Кемин райондук мамлекеттик администрациясы

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Government Building, Ленина, Kemin.

02/06/2026

Кемин районунун мектептеринде экзамендер башталды

Бүгүн Кемин районунун жалпы билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация башталды.

2025–2026-окуу жылында район боюнча 9-классты 928 окуучу, ал эми 11-классты 579 бүтүрүүчү аяктоодо.

Мамлекеттик экзамендер бекитилген графикке ылайык өткөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалоого багытталган.

Бардык бүтүрүүчүлөргө экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, келечектеги максаттарына жетишин каалайбыз!

02/06/2026

Кемин районунда үч мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун эсебинен Кемин районундагы үч жалпы билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, Нур мектебинде жана Орловка шаарындагы №1 жана №2 жалпы билим берүү мектептеринде билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган оңдоо-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бул иштердин негизги максаты – окуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү. Капиталдык оңдоодон кийин мектептердин материалдык-техникалык базасы жакшырып, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга шарт түзүлөт.

Учурда курулуш жана оңдоо иштери бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүүдө.

02/06/2026

Кемин районунда жарандардын социалдык укуктарын коргоо багытында прокурордук көзөмөл күчөтүлүүдө

Кемин районунун прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын I кварталында жарандардын социалдык укуктарын коргоо багытында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 12 мыйзам бузуу аныкталды.

Аларды жоюу максатында 5 сунуштама жана 1 талап келтирилип, 9 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө эмгек мыйзамдарынын, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жарандардын кайрылууларын кароо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жалпы баасы 10 млн 849 миң сомду түзгөн мурдагы мектеп имараты жана бала бакча мыйзамсыз жеке менчиктен мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.

Кемин районунун прокуратурасы жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

Photos from Кемин райондук мамлекеттик администрациясы's post 01/06/2026

Балдарды коргоонун эл аралык күнү Кемин районунда белгиленди

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кемин районунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А. Джуманалиева катышып, балдарды куттуктап, ар бир баланын бактылуу балалыкка, сапаттуу билимге жана жаркын келечекке татыктуу экенин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары, жомок каармандарынын катышуусундагы көрсөтүүлөр уюштурулуп, таттуу белектер жана балмуздактар таратылды. Таланттуу балдардын ыр-бийлери майрамга өзгөчө көрк берип, бөбөктөргө кубаныч тартуулады.

Ошондой эле майрамдын алкагында «Алтынкен» ишканасы тарабынан 100 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк жана белектер тапшырылды. Бул кайрымдуулук иш-чарасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулоого багытталды.

Балдардын күлкүсү — биздин келечегибиздин жаркын жүзү. Бардык балдарга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана кең келечек каалайбыз!

Photos from Кемин райондук мамлекеттик администрациясы's post 30/05/2026

Комиссия көтөрүлгөн маселелерди жеринде карады

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айыл аймактарынын жашоочулары менен болгон жолугушууларында көтөрүлгөн маселелердин негизинде түзүлгөн атайын комиссия графикке ылайык Кичи-Кемин, Кызыл-Октябрь жана Чым-Коргон айыл аймактарына жеринен чыгып, жарандардын көйгөйлүү маселелери менен таанышты.

Жеринде сугат суу, каналдар, жер тилкелери жана башка көйгөйлөр боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте иштер жүргүзүлүп, ар бир маселе боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Калктын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү жана жеринде көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.

Photos from Кемин райондук мамлекеттик администрациясы's post 30/05/2026

“Нурмээайса” үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунда Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

Кемин районундагы «Нурмээайса» үй-бүлө жана балдарды колдоо борборунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А. Джуманалиева, ошондой эле тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышып, борбордун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, ак тилектерин билдиришти.

Майрамдык иш-чара балдар үчүн кызыктуу оюн-зооктор, чыгармачылык көрсөтүүлөр жана жагымдуу маанай менен коштолду. Балдарга көңүл бурулуп, майрамдык белектер тапшырылды.

Балдардын жаркын келечеги үчүн көрүлүп жаткан мындай иш-чаралар алардын коомдо өз ордун табуусуна жана бактылуу балалыкты сезүүсүнө өбөлгө түзөт.

29/05/2026

Комиссия көтөрүлгөн маселелерди жеринде карады

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айыл аймактарынын жашоочулары менен болгон жолугушууларында көтөрүлгөн маселелердин негизинде түзүлгөн атайын комиссия графике ылайык 26-май күнү Чон-Кемин айыл аймагына жеринен чыгып, жарандардын маселелери менен таанышты.

Калктын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү жана жеринде көзөмөлдөө иштери мындан ары да улантылат.

29/05/2026

Кемин районунда “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү

Бүгүн, 29-май күнү Кемин районундагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленип, бүтүрүүчүлөр үчүн унутулгус күн болду.

Майрамдык иш-чараларга ата-энелер, мугалимдер, ардагер бүтүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышып, мектеп менен коштошуп жаткан окуучуларга ак жол каалашты.

Райондогу ар бир мектепте өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга район жетекчилиги, мекеме-ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, келечектеги окууларына жана турмуш жолуна ийгиликтерди каалашты.

Салтанаттын жүрүшүндө окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланып, мугалимдерге жана ата-энелерге ыраазычылык сөздөр айтылды. “Акыркы коңгуроо” майрамы кубаныч, толкундануу жана жылуу көз ирмемдер менен коштолду.

28/05/2026
Want your business to be the top-listed Government Service in Kemin?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address

Ленина
Kemin

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30