05/11/2025
4 ноября 2025 года состоялась встреча Директора Консульского департамента Министерства иностранных дел Кыргызской Республики Сейтека Жумакадыр уулу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Монголии в Кыргызской Республике Содном Ганхуяг.
Стороны отметили высокий уровень сотрудничества между странами и подчеркнули плодотворную работу, проводимую по реализации договоренностей, достигнутых в ходе государственного визита Президента Монголии Ухнаагийна Хурэлсуха в Кыргызскую Республику, состоявшегося в июле 2025 года.
В ходе встречи состоялось обсуждение актуальных вопросов двустороннего сотрудничества в консульской сфере. Особое внимание было уделено защите прав и законных интересов граждан двух государств, а также расширению договорно-правовой базы.
По итогам встречи стороны договорились поддерживать регулярные контакты по всем вопросам, представляющим взаимный интерес.
2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин Директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг мырзанын жолугуушусу өттү.
Тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешти жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун 2025-жылдын июлунда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жемиштүү иштерди баса белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашышты.
29/10/2025
2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары - консулу Оливер Фэйрлэмб жана Консулдук маселелер боюнча аймактык менеджери Фиона Макстон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо алкагында кыргыз-британ кызматташтыгына жана өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу консулдук маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Директор С.Жумакадыр уулу Кыргыз Республикасы Улуу Британия менен кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани бере тургандыгын, атап айтканда, консулдук жана миграциялык процесстерди жөнөкөйлөштүрүүгө, ошондой эле укуктук базаны кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, консулдук чөйрөдөгү аракеттенүүнү андан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин тастыкташты.
28 октября 2025 года Директор Консульского департамента Министерства иностранных дел Кыргызской Республики Сейтек Жумакадыр уулу встретился с Заместителем посла - консулом Великобритании в Кыргызской Республике Оливером Фэйрлэмбом и Региональным менеджером по консульским вопросам Фионой Макстон.
В ходе встречи стороны обсудили широкий спектр консульских вопросов кыргызско-британского сотрудничества и взаимодействия в рамках защиты прав граждан обеих стран.
Директор С.Жумакадыр уулу подчеркнул, что Кыргызская Республика придаёт особое значение дальнейшему развитию сотрудничества с Великобританией, в частности выразил заинтересованность в упрощении консульских и миграционных процессов, а также в расширении договорно-правовой базы.
В заключение стороны подчеркнули значимость активного сотрудничества и подтвердили готовность к дальнейшему укреплению взаимодействия в консульской сфере.
24/10/2025
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
Сиздердин күч-аракетиңиздер, эмгегиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер мамлекеттин кызыкчылыктарын эл аралык аренада илгерилетүүгө зор салым кошууда.
Сиздерге жооптуу дипломатиялык кызматта ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
Поздравляем сотрудников Министерства иностранных дел и загранучреждений Кыргызской Республики с профессиональным праздником!
Ваши усилия, труд и преданность делу вносят весомый вклад в продвижение интересов государства на международной арене.
Желаем вам успехов и новых достижений в вашей ответственной дипломатической службе!
23/10/2025
2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин Директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Ливия Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аладдин Лехуайк мырзанын жолугуушусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашышты.
23 октября 2025 года состоялась встреча Директора Консульского департамента Министерства иностранных дел Кыргызской Республики Сейтека Жумакадыр уулу с Чрезвычайным и Полномочным Послом Государства Ливия в Республике Казахстан Аладдином Лехуайком.
В ходе встречи стороны обсудили актуальные вопросы двустороннего сотрудничества в консульской сфере. Особое внимание было уделено защите прав и законных интересов граждан двух государств, а также расширению договорно-правовой базы.
По итогам встречи стороны договорились поддерживать регулярные контакты по всем вопросам, представляющим взаимный интерес.
15/10/2025
АКШнын федералдык иммиграциялык органдары өлкөнүн ири шаарларында чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө.
Жарандардан кайрылуулар түшкөн учурда, Кыргыз Республикасынын АКШдагы мекемелери ыкчам түрдө консулдук-укуктук жардам көрсөтүшөт, анын ичинде жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрмө берүү, ошондой эле Американын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык адвокаттык колдоо алууга көмөк көрсөтүшөт.
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын дагы бир жолу АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырат жана мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алуу максатында массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразычылык акцияларына катышпоону сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине:
1. Дайыма өздүгүңүздү тастыктаган документти жаныңызда алып жүрүңүз. Иммиграциялык макамыңыздын актуалдуулугун жана уруксат берүүчү документтердин мөөнөтүн текшерип туруңуз.
2. Иммиграциялык органдар менен байланышта болгон учурда сабырдуулукту жана сылык жүрүм-турумду сактаңыз. Өз укуктарыңызды колдонуңуз. Адвокаттан консультация алууга укугуңуз бар, мазмунун түшүнбөй туруп документтерге кол койбоңуз жана өздүгүңүздү тастыктоо максатында берилген суроолорго гана жооп бериңиз.
3. Консулдук жардам: эгер кармалып калсаңыз, Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине дароо кабар берүүнү талап кылыңыз.
Ыкчам байланыш маалыматтары:
📞 Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-2924
📞 Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
📧 Электрондук дарек: [email protected], [email protected]
15/10/2025
2025-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин Директору Сейтек Жумакадыр уулу резиденциясы Алматы шаарында жайгашкан Литва Республикасынын Кыргыз Республикасында жаңы дайындалган Башкы консулу Шаруне Кубилюте менен жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуунун учурунда, С.Жумакадыр уулу жана Кубилюте айым Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосундагы консулдук кызматташуу маселелерин т.а. эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо, консулдук жана миграциялык процесстерди жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешкен аракеттер, визалык талаптарды жеңилдетүү, келишимдик базаны кеңейтүү жана башка суроолорду талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жигердүү өз ара аракеттенүүнүн жана макулдашылган иштин маанилүүлүгүн баса белгилешип, кызматташтыкты чыңдоо менен бирге мындан ары аны өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.
15 октября 2025 года состоялась встреча Директора Консульского департамента Министерства иностранных дел Кыргызской Республики Сейтека Жумакадыр уулу с новоназначенным Генеральным консулом Литовской Республики в Кыргызской Республике с резиденцией в г.Алматы Шаруне Кубилюте.
В ходе встречи С.Жумакадыр уулу и г-жа Кубилюте обсудили вопросы по сотрудничеству между Кыргызской Республикой и Литовской Республикой в консульской сфере, как защита прав граждан обеих стран, совместные усилия по упрощению консульских и миграционных процессов, облегчение визовых требований, расширение договорно-правовой базы и т.д.
По итогам встречи, стороны подчеркнули значимость активного взаимодействия и согласованной работы, а также подтвердили готовность к укреплению взаимодействия и дальнейшему развитию сотрудничества.