06/12/2025
Embassy of the Kyrgyz Republic to the Republic of Austria
Время работы Посольства:
Пон. - Пят. с 9.00 - 12.30 и с 13.30 - 18.00
06/12/2025
09/10/2025
Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилиги чет мамлекеттерде убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк номурлуу унаа каражаттары менен кирүү тартиби жөнүндө төмөнкү маалыматты жеткирет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы талаптарына ылайык, башка мамлекеттерде каттоодон өткөн, бирок ошол мамлекеттин каттоосунан алынбаган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө (алып келүүгө) тыюу салынды. Мындай транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөрүлбөйт.
Мындан тышкары, автотранспорт каражатынын идентификациялык номери жок болгон учурда да мындай унааларды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө (алып келүүгө) тыюу салынат.
Ушуга байланыштуу, чет өлкөлүк номери бар автотранспорт каражатына ээ болгон жана аны Кыргыз Республикасына алып келүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынан унааны тиешелүү өлкөнүн каттоо органдарынан алдын ала каттоодон чыгаруу талап кылынат, бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынан тышкары туруктуу жашаган жана эмгек ишмердигин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн, чет өлкөлүк каттоодогу жеке пайдалануудагы автотранспорт каражаттары менен Кыргыз Республикасына убактылуу кирүү жана чыгуу тартибин жөнгө салуучу нормативдик укуктук акт азыркы учурда иштелип чыгууда.
********
Посольство Кыргызской Республики в Австрийской Республике доводит до сведения граждан Кыргызской Республики, временно или постоянно проживающих за рубежом, информацию о действующем порядке въезда на территорию Кыргызской Республики на автотранспортных средствах с иностранной регистрацией.
В соответствии с новыми требованиями законодательства Кыргызской Республики введён запрет на въездввоз на её территорию автотранспортных средств с регистрацией другой страны, если такие транспортные средства не сняты с учёта в стране регистрации; в этом случае они не будут пропускаться через государственную границу.
Кроме этого, отсутствие идентификационного номера автотранспортного средства также является основанием для запрета на въезд (ввоз) таких автотранспортных средств на территорию Кыргызской Республики.
В этой связи гражданам КР, имеющим автотранспортное средство с иностранным номером и планирующим ввоз данной автомашины в КР, необходимо заблаговременно снять с учета в стране регистрации для беспрепятственного проезда через границу КР.
Для временного въезда/выезда в/из КР на личном автотранспорте с иностранной регистрацией для граждан КР, имеющих вид на жительство и постоянное место работы за пределами страны, разрабатывается нормативный акт.
29/09/2025
🔹 БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасы Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү Келишимге кол койду
2025-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ядролук куралды толук жок кылуунун Эл аралык күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги пленардык жыйында сөз сүйлөдү.
Өзүнүн кайрылуусунда министр Ж. Кулубаев ядролук куралдан арылуу жана аны жайылтпоого байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Министр Кыргызстан ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү Келишимге кол койгон мамлекеттердин катарына кошулганын жана бул кадам өлкөнүн эл аралык коопсуздукту жана жайылтпоону бекемдөө боюнча курсунун мыйзам ченемдүү уландысы экенин билдирди.
Ошондой эле министр Борбор Азиянын глобалдык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымына өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасы депозитарий болуп саналган Борбор Азиядагы Ядролук куралдан эркин аймак тууралуу келишимди баса белгиледи.
Кыргыз Республикасы ошондой эле 5-мартта жыл сайын белгиленүүчү Куралсыздануу жана жайылтпоого байланышкан агартуу боюнча Эл аралык күндү негиздөө демилгесин эске салып, анын БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан бир добуштан колдоого алынганын белгиледи.
Пленардык жыйындан кийин Кыргыз Республикасынын Ядролук куралды тыюу салуу жөнүндөгү Келишимге кол коюу аземи өттү. Бул документке кол коюу өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарууга берилген ишенимдүү өнөктөш катары эл аралык аброюн чыңдоодо маанилүү кадам болду.
•
🔹 Кыргызская Республика подписала Договор о запрещении ядерного оружия на полях Недели высокого уровня 80-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
26 сентября 2025 года в Нью-Йорке Министр иностранных дел Кыргызской Республики Жээнбек Кулубаев выступил на пленарном заседании высокого уровня, посвящённом Международному дню всеобщего уничтожения ядерного оружия.
В своём заявлении Глава внешнеполитического ведомства отметил, что вопросы ядерного разоружения и нераспространения являются важным направлением внешней политики Кыргызской Республики.
Министр Ж.Кулубаев сообщил что Кыргызстан присоединяется к числу государств, подписавших Договор о запрещении ядерного оружия и этот шаг является логическим продолжением курса страны на укрепление международной безопасности и нераспространения.
Особое внимание Министр уделил вкладу Центральной Азии в укрепление глобальной безопасности, отметив, что Договор о зоне, свободной от ядерного оружия в Центральной Азии, депозитарием которого является Кыргызская Республика.
Кыргызская Республика также напомнила о своей инициативе по учреждению Международного дня просвещения по вопросам разоружения и нераспространения, ежегодно отмечаемого 5 марта, которая получила единогласную поддержку Генеральной Ассамблеи ООН.
После завершении пленарного заседания состоялась торжественная церемония подписания Кыргызской Республикой Договора о запрещении ядерного оружия.
Подписание данного документа стало важным шагом в укреплении международного авторитета страны как надёжного партнёра приверженного исполнению своих международных обязательств.
•
🔹 Kyrgyz Republic Signs the Treaty on the Prohibition of Nuclear Weapons on the sidelines of the High-Level Week of the 80th Session of the UN General Assembly
On 26 September 2025, in New York, the Minister of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic, Zheenbek Kulubaev, delivered a statement at the High-Level Plenary Meeting dedicated to the International Day for the Total Elimination of Nuclear Weapons.
In his remarks, Minister Kulubaev emphasized that nuclear disarmament and non-proliferation remain key priorities of the Kyrgyz Republic’s foreign policy.
He announced that Kyrgyzstan has joined the ranks of states that have signed the Treaty on the Prohibition of Nuclear Weapons, noting that this step represents a logical continuation of the country’s consistent course towards strengthening international security and non-proliferation.
The Minister also highlighted Central Asia’s contribution to global security, underscoring the significance of the Treaty on a Nuclear-Weapon-Free Zone in Central Asia, for which the Kyrgyz Republic serves as the depository.
The Kyrgyz Republic further recalled its initiative to establish the International Day for Disarmament and Non-Proliferation Awareness, observed annually on 5 March, which received unanimous support from the UN General Assembly.
Following the plenary session, a solemn ceremony was held to mark the signing by the Kyrgyz Republic of the Treaty on the Prohibition of Nuclear Weapons. The signing of this document became an important step in enhancing the country’s international standing as a reliable partner committed to fulfilling its international obligations.
#тим
23/09/2025
20/08/2025
Кыргызстанда «Электрондук апостиль» автоматташтырылган системасы ишке киргизилди
2025-жылдын 25-июнунан тартып Бишкек шаарында пилоттук режимде «Электрондук апостиль» аттуу автоматташтырылган маалыматтык система (АИС) иштей баштады. Бул бирдиктүү санариптик платформа апостиль коюу процессин толугу менен онлайн-форматка өткөрөт.
АИС төмөнкү этаптарды камтыйт:
- апостиль коюу боюнча электрондук арыз тапшыруу;
- документтин жана ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасынын аныктыгын текшерүү;
- «Апостиль» электрондук штампын коюу жана системада каттоо;
- онлайн-төлөм кызматтары аркылуу акы төлөө.
«Электрондук апостиль» электрондук системасы апостильди алууну кыйла жеңилдетет, адам факторунун таасирин толугу менен жокко чыгарат жана апостилди алыстан – жеке барбай же кагаз документтерди бербей туруп алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Кызматка каалаган убакта, дүйнөнүн каалаган жеринен, каалаган түзмөктөн төмөнкү дарек боюнча кирүүгө болот:
👉 https://apostille.minjust.gov.kg/
Эскертүү! Апостиль коюу менен документтерди аныктоону 1961-ж. Гаага конвенциясынын бардык катышуучу мамлекеттери кабыл алышат.
Байланыш үчүн :
Электрондук почта: [email protected]
Телефон: +43 1 535 03 79
* * *
Запуск автоматизированной системы «Электронный апостиль» в Кыргызстане
С 25 июня 2025 года в Бишкеке в пилотном режиме начала работу автоматизированная информационная система (АИС) «Электронный апостиль». Это единая цифровая платформа, которая переводит весь процесс апостилирования документов в онлайн-формат.
АИС охватывает полный цикл оказания услуги:
- подача электронного заявления на проставление апостиля;
- проверка подлинности документа и подписи уполномоченного лица;
- оформление электронного штампа «Апостиль» и регистрация в системе;
- оплата через подключенные онлайн-сервисы.
Внедрение «Электронного апостиля» значительно упрощает получение услуги, исключает влияние человеческого фактора и позволяет заявителям получить апостиль дистанционно — без личного визита и предоставления бумажных документов.
Сервис доступен круглосуточно с любого устройства и из любой точки мира по адресу:
👉 https://apostille.minjust.gov.kg/
Напоминаем, что апостилирование документов осуществляется для их использования во всех странах – участницах Гаагской конвенции 1961 года.
Контакты для справочной информации:
E-Mail: [email protected]
Телефон:+43 1 535 03 79
* * *
Launch of the Automated “Electronic Apostille” System in Kyrgyzstan
Starting from June 25, 2025, the automated information system (AIS) “Electronic Apostille” has been launched in pilot mode in Bishkek. This unified digital platform transfers the entire process of apostille certification of documents into an online format.
The AIS covers the full cycle of the service:
• submission of an electronic application for apostille certification;
• verification of the authenticity of the document and the signature of the authorized person;
• issuance of the electronic “Apostille” stamp and registration in the system;
• payment via connected online services.
The introduction of the “Electronic Apostille” greatly simplifies access to the service, eliminates the human factor, and enables applicants to obtain an apostille remotely — without a personal visit or submission of paper documents.
The service is available 24/7 from any device and from anywhere in the world at:
👉 https://apostille.minjust.gov.kg/
Please note that apostille certification of documents is carried out for their use in all member states of the 1961 Hague Convention.
For inquiries, please contact:
E-mail: [email protected]
Phone: +43 1 535 03 79
«Рух Санат» — яркий праздник традиционной музыки и культуры!
Этот видеоролик прославляет душу кыргызского народа, его богатое наследие и культурное разнообразие народов мира. В центре фестиваля — уважение к традициям и диалог культур 🇰🇬❤️
🇰🇬«Рух Санат» — салттуу музыка менен маданияттын жаркын майрамы!
Бул видео кыргыз элинин жан дүйнөсүн, улуттук көркөм мурастарын жана дүйнө элдеринин маданий көп түрдүүлүгүн даңазалайт. Өз ара түшүнүшүү жана руханий мурасты баалоо — фестивалдын негизги өзөгү.
14/07/2025
2025-жылдын 8-июлунда Вена шаарындагы БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы менен ЮНИДО ортосундагы Өлкөлүк өнөктөштүк программасына (ӨӨП) кол коюулду.
Өлкөлүк өнөктөштүк программасы — бул алдыдагы беш жыл ичинде Кыргыз Республикасы менен кеңейтилген кызматташуунун негизин түзө турган маанилүү документ болуп саналат. Кыргызстан менен түзүлгөн ӨӨП жакында бекитилген Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына негизделет жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташтык алкагы жана анын жаңы ишке ашыруу цикли менен шайкеш келет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги алдында ишке ашуучу бул программа ЮНИДОнун кызматтарын макулдашылган негизде ишке ашырууга багытталган стратегиялык алкактык программа болуп саналат жана өлкөнүн, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте жалпы аймактын туруктуу өнөр жай жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган көп тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрөт. Бул аракеттер Кыргызстандын экономикасын ар тараптуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, инклюзивдүү жана туруктуу трансформациялоого өбөлгө болот.
Программада белгиленген амбициялуу максаттарга жетүү үчүн ЮНИДО жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биргеликте бир катар флагмандык демилгелерди иштеп чыгууда жана пилоттук тартипте ишке ашырууда. Аларга балык чарбасы жана аквакультура, агроөнөр жай, санариптик өнүгүү, акылдуу шаарлар жана кайра жаралуучу энергия сыяктуу маанилүү тармактар кирет.
ӨӨПке кол коюу аземинин алдында өткөн Вена шаарында Кыргыз Республикасы эл аралык өнөктөштөрдү аталган программанын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну колдоого жана Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүүгө биргелешип салым кошууга чакырды.
29/05/2025
Элчи Н.Шаилдабекова Кыргызстандын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү катары ишеним грамотасын тапшырды. Жолугушууда кызматташтыкты чыңдоо жана ЕККУ Академиясын колдоо маселелери талкууланды.
Ошол эле күнү Элчи Шаилдабекова Венадагы БУУ бөлүмүнүн директору Гада Вали айымга да ишеним грамотасын тапшырды. Тараптар кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Гада Вали Венадагы БУУ мекемелери менен кызматташууга толук колдоо көрсөтөрүн белгиледи.
—————————
Ambassador N. Shaildabekova presented her credentials as Kyrgyzstan’s Permanent Representative to the OSCE. Discussions focused on strengthening cooperation and supporting the OSCE Academy.
The same day, she also presented her credentials to UN Office at Vienna Director Ms. Ghada Waly. Both sides confirmed interest in enhancing collaboration. Ms. Waly expressed readiness for full support with UN agencies in Vienna.
—————————
23 мая 2025 года в Вене Посол Н.Шаилдабекова вручила верительные грамоты как Постпред КР при ОБСЕ. Обсуждены вопросы расширения сотрудничества и поддержки Академии ОБСЕ.
В этот же день она вручила грамоты Директору БУУ в Вене Гаде Вали. Подтверждена заинтересованность в углублении партнёрства. Гада Вали выразила готовность оказывать всестороннюю поддержку в сотрудничестве с офисами ООН в Вене.
29/05/2025
🇰🇬🇺🇳 2025-жылдын 23-майында Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары А. Баетов БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУ БКБнын аткаруучу директору Гада Вали айым менен жолукту. Жолугушууда Гада Вали Кыргызстандагы пробациялык реформанын ийгилигин жогору баалап, бул тажрыйба регион үчүн үлгү болорун белгиледи. БУУ БКБ жана Европа Биримдиги кылмыш-жаза тутумун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Ошол эле күнү 34-сессиянын алкагында «Борбор Азияда пробация системаларын бекемдөө жана кылмыш адилеттигинин санариптештирилиши: Кыргызстандын мисалы» аттуу иш-чара өттү. Ага 50дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышып, ачылыш сөздөрдү кыргыз өкмөтү, парламент, БУУ БКБ жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү сүйлөштү.
—————————
On 23 May 2025 in Vienna, Deputy Chairman of the Cabinet of Ministers of Kyrgyzstan A. Baetov met with UN Under-Secretary-General and UNODC Executive Director Ghada Waly. She praised Kyrgyzstan’s progress in probation reform, noting it as a model for the region. The UNODC and the EU confirmed their readiness to continue supporting the development of the criminal justice system and probation in Kyrgyzstan.
That same day, within the 34th session, a side event titled “Strengthening Probation Systems and Digitalizing Criminal Justice in Central Asia: Kyrgyzstan’s Example” was held. Over 50 delegates from UN Member States and international organizations attended, with opening remarks from Kyrgyz, UNODC, and EU officials.
26/05/2025
🇰🇬🇦🇹 22-май 2025-жылы Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Нуржан Шайлдабекова ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн Австриянын ТИМинин Протокол департаментинин башчысы Максимилиан Хеннигге тапшырды.
Жолугушууда тараптар 2024-жылдагы жогорку деңгээлдеги расмий сапарлардын маанисин белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Тоо туризми, энергетика, билим берүү, санариптештирүү сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланды. М. Хенниг элчини кызматка расмий кириши менен куттуктады.
Klicken Sie hier, um Ihren Gesponserten Eintrag zu erhalten.
Lage
Kategorie
Service kontaktieren
Telefon
Webseite
Adresse
Invalidenstrasse 3/8
Wien
1030
Öffnungszeiten
| Montag | 09:00 - 12:30 |
| 13:30 - 18:00 | |
| Dienstag | 09:00 - 12:30 |
| 13:30 - 18:00 | |
| Mittwoch | 09:00 - 12:30 |
| 13:30 - 18:00 | |
| Donnerstag | 09:00 - 12:30 |
| 13:30 - 18:00 | |
| Freitag | 09:00 - 12:30 |
| 13:30 - 18:00 |
