Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы

Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы

Share

"Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу"

Photos from Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасы's post 31/05/2026

Көчөлөргө жана коомдук жайларга отургузулган гүлдөргө үзгүлтүксүз кам көрүлүп, сугаруу жана багуу иштери жүргүзүлүүдө.

30/05/2026

Көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине латоктор орнотулууа

Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүндөгү №63 көп кабаттуу үйдүн айланасында жаан сууларынын агымын жөнгө салуу үчүн латокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул иштер суунун топтолушун алдын алып, аймакты ирээтке келтирүүгө багытталууда.

27/05/2026

Талас “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы жалпы жамаатын Улуу Курман айт майрамы менен куттуктайбыз!
Ар бир үйгө тынчтык, береке, мол ырыскы жана ынтымак каалайбыз. Айт майрамыңыздар кабыл болсун!

25/05/2026

Талас шаары көрктөндүрүлүүдө

Талас шаардык “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан Бердике баатыр көчөсүндө гүл отургузуу иштери кызуу жүрүүдө.

Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытындагы иштер мындан ары да улантылат. #зеленхоз #Талас #жашылчарба

19/05/2026

Аба ырайынын жаан-чачындуу болгонуна карабастан, Талас шаарынын аймагында гүл отургузуу иштери уланууда.

Шаарыбызды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында Талас «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан көчөлөргө жана коомдук жайларга гүлдөр тигилүүдө.

Шаардын көркүнө көрк кошуп турган гүлдөргө аяр мамиле жасап, таза сактоого жана аларды мындан ары да гүлдөтүүгө салым кошууга чакырабыз!.

17/05/2026

Бүгүн — Энелер майрамы! 🌷

Талас шаарынын “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы бардык асыл энелерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Эне — мээримдин булагы, үй-бүлөнүн куту, жашоонун жарыгы.
Сиздердин мээнетиңиздер, сүйүүңүздөр жана камкордугуңуздар ар дайым терең урматка татыктуу.

Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай жана үй-бүлөлүк береке каалайбыз!
Ар бир күнүңүздөр күлкүгө, кубанычка жана гүлдөй маанайга толсун! 💐

🌿 “Жашыл чарба” муниципалдык ишканасы

09/05/2026

Урматтуу Талас шаарынын тургундары!
Сиздерди 9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бул күн — эрдиктин, кайраттын жана мекенге болгон чексиз сүйүүнүн символу.
Ата-бабаларыбыздын көрсөткөн баатырдыгы эч качан унутулбайт. Биз алардын жаркын элесине таазим кылабыз.

Талас Жашыл Чарба муниципалдык ишканасы ар бир үйгө тынчтык, бакыт жана береке каалайт.
Өлкөбүздө ар дайым асман ачык, эл ичинде ынтымак болсун!

#9Май #УлууЖеңиш #Талас #ЖашылЧарба #Тынчтык Эстейбиз ЖеңишКүнү

29/04/2026

Урматтуу Талас шаарынын тургундары!

Шаарыбызды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу — баарыбыздын жалпы милдетибиз.

Биз сиздерди төмөнкүлөргө чакырабыз:
🌿 газондорду тебелебөөгө
🌸 гүлдөрдү жана көчөттөрдү аяр сактоого
🪨 ак мрамор таштарды бузбоого

⚠️ Ошондой эле коомдук мүлктү сактоо жана уурулуктун алдын алууга ар бирибиз жооптуубуз.

💚 Таза, жашыл жана кооз шаар — өзүбүздүн колубузда!



🌿 Бирге сактайлы — бирге көрктөндүрөлү!

📍 Талас «Жашыл чарба» муниципалдык ишканасы
#Талас #ЖашылЧарба #ТазаШаар #ЖашылШаар

Want your business to be the top-listed Government Service in Talas?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address

Ч. Сатаев №18
Talas
724200