02/06/2026
Орозбеков айыл аймагында сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
Орозбеков айыл аймагына караштуу Кулду, Кудук жана Таза-Суу айылдарында сел коркунучунун алдын алуу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында сел өтүүчү сайлардын нугун тазалоо иштери аткарылууда.
Аталган иштердин алкагында сайлардын нугу кеңейтилип, топтолгон ылай, шагыл жана башка тоскоолдуктар тазаланууда. Бул иш-чаралар сел сууларынын тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылып, турак жайларды, социалдык объектилерди жана айыл чарба жерлерин мүмкүн болуучу зыяндардан коргоого багытталган.
Тазалоо иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле айыл тургундары үчүн коопсуз шарттарды түзүү көздөлүүдө.
01/06/2026
📢 Кадамжай районунун аймагында суу кырсыктарынын алдын алуу максатында кооптуу жерлерге эскертүүчү тактайчалар орнотулууда.
Урматтуу жарандар! Сууга түшүүдө жана суу жээктеринде жүргөндө коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Балдарды кароосуз калтырбай, аларды дайыма көзөмөлдөп туруңуздар. Өзгөчө каналдарга, арыктарга жана терең сууларга жакын ойноого жол бербеңиздер.
Ар бир адамдын сактыгы кырсыктын алдын алат. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын өмүрүнө кайдыгер болбойлу!
🌊 Коопсуздук – баарыбыз үчүн маанилүү!
#СуугаЧөгүүнүнАлдынАлуу #Коопсуздук #Кадамжай
01/06/2026
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кадамжай районунда майрамдык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдарга кубанычтуу маанай тартууланды.
Майрамдык иш-чара Кадамжай шаардык мэриясы жана Кадамжай райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ага Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу катышып, биздин милдет – ар бир баланын коопсуз, бактылуу жана татыктуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүү. Анткени бүгүнкү бөбөктөр – эртеңки өлкөбүздүн тагдыры экендигин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзгөчө камкордукка муктаж болгон балдарга көңүл бурулуп, алар үчүн ар кандай оюн-зоок программалары, кызыктуу сынактар жана маданий көрсөтүүлөр уюштурулду.
Андан соң майрамдык салтанат Ж.Мамажанов атындагы райондук маданият үйүндө улантылып, таланттуу окуучулар менен чыгармачыл топтордун концерттик программасы жана ыр-күүлөр, бийлер жана сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.
30/05/2026
2026-жылдын 30-майында Кадамжай районунун аймагында жалпы райондук ишембилик өткөрүлүп, ага мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ишембиликтин негизги максаты – калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнү таза сактоо жана аймактарды көрктөндүрүү иштерин күчөтүү болду. Иш-чаранын алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, социалдык объектилердин айланасы жана башка жалпы пайдалануудагы аймактар тазаланып, ирээтке келтирилди.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аймактардагы тазалык камсыздалып, жашоочулар үчүн жагымдуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Ошондой эле ишембиликке катышуучулар тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жана тазалыкты сактоо боюнча жакшы үлгү көрсөтүлдү.
Мындай коомдук демилгелер жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөп, калктын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, ошондой эле жарандардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт.
Кадамжай районунда тазалыкты сактоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча аракеттер мындан ары да системалуу түрдө улантылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат.
29/05/2026
Кадамжай районундагы 88 билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи өтүүдө.
2025–2026-окуу жылында райондогу жалпы окуучулардын саны 50 160ты түзөт. Анын ичинен 9-классты 4 163 окуучу, ал эми 11-классты 2 153 бүтүрүүчү аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 1 627 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөгө катышты.
Бардык билим берүү уюмдарында салтанаттуу линейка саат 09:00дө башталып, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.
Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасында 2 окуучу республикалык турга катышты.
Ошондой эле “Мектеп лигасынын” республикалык туруна “Кадамжай Жаштык” мектебинин кыздар командасы жана М. Горький атындагы жалпы билим берүү мектебинин балдар командасы катышты.
Быйылкы окуу жылында район боюнча бир катар окуучулар облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарда ийгиликтерди жаратып, район намысын татыктуу коргоп келишти.
“Акыркы коңгуроо” аземин өткөрүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү мекемелер тарабынан көзөмөл күчөтүлүп, түшүндүрүү иштери улантылууда.
Салтанаттын жүрүшүндө мугалимдерге, ата-энелерге жана окуучуларга жакшы каалоо-тилектер айтылып, бүтүрүүчүлөргө ак жол кааланды.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү бардык бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адистерден болушуна тилектештигин билдирет.
28/05/2026
2026-жылдын 28-майында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги астында райондогу жалпы билим берүү уюмдарында 2025–2026-окуу жылынын аякташына байланыштуу өткөрүлүүчү “Акыркы коңгуроо” иш-чараларынын жүрүшүндө жана жайкы эс алуу мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жол-транспорт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э. Кадыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Исраилов, Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери А. Балтабаев жана райондогу жалпы билим берүү мектептеринин директорлору катышты.
Жыйында “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо маселелери талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ата-энелерге “Акыркы коңгуроо” салтанатынан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынары жана окуучулардын коопсуздугу үчүн ата-энелер жооптуу экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
27/05/2026
Учурда Кадамжай району боюнча пландуу жазгы эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Жер-жерлердеги ветеринардык врачтар үй жаныбарларынын жугуштуу илдеттерин алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана мал-жандыктардын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барып жатышат.
Жайлоого көчүү мезгилине байланыштуу малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана вакциналар менен камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ири мүйүздүү малдарды мамлекет тарабынан камсыздалган 5 валенттуу вакцина мн эмдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Ар бир вакцинация иштери райондук ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют башкармалыгынын көзөмөлүндо жүргүзүлүүдө.Белгилей кетсек Кадамжай районуна шарп ылаңына каршы жалпы 33000 доза жаңы 5 валенттуу вакцина жеткирилген.
Вакциналар үй чарбаларына акысыз берилип, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынууда.