26/08/2025
4-декабрь “Манас” эпосу күнүнө карата, “Манас” улуттук академиясы “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана “Манас” феномени” аттуу Эл аралык илимий практикалык конференция үчүн макалаларды кабыл алууну баштайт. Кабыл алуу 15-ноябрга чейин жүрөт. Талаптар:
Макаланын аталышы анын мазмунуна дал келүүгө жана даана ачып берүүгө тийиш. Макаланын кыскача мазмунунун (аннотация) көлөмү 100-110 сөз болууга тийиш. Мында иштин жалпы максаты жана изиденген теманын көйгөйлөрү, иштин негизги планы, анализдин негизги табылгалары, автордун комментарийлеринин жыйынтыктары кыскача жазылат.
Негизги сөздөр: 10 сөздөн жогору болушу абзел.
Макаланын көлөмү - 15тен 25 бетке чейин (1 басма табак - 40000 зн.), аннотация, сүрөт, таблица, адабияттар жана керектүү маалыматтар так көрсөтүлүшү керек.
Шрифт - Times New Roman - шрифт өлчөмү 14 (кегль), сап аралыгы - 1,5 интервал.
Макаланын он жак бетине УДК көрсөтүлүшү керек.
Жарык көрүүчү макаланын рецензиясы сөзсүз керектелет жана ким тарабынан жазылганын көрсөтүү менен макалага тиркелиши абзел.
Макаланын тексти 1 файлда болушу керек (аталышы, кыскача мазмуну, негизги сөздөр, макаланын тексти).
Автордун толук аты-жөнү, иштеген мекеменин расмий аталышы, илимий даражасы жана электрондук почтасы, телефон номери болуу керек.
Редакцияга келип түшкөн макалалар эки этап менен рецензияланат: обзордук тарабы көз карандысыз рецензиялоо.
Обзордук рецензиялоодо кол жазмалар редактор тарабынан журналдын талаптары боюнча текшерилет.
Текшерүүдөн өтпөй калган макалалар артка кайтарылат.
Кол жазма рецензент тарабынан каралат.
Авторлорго калем акы төлөнбөйт.
#МанасУлуттукАкадемиясы
#АйкөлСтудиясы
