача – 19 мая и другие. А еще в начале месяца – 5 мая мы проводили Всемирный день борьбы с астмой. В этот день проводили образовательные беседы с пациентами, читали лекции для врачей, обсуждали свои научные исследования. И как раз в эти дни совместная научная статья наших педиатров и европейских ученых о распространённости симптомов астмы и аллергии среди школьников Нарынской области была опубликована в престижном журнале Всемирной организации по аллергии (World Allergy Organization Journal, Q1). Исследование, проведенное под руководством проф. Ш.А.Сулайманова, с использованием стандартизованной и валидированной анкеты Global Asthma Network (GAN) среди 2673 подростков 13–14 лет обнаружило, что распространенность таких заболеваний, как астма, риноконъюнктивит и экзема, в Нарыне является одной из самых низких в мире (https://doi.org/10.1016/j.waojou.2026.101386).
Эти данные вносят большой вклад в многолетние исследования кыргызских ученых под руководством академика М.М.Миррахимова о благоприятном влиянии горного климата при бронхиальной астме и возможности применения горного климата для лечения этих пациентов. Эти исследования имеют важное значение для обоснования использования горного климата при некоторых внутренних болезнях, а также для развития лечебного туризма.

Photos from Национальный Центр Охраны  Материнства и Детства's post 27/05/2026

Саламаттык сактоо министрлигинде 2026-жылдын I кварталына карата энелердин жана ымыркайлардын өлүмү боюнча кырдаал каралды

2026-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коллегия залында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиевдин төрагалыгы алдында энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи кварталына карата энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү боюнча ыкчам маалыматтар, ошондой эле энелерге жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелери каралды.
Отчеттук мезгилде республика боюнча 32 017 төрөт катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 716га көп болду. Төрөттөрдүн санынын эң чоң өсүшү Ош шаарында жана Чүй областында байкалган.

📍https://egov.kg/kg/ministry/health/news/23002

В Минздраве рассмотрели ситуацию по материнской и младенческой смертности за I квартал 2026 года

26 мая 2026 года в зале коллегии Министерства здравоохранения Кыргызской Республики состоялось заседание комиссии по снижению показателей материнской, младенческой и детской смертности под председательством заместителя министра здравоохранения Бакытбека Кадыралиева.
В ходе заседания были рассмотрены оперативные данные по показателям материнской, младенческой и детской смертности за первый квартал 2026 года, а также вопросы повышения качества медицинской помощи матерям и детям.
За отчетный период в республике зарегистрировано 32 017 родов, что на 716 больше по сравнению с аналогичным периодом прошлого года. Наибольший рост числа родов отмечен в городе Ош и Чуйской области.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address

Ахунбаева 190
Bishkek
72003

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00
Saturday 09:00 - 18:00
Sunday 09:00 - 18:00