04/05/2026
🔰Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги иш сапарынын алкагында Нарын облусуна барып, аймактын бардык райондорун кыдырып чыгып, райондук суу чарба башкармалыктарынын учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышты.
✅Иш сапардын жүрүшүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселелерине, ошондой эле ирригациялык инфраструктураны пайдалануунун сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
▶️Кызматтын өкүлдөрү ирригациялык объекттерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо долбоорлорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен кеңири таанышышты. Бир катар райондордо учурдагы каналдарды, гидротехникалык курулмаларды жана насос станцияларын модернизациялоо иштери жигердүү жүргүзүлүп жатканы белгиленип, бул айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга өбөлгө түзөрү айтылды.
📍Мындан тышкары, жетекчилик сугат аянттарын кеңейтүүгө жана сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңы ирригациялык объекттердин курулушу менен да таанышты.
📌Иш сапардын жыйынтыгында райондук башкармалыктардын жетекчилерине долбоорлорду ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүү, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймактагы суу чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
03/04/2026
📍Бүгүн, 3-апрелде Суу ресурстары кызматынын жетекчиси тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери менен биргеликте Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы ирригациялык инфраструктураны текшерди.
📌Иш сапардын жүрүшүндө негизги ирригациялык объекттер каралып, сугат каналдарынын учурдагы абалына баа берилди, ошондой эле жаңы гидротехникалык объекттердин курулушу жана иштеп жаткан объекттерди реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышылды. Мындан тышкары, алдыдагы вегетациялык мезгилге сугат суу системаларын өз убагында даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
🔰Иш сапарынын жыйынтыгында Суу ресурстары кызматынын жетекчиси бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда, тиешелүү кызматтарга дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз жана өз убагында камсыз кылуу милдети жүктөлдү. ✅Ошондой эле бардык пландалган курулуш жана оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарын сактоо менен аяктоо зарылдыгы белгиленди.
📌Суу ресурстары кызматы коюлган милдеттердин аткарылышын жана аймактагы ирригациялык системанын натыйжалуу иштешин көзөмөлдөөнү улантат.
27/03/2026
📍Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын жыйындар залында райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси, суу пайдалануу бөлүм башчысы, жана Алтын-Дара сол каналынан сугат суусун алган дыйкан-фермерлердин катышуусунда жыйын өттү. Жыйындын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин 2026-жылдын 16-февралындагы №9 буйругу менен бекитилген прейскуранты менен тааныштырылып дыйкан-фермерлерге сугат суусун жеткирип берүү боюнча талкуулар болду. Сугат суусуна болгон төлөмдөр үчүн жеке жактар менен келишимдер түзүлүүдө. жыйындын протоколу түзүлдү.
06/03/2026
🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰
📍Ош облусугда Суу ресурстары кызматынын адистери Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы башкы жана райондук суу чарба башкармалыктарында иш алып барган кызматкерлер үчүн “Сугаттын заманбап технологиялары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу)” темасында окутуу жүргүзүлдү.
✅Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарба тармагында сууну үнөмдүү пайдалануу, сугаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды өндүрүшкө кеңири жайылтуу болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларынын артыкчылыктары, аларды колдонуу ыкмалары, техникалык талаптар жана практикалык тажрыйбалар менен таанышышты.
▶️Окутуу Суу ресурстары кызматында иштеген тажрыйбалуу адистер тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан 30 кызматкер өз квалификациясын жогорулатып, алган билимдерин аймактарда жайылтууга даяр экендигин билдиришти.
📌Мындай окутуулар суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга, сугат системаларын модернизациялоого жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
27/02/2026
🔰Аймактагы адистерге сугаттын заманбап технологиялары боюнча окутуу өткөрүлдү🔰
📍Бүгүн, 27-февралда Суу ресурстары кызматында Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарындагы башкы жана райондук суу чарба башкармалыктарында иш алып барган кызматкерлер үчүн “Сугаттын заманбап технологиялары (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу)” темасында окутуу жүргүзүлдү.
✅Иш-чаранын негизги максаты – айыл чарба тармагында сууну үнөмдүү пайдалануу, сугаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана заманбап ыкмаларды өндүрүшкө кеңири жайылтуу болуп саналат. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларынын артыкчылыктары, аларды колдонуу ыкмалары, техникалык талаптар жана практикалык тажрыйбалар менен таанышышты.
▶️Окутуу Суу ресурстары кызматында иштеген тажрыйбалуу адистер тарабынан өткөрүлдү. Жалпысынан 30 кызматкер өз квалификациясын жогорулатып, алган билимдерин аймактарда жайылтууга даяр экендигин билдиришти.
📌Мындай окутуулар суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга, сугат системаларын модернизациялоого жана айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
01/01/2026
✨Урматтуу кыргызстандыктар жана суу чарба тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди Жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайбыз!
Суу чарбасы тармагында ак ниет, талыкпаган жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарып келе жаткан эмгегиңиздер, өз ишиңиздерге болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.
Табигый суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, суу объектилерин коргоо, ирригациялык системаларды туруктуу иштетүү жана суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү багытында жүргүзүп жаткан күнүмдүк, жооптуу эмгегиңиздер өлкөбүздүн суу коопсуздугун камсыздоодо, айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүндө жана региондордун социалдык-экономикалык өсүшүндө өзгөчө мааниге ээ.
Жаңы 2026-жыл ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерде жаңы дем, кесиптик ийгиликтерди жана ишенимдүү жетишкендиктерди алып келсин.
Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакыт жана береке, ал эми жамаатыбызга ынтымак, биримдик жана туруктуу өнүгүү каалайбыз!
21/10/2025
✅Суу ресурстары кызматы тарабынан жарандар үчүн сын-пикир калтырууга арналган QR-код системасы иштелип чыкты.
Аталган система калктын ой-пикирин угуу жана кызматтын ишин жакшыртуу максатында ишке киргизилди. Эми жарандар QR-код аркылуу кызмат көрсөтүүлөр боюнча сунуш, сын-пикир же кайрылууларын жөнөтө алышат.
👉 Сын-пикириңизди калтырыңыз, Суу ресурстары кызматы менен бирге сапатты жакшыртууга салым кошуңуз!