Ата-Журт Кыргызстан

Ата-Журт Кыргызстан

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Ата-Журт Кыргызстан, Political Party, Bishkek.

12/07/2021

Урматтуу бишкектиктер!

Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы шаардык парламентке мыкты жыйынтык менен келе жатат - биз өткөн кампаниянын лидерлеринин бири болдук. Өнөктүк оңой болгон жок. Коронавирустун үчүнчү толкунунан улам үгүт иштери кыйындады. Бирок биз партиябыздын негизги сунуштарын шайлоочуларыбызга жеткире алдык деп үмүттөнөбүз.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы өз тарапташтарына, штабдык командага, жардамчыларга, ыктыярчыларга жана шайлоо кампаниясында жардам берген бардык адамдарга ыраазылык билдирет. Бул биздин жалпы жеңиш! Ар бириңиздерге рахмат!
Кайсы партияга добуш бербесин, шайлоого келген бардык жарандарга рахмат!
Анан албетте биздин шайлоочуларга, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына добушун бергендерге өзгөчө ыраазыбыз. Өз тандооңуз үчүн эч качан өкүнбөйсүз!
Ошол эле учурда укук коргоо органдарын жана БШКны бардык мыйзам бузууларды тыкыр иликтеп, ар бир учур боюнча тиешелүү чечим чыгарууга чакырабыз. Бишкек шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган курамынын легитимдлүүгү шек жаратпаш үчүн бул абдан маанилүү.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясына добуш берген бардык бишкектиктерге дагы бир жолу рахмат!
Баарыңыздарга ден соолук, бакубат турмуш жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!

Сиздин «Ата-Журт Кыргызстан» партияңыз

09/07/2021

Прямой эфир кандидата от партии "Ата-Журт Кыргызстан" Нурили Чолпонбаевой.

09/07/2021

№1 "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Чинара Жумаеванын Бишкек шаарындагы шайлоочуларга кайрылуусу.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын жеңиши - Бишкек шаарынын жеңиши!

09/07/2021

«Ата-Журт Кыргызстан» №1 партиясынын бишкектиктерге кайрылуусу

Урматтуу бишкектиктер, кымбаттуу шайлоочулар!
11-июлда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы бул жеңил эмес шайлоо кампаниясын татыктуу өткөрдү. Коронавирустун үчүнчү толкуну шарттаган чектөөлөргө карабай, биз өз программабызды шаардыктарга жеткире алдык деген үмүттөбүз.
Бишкекте аябай акылдуу, активдүү жана саясий жактан сабаттуу адамдар жашайт. Алар манипуляцияларга жана алдамчылыкка алдырбайт. Ошондуктан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы өз жеңишине ишенет. Себеби биз бул шайлоого ачык жүрөк, таза ойлор менен баратабыз.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын жалгыз максаты – сүйүктүү Бишкегибизди чыныгы борбор калаага айлантуу. Жолдору мыкты, тротуарлары ыңгайлуу, бак-дарактуу жана абасы таза шаарга айлантуу. Борбордук бөлүгү гана эмес, бардык аймагы бирдей өнүккөн калааны курабыз. Бишкек жаш-карылар үчүн да, балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн да ыңгайлуу шаар болушу керек. Биздин партиябыз Бишкекти өзгөртүүгө пайдубал тургузуп, мурда башталган жакшы иштерди улантып, калааны өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоёт деп ишенебиз.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоп жаткандарга, бардык тарапташтарыбызга жана бизге добуш берчүлөргө ыраазылык билдиребиз! Баарыңыздарга чоң рахмат! Биз ишеничти актайбыз!
Электоралдык тандоосуна карабай, иши кылып добуш берүүгө бара турган бардык шаардыктарга да рахмат айтабыз. Сиздер демократияны колдоп, маанилүү ишти жасап жатасыздар. Бул - активдүү позиция жана сыйга татыктуу кадам.
"Добуш бергени барам же барбайм" деп тургандардын баарын участокко барууга чакырабыз. Мейли, кайсы партияга добуш берүүнү билбей турсаңыз да. Албетте, тандооңуз шайлоо бюллетенинде биринчи турган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына түшөт деп ойлойбуз. Кандай болгон күндө да, эң башкысы - шайлоо участогуна келгениңиз.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы баарыңыздарга ден соолук жана бакубат жашоо каалайт. Келиңиздер, баарыбыз биргеликте Бишкекти жакшы жагына өзгөртөлү!

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы

09/07/2021

Партия «Ата-Журт Кыргызстан» - реальная сила!
Давай с нами!
***
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы – чыныгы күч!
БИЗ МЕНЕН БИРГЕ!

08/07/2021

Жилмассивы Бишкека.
Решение:
• Укрупнить жилмассивы и придать им статус микрорайонов.
• Создать при мэрии совет по решению проблем жилмассивов с участием представителей местных сообществ.
• Разработать и принять стратегию развития новых микрорайнов.
• Расширить и улучшить городскую коммуникационную сеть (газ, вода, канализация, эелктричество).
• Начать строительство детских образовательных учреждений и поликлиник.
• Разработать программу доступного жилья.
• Начать строительство асфальтированных дорог внутри жилмассивов.

08/07/2021

Жаңы лидерлер - жаңы жашоо!
«Ата Журт-Кыргызстан» №1

08/07/2021

Недостаточное участие граждан в развитии столицы.

Решение:
• Создать общественный совет при мэре Бишкека. Совет будет готовить ежегодный альтернативный доклад о положении дел в столице.
• Все партии, прошедшие в БГК должны открыть свои общественные приемные, где с гражданами будут общаться непосредственно депутаты, а не их помощники.
• Создать сервис «На контроле у народа». Через него горожане смогут оперативно сигнализировать о проблемах в сфере ЖКХ и контролировать, как местная власть реагирует и что предпринимает для их решения.
• Запустить проект «Наш выбор» при помощи которого путем голосования горожане смогут напрямую влиять на решения мэрии. Вопросы на голосование будут выноситься по согласованию с общественным советом при мэре Бишкека.
• Запустить интерактивный сервис «Новый Бишкек», где будут публиковаться и обсуждаться предложения горожан по развитию и улучшению городской среды.

08/07/2021

Борборду өнүктүрүүгө жарандардын катышуусу жетишсиз
Бишкекте активдүү жарандар жашайт. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү муниципалитет жана шаардык парламент деңгээлинде чечимдерди кабыл алууга кантип таасир этишти билишпейт. Мэрия менен жарандардын ортосунда туруктуу кайтарым байланыш жок.
Чечим:
• Мэриянын алдындагы коомдук кеңеш. Ал калаадагы абал боюнча жыл сайын альтернативдүү отчетту даярдайт.
• Бишкек шаардык кеңешине келген партиялардын баарында милдеттүү түрдө коомдук кабылдамалар болот. Жарандар менен жардамчылар эмес, депутаттардын өздөрү баарлашат.
• «Калктын көзөмөлүндө» долбоору - жарандар турак-жай-коммуналдык чарбадагы көйгөйлөрдү айтып, өз буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөшөт.
• «Биздин тандоо» долбоору - жарандар добуш берүү аркылуу мэриянын чечимдерине түздөн-түз таасир эте алышат.
• «Жаңы Бишкек» долбоору - калааны жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча шаардыктардын жана муниципалитеттин онлайн талкуусу.

08/07/2021

Партия «Ата-Журт Кыргызстан» - реальная сила!
Давай с нами!

08/07/2021

Дорогие Бишкекчане, все мы любим наш город. Уже 11 июля состоятся выборы в БГК. Призываем всех вас прийти и отдать свой голос за чистый, светлый, прогрессивный, красивый и родной Бишкек! Отдать голос за партия «Ата-Журт Кыргызстан» №1.

Отдельное спасибо хотим сказать Kuban Kabaev за предоставленные права на свою песню.

«Ата-Журт Кыргызстан» №1
Давай с нами!

***
Урматтуу бишкектиктер, биз баарыбыз шаарыбызды жакшы көрөбүз. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Баарыңыздарды шайлоо участкасына келип, таза, жаркын, прогрессивдүү, кооз Бишкек үчүн добуш берүүгө чакырабыз! "Ата-Журт Кыргызстан" №1 партиясына добуш бериңиз!

Өз ырына укукту бергени үчүн Кубан Кабаевге ыраазычылык билдиребиз.

"Ата-Журт Кыргызстан" №1. Кел, биз менен бирге!

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Address


Bishkek