Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Government Organization, Исанов 42, Bishkek.

01/06/2026

🔰Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбековдун Түндүк - Түштүк альтернативдик унаа жолу боюнча билдирүүсү👇🏻

01/06/2026

ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУ ТАҢКЫ СААТ 06:00дан КЕЧКИ СААТ 20:00ге ЧЕЙИН АЧЫК БОЛОТ

✅Айдоочулардын коопсуздугу үчүн унаалардын өтүүсүнө таңкы саат 06:00дан кечки саат 20:00ге чейин уруксат берилди. Ошондой эле трассага заманбап жол белгилери жана эскертүү системалары орнотулду.

✅Аталган жол июндан ноябрь айына чейин убактылуу ачык болот.
Бул каттам аркылуу Жалал-Абадтан Балыкчыга чейинки 13 сааттык жол эми 6 саатка чейин кыскарат.

Трасса 2 тилкелүү болуп, туурасы 8 жарым ✅метрди түзөт. Унаа жолдун жалпы узундугу – 433 чакырымга барабар. Анын 200гө жакын чакырымы мурда жол жок жерлерге салынууда.

Траспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

01/06/2026

ЖҮК ТАШУУЧУ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖҮРҮҮСҮНӨ УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

✅Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бүгүн, 1-июндан 1-сентябрга чейинки мезгилде максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.

🛑Убактылуу чектөө 2026-жылдын жай мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, абанын күндүзгү температурасы *28°C же андан жогору болгон учурда саат 10:00 дон 20:00 го чейин Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобилъ жолдорунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

❗️Чектөө төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
- жүргүнчүлөрдү ташуучу;
- гуманитардык жардамды ташууларга;
- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташууларга;
- берилген атайын уруксатгын негизинде ири көлөмдүү жүктөрдү ташууга;
- Министрлик тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана камсыздоого тартылган жол органдары жана подряддык ишканалардын жол иштерин жүргүзүү үчүн ордер боюнча белгиленген жолдордун тилкелеринде.

Убактылуу чектөөнүн алкагында, көзөмөл Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору тарабынан транспорт көзөмөл пунткттарында жана кыймыл коопсуздугуна тоскоол болбогон аймактарда жүргүзүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
*****************************************

ВРЕМЕННОЕ ОГРАНИЧЕНИЕ ДВИЖЕНИЯ ГРУЗОВЫХ ТРАНСПОРТНЫХ СРЕДСТВ ВВЕДЕНО

✅Министерством транспорта и коммуникаций с 1 июня по 1 сентября 2026 года вводится временное ограничение движения грузовых автомобилей с максимальной общей массой свыше 18 тонн.

🛑Данное ограничение вводится в летний период 2026 года в целях обеспечения сохранности автомобильных дорог общего пользования Кыргызской Республики и продления срока их эксплуатации.

В соответствии с установленным порядком, при повышении дневной температуры воздуха до 28°C и выше, в период с 10:00 до 20:00 вводится временное ограничение движения грузовых транспортных средств по автомобильным дорогам общего пользования Кыргызской Республики.

❗️Ограничение не распространяется на следующие категории транспортных средств:
• пассажирский транспорт;
• транспорт, осуществляющий перевозку гуманитарной помощи;
• перевозку скоропортящихся пищевых продуктов и опасных грузов;
• перевозку крупногабаритных грузов на основании выданных специальных разрешений;
• дорожные организации и подрядные предприятия, привлечённые Министерством к строительству, реконструкции, реабилитации и содержанию автомобильных дорог общего пользования, при выполнении дорожных работ в пределах определённых участков дорог по соответствующим ордерам.

✅В рамках введённого ограничения контроль будет осуществляться выездными группами Департамента наземного и водного транспорта на постах транспортного контроля, а также на участках, не создающих препятствий для безопасности дорожного движения.

Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций

01/06/2026

ТҮНДҮК-ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛУ АЧЫЛДЫ

✅Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү унаа жолу ноябрь айына чейин убактылуу ачылгандыгын маалымдайт.

✅Кыймыл күндүзгү убакытта — таңкы саат 6:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Убактылуу каттам туристтик мезгилде автожолдордогу жүктөмдү (нагрузка) азайтуу максатында берилди.
Унааларга октук басымы 11,5 тонналык салмакты сактоо эскертилет.

Айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо максатында трассага заманбап жол белгилери, электрондук маалымат такталары жана эскертүү системалары орнотулду.

✅Учурда унаа жолундагы коопсуздукту күчөтүү максатында коргоочу курулуштар: анын ичинде Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин түндүк жана түштүк тарабындагы жолдун эң кооптуу тилкелеринде 3 эстакадалык көпүрө, кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулууда.

Ал эми тоннелдин узуну – 3,890 чакырым, туурасы — 10 – 14 метрге чейин, бийиктиги – 8,6 метрди түзөт.
2 тилкелүү заманбап жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы — 8,5 метр. Эки тарабында тең туурасы 0,75 метрден жөө адамдар өтүүчү жол каралган.

✅Унаа жолунун 324-чакырымында өткөрүү пункту курулууда. Тоннелден өтүүчү жол акысы автотранспорттун түрүнө жана категориясына жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат.

✅Альтернативдүү жолдун 153-чакырымында “Дыйкан” жана Балыкчы шаарында транспорт көзөмөл пункттары иштейт. Ошондой эле, Жалал-Абад тарабында жана Балыкчыда 2 мобилдик көчмө топ жүк ташуучу унаалардын салмак габариттик ченемдеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүшөт.

Унаа жолдун жалпы узундугу – 433 чакырымды түзөт. Анын 200гө жакын чакырымы мурда жол жок жерлерге салынган.

Ошондой эле, Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, 2 эстакадалык көпүрө салынган.
Эми айдоочулар Жалал-Абадтан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн. Башкысы, ылдамдыкты ашырбоо эскертилет.
​Ал эми аталган жол толугу менен 2028-жылы пайдаланууга берилери пландалууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

********************************************

АЛЬТЕРНАТИВНАЯ ДОРОГА СЕВЕР-ЮГ ОТКРЫТА

✅Министерство транспорта и коммуникаций сообщает, что альтернативная автомобильная дорога, соединяющая север и юг страны, временно открыта до ноября текущего года.

✅Движение по дороге осуществляется в дневное время — с 06:00 до 20:00. Временное открытие маршрута предоставлено в целях снижения транспортной нагрузки в туристический сезон.

Водителям напоминается о необходимости соблюдения осевой нагрузки транспортных средств — не более 11,5 тонн.
В целях обеспечения безопасности водителей на трассе установлены современные дорожные знаки, электронные информационные табло и системы предупреждения.

✅В настоящее время на автомобильной дороге продолжается строительство объектов защитной инфраструктуры. В частности, на наиболее опасных участках северной и южной стороны тоннеля Көк-Арт возводятся три эстакадных моста, а также две противолавинные галереи.

✅Длина тоннеля составляет 3,890 км, ширина — от 10 до 14 метров, высота — 8,6 метра.
Проезжая часть двухполосной современной дороги имеет ширину 8,5 метра. С обеих сторон предусмотрены пешеходные дорожки шириной 0,75 метра.

На 324-м километре автодороги строится контрольно-пропускной пункт. За проезд через тоннель взимается плата в зависимости от типа и категории транспортного средства — от 100 до 5 000 сомов.

На 153-м километре альтернативной дороги функционируют транспортно-контрольные пункты «Дыйкан» и в городе Балыкчы. Кроме того, на территории Жалал-Абадской области и в городе Балыкчы работают две мобильные группы, осуществляющие контроль за соблюдением весогабаритных норм грузового транспорта.

✅Общая протяжённость автомобильной дороги составляет 433 км, из которых около 200 км проложены по ранее неосвоенным участкам.

✅Также на Көк-Артском перевале построен самый длинный тоннель в Кыргызстане и возведены два эстакадных моста.
В настоящее время время в пути от Джалал-Абада до Балыкчы составляет около 6 часов (ранее — 13 часов). Водителям настоятельно рекомендуется строго соблюдать скоростной режим.

Полное введение дороги в эксплуатацию запланировано на 2028 год.

Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций

29/05/2026

БЫЙЫЛКЫ ЖАЗГЫ СЕЛ ӨТКӨН ЖЫЛГА КАРАГАНДА КӨП КАТТАЛДЫ!

✅Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын унаа жолдоруна 206 миң куб метрден ашык кум-шагыл түшүп, 3 көпүрө жараксыз абалга келди.

Ал эми Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында 1 миң 300 куб метрден ашык кум-шагыл тазаланып, 1 көпүрө жабыркады. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогору болду.

✅Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол тейлөө ишканалары селдин кесепеттерин ыкчам жоюу үчүн атайын техникаларды тартып, күнү-түнү иш алып барышты.

✅Жолчулардын ыкчам аракетинин натыйжасында жолдор кыска убакытта тазаланып, каттамдар калыбына келтирилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

28/05/2026

ПРОФСОЮЗ КӨЧӨСҮНҮН УЛАНДЫСЫНА ЖОЛ КУРУУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

✅Профсоюз көчөсүн Кустанайдан Чүй облусунун Сокулук районундагы Түндүк айланма жолуна чейин улантуу боюнча жаңы унаа жолу курулууда.

Долбоорго ылайык, жолдун жалпы узундугу – 8,5 чакырым болот.

✅Жолдун борбордук огу толугу менен белгиленип, 8 500 метр аралыкта геодезиялык иштер жүргүзүлдү.

Учурда жер иштери менен кошо жол тилкесиндеги өсүмдүктүү топурак катмарын тазалоо иштери аткарылууда.

Курулуш аянтында 43 атайын техника жана 54 жумушчу күчү иш алып барууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

****************************************

ПРОДОЛЖАЮТСЯ РАБОТЫ ПО СТРОИТЕЛЬСТВУ ПРОДОЛЖЕНИЯ УЛИЦЫ ПРОФСОЮЗНОЙ

✅Продолжается строительство новой автомобильной дороги, которая станет продолжением улицы Профсоюзной — от Кустаная до Северной объездной дороги в Сокулукском районе Чуйской области.

Согласно проекту, общая протяжённость дороги составит 8,5 километра.

✅Полностью определена центральная ось дороги, а также проведены геодезические работы на участке протяжённостью 8 500 метров.

В настоящее время наряду с земляными работами ведётся очистка полосы отвода дороги от растительного слоя грунта.

На строительной площадке задействованы 43 единицы специальной техники и 54 рабочих.

Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций

27/05/2026

Курман айтыңыздар маарек болсун!

Ыйман, ынтымак жана береке үйүңүздөргө толсун!

Ден соолук, бакыт жана тынчтык сиздерге ар дайым жолдош болсун!

***

С праздником Курман айт!

Пусть в ваши дома всегда приходят вера, согласие и благополучие!

Пусть жертвоприношение будет принято, а все добрые пожелания исполняются!

Желаю вам крепкого здоровья, счастья и мира, которые всегда будут вашими верными спутниками!

26/05/2026

📍АЛА-БУКА – ЖАҢЫ-БАЗАР – КИРОВКА УНАА ЖОЛУНУН 100 ЧАКЫРЫМЫ АСФАЛЬТТАЛУУДА

🔰Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык маанилүү Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш өз нугунда жүрүүдө.
Буга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Учурда калган 20 чакырым тилкени асфальттоо боюнча иштер уланууда.

🗓️Бүгүнкү күнгө карата 0–64-чакырымдары жана 79–100-чакырымдары аралыгында асфальттын биринчи катмары төшөлүп, 0–48 жана 91–100-чакырымдарында экинчи катмарын төшөө иштери аяктады. Азыркы тапта Чапчыма ашуусунун айланасындагы 64–79-чакырымдарда жер жумуштары жана жол негизин асфальттоого даярдоо иштери жүрүп, 48–64-чакырымдар аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.

◾Жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Автожол III техникалык категорияга кирет. Ал 2 тилкелүү болуп, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталып салынууда.

Республика боюнча жүрүп жаткан жол куруу долбоорлору Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып, министр Талантбек Солтобаев тарабынан жеке көзөмөлгө алынган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

25/05/2026

‼️‼️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

🔰25–28-май күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

***

‼️‼️СРОЧНОЕ СООБЩЕНИЕ!

🔰25–28 мая в связи с неустойчивой погодой и ожидаемыми ливневыми дождями в горных и предгорных районах страны возможны селевые явления, а также повышение уровня воды в реках.

Министерство транспорта и коммуникаций призывает граждан быть осторожными и заранее соблюдать меры безопасности на дорогах.

Пресс-служба Министерства транспорта и коммуникаций

25/05/2026

‼️Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап жатат.

Жол ачык, каттам бар.
Министрлик айдоочуларга жолдо жүрүүдө коопсуздукту, жол эрежелерин так сактоону эскертет!

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Исанов 42
Bishkek
720017

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00