ОО "Жашыл Өрөөн"

ОО "Жашыл Өрөөн"

Share

� � � > "Жаратылыш байлыктарын коргоо"

23/01/2026

📅 22.01.2026
📍Ош–Бишкек унаа жолу, Чычкан аймагы.

Чычкан территориясында жапайы жан-жаныбарларга көзөмөл жүргүзүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Көзөмөл маалында жол кыймылынын инспекторлору жапайы жаныбарларды көрүп, кызматтык жоопкерчилик менен катар жаратылышка болгон кызыгуусу да артты. 🦌🙂

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочуларга жана жарандарга жаратылышты биргеликте коргоо, жапайы жаныбарларга этият мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, «бирге коргойбуз» деген позиция билдирилди.

Көзөмөл төмөнкү участоктордо жүргүзүлдү:
📍 Ала-Бел, Шаркыратма, Терс, Текели, Ак-Көл, Сары-Боор, Кызыл-Көл ж.б.
🌿 Жаратылышты коргоо — милдет гана эмес, ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!
#ЖашылОроон

31/12/2025

Жаңы жылыңыздар менен🎄
С новым годом🎄
Happy New Year🎉

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 12/09/2025

🌿 Туюк-Төр жайлоосунда рейд

5–7-сентябрь күндөрү “Жашыл-Өрөөн” коомунун мүчөлөрү жаратылышты коргоо жана жапайы жаныбарларды көзөмөлдөө максатында рейддик сапарга чыгышты.

🚩 Маршрут Ала-Белге жакын жайгашкан Туюк-Төр жайлоосунан башталып, кооз Куйук-Булак көлүнө чейин уланды. Көл жээгинде тоо эчкилердин быйылкы улактары менен кошо жүргөнүн көрүүгө мүмкүн болду. Алардын көлдөн суу ичүүгө келген издери да байкалды.

🐐 Ошондой эле Бугулу-Төр жайлоосунун ашуусунда да тоо текелерди жолуктурдук. Сүлөсүндү дагы көргөнүбүз бирок камерага түшүрүп үлгүргөн жокпуз.

✅ Рейддин жүрүшүндө браконьерчилик фактылары катталган жок, мыйзам бузуу кездешкен жок. Аймакта жаратылыш өз нугу менен, тынч абалда экендиги кубандырат.

✨ Мындай сапарлар жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн изилдөөгө жана алардын коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болот.

#ЖашылӨрөөн #ЖаратылыштыКоргоо #КыргызстандынТоолору

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 05/06/2025

Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайбыз🌏🌱❗️

1-3 июнь "Жашыл-Ороон" коомдук бирикменин мүчөлөрү Итагар жайлоосунда - 19 участокто рейд жүргүзүп келишти. Талас менен чектеш эң төркү Калба, Туюк-Төр участкаларга чейин барып келишти.

Ал участоктордо да малчыларды жолуктуруп, браконьерчиликти жоюу, жаратылышты коргоо боюнча маалымат берип, биргеликте иштөөнү сүйлөшүп келишти.

Жер-Үй аймагынын чектеш сууларда Кызыл Китебине кирген Горный Осман балагын байкадык👍.

Жаратылышыбызды биргеликте сайтайлы🤝❗️

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 28/04/2025

26-27 апрель 2025 жылы Фауна жана флора фонду тарабынан, Токтогул суу сактагычында жок болуп бара жаткан Чортон сымак кой балыгын (Щукавидные жерехи) сактоо боюнча жергиликтүү калктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоору алкагында жүргүзүлгон илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө Токтогул шаарынын, Кара-Суу, Торкен айылдарынын балыкчыларына маалымат берүү иш чарасы болуп өттү.

Ага "Жашыл+Өрөөн" коомдук бирикмесинин төрагасы жана өкүлдөрү, ошондой эле балык чарбасын жүргүзгөн ишкерлер катышты. Фауна жана флора фонду тарабынан Токтогул районунун аймагына 5 аншлаг орнотулуп, ага Токтогул суу сактагычындагы балыктардын статусу жөнүндө маалымат чагылдырылган баннер илинди. Келечекте фауна жана флора уюму менен кызматташуу боюнча меморандум макулдашылды. Аталган фонддун Токтогул районунда жүргүзүлгөн изилдөөдө иштеринин баардык отчеттук маалыматтарын алууну макулдаштык. Келечекте бул аншлагтар Жашыл Өрөөн коомдук бирикменин карамагына өткөрүлүп берилди. Кийинки маалыматтар буйруса жаратылышты сактоо боюнча баннерлерди жайгаштырабыз.

#ЖашылОроон

28/03/2025

25 марта 2025 года представители ОО "Жашыл-Ороон" побывали на отчётной встрече в рамках проекта "Расширение возможностей местного населения по сохранению исчезающего щуковидного жереха в Токтогульском водохранилище".

Данная встреча прошла в городе Бишкек с участием: представителей государственных служб КР, местных организаций Токтогульского района, представителей Академий Наук Республики Таджикистан, Узбекистан и международных организаций.

Наряду с другими представителями участник "Жашыл-Ороон" - Байдылдаев Жеңиш выступил с презентацией "Деятельность ОО "Жашыл-Ороон" в рамках данного проекта."

Мы выражаем благодарность организации "Фауна и Флора Интернэшнл" за организацию данной плодотворной встречи 🤝

#ЖашылОроон #Кыргызстан #Токтогул

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 20/03/2025

2025-жыл ичи дагы "Жашыл-Өрөөн" коомдук бирикмеси рейддерди улантууда🕵️. Чычкан капчыгайы коруктун ичинде (заказник) жапайы жан жаныбарларга: кийик, элик, ж.б. жаныбарларга 50 кг дан ашык туз таштоо биотехникалык иштерин жүргүзүп жатабыз🤗. Мындай иш-чара жыл сайын биздин жигиттер менен өткөрүлүп келет💪.
Жаратылышка биргеликте кам көрөлү🙌!

ОО "Жашыл-Ороон" активно проводят свои регулярные рейды. Осуществляются биотехнические работы по подкормке солью диких животных. Егерями закуплено 50кг соли для диких копытных животных. Такое биотехническое мероприятие проводится ежегодно на территории ущелья "Чычкан".

Поддержим усилия по сохранению хрупкой экосистемы вместе🙌!

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 05/02/2025

Жаратылыш байлыктарын сактоо үчүн орнотулган маалымат тактасы (аншлаг) белгисиз жарандар тарабынан зыянга учурады!

Токтогул районунун акими А. Тюкебаевдин макулдугу менен райондун аймагына орнотулган 8 маалымат такта- аншлагтын бирөөнү белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып кетишсе, экинчисин уурдап кетишкен!

Маалымат тактада жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аткан учурда КР мыйзамына ылайык коюлган айыптын жана доонун суммасын көрсөткөн маалымат баяндалган.

Сиздин оюңузча бул ишти кимдер кылышы мүмкүн?

Коментарийге пикир жаза кетиңиз…

А эгерде Сиз, бул иштерди жасап жаткандарды көрсөңүз эмне кылат элеңиз?


!

05/02/2025

Аншлагты аткылап кетишти!!!

Илбирс коомдук фонду менен иштөөнүн натыйжасында райондун аймагына 8 даана жапайы жаныбарларды сактоо жана коргоого алуу боюнча маалымат-аншлаг Токтогул районунун акиминин макулдугунун негизинде 2024-жылдын август айында орнотулган эле.

Бул аншлаг-маалымат тактасында КР Улуттук баалуулуктар тизмесине кирген, ак илбирс жана анын азыгы болгон жапайы жаныбарларга жарандар тарабынан зыян келген учурда, мыйзам тарабынан чегерилген доо, айыптардын өлчөмү баяндалган.

Бул жергиликтүү жарандарга маалымат берүү менен бирге Президенттибиз С.Жапаров тарабынан кабыл алынган ЖАШЫЛ МУРАС Улуттук программасын турмушка ашырууга багытталган биргелешкен ишибиз эле…

Бул боюнча тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдык. Эгерде аныкталып калса, жоопко тартылат деп ишенебиз.

Урматтуу жаратылышка кайдыгер карабаган жарандар, бул боюнча кандайдыр бир маалымат билсеңиздер, бизге жана райондук укук коргоо органдарына кабар берүүңөрдү суранабыз!

Биз эми токтобойбуз, жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча күрөштү катуу жүргүзөбүз✊🏽

Биздин ишибиз келечек муундарга жаратылыш байлыктарын сактап берүү!

Биз мыйзамсыз аңчылыктарга каршыбыз!
Биз салттуу мыйзамдуу анчылыкты кубаттайбыз!
Биз бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүүгө каршыбыз!
#жашылөрөөн !

Photos from ОО "Жашыл Өрөөн"'s post 28/01/2025

Ызгаар кышка, калың карга карабастан "Жашыл-Өрөөн" жаратылыш коргоочулары жана Мамлекеттик Охот департаментинин Токтогул району боюнча кызматкери менен бүгүн 28 январь 2025 жылы биргеликте рейд жүргүзүштү ✊.

Бүгүнкү күнү жалпы 30-35 км жөө басууну багынтты жигиттерибиз🥳🥳🥳. Биргеликте мекенибиздин кооздугун сактайлы❗️

#жаратылыш #кыргызстан

27/01/2025

Табияттын сырлары

Want your business to be the top-listed Government Service in Toktogul?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Telephone

Website

Address

Жалал Абадская область, Токтогулский район, с. Коргон, Улица Б. Маралбаева, 42
Toktogul
�КЫРГЫЗСТАН