TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан

TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан

Share

Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı Başkanlığı (TİKA) Bişkek PKO Resmi Facebook Sayfası

28/04/2026

🇰🇬| Жалал-Абад Экономика жана Ишкерлик Университетинин Түрк дүйнөсүнүн Кыргыз-Түрк профессору Туран Язган атындагы Коомдук илимдер институнун директору доцент доктор Дурмуш Билге Аккуш офисибизде конок болушту.

🇹🇷| Celal-Abad İktisat ve Girişımcilik Üniversitesi Kırgız-Türk Prof.Dr Durmuş Bilge Akkuş ofizimi ziyaret etmiştir.

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 24/04/2026

🇹🇷🇰🇬 Талас шаарынын Манас районуна караштуу Көк-Төбө айылында жайгашкан №51 кесиптик лицейге Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Жаныбек Куандыков менен биргеликте иш сапары менен бардык.

Сапардын алкагында окуу жайдын учурдагы мүмкүнчүлүктөрү менен жеринен таанышып, анын муктаждыктарын бааладык. Жаштардын кесиптик жөндөмдөрүн чыңдоого, жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймак тургундары да пайдалана ала турган жаңы долбоорлор боюнча пикир алышууларды жүргүздүк.

Айрыкча практикалык окутуу устаканалары, кесиптик курстар жана жергиликтүү өнүгүүгө салым кошо турган билим берүү багыттары боюнча жүргүзүлгөн талкуулар жаштардын келечегине багытталган жаңы кызматташтыктар үчүн маанилүү кадам болду.

Таластын эмгекчил жаштары жана аймактын өнүгүү потенциалы үчүн иш алып барууну улантабыз.

__________________________________________

🇹🇷🇰🇬 Talas Şehri Manas İlçesi Kök-Töbö Köyü’nde bulunan 51 No’lu Meslek Lisesini, Kırgız Cumhuriyeti Cumhurbaşkanı Danışmanı Sayın Janıbek Kuandıkov ile birlikte ziyaret ettik.
Ziyaret kapsamında okulun mevcut imkânlarını yerinde inceleyerek ihtiyaçları değerlendirdik; gençlerin mesleki becerilerini güçlendirecek, istihdam imkânlarını artıracak ve bölge halkının da faydalanabileceği yeni proje fikirleri üzerine istişarelerde bulunduk.
Özellikle uygulamalı eğitim atölyeleri, mesleki kurslar ve yerel kalkınmaya katkı sunacak eğitim alanları üzerine yapılan değerlendirmeler, gençlerin geleceğine dokunacak yeni iş birlikleri için önemli bir adım oldu.
Talas’ın üretken gençleri ve bölgenin kalkınma potansiyeli için çalışmaya devam ediyoruz.

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 23/04/2026

🇰🇬| Балдардын күлкүсү менен көрккө бөлөнгөн жаркын келечек үчүн…
23-апрель — Улуттук эгемендик жана Балдарды коргоо күнү кут болсун!

Гази Мустафа Кемал Ататүрктү, шейиттерибизди жана ардагерлерибизди терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскеребиз.

ТИКА катары дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы балдардын жаркын келечекке жетиши үчүн иш алып барууну улантабыз 🇹🇷🤝🇰🇬

🇹🇷| Çocukların gülüşüyle güzelleşen yarınlar için…
23 Nisan Ulusal Egemenlik ve Çocuk Bayramı kutlu olsun!

Gazi Mustafa Kemal Atatürk’ü, aziz şehitlerimizi ve kahraman gazilerimizi saygı, rahmet ve minnetle anıyoruz.

TİKA olarak, dünyanın dört bir yanında çocukların daha umutlu bir geleceğe ulaşabilmesi için çalışmayı sürdürüyoruz. 🇹🇷🤝🇰🇬

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 22/04/2026

🇰🇬| ТИКАнын колдоосу менен Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында уюштурулган «Доорлордон ашкан мурас: Жибек Жолу» аттуу көргөзмө жана панелдик программа орток цивилизациялык мурасыбызды кайрадан жанданткан маанилүү жолугушууга айланды. Түркия менен Кыргызстан баш болгон Жибек Жолу аймагынын маданий эс-тутумун искусство жана илим дүйнөсү менен айкалыштырган бул программа боордош элдердин ортосундагы байланыштардын мындан ары да бекемделишине салым кошту.

Көргөзмөдө Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Ооганстан, Пакистан, Иран жана Сириядан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Ал эми ачылыш аземине Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжандын Бишкектеги Элчиси Латиф Гандилов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир катышты.

ТИКА катары, орток тарыхыбыздын изин алып жүргөн мындай баалуу маданий иш-чараларга колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Орток мурасыбызды сактап, маданий байланышыбызды келечек урпакка калтырабыз.

🇹🇷| TİKA’nın destekleriyle Kırgızistan’ın başkenti Bişkek’te düzenlenen “Zamanını Aşan Miras: İpek Yolu” sergi ve panel programı, ortak medeniyet mirasımızı yeniden görünür kılan anlamlı bir buluşmaya dönüştü. Türkiye ile Kırgızistan başta olmak üzere İpek Yolu coğrafyasının kültürel hafızasını sanat ve fikir dünyasıyla buluşturan program, kardeş halklar arasındaki bağların daha da güçlenmesine katkı sundu.

Sergide, Türkiye, Kazakistan, Kırgızistan, Azerbaycan, Afganistan, Pakistan, İran ve Suriye’den katılan sanatçıların eserleri sanatseverlerle buluşurken; açılışa Türkiye’nin Bişkek Büyükelçisi Dr. Mekin Mustafa Kemal Ökem, Azerbaycan’ın Bişkek Büyükelçisi Latif Gandilov ve KKTC Bişkek Temsilcisi Tahir Osman Tahir de iştirak etti.

TİKA olarak, ortak tarihimizin izlerini taşıyan bu kıymetli kültürel çalışmalara destek vermeyi sürdürüyoruz. Ortak mirasımıza sahip çıkıyor, kültürel bağlarımızı geleceğe birlikte taşıyoruz.

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 15/04/2026

🇰🇬| Бишкек-Түрк Анадолу лицейинин директору Мустафа Арслан, мугалимдер Уфук Баш жана Нурайым Замирбек кызы, ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Нуртилек Абдигапаров окуу бөлүмүнүн башчысы Саадат Иманкулованы кеңсесибизде кабыл алдык.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекемелер аралык байланышты чыңдоо максатында билим берүү жана маданият тармагындагы жалпы маселелер боюнча пикир алышуу болду. Келген конокторго ыраазычылык билдиребиз. 🇰🇬🤝🇹🇷

🇹🇷| Bişkek-Türk Anadolu Lisesi Müdürü Mustafa ARSLAN, öğretmenler Ufuk BAŞ ve Nurayım ZAMİRBEK KIZI ile B. Beyşeneraliyeva Kırgız Devlet Kültür ve Sanat Üniversitesi Rektör Yardımcısı Nurtilek ABDİGAPAROV ve Eğitim Bölüm Başkanı Saadat İMANKULOVA ofisimize bir nezaket ziyareti gerçekleştirdiler. Kırgızistan’ın sanat eğitimi alanındaki en önemli kurumlarından biri olan üniversite ile olası iş birliği imkanlarını değerlendirdik. Türk ve Kırgız müzik kültürlerini ortak bir paydada buluşturacak projeler üzerine fikir alışverişinde bulunuldu.

Görüşmede, kurumlar arası iletişim bağlarını güçlendirmek adına eğitim ve kültür alanındaki olası iş birliği konuları üzerinde genel bir fikir alışverişinde bulunuldu. Nazik ziyaretleri için kendilerine teşekkür ederiz 🇰🇬🤝🇹🇷

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 14/04/2026

🇰🇬| Бүгүн биздин кеңсебизде “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун директору Роза Кайыкованы, фонддун кеңешчиси Жанна Отунбаеваны жана аларды коштоп келген делегацияны, ошондой эле Ахыска түрктөрү коомунун жаштар канатынын жетекчиси Мурат Фазлыны кабыл алдык.

Жолугушуунун жүрүшүндө көзү азиз жарандарга билимге жана адабиятка жеткиликтүүлүгүн шарттай турган “Аудио китеп” долбоорун талкууладык. Китептерди үн коштоо менен жаздыруу, аларды веб-сайт жана мобилдик тиркеме аркылуу колдонууга берүүнү көздөгөн бул маанилүү кызматташтык боюнча натыйжалуу пикир алышуу болду.

Билим алууда тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана социалдык инклюзивдүүлүктү күчөтүү максатында ишке ашырыла турган бул долбоор аркылуу тоскоолдуктарды бирге жеңүүнү максат кылабыз. 🇰🇬🤝🇹🇷

🇹🇷| Engelsiz Erişim: Görme Engelliler İçin “Sesli Kitap” Projesi Görüşmesi

“Roza Otunbaeva’nın Girişimi” Uluslararası Kamu Vakfı Müdürü Sayın Roza Kayykova, Vakıf Danışmanı Sayın Zhanna Otunbaeva ve beraberindeki heyeti ile Ahıskalı Türkler Derneği Gençlik Kolları Başkanı Murat Fazlı’yı ofisimizde ağırladık.

Görüşmede, görme engelli bireylerin bilgiye ve edebiyata erişimini kolaylaştıracak “Sesli Kitap” projesini ele aldık. Kitapların seslendirilmesi, web ve mobil uygulama aracılığıyla erişime sunulmasını hedefleyen bu anlamlı iş birliği üzerine verimli bir toplantı gerçekleştirdik.

Eğitimde fırsat eşitliğini desteklemek ve sosyal kapsayıcılığı güçlendirmek adına hayata geçirmeyi planladığımız bu projeyle, engelleri birlikte aşmayı hedefliyoruz. 🇰🇬🤝🇹🇷

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 13/04/2026

🇰🇬| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарбек Мадаминов мырзага иш сапары менен бардык.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бурана музей-комплексин улуттук жана эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган жакшыртуу жана өнүктүрүү иштеринин алкагында жемиштүү пикир алмашуу болду.

Орток тарыхый мурасыбызды сактоо жана келечек муундарга жеткирүү максатында кызматташтыгыбызды мындан ары да бекемдеп улантабыз🇰🇬🤝🇹🇷

🇹🇷| Kırgızistan Kültür, Enformasyon, Spor ve Gençlik Politikaları Bakan Yardımcısı Sayın Askaralı Madamidınov’u ziyaret ettik.
Görüşmede, Burana Müze Kompleksi’nin hem ulusal hem de uluslararası düzeyde tanıtımına katkı sağlayacak düzenleme ve geliştirme çalışmaları üzerine verimli bir istişare gerçekleştirdik.
Ortak tarihi mirasımızın korunması ve gelecek nesillere aktarılması adına iş birliğimizi güçlendirerek sürdürmeye devam ediyoruz. 🇰🇬🤝🇹🇷

Photos from TİKA Kırgızistan - Тика Кыргызстан's post 13/04/2026

🇰🇬| Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) жана KOSGEBдин кызматташтыгынын алкагында, 2026-жылдын 6-апрелинен 10-апрелине чейин Бишкек шаарында чакан жана орто ишкерликтин потенциалын өнүктүрүүгө багытталган 5 күндүк «Бизнес-план иштеп чыгуу жана электрондук соода» аттуу окутуу программасы ишке ашырылды.

Аталган иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилик курамы, коомдук уюмдардын жана кооперативдердин төрагалары, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү катышты. Түркия Республикасынан келген тажрыйбалуу эксперттер интенсивдүү теориялык курстар жана практикалык сабактар аркылуу өз билимдери жана кесиптик тажрыйбалары менен кыргызстандык ишкерлер менен бөлүшүштү.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк; билим берүү, экономика, маданият жана соода сыяктуу бардык тармактарда динамикалуу өнүгүүсүн улантууда. Биз ишкерлерибиздин жигердүүлүгүнө жана эки өлкө ортосундагы бекем кызматташтыкка таянуу менен, жалпы келечегибизди биргеликте курабыз.

🇹🇷| TİKA, UNDP ve KOSGEB iş birliğiyle 6–10 Nisan 2026 tarihleri arasında Bişkek’te küçük ve orta ölçekli işletmelerin kapasite gelişimine yönelik 5 günlük “iş planı hazırlama ve e-ticaret eğitim programı” kamuda üst düzey yönetimde yer alan personel, kooperatif başkanları ve özel sektör temsilcileri ile gerçekleştirildi.
Türkiye’den gelen uzman eğitimcilerimiz yoğunlaştırılmış teorik eğitimler ve uygulama dersleri ile bilgi birikimlerini Kırgızistanlı girişimcilerle paylaştı. Türkiye ve Kırgızistan arasındaki dostluk; eğitimden ekonomiye, dilden ticarete her alanda güçlenerek büyümeye devam ediyor.
Girişimcilerimizin enerjisi ve iki ülke arasındaki sarsılmaz iş birliği ile geleceği birlikte inşa ediyoruz.

09/04/2026

🇰🇬| Түркия Республикасынын Улуттук Коопсуздук Университетинин ректору, профессор доктор Эрхан Афйонжу жана аны коштогон делегация биздин офиске иш сапары менен келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылган долбоорлорду баалап, 2026-жылга пландалган долбоорлор боюнча жемиштүү пикир алмаштык.

Сапары үчүн ректорубузга жана кадырлуу делегациясына ыраазычылык билдиребиз.

🇹🇷| T.C. Milli Savunma Üniversitesi Rektörü Prof. Dr. Erhan Afyoncu ve beraberindeki heyet, Ofisimize nezaket ziyaretinde bulundu.

Gerçekleştirilen görüşmede, bugüne kadar hayata geçirdiğimiz projeleri değerlendirdik; 2026 yılında planlanan projeler hakkında verimli bir fikir alışverişinde bulunduk.

Nazik ziyaretleri dolayısıyla Sayın Rektörümüze ve kıymetli heyetine teşekkür ediyoruz.

07/04/2026

🇰🇬| Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарды бекемдөөгө салым кошо турган, жаңыдан түзүлгөн “Кыргызстан Түркия бүтүрүүчүлөр коомунун” төрагасы Асылбек Абдуганиев жана төраганын орун басары Айдай Эрмекова кеңсебизде конокто болушту.

Өткөрүлгөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүү багытында пикир алмашылды.

Зыяраты үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз жана алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

🇹🇷| Kırgızistan ile Türkiye arasındaki dostluk ve gönül bağlarının güçlenmesine katkı sunacak olan yeni kurulan Kırgızistan Türkiye Mezunlar Derneği Başkanı Asılbek ABDUGANİYEV ve Başkan Yardımcısı Ayday ERMEKOVA, Ofisimize nezaket ziyaretinde bulunmuştur.
Gerçekleştirilen görüşmede, iki ülke arasındaki bağların daha da geliştirilmesine yönelik değerlendirmelerde bulunulmuştur.
Nazik ziyaretleri için kendilerine teşekkür ediyor, Derneğin çalışmalarında başarılar diliyoruz.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Kırgızistan
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00