Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР

Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР, Government Organization, ​Манаса, 101/1​Улица Жумабека, 203/1 Первомайский район, Бишкек, 720033, Bishkek.

Служба по пожарному надзору при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики является подведомственным подразделением Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики 1. Служба по пожарному надзору при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (далее - СПН) является подведомственным подразделением Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (далее -

29/05/2026

КР ӨКМне караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы “Кыргыз авто жол” түштүк аймактык мамлекеттик ишканасынын өрт коопсуздук абалы боюнча контролдук текшерүү жүргүзүлүп, жоюуга берилген эскертме жазуунун аткарылгандыгы аныкталды.
Ал эми №21 Жол тейлөө ишканасынын өрт коопсуздук абалы боюнча жүргүзүлгөн контролдук текшерүүдө өрт өчүрүүгө каршы суу кампасы, алгачкы өрт өчүрүү шаймандары, өрттү кабарлоочу автоматтык жабдуулар жана өрт өчүргүчтөр менен камсыздалбагандыгы, кароолкана бөлмөсүндөгү электр чубалгылары талапка ылайык оңдолбогондугу, ошондой эле өрт учурдагы эвакуациялык пландар иштелип чыкпагандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык айып пул салынды.

Photos from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР's post 30/04/2026

ЧОҢ-АЛАЙДА МАМЛЕКЕТТИК ОБЪЕКТИЛЕРДИН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТТҮ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан Чоң-Алай районундагы бир катар мамлекеттик мекемелерде өрт коопсуздугунун абалы текшерилди.
Пландуу негизде жүргүзүлгөн текшерүүлөр Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу объекттилеринде жүрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо абалына өзгөчө көңүл бурулуп, жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Ар бир мекеменин жетекчилигине табылган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча расмий эскертме жазуулар берилди.

16/04/2026
14/04/2026

ОШ ОБЛУСТУК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОРБОРУНДА ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛДИ

ӨКМдин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын инспекторлору Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунда өрт коопсуздугу боюнча ченемдеринин,эрежелеринин,талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттү кабарлоочу автоматтык жабдыктардын иштебегендиги, алгачкы өрт өчүрүү каражаттарынын жетишсиздиги, ички өрткө каршы суу түтүктөрүнүн оң абалда эместиги жана имараттын чатырынын жыгач конструкциялары өрткө каршы атайын аралашмалар менен иштетилбегендиги аныкталды.
Текшерүү жыйынтыгында, аталган медициналык мекемелерде орун алган кемчиликтерди 30 күндүн ичинде жоюу боюнча эскертүүлөр жазуу түрүндө берилди.

Photos from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР's post 06/04/2026

Ош шаары жана Ош облусунда өрт коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын 2026-жылдын 13-мартындагы №17-од буйругунун негизинде Кара-Суу районунун Папан айылындагы Папан суу сактагычында өрт коопсуздугу боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө объектте өрт коопсуздугу талаптары жетишсиз деңгээлде камсыздалгандыгы аныкталып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертме берилди жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле аталган буйрукту аткаруу максатында Алай районунда жайгашкан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу мекемелерде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү актылар түзүлүп, кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилип, кызматкерлерге өрт коопсуздугу талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 2-апрелинде «НСК Туран Групп» ЖЧКсынын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында Ноокат шаарында орнотулган өрт гидранттарына техникалык кароо жүргүзүлдү. Жалпы 121 даана өрт гидранты жеринде текшерилип, алардын норма талаптарына ылайык орнотулгандыгы жана атайын өрт гидрантынын белгилери менен камсыздалгандыгы аныкталды

Photos from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР's post 16/03/2026

Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу өрттү көзөмөлдөө кызматынын 17.02.2026-жылындагы номер 12-од буйругунун негизинде Бишкек шаары боюнча өрттү көзөмөлдөө кызмат башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин мекемелеринде өрт коопсуздугунун эрежелеринин сакталышы жана өрт коопсуздук эрежелеринин аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, актылар түзүлүп, эскертмелер бир айлык аткаруу мөөнөтү менен берилүүдө.

13/02/2026

Кыргыз Республикасынын ӨКМине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районунун борбордук базарында өрт коопсуздугун камсыз кылуу багытында пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Аталган базар мамлекеттик менчик болуп саналат жана узак мөөнөттүү ижарага «Стандарт строй» ЖЧКсына пайдаланууга берилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө соода контейнерлерине тиешелүү долбоордук документтердин жоктугу, ошондой эле өрт коопсуздугунун талаптары сакталбастан иштетилип жаткандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 143-беренесине ылайык административдик айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертме жазуу берилген.

Photos from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР's post 10/02/2026

2026-жылдын 10-февралында атайын мерчемге ылайык Алай райондук ӨКБнын кызматкерлери жана КР ӨКМине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Чакмак айылында жайгашкан №7 Сары Молдокулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун негизги максаты мектеп окуучуларына жана мугалимдерине өрт кырсыгы катталган учурда коопсуз жайга эвакуациялануунун жолдорун түшүндүрүү жана алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу боюнча нускама берүү болду.
Машыгууга мектептен 34 мугалим жана 191 окуучу катышып, жалпы 225 адам камтылды.

Photos from Служба по Пожарному Надзору при МЧС КР's post 10/02/2026

КРнын ӨКМне караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Кадамжай шаары, С Асранов көчөсү N54 дарегинде жайгашкан "Уста Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан 7 кабаттуу турак жайын Өрт коопсуздугу боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, "Уста Курулуш" ЖЧКнын жетекчисине аткарууга эскертмелер берилди!

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address

​Манаса, 101/1​Улица Жумабека, 203/1 Первомайский район, Бишкек, 720033
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00