31/05/2026
Мэр города Каракола Талантбек Иманов поздравил воспитанников детских центров и посетил фостерные семьи
В преддверии Международного дня защиты детей мэр города Каракола Талантбек Иманов посетил семейный детский дом «Ирада», центр поддержки детей с аутизмом «Умут Жылдызы», семейный детский дом «Телегей», а также фостерную семью, в которой воспитываются 13 детей.
В ходе визита глава города также ознакомился с условиями проживания, воспитания и обучения детей, пообщался с воспитанниками и сотрудниками учреждений, а также вручил подарки.
Одним из любимых занятий воспитанников детского дома «Телегей» является рисование. Для развития творческих способностей детям были подарены наборы для рисования, а самому учреждению — необходимая бытовая техника.
Как отметила директор детского дома Махабат Орозбаева, через творчество дети учатся выражать свои эмоции и впечатления.
«Рисование помогает развивать память и внимание, совершенствует мелкую моторику рук. Благодаря рисункам мы лучше понимаем внутренний мир детей», — рассказала она.
В знак благодарности воспитанники преподнесли в подарок мэру картину, которую они нарисовали сами. Талантбек Иманов поблагодарил детей за такой трогательный подарок и отметил, что с удовольствием разместит его в своем рабочем кабинете.
Семейному детскому дому «Ирада», где проживают 10 воспитанников, был передан комплект компьютерной техники.
«Не бывает чужих детей. Мы любим каждого ребенка, знаем его характер, мечты и стремления. Иногда бывает непросто, но я хочу, чтобы все наши дети выросли достойными людьми, получили хорошее образование и нашли свое место в жизни», — подчеркнула руководитель учреждения Акылсайра Джумабекова.
Центру «Умут Жылдызы» от имени мэрии была подарена специальная виброплатформа для занятий с детьми с аутизмом. Ежедневно центр посещают более 20 детей, и новое оборудование поможет сделать занятия более эффективными и комфортными. Фостерный семье Гулиры Орозбаевой, где воспитываются 13 детей, мэр вручил автоматическую стиральную машину. Для гостей дети подготовили небольшой концерт: исполнили песни, а 9-летняя Мелисса продемонстрировала свое мастерство игры на комузе.
Особенно трогательным стала беседа с 10-летним Нурэлем. Мальчик рассказал мэру о своей заветной мечте — стать профессиональным футболистом. После Талантбек Иманов с удовольствием сыграл с ним в футбол и пообещал помочь в исполнении его мечты.
Поздравляя детей с наступающим праздником, мэр пожелал им крепкого здоровья, счастливого детства, успехов в учебе и исполнения самых заветных желаний.
22/05/2026
📢 Урматтуу ата-энелер жана жаш таланттар!
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Каракол шаардык мэриясы жана шаардык маданият бөлүмү тарабынан “Менин өлкөм” аттуу көркөм окуу конкурсу жарыяланат.
Конкурстун негизги максаты – балдардын чыгармачылык жөндөмүн, талантын, активдүүлүгүн арттыруу, алардын жетишкендиктерин колдоо жана келечек муундун коомдогу ордун көтөрүү болуп саналат.
Конкурска Каракол шаарындагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучулары катыша алышат. Катышуучулар өздөрүнүн көркөм окуудагы жөндөмүн, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн жана мекенге болгон сүйүүсүн чагылдырган видеоматериалдарды даярдап катышат.
Конкурстук видеонун узактыгы 1,5–2 мүнөттөн ашпоого тийиш. Видео сапаттуу тартылып, талапка ылайык монтаждалган болушу зарыл.
Даяр болгон видеоматериалдар 2026-жылдын 26-майына чейин кабыл алынат. 26-майдан кийин жөнөтүлгөн видеолор кабыл алынбайт. Катышуучулардын видеолору 2026-жылдын 26-май күнү саат 16:00дө Каракол шаардык мэриясынын расмий Facebook жана Instagram баракчаларына жарыяланат.
Видео материалдарды кабыл алуу Каракол шаардык мэриясынын маалымат катчысы Э.Мелисбеков аркылуу жүргүзүлөт.
📞 Байланыш телефону: 0707 86 00 88.
Конкурстун жалпы байге фонду 20 000 сомду түзөт. Жеңүүчүлөр социалдык тармактардагы лайк жана комментарийлердин жалпы санынын жыйынтыгы менен аныкталат. Конкурстун жыйынтыгы 2026-жылдын 31-май күнү саат 20:00дө чыгарылат.
Жеңүүчүлөр 1-орун, 2-орун, 3-орун, 4-орун жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышат.
Конкурсту баалоодо теманын толук ачылышы, көркөм деңгээли, чыгармачылык өзгөчөлүгү, видеонун сапаты, ошондой эле социалдык тармактардагы коомчулуктун активдүүлүгү, жазылган комментарийлердин саны жана жактыруу белгилери (лайктар) эске алынат.
📌 Конкурска кыргыз жана орус тилдеринде катышууга мүмкүнчүлүк берилет.
Калыстар тобунун төрайымы – ф.и.к, доцент, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу Асиридинова Толкун Жолдошовна.
Калыстар тобунун мүчөлөрү:
Субанова Аида Идрисовна – Каракол шаардык кеңешинин депутаты;
Бейшекеева Сокен Бейшекеевна – Каракол шаардык маданият үйүнүн методисти.
Урматтуу окуучулар жана ата-энелер! Сиздерди “Менин өлкөм” аттуу көркөм окуу конкурсуна активдүү катышууга чакырабыз!
22/05/2026
Каракол шаарында “Баңгизатсыз келечек” аталышындагы форум өтүп, ага студенттер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жаштарды баңгизаттан алыс болууга үндөө, сергек жашоону жайылтуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулду.
Форумдун жүрүшүндө К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери атайын даярдалган театралдаштырылган көрүнүштөрдү тартуулап, баңгизаттын адам тагдырына, үй-бүлөгө жана коомго тийгизген оор кесепеттерин таасирдүү чагылдырып беришти. Ошондой эле баңгизаттарды колдонуу жана таратуу мыйзам алдында олуттуу жоопкерчиликке алып келери көрүүчүлөргө кеңири түшүндүрүлдү.
Сахналаштырылган көрүнүштөр аркылуу жаштар баңгизаттын айынан талкаланган тагдырларды, ата-эненин кайгысын, жаш өмүрдүн өчүшүн жана коомдогу оор кесепеттерди терең сезе алышты. Катышуучулар белгилегендей, мындай жандуу форматтагы түшүндүрүү иштери жаштарга өзгөчө күчтүү таасир калтырат.
Уюштуруучулардын айтымында, жаштар телевизордон же телефондон көргөн маалыматты бат эле унутуп коюшу мүмкүн. Ал эми театрлаштырылган көрүнүштөрдү көргөндө алар окуянын ичинде жүргөндөй таасир алып, анын маанисин тереңирээк түшүнүшөт.
Форумдун алкагында жаштарды сергек жашоого үндөгөн баяндамалар жасалып, баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле катышуучуларга баңгизаттын ден соолукка, психологияга жана коомдук жашоого тийгизген терс таасирлери тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистерден кеңири жооп ала алышты. Айрыкча баңгизатка каршы күрөшүү, жаштар арасында анын алдын алуу, мыйзам алдындагы жоопкерчилик жана сергек жашоонун артыкчылыктары тууралуу суроолор көп узатылды.
Белгилей кетсек, аталган форумдун уюштурулушуна Каракол шаардык мэриясы колдоо көрсөттү. Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантылып, жаштарды ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактоого багытталган иштер күчөтүлмөкчү.
22/05/2026
Бүгүн Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты.
Жарманкенин негизги максаты — жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыз кылуу, жаштарды кесипке багыттоо жана иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөрдүн ортосунда түз байланыш түзүү болду.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 1195 бош жумуш орду сунушталып, анын ичинен 280 бош орун Каракол шаарына тиешелүү болду. Катышуучулар өздөрүнө ылайыктуу жумуш орундар тууралуу маалымат алып, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен жеринде маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жарманкенин жыйынтыгында 17 жаран дароо жумуш ордун таап, туруктуу иш менен камсыз болду. Мындан тышкары, көптөгөн жаштар кесиптик багыт берүүчү маалыматтарды алып, келечектеги эмгек жолуна байланыштуу пайдалуу кеңештерге ээ болушту.
Белгилей кетсек, бош орундар жарманкеси жыл сайын салттуу түрдө Каракол шаардык мэриясы, Каракол шаардык эмгек жана социалдык камсыздоо бөлүмү, ошондой эле Жаш ишкерлерди колдоо борбору тарабынан уюштурулуп турат. Мындай иш-чаралар жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүп, шаардагы эмгек рыногун өнүктүрүүгө чоң салым кошууда.
21/05/2026
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жана Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов шаар тургундары менен ачык форматтагы жолугушуу өткөрүштү. Өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык уюштурулган жолугушуунун негизги максаты — элдин көйгөйлөрүн жеринде угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча ыкчам жана натыйжалуу иштерди жүргүзүү болду.
Жолугушууда негизинен жер тилкелерине байланышкан көйгөйлөр көп көтөрүлдү. Айрыкча аймактык реформалардын алкагында Каракол шаарынын карамагына өткөн аймактардагы жана дачалык жер тилкелериндеги документтештирүү маселелери тургундарды олуттуу түйшөлтүп жатканы айтылды. Жашоочулар жер маселесиндеги юридикалык так эместиктер жөнөкөй жарандык документтерди — паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жана башка тиешелүү документтерди бүтүрүүдө чоң тоскоолдуктарды жаратып жатканын белгилешти.
Бул маселеге байланыштуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов атайын жумушчу топ түзүлүп, анын ишин өкүлдүн биринчи орун басары жетектеп жатканын маалымдады. Аталган топ көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү жана документтештирүү иштерин жөнгө салуу багытында тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.
Мындан тышкары жолугушууда күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулар дагы көп болуп, шаар тургундары өздөрүн кызыктырган суроолорго жеринде жооп алышты. Ошондой эле Социалдык фонддун ишин жакшыртуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каттоосуна туруу боюнча дагы бир катар суроолор берилди.
Эки саатка созулган жолугушуу ачык жана эркин форматта өтүп, ар бир жаран өз оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк алды. Иш-чара “УТРК Ысык-Көл” телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлүп, коомчулукка ачык жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында жетекчилер көтөрүлгөн ар бир маселе көзөмөлгө алынып, тиешелүү мекемелер тарабынан так жана ыкчам иштер жүргүзүлөрүн белгилешти. Ошондой эле мындай жолугушуулар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты бекемдеп, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.
21/05/2026
Каракол шаарында коммуналдык тармакты өнүктүрүү жана шаар тазалыгын камсыздоо багытындагы иштер уланууда. Бул ирет Каракол шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына төрт жаңы кызматтык автоунаа тапшырылып, мекеменин техникалык мүмкүнчүлүгү дагы да бекемделди.
Жаңы автоунаалардын ачкычын Каракол шаарынын мэринин орун басары Нурлан Момбеков тапшырып, ишкананын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ал өз сөзүндө шаар тазалыгы — шаар маданиятынын күзгүсү экенин белгилеп, күн-түн дебей эмгектенип жаткан кызматкерлердин иши өтө жоопкерчиликтүү жана маанилүү экенин айтты. Ошондой эле жаңы техникалар кызматкерлердин эмгегин жеңилдетип, жаралган көйгөйлөргө ыкчам чара көрүүгө жана шаар тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга чоң жардам берерине ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, аталган автоунаалар “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу, техникалык базасын чыңдоо жана коммуналдык кызматтарды заман талабына ылайык жүргүзүү максатында лизинг аркылуу алынды. Жаңы техникалар шаардын көчөлөрүн тазалоо, коммуналдык иштерди уюштуруу жана күнүмдүк кызматтык тапшырмаларды аткарууда пайдаланылат.
Бүгүнкү күндө шаар тазалыгын камсыздоо маселеси өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан шаар бийлиги коммуналдык тармактагы материалдык-техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл буруп келет. Жаңы автоунаалардын берилиши — бул тармактагы иштерди дагы да ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө боло турган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Шаар жетекчилиги мындан ары дагы коммуналдык кызматтардын ишин колдоо, кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу жана Каракол шаарынын тазалыгын, көрктүүлүгүн камсыздоо багытындагы иштерди уланта берерин билдирди.
21/05/2026
“Акыркы коңгуроо” — ар бир бүтүрүүчүнүн эсинде өмүр бою сакталчу өзгөчө күн. Дал ушул күндүн коопсуз, тартиптүү жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылуу максатында Каракол шаарында күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлөт.
Бул багытта Каракол шаардык мэриясы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмү биргеликте иш алып барып, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын чараларды күчөтүүдө. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 29-майында өтүүчү “Акыркы коңгуроо” салтанатына чейин мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Өзгөчө көңүл бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү менен ден соолугунун коопсуздугуна бурулуп, майрамдык маанай кайгылуу окуялар менен коштолбошу керектиги баса белгиленди. Ушундан улам “Акыркы коңгуроо” күнү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, шаар аймагында рейддик иш-чараларды уюштурушат. Коомдук жайларда, эс алуу аймактарында жана жол кыймылында көзөмөл күчөтүлүп, ар кандай мыйзам бузуулардын жана кырсыктардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, мектептерде майрамдык иш-чараларды уюштуруу үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жол берилбей турганы дагы бир жолу эскертилди. Тиешелүү жетекчилерге бул боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ата-энелер арасында маалымдоо жүргүзүү жана мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы коюлду.
Шаар жетекчилиги “Акыркы коңгуроо” — жөн гана майрам эмес, бүтүрүүчүлөрдүн жаңы турмушка карай жасаган алгачкы кадамы экенин белгилеп, ар бир ата-энени, мугалимди жана жаштарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Коопсуздук менен тартип сакталган жерде гана майрамдын шаңы өзгөчө болоору айтылды.
20/05/2026
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 21-апрелиндеги №63 тескемесинин негизинде, ушул жылдын 11-майынан 16-майына чейин “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы” аттуу профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Аталган жумалыктын алкагында Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан Каракол шаардык мэриясы, Каракол-Аксуу райондук билим берүү бөлүмү, Каракол шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ошондой эле Каракол шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаралардын жүрүшүндө Каракол шаарындагы мектептерде окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, коопсуз жүрүм-турум эрежелери, мыйзамдуулукту сактоо жана жаштардын тарбиясына байланышкан темаларда кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер тарабынан өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, балдардын психологиялык коопсуздугу жана үй-бүлөдөгү туура мамиленин мааниси тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, жаштарды сергек жашоого үндөө жана ынтымакты бекемдөө максатында өспүрүмдөр арасында ар кандай спорттук оюндар жана мелдештер уюштурулуп, активдүү катышкан жаштарга кызыктуу маанай тартууланды.
Уюштуруучулар белгилегендей, мындай профилактикалык жана тарбиялык иш-чаралар жаш муундарды туура тарбиялоодо, алардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууда жана коомдогу зомбулуктун алдын алууда өзгөчө мааниге ээ.
19/05/2026
Бүгүн Каракол шаардык мэриясында шаар тургундарын жеке кабыл алуу өтүп, жарандардын көйгөйлөрү, сунуш-пикирлери жана кайрылуулары угулду. Кабыл алууну Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Тагай Абдысатаров жана мэриянын аппарат жетекчиси Рускул Сагымбаев өткөрүштү.
Кабыл алуу учурунда негизинен жер тилкелерине байланышкан маселелер көтөрүлдү. Тактап айтканда, шаар тургундары жерлерди мыйзамдаштыруу, документтерин толук бүтүрүү, турак жайларды менчиктештирүү жана жашаган жери боюнча каттоого туруу боюнча көйгөйлөрүн айтышты. Айрым жарандар көп жылдардан бери пайдаланып келген жер тилкелерине тиешелүү документтер толук бүткөрүлбөй калганын билдиришсе, дагы бир бөлүгү эч кандай расмий документи жок жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча жардам сурап кайрылышты.
Адистердин айтымында, мурда жер мыйзамдарына мунапыс берилген учурда дагы айрым тургундар документ иштерин өз убагында жүргүзбөй калышкан. Натыйжада бүгүнкү күндө көптөгөн үй-бүлөлөр жашаган жери боюнча каттоого тура албай, балдарына паспорт алуу, социалдык кызматтардан пайдалануу жана башка мамлекеттик кызматтарды алуу учурунда бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатышат.
Жолугушууда ар бир жарандын кайрылуусу дыкат угулуп, тиешелүү адистер тарабынан түшүндүрмөлөр берилди. Өз кезегинде биринчи вице-мэр Тагай Абдысатаров көтөрүлгөн маселелер мыйзам чегинде караларын белгилеп, тиешелүү мекеме-ишканаларга жана ведомстволорго расмий каттарды жөнөтүү менен ар бир кайрылуу боюнча иш алып барууну тапшырды. Ошондой эле мыйзам талаптарына ылайык документтерди ирээтке келтирүү боюнча жарандарга кеңештер берилди.
Каракол шаардык мэриясы мындан ары дагы шаар тургундары менен тыгыз иш алып барып, алардын көйгөйлөрүн мыйзамдын негизинде чечүүгө өзгөчө көңүл бурарын билдирди.
19/05/2026
Бүгүн Каракол шаардык мэриясы жана маданият бөлүмү тарабынан Энелер күнүнө карата муниципалдык мекемелер арасында уюштурулган өзгөчө маанидеги сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынактын алкагында шаарыбыздагы муниципалдык мекемелерде эмгектенген асылзат айымдардын күнүмдүк турмушу, кызматтагы жоопкерчилиги, үй-бүлөдөгү мээрими жана коомдогу аялзатынын орду тууралуу таасирдүү видео баян тасмалары тартылып, коомчулукка сунушталды. Ар бир катышуучу өзүнүн турмуш жолун, эмгегин, энелик мээримин жана аялзатына мүнөздүү болгон чыдамкайлык менен күчтү чагылдырууга аракет кылды.
Сынакка катышкан айымдарыбыздын видео баян тасмалары коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, айрым баяндар 40 миңге жакын көрүүчү, колдоочу топтоду. Бул болсо эненин жана аялзатынын коомдогу орду ар дайым бийик экенин дагы бир жолу далилдеди. Ар бир катышуучу — үйдө мээримдүү эне, кызматта жоопкерчиликтүү адис жана коомдо үлгүлүү айым экенин көрсөтө алды.
Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгы атайын түзүлгөн көз карандысыз комиссия тарабынан чыгарылып, ар бир катышуучунун эмгеги калыс бааланды. Жыйынтыгында биринчи орунга транспорт кызматынын адиси Анара Чунуева, экинчи орунга суу түтүк ишканасынын адиси Рыскүл Туркменова, үчүнчү орунга капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Салтанат Алыбаева татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө Каракол шаардык мэриясынын акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Ошондой эле сынакка катышкан бардык айымдар көңүл сыртында калган жок. Ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирилип, атайын белектер жана сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чара энелерге жана аялзатына болгон урмат-сыйды арттырып, алардын коомдогу ордун дагы бир ирет даңазалаган жылуу жана таасирдүү саамалык болуп калды.
Каракол шаардык мэриясы мындан ары да айымдарды колдоого алып, алардын эмгегин баалаган жана коомдогу ордун даңазалаган мазмундуу иш-чараларды уюштурууну улантат.