30/05/2026
Баткен ОИИБдин милиция кызматкерлери ишембилик өткөрүштү
Баткен ОИИБдин өздүк курамы ишембилик өткөрүп, мекеменин ички жана сырткы аймактарын тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликке милиция кызматкерлери жигердүү катышып, мекеменин имаратынын ичин иретке келтирип, жалпы пайдалануудагы жайларда тазалык иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле имараттын сырткы аймагындагы таштандылар тазаланып, короо-жайлар ирээтке келтирилип, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылды.
Мындан сырткары кызматкерлер имараттын айланасын шыпырып-тазалап, арык-каналдарды тазалап, жашыл аянттарды иретке келтиришти. Ишембиликтин жүрүшүндө санитардык тазалыкты сактоого жана айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар тазалыкты камсыз кылуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана эмгек маданиятын жогорулатуу максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Ишембиликтин жыйынтыгында Баткен ОИИБдин аймагы тазаланып, көрктөндүрүлүп, санитардык абалы жакшыртылды.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
29/05/2026
Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул окуя 27-май күнү болуп, бүгүнкү “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына тиешеси жок.
2026-жылдын 27-майында Кызыл-Кыя шаарындагы эс алуу паркында өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, 2009-ж.т. Т.Т. аттуу өспүрүм каза болгон.
2010-ж.т. М.Б. тарабынан Т.Т.га сокку урулган. Натыйжада Т.Т. жыгылып, тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, М.Б.га көрсөтүлгөн берене боюнча айып угузулуп, сот органдары тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.
29/05/2026
Баткен шаардык милициясы "Акыркы коңгуроо" аземинде коопсуздукту көзөмөлдөөдө
Бүгүн, 29-май күнү Баткен шаарынын аймагындагы мектептерде "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чаралары өтүп жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Өспүрүмдөр арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштардын алдын алуу жана коопсуздукту сактоо багытында төмөнкүдөй чаралар көрүлүүдө:
Коомдук тартип: Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору ар бир мектепке, эл көп чогулган коомдук жайларга жана сейил бактарга постторго бөлүнүп, коомдук тартипти толук көзөмөлгө алышты.
Жол коопсуздугу: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ГАИ) кызматкерлери автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана бүтүрүүчүлөрдүн унаалар менен кортеж түзүп жүрүүсүнө жол бербөө максатында негизги жолдордо нөөмөттө турушат.
Баткен шаардык милициясы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу үчүн ата-энелерди жана мугалимдерди биргеликте жоопкерчиликтүү болууга чакырат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
29/05/2026
Баткен милициясы "Акыркы коңгуроо" аземинде коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте камсыздоодо
Баткен облусунун аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринде "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чаралары өтүп жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында Баткен облустук ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
Майрамдык иш-чараларды тынч, коопсуз өткөрүү жана өспүрүмдөр арасында ар кандай укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында төмөнкүдөй жумуштар аткарылууда:
Коомдук тартипти көзөмөлдөө: Милиция кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор ар бир мектепке, эл көп чогулган коомдук жайларга, сейил бактарга бөлүнүп, бекитилген аймактарда нөөмөттө турушат.
Жол коопсуздугу: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖККБ/ГАИ) кызматкерлери автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында негизги жолдорго жана мектеп айланасына атайын постторду уюштуруп, көзөмөлдү күчөттү. Бүтүрүүчүлөрдүн унаалар менен кортеж түзүп жүрүүсүнө жана мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбейт.
Түшүндүрүү иштери: Ички иштер органдарынын кызматкерлери мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен биргеликте иш алып барып, балдардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү беришти.
Баткен облустук милициясы ата-энелерди бул күндөрү балдардын жүрүм-турумуна жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
29/05/2026
Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы үлгүлүү окуучуларды сыйлады
29-май күнү Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы 22 жалпы билим берүү мектебинде "Акыркы коңгуроо" салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чаранын алкагында Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Мирбек Толтоев окуудагы жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүм-туруму жана жашы жете электер арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алууга кошкон салымы үчүн 20 окуучуну сыйлады. Ийгилик жараткан окуучуларга ШИИБ башчысы тарабынан Ыраазычылык баракчасы жана акчалай стипендия тапшырылды.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
28/05/2026
Кадамжайда жайлоого баратып мотоциклден кулаган өспүрүм боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө
2026-жылдын 28-май күнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына (МЭЖ) өспүрүмдүн өлүмү боюнча билдирүү түшүп, окуя болгон жерге дароо милициянын ыкчам-тергөө тобу чыккан.
Аныкталгандай, 16 жаштагы А.А. Көк-Жалаң жайлоосуна мал караганы баратып, жаңы сатып алынган спорттук "Эндура" мотоциклинин башкаруусун жоготуп жыгылып кеткен. Ал Чаувай жайлоосунда алган оор жаракатынан улам, тез жардам унаасында ооруканага жетпей жолдо каза болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кырсыктын жана өлүмдүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБ тарабынан алгачкы текшерүү иштери улантылууда.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
28/05/2026
Баткенде милиция кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) Жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчүлөрү биргеликте мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында атайын жолугушууларды өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жаш муундарды азыркы замандын актуалдуу коркунучтарынан коргоо максатында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Адистер окуучуларды санариптик дүйнөдөгү киберкылмыштардан сак болууга, интернеттеги ар кандай алдамчылык тузагына түшүп калбоого чакырышты. Муну менен катар, коомдогу зордук-зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүнө жол бербөө, коомдук тартипти бекем сактоо жана мектеп дубалынан сырткары жерлерде да өзүн тартиптүү алып жүрүү эрежелери боюнча маанилүү насааттар айтылды.
Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдү алдыда күтүп жаткан жаңы турмуш жолунда мыйзамдуулукту сактоого жана өз укук-милдеттерин терең билүүгө чакырды.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы
28/05/2026
Баткенде №57 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө коопсуздук эрежелери эскертилди
Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейде "Акыркы коңгуроо" салтанаты болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр арасында укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө Баткен ШИИБдин Жашы жете элек балдардын иштери боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жаштарга майрамдык кечелерди автоунаалардын коштоосунда (кортеж менен) уюштурбоо жана коомдук тартипти так сактоо боюнча катуу эскертүүлөр берилди.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы