Consulate General of the Kyrgyz Republic in Dubai and Northen Emirates, UAE

Consulate General of the Kyrgyz Republic in Dubai and Northen Emirates, UAE

Share

Режим работы: с 09.30-13.00
Приемные дни: Пн, Вт, Ср, Чт
Не приемный день: Пт
Выходные дни: Сб, Вс Государственная организация

07/06/2026

Сообщаем, что с 1 июля 2026 года возобновляются регулярные авиарейсы по маршруту Шарджа – Бишкек – Шарджа.

2026-жылдын 1-июлунан тартып Шарджа – Бишкек – Шарджа багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар кайрадан жанданат.

Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары,
2026-жылдын 3-июнунда Сиздердин колдооңуздар менен Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке жеттик. 
Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. 
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз. 
Биз Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз.
Кыргыз Республикасы шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппин Республикасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. 
Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары,
Менин эң жогорку урмат-сыйымды, ошондой эле элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар.

Кыргыз Республикасынын Президенти
САДЫР ЖАПАРОВ 04/06/2026

Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, 2026-жылдын 3-июнунда Сиздердин колдооңуздар менен Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке жеттик. Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз. Биз Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз. Кыргыз Республикасы шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппин Республикасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, Менин эң жогорку урмат-сыйымды, ошондой эле элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар. Кыргыз Республикасынын Президенти САДЫР ЖАПАРОВ

Photos from Consulate General of the Kyrgyz Republic in Dubai and Northen Emirates, UAE's post 18/05/2026

Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине талапкерлиги боюнча

Photos from Consulate General of the Kyrgyz Republic in Dubai and Northen Emirates, UAE's post 18/05/2026

Обращение Президента Садыра Жапарова по вопросу выдвижения кандидатуры Кыргызстана в Совет Безопасности ООН

Photos from Consulate General of the Kyrgyz Republic in Dubai and Northen Emirates, UAE's post 18/05/2026

Address by President Sadyr Japarov on Kyrgyzstan’s Candidacy for the United Nationals Security Council

28/04/2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдын 1–9-май күндөрү эс алуу күндөрү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, 1–10-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу жарандарды кабыл албайт. Иш 2026-жылдын 11-майында кайра жанданат.

Шашылыш учурларда төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:
+971 52 291 8840, +971 50 823 8479 (WhatsApp).

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу



Уважаемые соотечественники!

В соответствии с законодательством Кыргызской Республики 1–9 мая 2026 года являются нерабочими днями.

В этой связи с 1 по 10 мая 2026 года Генеральное консульство КР в г. Дубай прием граждан не осуществляет. Работа возобновится 11 мая 2026 г.

В случае срочных вопросов просим обращаться:
+971 52 291 8840, +971 50 823 8479 (WhatsApp).

С уважением,
Генеральное консульство Кыргызской Республики в г. Дубай

21/04/2026

Урматтуу жарандар!

QR-кодду сканерлеп, Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун кызмат көрсөтүүсүнүн сапатына баа берип, сунуш-пикириңизди калтыра аласыз.
Бардык кайрылуулар каралып, тиешелүү адистер тарабынан жооп берилет.
Сиздин пикириңиз биз үчүн абдан маанилүү!



Уважаемые граждане!

Отсканировав QR-код, вы можете оценить качество услуг Генерального консульства Кыргызской Республики в г. Дубай и оставить свои предложения и замечания.
Все обращения рассматриваются, и на них отвечают соответствующие специалисты.
Ваше мнение очень важно для нас!

20/03/2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы жана Түндүк Эмираттарындагы Башкы консулдугу сиздерди ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Орозо айт — боорукерликтин, сабырдуулуктун жана өз ара колдоонун символу. Бул куттуу майрамда ар бир үйдө тынчтык, ынтымак жана береке өкүм сүрүп, жүрөгүңүздөр жылуулукка жана жакшылыкка умтулуу менен толсун.

Майрам күндөрүнө байланыштуу консулдук кабыл алуу убактылуу жүргүзүлбөй тургандыгын маалымдайбыз. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда консулдуктун ыкчам байланыш номери аркылуу кайрылсаңыздар болот: +971 52 291 8840.

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы жана Түндүк Эмираттарындагы Башкы консулдугу



Уважаемые соотечественники!

Генеральное консульство Кыргызской Республики в г. Дубай и Северных Эмиратах сердечно поздравляет вас с завершением священного месяца Рамадан и наступлением праздника Орозо айт.

Орозо айт является символом милосердия, терпения и взаимной поддержки. Пусть в этот светлый праздник в ваших домах царят мир, согласие и благополучие, а сердца наполняются теплом и стремлением к добрым делам.

В связи с праздничными днями сообщаем, что консульский приём временно осуществляться не будет. В экстренных случаях просим обращаться на горячую линию консульства: +971 52 291 8840.

С уважением,
Генеральное консульство Кыргызской Республики в г. Дубай и Северных Эмиратах

16/03/2026

Маалыматтык билдирүү / Информационное сообщение

Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу маалымдайт, Бириккен Араб Эмираттарынын бийликтери жарандарды коопсуздукка байланышкан окуялар болгон жерлерде сүрөт жана видео тартпоого, ошондой эле текшерилбеген маалыматтарды жана ушактарды социалдык тармактар аркылуу таратпоого чакырууда.

БАЭнин Улуттук медиа башкармалыгы мындай материалдарды жарыялоо сезимтал жайгашкан жерлер тууралуу маалыматты ачып коюп, жарандардын жана коомдук коопсуздуктун камсыздалышына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин белгилейт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын маалыматты расмий булактардан гана алууга жана социалдык тармактарда маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз.



Генеральное консульство Кыргызской Республики в г. Дубай сообщает, что власти ОАЭ призывают жителей воздерживаться от съёмки фото- и видеоматериалов с мест происшествий, связанных с вопросами безопасности, а также не распространять непроверенную информацию и слухи в социальных сетях.

По информации Национального медиа-управления ОАЭ, публикация подобных материалов может раскрывать чувствительные локации и создавать риски для безопасности граждан и общественного порядка.

В этой связи призываем граждан Кыргызской Республики получать информацию только из официальных источников и ответственно относиться к распространению информации в сети Интернет и социальных сетях.

Want your business to be the top-listed Government Service in Dubai?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Al Ras, Green Tower Bld, Office #1204
Dubai
P.O.BOX:33897

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00