Мамкызмат жана ЖӨБМА түз байланышы
КР МК МКЖӨБМА
02/06/2026
Талас облусуна иш сапарынын алкагында
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Агенттиктин Талас шаарындагы тестирлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында тест борборунун материалдык-техникалык базасы, тестирлөө процессин уюштуруу шарттары жана жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүү үчүн тест тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле борбордун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, тестирлөө системасын мындан ары өркүндөтүү, ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды.
Руслан Кубаталиев мамлекеттик кызматка тандоонун сапатын камсыз кылууда тест борборлорунун ролу маанилүү экенин белгилеп, алардын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Иш сапар аймактардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана кадрларды тандоо процесстерин өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулду.
#МамлекеттикКызмат #ЖӨБ #Талас #ТестирлөөБорбору #КадрСаясаты #Кыргызстан
*** *** ***
В рамках рабочей поездки в Таласскую область
В ходе рабочей поездки в Таласскую область заместитель директора Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления Руслан Кубаталиев ознакомился с деятельностью тестировочного центра Агентства в городе Талас.
В рамках визита были рассмотрены материально-техническая база центра, условия организации процесса тестирования, а также возможности граждан проходить тестирование для поступления на государственную и муниципальную службу. Кроме того, состоялась встреча с сотрудниками центра, в ходе которой были обсуждены вопросы дальнейшего совершенствования системы тестирования, повышения её прозрачности и эффективности.
Руслан Кубаталиев отметил важную роль тестировочных центров в обеспечении качественного отбора кандидатов на государственную службу и подчеркнул необходимость уделять особое внимание их бесперебойной и эффективной работе.
Рабочая поездка была организована в рамках проводимой работы по повышению качества государственных услуг в регионах и совершенствованию процессов отбора кадров.
#ГосударственнаяСлужба #МСУ #Талас #ТестировочныйЦентр #КадроваяПолитика #Кыргызстан
02/06/2026
#Жаңылык
1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Эльчибек Джантаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин 1–2-аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Базар-Коргон райондор аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборуна керектүү буюмдар тапшырылды.
Бул иш-чаранын алкагында топтолгон жардамдар өз дарегине жеткирилип, мекеменин күнүмдүк ишине жана балдардын шарттарын жакшыртууга багытталды.
Балдарды колдоо — коомдун маанилүү милдеттеринин бири.
*** *** ***
В рамках 1 июня — Международного дня защиты детей, по поручению Эльчибека Джантаева, Межрайонным управлением Агентства (1–2 регионов) были переданы необходимые предметы в Межрайонный центр восстановления здоровья Базар-Коргонского района.
В рамках мероприятия собранная помощь была доставлена по назначению и направлена на улучшение условий учреждения и повседневной деятельности.
Поддержка детей — одна из важнейших задач общества.
02/06/2026
Балдар – жердин жандуу гүлдөрү
Бүгүн, 2-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаевдин тапшырмасы менен агенттиктин кызматкерлери Москва районунун Петровка айылында жайгашкан “Родничок” балдар психоневрологиялык реабилитациялык борборуна барып, тарбиялануучуларды майрамы менен куттукташты.
Иш-чаранын алкагында агенттик тарабынан даярдалган белектер тапшырылып, балдарга майрамдык маанай тартууланды. Борбордогу тарбиялануучуларга таттуулар жана оюнчуктар берилсе, мекемеге кеңсе буюмдары менен принтер тапшырылды.
Борбордун эмгек жамааты көрсөтүлгөн көңүл буруу жана колдоо үчүн агенттиктин директору Эльчибек Джантаевге жана борбордук аппараттын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, балдарга камкордук көрүү багытындагы мындай демилгелер чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, “Родничок” балдар психоневрологиялык реабилитациялык борбору республикалык маанидеги адистештирилген медициналык мекеме болуп саналат. Бул жерде 4 жаштан 14 жашка чейинки балдар кабыл алынып, борбордук нерв системасынын бузулууларын калыбына келтирүүгө багытталган комплекстүү дарылоо жана реабилитациялык кызматтар көрсөтүлөт. Учурда борбордо 30га жакын бала тарбияланууда.
50 орундуу стационар шартында балдар толук медициналык кароодон өтүп, ар бирине жекече реабилитациялык программа түзүлөт. Дарылоо процессине физиотерапия, массаж, логопед, дефектолог жана психолог кызматтары, ошондой эле атайын педагогикалык сабактар кирет.
Борбордо көрсөтүлгөн кызматтар толугу менен акысыз негизде жүргүзүлөт. Бул жерде негизинен социалдык жактан аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле балдар үйлөрүнүн, атайын интернаттардын жана жарым жетим балдардын тарбиялануучулары дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.
*** ***
Дети – живые цветы земли
Сегодня, 2 июня, в честь Международного дня защиты детей по поручению директора Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления Эльчибека Джантаева сотрудники агентства посетили центр детской психоневрологической реабилитации «Родничок», расположенный в селе Петровка Московского района, и поздравили воспитанников с праздником.
В рамках мероприятия детям были вручены подарки, подготовленные агентством, и создана праздничная атмосфера. Воспитанникам центра были переданы сладости и игрушки, а учреждению — канцелярские товары и принтер.
Коллектив центра выразил благодарность директору агентства Эльчибеку Джантаеву и сотрудникам центрального аппарата за оказанное внимание и поддержку, отметив важность подобных инициатив, направленных на заботу о детях.
Следует отметить, что центр детской психоневрологической реабилитации «Родничок» является специализированным медицинским учреждением республиканского значения. Здесь принимаются дети в возрасте от 4 до 14 лет, которым предоставляются комплексные лечебно-реабилитационные услуги, направленные на восстановление функций центральной нервной системы. В настоящее время в центре воспитывается около 30 детей.
В условиях стационара, рассчитанного на 50 мест, дети проходят полное медицинское обследование и получают индивидуальные реабилитационные программы. В процесс лечения включены услуги физиотерапии, массажа, логопеда, дефектолога, психолога, а также специальные педагогические занятия.
Услуги центра предоставляются на бесплатной основе. В основном здесь проходят лечение и реабилитацию дети из социально уязвимых и малообеспеченных семей, многодетных семей, а также воспитанники детских домов, специальных интернатов и школ-интернатов для полусирот.
02/06/2026
Агенттик Талас шаарында окутуучу семинар өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Талас шаарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуучу семинар уюштурулду.
Семинардын ишине Агенттиктин директорунун орун басары Руслан Кубаталиев жана тиешелүү башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери катышып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, кадр саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке байланышкан актуалдуу маселелер боюнча маалымат беришти.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы, кызыкчылыктардын кагылышуусу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү акыркы өзгөрүүлөр, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча окутуу-семинар өткөрүлүп, катышуучуларга кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар практикалык сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.
#Талас #МамлекеттикКызмат #ЖӨБ #ОкутууСеминары #КоррупциягаКаршыАракеттенүү #МуниципалдыкКызмат #МуниципалдыкИшканалар
*** *** ***
В городе Талас проведён обучающий семинар
Агентством по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики в городе Талас был организован обучающий семинар для представителей местных государственных администраций и органов местного самоуправления.
В работе семинара приняли участие заместитель директора Агентства Руслан Кубаталиев и руководители соответствующих управлений и отделов, которые представили информацию по актуальным вопросам государственной и муниципальной службы, кадровой политики, развития местного самоуправления и муниципальной собственности.
Кроме того, был проведён обучающий семинар по вопросам противодействия коррупции, последних изменений в сфере государственной и муниципальной службы, а также деятельности муниципальных предприятий, где участникам были даны подробные разъяснения.
Мероприятие прошло в формате «вопрос-ответ», в ходе которого участники представили свои практические предложения и мнения.
#Талас #ГосударственнаяСлужба #МСУ #ОбучающийСеминар #ПротиводействиеКоррупции #МуниципальнаяСлужба #МуниципальныеПредприятия
27/05/2026
Эльчибек Джантаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
Кадырлуу жергиликтүү жамааттар!
Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге терең урматтоо менен ак тилектеримди жолдойм.
Курман айт — ырайымдуулуктун, боорукерликтин, кечиримдүүлүктүн жана өз ара жардамдашуунун улуу баалуулуктарын даңазалаган ыйык майрам. Бул күндөрү ар бирибиз муктаждарга көмөк көрсөтүп, жакындарыбызга камкордук көрүп, коомдогу ынтымак менен биримдикти бекемдөөгө өз салымыбызды кошобуз.
Сиздердин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы талыкпас эмгегиңиздер, ошондой эле жергиликтүү жамааттардагы жигердүү ишмердигиңиздер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ. Ар бир аткарган ишиңиздер — элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган жоопкерчиликтүү жана ардактуу кызмат.
Бул ыйык майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке, бакыт жана ынтымак алып келсин. Элибизде ар дайым биримдик өкүм сүрүп, мамлекетибиздин келечеги кең жана жарык болсун.
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен,
Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев
*******
Поздравление Эльчибека Джантаева по случаю праздника Курман айт
Уважаемые государственные и муниципальные служащие!
Представители органов местного самоуправления!
Уважаемые местные сообщества!
Искренне поздравляю вас со священным праздником Курман айт!
От имени Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики и от себя лично выражаю вам глубокое уважение и направляю самые добрые пожелания.
Курман айт — это священный праздник, прославляющий великие ценности милосердия, сострадания, прощения и взаимопомощи. В эти дни каждый из нас стремится оказать поддержку нуждающимся, проявить заботу о близких и внести свой вклад в укрепление согласия и единства в обществе.
Ваш неустанный труд на государственной и муниципальной службе, а также активная деятельность в местных сообществах имеют особое значение для устойчивого развития нашей страны. Каждое ваше дело — это ответственная и почетная служба, направленная на повышение уровня жизни народа.
Пусть этот священный праздник принесет в каждую семью мир, благополучие, счастье и согласие. Пусть в нашем народе всегда царят единство и сплоченность, а будущее нашего государства будет светлым и процветающим.
Желаю вам крепкого здоровья, благополучия и успехов в вашей деятельности.
С уважением,
Директор Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики. Эльчибек Джантаев
Порядок назначения на младшие должности
13 февраля 2026 года Указом Президента Кыргызской Республики №43 утвержден новый порядок назначения на младшие административные должности государственной гражданской и муниципальной службы.
Согласно новым правилам, назначение теперь будет осуществляться через резерв кадров, сформированный Агентством.
Как будет работать система?
- кандидаты, успешно прошедшие конкурс, включаются в рейтинг в зависимости от количества набранных баллов;
- чем выше результат кандидата, тем выше его шансы на назначение;
- при появлении вакантной должности кандидаты предлагаются на основе рейтинга;
- прием заявок и все этапы отбора проходят в электронном формате через модуль «Резерв кадров» автоматизированной информационной системы «е-Kyzmat».
Главная цель новой системы – обеспечение прозрачности и справедливости.
Это позволит:
- сократить влияние человеческого фактора при отборе кадров;
- оценивать кандидатов на основе их знаний, профессиональной подготовки и рейтинга;
- осуществлять назначения не по принципу личных связей, а по результатам конкурса и показателям кандидата.
Кенже кызмат орундарына дайындоонун тартиби
2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин №43 Жарлыгы менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтагы кенже административдик кызмат орундарына дайындоонун жаңы тартиби бекитилген.
Жаңы механизмге ылайык, эми дайындоо Агенттик тарабынан түзүлгөн кадрлар резерви аркылуу жүргүзүлөт.
Система кандай иштейт?
- конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлер топтогон упайына жараша рейтингге киргизилет;
- упайы жогору болгон талапкердин кызматка дайындалуу мүмкүнчүлүгү да жогору болот;
- бош кызмат орду пайда болгондо талапкерлер рейтингдин негизинде сунушталат;
- өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана тандоо процесси толугу менен “е-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык системасынын “Кадрлар резерви” модулу аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт.
Жаңы системанын негизги максаты – ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу.
Анын алкагында:
- кадрларды тандоодо адам факторунун таасири кыскарат;
- талапкерлер билимине, кесиптик даярдыгына жана рейтингине жараша бааланат;
- дайындоо жеке тааныштыкка эмес, конкурстун жыйынтыгына жана талапкердин көрсөткүчтөрүнө негизделет.
26/05/2026
Бишкекте “Санарип аймак” системасын толуктоо боюнча окутуу өтүүдө
Бүгүн, 26-май күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасынын негизинде бүгүн, Бишкек шаардык мэриясында “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды киргизүү боюнча окутуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана тармактык мекемелер менен биргеликте Агенттик тарабынан уюштурулуп, ишке ашырылууда.
Иш-чаранын алкагында:
1. “Санарип аймак” системасына маалыматтарды толук жана так киргизүү;
2. жер тилкесине муктаж жарандардын тизмелерин актуалдаштыруу;
3. муниципалдык мүлктөрдү каттоо иштерин ыкчамдатуу;
4. мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралууда.
Окутууга тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.
*** *** ***
В Бишкеке проходит обучение по наполнению системы «Санарип аймак»
Сегодня, 26 мая, на основании поручения Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Адылбека Касымалиева в мэрии города Бишкек проводится обучающее мероприятие по внесению данных в автоматизированную информационную систему «Санарип аймак».
Данное мероприятие организовано и реализуется Агентством совместно с Администрацией Президента Кыргызской Республики и профильными ведомствами.
В рамках мероприятия рассматриваются вопросы:
1. полного и достоверного внесения данных в систему «Санарип аймак»;
2. актуализации списков граждан, нуждающихся в земельных участках;
3. ускорения регистрации муниципального имущества;
4. усиления взаимодействия между государственными органами и органами местного самоуправления.
В обучении принимают участие соответствующие государственные и муниципальные служащие.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Website
Address
пр. Чуй 122
Bishkek
770040
