Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK

Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK, Government Building, пр. Манаса 101/1, Bishkek.

Компоненты проекта:
- улучшение систем готовности и реагирования на стихийные бедствия;
- повышение безопасности школьных и дошкольных образовательных учреждений в рамках Государственной программы «Безопасные школьные и дошкольные учреждения в Кыргызской Республике» на 2015-2024 годы;
- совершенствование финансовой защиты и страхования против рисков природных стихийных бедствий.

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 01/06/2026

Манас шаарындагы №27 З. Бакиров атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу уланууда.

Учурда курулуш аянтында иштер активдүү жүрүп жатат:
🔹 чатыр жабуу иштери аткарылууда, чатырды жылуулоого керектүү бардык материалдар жеткирилди;
🔹 ички жасалгалоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө;
🔹 экинчи кабатка терезелер орнотулду;
🔹 ички инженердик коммуникациялар тартылды.

‼️ Курулуш иштерин «Сириус Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

, #Жалалабат, #Бакиров, #балдардынкелечеги

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 28/05/2026

🏗️ Талас облусунун Маданият айылында Молдогазы атындагы мектептин курулушу уланууда.

✅ Бүгүнкү күндө мектеп имаратынын, экинчи кабатынын дубалдары жана класстарды бөлүштүрүүчү ички дубалдар көтөрүлүп, үстүн жабуучу темирбетон плиталарын орнотууга даярдык көрүлүүдө. А блогунда үстүн жабуучу темирбетон плиталары орнотулду.
Учурда Б блокто токулган армокаркас түзүмүнүн жөндөө иштерин аяктап аны бетондоо менен, экинчи кабаттын колонналарынын арматура каркастарын орнотуу жана ал конструкцияларды кийинки бетондоо иштерине даярдоо жүргүзүлүүдө.

‼️ Курулуш иштерин “Победа” ЖКЧсы, “MS Building” ЖКЧсы менен биргеликте жүргүзүүдө.

, #Дүйнөлүкбанк, #Талас, #Молдогазы, #балдардынкелечеги –

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 28/05/2026

Ысык тамак үчүн бардык шарттар

ERIK долбоорунун алкагында курулуп же реконструкцияланып жаткан мектептерде окуучулар үчүн ысык тамак уюштурууга бардык шарттар каралган.

Бул балдардын ден соолугуна кам көргөн, коопсуз жана ыңгайлуу мектеп чөйрөсүнүн бир бөлүгү.
Ар бир мектеп заманбап ашкана жана тамактануу блогу менен камсыздалат. Алар электр мештери 🔥, муздаткычтар ❄️, мармиттер, столдор, текчелер, шкафтар жана башка керектүү жабдуулар менен жабдылат.

Мындан тышкары, окуучулар үчүн ыңгайлуу тамактануу жайы уюштурулат 🍽

Мындай шарттар балдардын сапаттуу ысык тамактануусуна жана мектепте өзүн ыңгайлуу сезишине өбөлгө түзөт.

, #дүйнөлүкбанк, #ашкана, #жаңымектептер, #балдардынкелечеги

25/05/2026

Жакында акыркы коңгуроо кагылат 🎓

Бул жыл видеодогу бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени алар ERIK долбоорунун алкагында курулуп, пайдаланууга берилген жаңы мектептердин алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушту. Мектептеги кубанычтуу күндөр, заманбап шартта өткөн сабактар жана келечекке болгон чоң максаттар алардын эсинде түбөлүк сакталат.

Видеого Ж. Узаков атындагы мектептин, А. Өмүрзаков атындагы мектептин жана №125 мектептин окуучулары Баймуратов Абдуманап, Кубанычбекова Таңсулуу, Атамкулова Сонунбүбү, Азизов Оятилло, Равшанбекова Нурзат, Акматов Бектур катышты.

ERIK долбоору алкагында Ош, Жалал-Абад, Ысык-көл жана Баткен облустарында 8 мектеп пайдаланууга берилген, өлкө боюнча дагы 13 мектеп курулуп жатат.

#ДүйнөлүкБанк #ЖаңыМектеп #балдардынкелечеги #жаңымектептер

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 22/05/2026

🏗️ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул айылында 225 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу уланууда.

✅ Бүгүнкү күндө мектепте ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле имараттын ичиндеги инженердик тармактар — желдетүү жана сантехника системалары орнотулууда. Муну менен катар чатырды жабуу иштери да жүргүзүлүүдө.

‼️ Курулуш иштерин “Алым строй” компаниясы “Капитал билдинг ЛТД” компаниясы менен биргеликте аткарууда.

, #Дүйнөлүкбанк, #Ысыкколоблусу, #Сыдыкбеков, #жаңымектеп, #балдардынкелечеги

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 19/05/2026

🏗️ Манас районунун Көк-Дөбө айылында С. Дүйшөнбиев атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

✅ Бүгүнкү күндө мектептин окуу корпусунун экинчи кабатынын үстүн плита менен жабуу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, экинчи кабатта ички электр кабельдерин монтаждоо жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле спорт залдын дубалдарын көтөрүү иштери да уланууда.

‼️ Курулуш иштерин «Компания Рамзан» ЖЧКсы аткарууда.

, #Дүйнөлүкбанк, #Талас, #Дуйшенбиев, #балдардынкелечеги

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 18/05/2026

🏗️ Нарын облусунун Таш-Башат айылында Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жаңы мектептин курулушу уланууда.

✅ Учурда имараттын негизги конструкцияларын куруу иштери жүрүп жатат. Бул этапта А блоктун биринчи кабатынын дубалы бүтүп, үстү темир бетон плиталар жабылган. Азыр экинчи кабат үчүн темир-бетон колонналар үчүн арматуралык каркас орнотулууда.
Ошондой эле ригелдер менен сейсмопоястар үчүн арматуралар байланып, кабат аралык жабууларды бетонго даярдоо иштери аткарылууда.

Ошол эле иштердин катарында Б, Б-1 жана В блокторунда иштер аткарылууда. Арматураларды орнотуу — курулуштагы эң жооптуу жана түйшүктүү иштердин бири. Адистер ар бир темир конструкцияны кылдат байлап, так орнотот. Анткени дал ушул конструкциялар келечектеги мектептин бекемдигин жана туруктуулугун камсыздайт. Бардык иштер заманбап сейсмикалык туруктуулук талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө. Бул болсо окуучулар үчүн коопсуз, ишенимдүү жана узак мөөнөткө кызмат кыла турган мектепти курууга шарт түзөт.

‼️ Курулуш иштерин “ДастанСтрой Групп” компаниясы “Биор Плюс” менен биргеликте жүргүзүүдө.

, #дүйнөлүкбанк, #Нарын, #ТашБашат, #балдардынкелечеги

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 15/05/2026

Ош облусунун Кара-Суу районундагы № 69 Ч. Айтматов атындагы мектепте реконструкция иштери уланууда 🔧🪏

✅ Учурда мектеп имаратынын А жана Б блокторунда сырткы дубалдарды торкреттөө иштери толугу менен аяктады. Бул ыкма дубалдардын бекемдигин жогорулатып, конструкциянын туруктуулугун күчөтүүгө жардам берет.

📍Ошондой эле жаңы чатырды орнотуу жана пайдубалды бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

‼️ Ремонттук-курулуш иштерин «Тайир» ЖЧК жана «Высота БКЭЭЭ» ЖЧК аткарууда.

, #Дүйнөлүкбанк, #Ошоблусу, #Айтматов, #реконструкция, #балдардынкелечеги

12/05/2026

🏗️ В селе Боролдой Кеминского района Чуйской области началось строительство новой школы им. Ш. Конурбаева на 275 ученических мест.

✅ Строительная площадка уже огорожена, на объект завезена необходимая техника. На начальном этапе будут проводиться подготовительные и земляные работы, включая разработку котлована под фундамент будущего здания школы.

‼️ Строительные работы выполняет подрядная организация «Снайпер».

, #Всемирныйбанк, #Чуй, #Конурбаев, #строительствошкол, #будущеедетей

Photos from Enhancing Resilience in Kyrgyzstan - ERIK's post 12/05/2026

📢 Инклюзивдүүлүк жөнөкөй, бирок маанилүү чечимдерден башталат ✨

🚪ERIK долбоорунун алкагында курулуп жаткан же реконструкцияланып жаткан мектептерде эшик өтмөктөрү өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн кең жана ыңгайлуу жасалууда. Бул алардын мектеп ичинде эркин жүрүп, өздөрүн мектеп жашоосунун толук кандуу бөлүгү катары сезишине шарт түзөт.

⛳Эшик өтмөктөрүнүн туурасы 1 010 мм түзүп, жеткиликтүү чөйрөнүн талаптарына жооп берет. Ал эми босоголордун жоктугу коляска менен жүргөн балдар үчүн мейкиндикти тоскоолдуксуз жана ыңгайлуу кылат.

https://www.instagram.com/p/DNfDZZftoTr/ - лифт туралуу видеоролик

#дүйнөлүкбанк, #инклюзивдүүлүк, #жаңымектеп, #реконструкция, #балдардынкелечеги

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address

пр. Манаса 101/1
Bishkek
720011

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00