29/05/2026
Тилектештик автобусу» Нарын облусуна сапар алууда
1-3-июнда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын “Тилектештик автобусу” мобилдик чыгуусу менен Нарын облусуна сапар алууда.
Иш-чара өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы тургундар үчүн уюштурулат. Анда тажрыйбалуу адвокаттар жана кеңешчилер бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте калкка бардык суроолор боюнча акысыз жардам көрсөтүшөт.
-1-июнь – Ак-Талаа району, Кара-Бүргөн айылы, Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн имараты
-2-июнь - Кочкор району, Чолпон айылы,Чолпон айыл өкмөтүнүн имараты
-3-июнь-Жумгал району, Кызарт айылы, Кызарт айыл өкмөтүнүн имараты
Белгилей кетсек, аталган иш-чара саат 10:00дөн 16:00го чейин өтөт.
———————————
«Автобус солидарности» держит путь в Нарынскую область
С 1 по 3 июня «Автобуса солидарности» Службы юридической помощи при Министерстве юстиции КР с мобильным выездом направляется Нарынскую область.
Мероприятие будет организовано для жителей самых отдаленных районов страны, где опытные адвокаты и консультанты, вместе с представителями всех госорганов, местного самоуправления предоставят бесплатную помощь населению по всем вопросам.
-1 июня –Ак-Талинский район, Кара-Бюргенский аильный окмот
-2 июня – Кочкорский район, Чолпонский аильный окмот
-3 июня – Жумгальский район, Кызартский аильный окмот
Отметим, что данное мероприятие пройдет с 10:00 до 16:00.
19/05/2026
Юридикалык жардам кызматынын координаторлору мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жаштардын укук-милдеттери жана акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беруүдө.
Окуучуларды мыйзамды урматтоого, коомдук тартипти сактоого жана терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырып, туура жашоо багытын тандоонун маанисин белгилешти. Ошондой эле жаштар арасында кеңири кездешкен укук бузуулардын себептери, кесепеттери жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
09/05/2026
9-Май Улуу Жеңиш күнү менен!
Жамандыктан- жакшылыкты, караңгылыктан-жарыкты бизге белек кылган Жеңиш күнү! Жеңиш күнү -тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты!
Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен!
05/05/2026
🔹5-Май — Кыргыз Республикасынын
Конституция күнү!
Бул күн — элибиз учун өзгөчө мааниге ээ тарыхый дата. Дал ушул күнү, 1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын эгемен Конституциясы кабыл алынып, өлкөбүз мамлекеттик түзүлүшүн, коомдун өнүгүшүн жана ар бир жарандын укуктары менен эркиндиктеринин негизги укуктук кепилдиги түзүлгөн.
Конституция - бул жөн гана мыйзам эмес, бул -
мамлекеттин жүрөгү, жарандардын укугун жана
эркиндигин коргогон негизги документ.
Ал мыйзамдуулуктун, тендиктин, демократиянын жана адам укуктарынын үстөмдүгүн камсыз кылат.
Ушул маанилуу майрам менен баарыңыздарды
куттуктайбыз!
01/05/2026
Конституция күнүнө карата өлкө боюнча өткөн укутук акция жөнүндө 🔽
УТРК Талас
1 like. "ЖАРАНДАРГА АКЫСЫЗ УКУКТУК ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ"
30/04/2026
Бесплатная юридическая помощь — каждому гражданину: более тысячи человек получили консультации ко Дню Конституции
В честь Дня Конституции Кыргызской Республики по всей стране прошла масштабная правовая акция, в рамках которой тысячи граждан получили возможность воспользоваться бесплатной юридической помощью.
30 апреля Служба юридической помощи совместно с государственными органами организовала специальные консультационные площадки, где граждане могли напрямую обратиться к специалистам и получить ответы на интересующие их правовые вопросы.
Акция охватила все регионы республики и предоставила помощь по широкому спектру вопросов — от социальных выплат и трудовых споров до оформления документов и защиты прав. Основная цель данной акции — повышение правовой грамотности населения и обеспечение доступности юридических услуг.
В результате 1792 гражданина получили бесплатные консультации. Большинство обратившихся составили женщины (976), мужчин — 816. По социальному статусу преобладали безработные граждане (943), работающих — 536, пенсионеров — 209. Также помощь получили 12 несовершеннолетних, 39 человек с инвалидностью и 53 малообеспеченных гражданина.
Среди наиболее актуальных вопросов — пенсионное обеспечение (189 обращений), алименты (142), семейные вопросы (102), оформление документов (94) и земельные споры (79).
30/04/2026
Акысыз юридикалык кеңеш — ар бир жаранга: Конституция күнүнө карата миңден ашуун адам юридикалык жардам алды
Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өлкө боюнча ири укуктук акция өткөрүлүп, миңдеген жарандар акысыз юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 30-апрелде Юридикалык жардам кызматы мамлекеттик органдар менен бирге атайын консультациялык аянтчаларды уюштуруп, жарандарга укуктук маселелер боюнча адистерге түз кайрылып, суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Акция республиканын бардык аймактарын камтып, социалдык төлөмдөрдөн тартып эмгек талаштарына, документтерди тариздөө жана укуктарды коргоо маселелерине чейин кеңири спектрдеги жардам көрсөтүлдү. Демилгенин негизги максаты — калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана юридикалык кызматтарды жеткиликтүү кылуу.
Жыйынтыгында, 1792 жаран акысыз консультация алды. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар (976) түзсө, эркектердин саны 816 болду. Социалдык абалы боюнча кайрылгандардын көбү жумушсуз жарандар (943), иштегендер — 536, пенсионерлер — 209. Мындан тышкары, 12 жашы жете элек өспүрүм, 39 майыптыгы бар адам жана 53 аз камсыз болгон жаран да жардам алышты.
Эң көп көтөрүлгөн маселелердин катарына пенсия (189 кайрылуу), алимент (142), үй-бүлөлүк маселелер (102), документтештирүү (94) жана жер маселелери (79) кирди.