18/05/2026
Обращение Президента Садыра Жапарова по вопросу выдвижения кандидатуры Кыргызстана в Совет Безопасности ООН
Embassy of the Kyrgyz Republic in Minsk
18/05/2026
Обращение Президента Садыра Жапарова по вопросу выдвижения кандидатуры Кыргызстана в Совет Безопасности ООН
18/05/2026
Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттердин башчыларына кайрылуусу
15/05/2026
2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларус Соода өнөр жай палатасынын аянтчасында өнөр жай, прибор куруу, машина куруу, медициналык жабдуулар, курулуш жана башка тармактарда иштеген беларусиялык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Элчи катышуучуларга Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берип, өлкөнүн өнөр жай, технология жана биргелешкен өндүрүш тармактарында кооперацияны кеңейтүүгө даярдыгын баса белгиледи. Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Эрбол Султанбаев Беларустун ишкер коомчулугунун өкүлдөрүн Кыргызстанда биргелешкен бизнес долбоорлорду ишке ашырууга чакырды, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында пландаштырылып жаткан кыргыз беларус бизнес форумуна катышууну сунуштады. Элчи бул форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү боюнча ырааттуу иштердин логикалык уландысы болорун белгиледи.
Тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана эки тараптуу сооданы жана инвестициялык агымдарды көбөйтүүгө багытталган практикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
* * *
14 мая 2026 года Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев провел на площадке Белорусской торгово промышленной палаты встречу с представителями белорусских компаний, работающих в сферах промышленности, приборостроения, машиностроения, медицинского оборудования, строительства и других отраслей.
Посол представил участникам подробную информацию об инвестиционных возможностях Кыргызской Республики, подчеркнув готовность страны к расширению кооперации в области промышленности, технологии и совместного производства. Отдельное внимание было уделено преимуществам ведения бизнеса в Кыргызстане.
Эрбол Султанбаев пригласил представителей белорусского делового сообщества к реализации совместных бизнес проектов в Кыргызстане, а также предложил принять участие в планируемом кыргызско белорусском бизнес форуме в г. Бишкек в июне т.г. Посол отметил, что данный форум станет логическим продолжением последовательной работы по расширению прямых контактов между предпринимателями двух стран.
Стороны выразили заинтересованность в дальнейшем укреплении партнерства и развитии практических проектов, направленных на увеличение двусторонней торговли и инвестиционных потоков.
06/05/2026
2026-жылдын 30-апрелинде Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81-жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги жана Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы тарабынан уюштурулган эскерүү митинг-реквиеми өттү.
Митинг-реквиемге ардагерлер, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын депутаттары, Беларусь Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү, КМШга мүчө мамлекеттердин уставдык жана башка органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Беларустун Тышкы иштер министрлигинин жана КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилиги жана кызматкерлери, КМШнын Экономикалык сотунун жана ЕАЭБ сотунун судьялары жана кызматкерлери, Минск шаарынын Октябрь районунун коомдук уюмдарынын өкүлдөрү жана окуучулары катышты.
Митинг-реквием Минск шаарынын Октябрь районунун чыгармачыл топтор жана окучулардын өнөрлөрү менен коштолду.
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Беларуста кыргыз жоокерлеринин элесин сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге Кыргызстанда терең ыраазы жана урмат менен мамиле кылаарын белгиледи. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти жалпы эскерүү жана урматтоо эки тараптуу кыргыз-беларус кызматташтыгынын бекем пайдубалын түзөт.
Аягында Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл кою аземи болуп өттү.
* * *
30 апреля 2026 года в городе Минск у памятника кыргызстанцу - Герою Советского Союза Жумашу Асаналиеву состоялся митинг-реквием, организованный Посольством Кыргызской Республики в Республике Беларусь и Администрацией Октябрьского района города Минск в рамках празднования 81-й годовщины Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.
В митинге-реквиеме приняли участие ветераны, депутаты Палаты представителей Национального собрания Республики Беларусь, главы и представители дипломатических миссий иностранных государств в Республике Беларусь, постоянные полномочные представители государств – участников СНГ при уставных и других органах Содружества, руководство и сотрудники Министерства иностранных дел РБ и Исполнительного комитета СНГ, представители общественных организаций и учащиеся Октябрьского района г.Минск.
Митинг-реквием сопровождался выступлениями творческих коллективов и детей Октябрьского района г.Минск.
В своем выступлении Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев отметил, что в Кыргызстане с большой благодарностью и уважением относятся к проводимой в Беларуси работе по сохранению памяти о воинах-кыргызстанцах. Общая память и бережное отношение к Победе в Великой Отечественно войне 1941-1945 годов является крепкой основой двустороннего кыргызско-белорусского сотрудничества.
По завершении митинга-реквиема состоялось возложение цветов к памятнику Жумаша Асаналиева.
13/04/2026
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте 9-11 апрель күндөрү Минск шаарында өткөн салттуу эл аралык “Отдых-2026” туристтик көргөзмөсүнө катышты.
“Отдых” көргөзмөсү региондогу жана чет өлкөлөрдөгү туристтик индустриянын алдыңкы өкүлдөрүн тарткан Беларустагы ири туристтик аянтчалардын бири болуп саналат.
Көргөзмөнүн аянтчасында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда коноктор өлкөнүн бай маданий жана жаратылыш мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Көргөзмөнүн алкагында маалыматтык фото жана видео материалдар, ошондой эле Кыргызстандын туристтик багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндаган брошюралар таратылды.
Мындан тышкары, иш-чаранын башкы сахнасында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө жана туристтик потенциалын өнүктүрүүгө арналган презентация өткөрүлдү. Иш-чара региондор аралык байланыштарды чыңдоо, өлкөнүн туристтик брендин жайылтуу жана чет элдик туристтерди тартуу үчүн мыкты аянтча болуп калды.
* * *
Посольство Кыргызской Республики в Республике Беларусь совместно с Государственным агентством по развитию туризма при Кабинете Министров Кыргызской Республики с 9 по 11 апреля приняли участие в традиционной международной туристической выставке «Отдых-2026» в г. Минск.
Выставка «Отдых» является одной из крупнейших туристических платформ в Беларуси, привлекающей ведущих представителей туристической индустрии региона и зарубежья.
На площадке выставки был организован туристический павильон Кыргызстана, где гости имели возможность ознакомиться с богатым культурным и природным наследием страны.
В рамках выставки были представлены информационные фото- и видео материалы, а также брошюры, рассказывающие о туристических направлениях и возможностях Кыргызстана.
Кроме того, на главной сцене мероприятия была проведена презентация, посвящённая туристическим возможностям и развитию туристического потенциала Кыргызстана. Мероприятие стало отличной платформой для укрепления межрегиональных связей, продвижения туристического бренда страны и привлечения иностранных туристов.
01/04/2026
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнү жана соода-экономикалык кызматташтыкты камтыган эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери козголду.
Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү жылдагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу визиттердин графигин, алардын мазмунун толтурууну жана тараптардын кароосунда турган документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну талкуулашты.
Үстүбүздөгү жылдын 4-5-июнуна пландаштырылган Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин Кыргыз Республикасына расмий визитинин маселелерин иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.
* * *
Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызкой Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев встретился с заместителем министра иностранных дел Республики Беларусь Павлом Утюпиным.
В ходе переговоров были затронуты актуальные вопросы двусторонней повестки, охватывающие политическое взаимодействие и торгово-экономическое сотрудничество.
Также стороны обсудили график двусторонних визитов на высоком уровне в текущем году, их содержательное наполнение и проработку проектов документов находящихся на рассмотрении сторон.
Особое внимание уделено проработке вопросов официального визита Премьер-министра Республики Беларусь Александра Турчина в Кыргызскую Республику, запланированного на 4-5 июня т.г.
01/04/2026
2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Туризм боюнча улуттук агенттигинин директору Кирилл Машарский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана туристтик тармактагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү келечегин талкуулашты. Биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана Кыргызстан менен Беларустун туристтик потенциалын биргелешип илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Тактап айтканда, тараптар өлкөлөрдүн туристтик потенциалы менен таанышуу үчүн маалыматтык турларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Беларус туристтик компаниялары үчүн Кыргызстанга мындай маалыматтык тур 2025-жылы өткөрүлгөн.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары 9-11-апрель күндөрү Минск шаарында өтө турган “Эс алуу-2026” эл аралык туристтик көргөзмөгө кыргыз тараптын даярдыгын жана катышуусун талкуулашты.
* * *
30 марта 2026 года Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев провел переговоры с директором Национального агентства по туризму Республики Беларусь Кириллом Машарским.
В ходе переговоров стороны обсудили ключевые вопросы двустороннего сотрудничества и перспективы расширения взаимодействия в туристической отрасли. Особое внимание уделялось возможностям проведения совместных мероприятий и совместного продвижения туристического потенциала Кыргызстана и Беларуси.
В частности, стороны обсудили возможность организации информационных туров для ознакомления с туристическим потенциалом стран. Подобный информационный тур для белорусских туристических компаний в Кыргызстан уже проводился в 2025-м году.
Также участники встречи обсудили подготовку и участие кыргызской стороны в предстоящей международной туристической выставке «Отдых-2026», которая пройдет с 9 по 11 апреля в городе Минск.
30/03/2026
2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айына Бишкек шаарында пландалып жаткан кыргыз-беларус бизнес форумуна даярдыктарды талкуулашты.
Бишкек шаарында пландаштырылып жаткан бизнес-форуму Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды тереңдетүү боюнча аракеттердин уландысы болуп эсептелет. 2025-жылдын июнь айында кыргыз-беларус бизнес-форуму Минск шаарында өткөн.
Бул формат бизнеске жаңы өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүгө оң таасирин тийгизет. Ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштардын бекемделишин да эске алуу менен Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү акыркы эки жылда дээрлик эки эсеге өстү (2023-жылы – 117,7 миллион АКШ доллары, 2025-жылы – 206,8 миллион АКШ доллары).
* * *
27 марта 2026 года Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев провел переговоры с председателем Белорусской Торгово-промышленной палаты Михаилом Мятликовым.
В ходе встречи стороны обсудили подготовку к предстоящему кыргызско-белорусскому бизнес-форуму, проведение которого планируется в июне т.г. в г. Бишкек.
Планируемый бизнес-форум в г. Бишкек станет продолжением цикла мероприятий по углублению прямых контактов между предпринимателями Кыргызстана и Беларуси. В июне 2025 года аналогичный кыргызско-белорусский бизнес-форум проходил в г. Минск.
Данный формат позволяет бизнесу выходить на новые взаимовыгодные проекты, что в конечном итоге положительно сказывается на товарообороте между странами. Благодаря в том числе и укреплению связей между деловыми кругами товарооборот Кыргызстана и Беларуси за последние два года увеличился практически в два раза (2023 г. – 117,7 млн долларов США, 2025 г. – 206,8 млн долларов США).
26/03/2026
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинде Беларустун алдыңкы туристтик агенттиктердин, парламенттин жаштар кеңешинин, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлери жана ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасап, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан туризм чөйрөсүндөгү “Ала-Тоо Резорт”, “Байтик Маунтин резорт” жана “Чоктал Резорт” инфраструктуралык долбоорлору, ошондой эле туризмдин айрым түрлөрү боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири айтып берди жана бардык катышуучуларды өлкөгө келүүгө чакырды.
Ошондой эле Кыргызстандын кооз жаратылышы жана туристтик маршруттардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө видеороликтер көрсөтүлгөн.
Жолугушуу жандуу диалог форматында улантылып, анын жүрүшүндө Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун туризм тармагынын өкүлдөрүн кызыктырган суроолоруна жооп берди.
* * *
В Посольстве Кыргызской Республики в Республике Беларусь состоялась встреча с представителями ведущих туристических агентств, молодежного совета Парламента, научных кругов, представителями общественности и предпринимателями.
Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев представил презентацию о туристическом потенциале Кыргызстана, подробно рассказал о реализуемых в Кыргызстане инфраструктурных проектах в сфере туризма «Ала-Тоо Резорт», «Байтик Маунтин резорт» и «Чоктал Резорт», а также о возможностях по отдельным видам туризма и пригласил всех присутствующих посетить страну.
Также были продемонстрированы видеоролики о живописной природе Кыргызстана и особенностях туристических маршрутов.
Встреча продолжилась в формате живого диалога, в ходе которого Посол Эрбол Султанбаев ответил на интересующие вопросы участников встречи.
26/02/2026
2026-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын Байланыш жана маалыматташтыруу министри Кирилл Залесский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптештирүү тармагындагы эки тараптуу мамилелердин актуалдуу күн тартибин, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду, тажрыйба жана технологиялар алмашууну талкуулашты.
Тактап айтканда, ишкер байланыштарды жана биргелешкен долбоорлорду кеңейтүү үчүн Беларустун IT-компанияларынын Кыргызстанга бизнес-миссиясын уюштуруу, IT-адистердин квалификациясын жогорулатуу, “Белпочта” менен “Кыргыз почта” ортосунда кызматташуу келишимин түзүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, беларус тарап саламаттык сактоонун борборлоштурулган маалыматтык тутумун жана “мобилдик почтальон” долбоорун киргизүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.
* * *
25 февраля 2026 года Чрезвычайный и Полномочный Посол Кыргызской Республики в Республике Беларусь Эрбол Султанбаев провел переговоры с министром связи и информатизации Республики Беларусь Кириллом Залесским.
В ходе встречи стороны предметно рассмотрели актуальную повестку двусторонних отношений в сфере цифровизации, включая совместные проекты, обмен опытом и технологиями.
В частности, для расширения деловых связей и совместных проектов обсудили вопросы организации бизнес-миссии IT-компаний Беларуси в Кыргызстан, повышения квалификации IT-специалистов, заключения Соглашения о сотрудничестве между РУП «Белпочта» и ОАО «Кыргыз почтасы», обмена опытом по цифровизации государственных услуг.
Кроме того, белорусская сторона выразила готовность поделиться опытом внедрения централизованной информационной системы здравоохранения и проекта «Мобильный почтальон».
| Monday | 09:00 - 13:00 |
| 14:00 - 18:00 | |
| Tuesday | 09:00 - 13:00 |
| 14:00 - 18:00 | |
| Wednesday | 09:00 - 13:00 |
| 14:00 - 18:00 | |
| Thursday | 09:00 - 13:00 |
| 14:00 - 18:00 | |
| Friday | 09:00 - 13:00 |
| 14:00 - 18:00 |