Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова

Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова

Share

Библиотека имени Туголбая Сыдыкбекова, Кыргызстан, го?

03/06/2026

Бүгүн 2026 жылдын 3 - июнунда Ысык-Көл облустук Т. Сыдыкбеков атындагы китепканада бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн «Китеп дүйнөсүнө саякат» аттуу таанып-билүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кичинекей окурмандар китепкана менен таанышып, балдар адабиятынын китептерин көрүштү. Аларга жомоктор окулуп берилип, кызыктуу оюндар, табышмактар жана викториналар уюштурулду. Балдар жомок каармандары тууралуу өз ойлорун айтып, китеп дүйнөсүнө болгон кызыгууларын арттырышты.

Иш-чаранын максаты – мектепке чейинки жаштагы балдарды китепке жакындатуу, китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготуу жана алардын руханий дүйнөсүн байытуу болду.

Кичинекей бөбөктөр жагымдуу маанай жана жакшы таасирлер менен үйлөрүнө кайтышты.

01/06/2026
28/05/2026

Иссык-Кульская областная библиотека 26 мая 2026 года провела литературную композицию "Идут века, но Пушкин остаётся", посвященную 229-годовщине великого русского поэта А.С.Пушкина. Со вступительным словом выступила библиотекарь читального зала Абдрасулова З.М., где она подчеркнула, что Пушкин дал нам ключ к сокровищу - русскому языку. Затем была проведена литературная композиция "Идут века но Пушкин остаётся", где прозвучали стихи А.С.Пушкина. Слушателями были учащиеся школы #9, учащиеся Троицкой школы. Всем очень понравилась сценка-фрагмент из сказки А.С.Пушкина "О золотой рыбке" в исполнении маленьких участников мероприятия, школьников первого класса Троицкой школы. Были проведены своеобразные конкурсы.
Так же была оформлена книжная выставка: "Пушкин - великий спутник русской литературы".
В заключении мероприятия было произведено награждение участников, всем вручили книги.

27/05/2026

Урматтуу китепкана кызматкерлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге чын ден-соолук , узун өмүр жана ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.
Китепкана — билимдин, акылмандыктын жана руханий байлыктын казынасы. Сиздердин эмгегиңиздер аркылуу адамдар жаңы дүйнөлөрдү ачып, илимге жана өнүгүүгө кадам ташташат. Китепкана ар дайым окурмандарга бай болуп, китептин нуру өчпөсүн, жаштардын билимге, илимге болгон кызыгуусу арта берсин!

Photos from Библиотека имени Тугѳлбая Сыдыкбекова's post 16/05/2026

2026-жылдын 16-май күнү китепкананын жамааты ишембилик өткөрүп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында гүлдөрдү отургузушту. Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер активдүү катышып, китепкананын айланасын жашылдандырууга өз салымдарын кошушту. Мындай ишембиликтер тазалыкты сактоого, эмгекке болгон ынтымакты бекемдөөгө жана кооз айлана-чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Want your business to be the top-listed Government Service in Karakol?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address

Иссык-Кульская область г. Каракол Улица Коенкозова №27
Karakol