Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Public & Government Service, Jalal-Abad.

Photos from Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү's post 07/03/2025

✅️✅️✅️ Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ - АТА-ЭНЕДЕН ТАБЕРИК” АТТУУ ИШ-ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

🔶️ Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында “Татыктуу тарбия - ата-энеден таберик” аттуу иш-чара болуп өттү.

📌 Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков, мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча кеңешинин төрагасы Бекмамат Арстанбеков, ата-энелер жана мугалимдер катышты.

📌 Жыйында өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун, аптекалык наркоманиянын жана эрте никеге туруулардын алдын алуу боюнча жетекчилер жана тийиштүү адистер тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 12 жылдык окутуу системасы боюнча маалымат берилди.

📌 Мындан сырткары, психолог Чолпон Жээнбекова баланы туура тарбиялоодо эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын, балдардын максат коеё билүүсүнө шарт түзүү тууралуу кеңештерин берди.

🖊 Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү

Photos from Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү's post 05/03/2025

✅️✅️✅️ "АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

🔶️ Бүгүн, 5-мартта Жалал-Абад шаарындагы №13 Розы Азимов атындагы мектебинде “Билим башаты-мектеп, тарбия башаты- үй бүлө” аталышындагы семинар болуп өттү.

Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана ата-энелер катышты.

Анда Гүлбарчын Таштанбекова ата-энелерди келечек ээлери болгон өспүрүмдөрдүн тарбиясына көңүл кош мамиле жасабоого чакырды. Мындан сырткары, коомго өз салымын кошкон патриот уул-кыздар үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн чыгаарын кошумчалап, ата-энелер балдарына үлгү болуусу керектигин кошумчалады.

📌 Аталган семинар "Ата-энелер мектеби" программасынын алкагында уюштурулган. Семинардын башкы максаты - ата-энелерге баштапкы педагогикалык билим берүү, билим берүү уюмдары менен ата-энелердин байланышын бекемдөө, балдарды тарбиялоодо ата-энелер менен мугалимдердин милдеттерин жана жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Want your business to be the top-listed Government Service in Jalal-Abad?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address

Jalal-Abad