Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик

Жеке маалыматтарды  коргоо боюнча мамлекеттик агенттик

Share

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик

Государственное агентство по защите персональных данных при Кабинете Министров Кыргызской Республики (далее – Агентство) учреждено в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики «О Кабинете Министров Кыргызской Республики» от 14 сентября 2021 года.

Положение об Агентстве принято Постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики «О Государственном агентстве по защите персональных д

Photos from Жеке маалыматтарды  коргоо боюнча мамлекеттик агенттик's post 21/05/2026

Санариптик кербен Ноокен районунда

20/05/2026

Санарип кербен Манас шаарында
18-майдан тартып Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо жана кибергигиена боюнча санариптик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган масштабдуу билим берүү долбоору баштады.
Тренингдердин программасы интерактивдүү практикалык форматта берилип, жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздерин жана кибергигиенанын негиздерин камтыйт.
Бул масштабдуу программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Агенттиктин Окуу борбору тарабынан аймактык санариптик инфраструктураны жана коопсуздукту өнүктүрүүгө багытталган «Борбордук Азиядагы санариптик байланыш боюнча Team Europe демилгеси» Европа биримдигинин долбоору менен, ошондой эле жаштарды санариптик экосистеманы түзүүгө активдүү тартууга багытталган, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Жаштарды өнүктүрүү институту жана DVV International менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Youth GO долбоору менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.

ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПТУУЛУК: ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ КАНТИП КОРГОЙБУЗ? 20/05/2026

19- майда Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Баткен шаарында билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын адистерине жеке мааалыматтарды коргоо жана кибергигиена боюнча "Санариптик кербен" долбоорунун алкагында окутуу тренингдери менен болду.
Долбоор өлкөнүн ар бир аймагын ырааттуу түрдө кыдыра турган масштабдуу «санариптик кербен» форматында өтүүдө. Атайын тренингдер республиканын эң алыскы булуң-бурчтарын кошкондо, өлкөдөгү райондордун 100 пайызын камтыйт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү (электрондук күндөлүктөр, электрондук медициналык карталар жана маалымат базаларын киргизүү) доорунда мугалимдер жана медицина кызматкерлери күн сайын жеке маалыматтардын чоң көлөмү менен иштешет. Калк менен өз ара аракеттенүүнүн «алдыңкы сабында» болуп, алар, коопсуздук стандарттарын так сактоону талап кылган, балдардын, ата-энелердин жана бейтаптардын жеке маалыматтары менен иш алып барышат.

Тренингдердин программасы интерактивдүү практикалык форматта берилип, жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздерин жана кибергигиенанын негиздерин камтыйт.

Окутуу төмөнкүлөрдү камтыйт
Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база.
Иш орундарында ишенимдүү сырсөздөрдү түзүү жана эки факторлуу аутентификацияны жөндөө эрежелери.
Интернеттеги алдамчылыкты (фишинг, социалдык инженерия) аныктоо боюнча практикалык кейстер.

ИНТЕРНЕТТЕГИ КООПТУУЛУК: ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ КАНТИП КОРГОЙБУЗ? УТРК Баткен телеканалынын каналына жазылууну унутпаңыз. #Баткен #жаңылыктар #новости #Кыргызстан #чекара #утркбаткен #утрк #кабарлар

Photos from Жеке маалыматтарды  коргоо боюнча мамлекеттик агенттик's post 19/05/2026

18-майдан тартып Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо жана кибергигиена боюнча санариптик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган масштабдуу билим берүү долбоору башталды.

Долбоор өлкөнүн ар бир аймагын ырааттуу түрдө кыдыра турган масштабдуу «санариптик кербен» форматында өтүүдө. Атайын тренингдер республиканын эң алыскы булуң-бурчтарын кошкондо, өлкөдөгү райондордун 100 пайызын камтыйт.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү (электрондук күндөлүктөр, электрондук медициналык карталар жана маалымат базаларын киргизүү) доорунда мугалимдер жана медицина кызматкерлери күн сайын жеке маалыматтардын чоң көлөмү менен иштешет. Калк менен өз ара аракеттенүүнүн «алдыңкы сабында» болуп, алар, коопсуздук стандарттарын так сактоону талап кылган, балдардын, ата-энелердин жана бейтаптардын жеке маалыматтары менен иш алып барышат.

Долбоор адистерди кибергигиена эрежелерине, тармакта коопсуз иштөөгө жана жарандардын маалыматтарынын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алууга үйрөтүүгө багытталган. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча белгиленген талаптарды сактабагандык үчүн жоопкерчилик маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Бул демилгенин өзгөчөлүгү — анын бардык аймактарды толук камтыгандыгында. Киберкоопсуздук ири шаарлар менен гана чектелбеши керек — мамлекеттик системалардын корголушу бардык райондук борбордогу жана айыл өкмөтүндөгү ар бир кызматкердин санариптик сабаттуулугунан түздөн-түз көз каранды.

Тренингдердин программасы интерактивдүү практикалык форматта берилип, жеке маалыматтарды коргоонун укуктук негиздерин жана кибергигиенанын негиздерин камтыйт.

Окутуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

Жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база.

Иш орундарында ишенимдүү сырсөздөрдү түзүү жана эки факторлуу аутентификацияны жөндөө эрежелери.

Интернеттеги алдамчылыкты (фишинг, социалдык инженерия) аныктоо боюнча практикалык кейстер.

Бул масштабдуу программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Агенттиктин Окуу борбору тарабынан аймактык санариптик инфраструктураны жана коопсуздукту өнүктүрүүгө багытталган «Борбордук Азиядагы санариптик байланыш боюнча Team Europe демилгеси» Европа биримдигинин долбоору менен, ошондой эле жаштарды санариптик экосистеманы түзүүгө активдүү тартууга багытталган, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Жаштарды өнүктүрүү институту жана DVV International менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Youth GO долбоору менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.
____________________________
С 18 мая в городе Раззаков Лейлекского района Баткенской области и в селе Дароот-Коргон Чон-Алайского района Ошской области стартовал масштабный образовательный проект, направленный на повышение цифровой грамотности в сфере защиты персональных данных и кибергигиены для работников образования и здравоохранения.

Проект проходит в формате масштабного «цифрового каравана», который последовательно посетит каждый регион страны. Специализированные тренинги охватят 100% районов страны, включая самые отдаленные уголки республики.

В эпоху масштабной цифровизации государственных услуг (внедрение электронных дневников, электронных медицинских карт и баз данных) учителя и медицинские работники ежедневно оперируют массивами конфиденциальной информации. Будучи на «передовой» взаимодействия с населением, они имеют доступ к персональным данным детей, родителей и пациентов, что требует строгого соблюдения стандартов безопасности.

Проект направлен на обучение специалистов правилам кибергигиены, безопасной работе в сети и предотвращению утечек данных граждан. Особое внимание уделяется вопросам ответственности за несоблюдение установленных требований к защите персональных данных.

Уникальность данной инициативы заключается в ее полном региональном охвате. Кибербезопасность не должна ограничиваться только крупными городами — защищенность государственных систем напрямую зависит от цифровой грамотности каждого сотрудника в любом районном центре и айыл окмоту.

Программа тренингов включает в себя правовые основы защиты персональных данных и основы кибергигиены, представленные в интерактивном практическом формате.

Обучение включает:
Изучение нормативно-правовой базы в сфере защиты персональных данных.
Правила создания надежных паролей и настройки двухфакторной аутентификации на рабочих местах.
Практические кейсы по распознаванию интернет-мошенничества (фишинг, социальная инженерия).

Данная масштабная программа реализуется Госагентством по защите персональных данных при Кабинете Министров КР и Учебным центром Госагентства в тесном сотрудничестве с проектом Европейского союза «Инициатива Team Europe по цифровой связанности в Центральной Азии», направленной на развитие региональной цифровой инфраструктуры и кибербезопасности, а также проекта Youth GO, финансируемый Европейским союзом и реализуемый Институтом развития молодежи совместно с DVV International, направленного на активное привлечение молодежи к созданию защищенной цифровой экосистемы.

Photos from Жеке маалыматтарды  коргоо боюнча мамлекеттик агенттик's post 15/05/2026

🔊Документ таап алсаңыз жакынкы Калкты тейлөө борборуна же милиция бөлүмүнө өткөрүп бериңиз!

Парламент одобрил законопроект о защите персональных данных - | 24.KG 14/05/2026

Парламент одобрил законопроект о защите персональных данных. Решение принято при обсуждении проекта закона «О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях».

Парламент одобрил законопроект о защите персональных данных - | 24.KG Парламент одобрил законопроект о защите персональных данных. Решение принято при обсуждении проекта закона «О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики ....

Защита персональных данных. В Кыргызстане проверят 150 госорганов - | 24.KG 14/05/2026

До конца 2026 года в Кыргызстане проверят 150 госорганов на соблюдение требований по защите персональных данных. Об этом на заседании Жогорку Кенеша сообщил директор Государственного агентства по защите персональных данных Кутман Мамыров.

Защита персональных данных. В Кыргызстане проверят 150 госорганов - | 24.KG До конца 2026 года в Кыргызстане проверят 150 госорганов на соблюдение требований по защите персональных данных. Об этом на заседании Жогорку Кенеша сообщил директор ...

05/05/2026

🇰🇬5- Май. Кыргыз Республикасынын Конституция күнү!

29/04/2026

🇰🇬 Майрамың менен, Бишкек!
Бардык шаар тургундарын жана борборубуздун конокторун майрамы менен куттуктайбыз!
🇰🇬Поздравляем всех горожан и гостей столицы! Пусть наш город растет, процветает, становится чище и современнее, сохраняя при этом свое неповторимое очарование.
🎈С праздником, Бишкекчане!

УТРК Жалал-Абад 27/04/2026

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
өлкөнүн бардык аймактарында масштабдуу билим берүү кампаниясын өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторун активдүү санариптештирүү шартында, киберкоркунучтарга жана алдамчылыкка байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштыруу өтө маанилүү. Мамлекеттик кызматкерлердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу — жарандардын укуктарын коргоонун кепилдиги жана өлкөнүн туруктуу санариптик экосистемасын калыптандыруунун негизги шарты болуп саналат.
Окутуу программасы калкты каттоо жана документтештирүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Аталган мекемелердин кызматкерлери күн сайын өтө чоң көлөмдөгү жеке маалыматтар менен иштегендиктен, жеке маалыматтардын коопсуздугунун камсыздалышы улуттук деңгээлдеги артыкчылыктуу маселелердин катарына кирет.
Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен тыгыз кызматташтыкта
жүргүзүлдү.

УТРК Жалал-Абад 11 likes, 1 comment. "Маалыматтык коопсуздук ар бир адамдан башталат"

УТРК Талас 27/04/2026

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик өлкөнүн бардык аймактарында жеке маалыматтарды коргоо, кибергигина боюнча тренингдерди өткөрдү.
Тренингдер жеке маалыматтар жаатындагы мыйзам, жоопкерчилик жана Кыргыз Республикиасынын Санарип кодекси боюнча өткөрүлдү.
Окутуу программасы калкты каттоо жана документтештирүү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган.
Аталган мекемелердин кызматкерлери күн сайын өтө чоң көлөмдөгү жеке маалыматтар менен иштегендиктен, жеке маалыматтардын коопсуздугунун камсыздалышы улуттук деңгээлдеги артыкчылыктуу маселелердин катарына кирет.
Талас областында тренингдер 2026-жылдын 21-апрелинде өткөрүлдү.
Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен тыгыз кызматташтыкта, жүргүзүлдү.

УТРК Талас 7 likes, 1 comment. "ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО ЖАНА КИБЕРКООПСУЗДУК"

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Чуй, 265а
Bishkek
720010

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00