Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек

Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек, Government Organization, Улица Аалы Токомбаева 45/1, Bishkek.

Photos from Бишкек шаарынын Мэриясы  /  МЭРИЯ города Бишкек's post 09/04/2026
Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 06/04/2026

В Бишкеке проходит международный культурный фестиваль Весна Франкофонии

Бишкекский городской драматический театр имени А. Умуралиева принимает участие в международном культурном фестивале Весна Франкофонии, организованном Французским альянсом в Бишкеке с 25 марта по 12 апреля 2026 года.

Программа фестиваля включает образовательные, культурные и развлекательные мероприятия, направленные на популяризацию французского языка и богатства франкоязычных культур. Темой фестиваля в 2026 году стали «Женщины и Франкофония».

Мероприятия проходят при поддержке посольств Франции, Швейцарии, Представительства Европейского Союза в Кыргызской Республике, а также дипломатических миссий Бельгии и Румынии в Казахстане и при участии около 20 партнерских организаций Кыргызстана.

11 и 12 апреля в 19:00 на сцене театра состоится спектакль-монолог «Я – Эдит Пиаф» по пьесе Нина Мазур. Постановка рассказывает трагическую историю жизни, любви и судьбы великой французской певицы Эдит Пиаф, которая родилась и начала свою творческую карьеру на улицах Парижа.

Спектакль создан российским актером Александр Панин и будет представлен актрисой театра Накинай Дыйканова. Сценографом и художником по костюмам выступила Зухра Мукамбетова, хореографом — заслуженный деятель культуры Кыргызской Республики Сергей Стрельцов.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 04/04/2026

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгыга караштуу маданият үйлөрүнүн кызматкерлери эки айлык ишембиликтин алкагында шаар аймагында тазалык жана көрктөндүрүү иштерине активдүү катышты.

Ишембилик учурунда кызматкерлер бекитилген аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүп, коомдук жайларды ирээтке келтиришти. Аймактар таштандылардан тазаланып, жашыл зоналар тартипке келтирилди.

Иш-чаранын негизги максаты — Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Сотрудники домов культуры, подведомственных Управление культуры мэрии города Бишкек, приняли активное участие в работах по санитарной очистке и благоустройству в рамках двухмесячного субботника.

В ходе субботника участники провели уборку на закреплённых территориях и привели в порядок общественные пространства. Территории были очищены от мусора, а зелёные зоны благоустроены.

Основной целью мероприятия является улучшение экологической обстановки в Бишкек, создание комфортных условий для жителей и повышение ответственности за окружающую среду.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 04/04/2026

Балдар искусство мектебинин кызматкерлери окуучулар менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу, эки айлык ишембиликке активдүү катышып, шаар аймагында тазалык жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ишембилик учурунда кызматкерлер коомдук жайларды тазалап, жашыл зоналарды тартипке келтиришти. Аймактар таштандылардан арылып, шаар мейкиндиги көрктөндү.

Иш-чаранын максаты — Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Балдар искусство мектебинин кызматкерлери мындан ары да шаарды көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо багытындагы иш-чараларга активдүү катышууну улантышат.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 04/04/2026

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу борбордук китепканалардын кызматкерлери эки айлык ишембиликтин алкагында тазалык жана көрктөндүрүү иштерин өткөрүштү.

Ишембилик учурунда китепкана кызматкерлери бекитилген аймактарды тазалап, коомдук жайларды ирээтке келтиришти. Аймактар таштандылардан тазаланып, жашыл зоналар тартипке келтирилди.

Иш-чаранын негизги максаты — Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 04/04/2026

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы эки айлык ишембиликтин алкагында шаар аймагында тазалык жана көрктөндүрүү иштерине активдүү катышты.

Ишембилик учурунда Маданият башкармалыгынын кызматкерлери бекитилген аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүп, коомдук жайларды ирээтке келтиришти. Аймактар таштандылардан тазаланып, жашыл зоналар иретке келтирилди.

Иш-чаранын негизги максаты — шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу, калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана айлана-чөйрөгө болгон жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Управление культуры мэрии города Бишкек приняло активное участие в работах по санитарной очистке и благоустройству в рамках двухмесячного субботника.

В ходе субботника сотрудники управления провели уборку на закреплённых территориях и привели в порядок общественные пространства. Территории были очищены от мусора, а зелёные зоны благоустроены.

Основной целью мероприятия является улучшение экологической обстановки в городе, создание комфортных условий для населения и повышение ответственности за окружающую среду.

03/04/2026

Бишкекте «Кызыл гвоздика — муундардын эс тутуму» XXV фестивалы өтөт

2026-жылдын 17-апрелинде Бишкек шаарындагы «Жаштык» шаардык маданият үйүндө «Кызыл гвоздика — муундардын эс тутуму» аттуу XXV ачык шаардык фестиваль-сынагынын экинчи тандоо туру өткөрүлөт.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган жана ардагерлердин чыгармачылык активдүүлүгүн колдоого, ошондой эле жаш муундарды патриоттук тарбиялоого багытталган.

Фестивалга Бишкек шаары жана Чүй облусунан 10 чыгармачыл жамаат катышат. Жалпысынан сахнада 73 номер сунушталып, анда 153 катышуучу — согуш жана эмгек ардагерлери өз өнөрүн тартуулашат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өтөт:
• вокалдык-хордук искусство
• жеке ырдоо
• көркөм окуу
• аспаптык аткаруу

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Бардык катышуучуларга ыраазычылык грамоталар тапшырылат.

Фестивалдын гала-концерти 2026-жылдын 6-майында Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 03/04/2026

Бишкек шаардык китепканаларында Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 2026-жылдын 2-апрелинде, Бишкек шаарындагы шаардык китепканаларда Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнү белгиленүүдө. Бул күн китепти, окууну жана балдардын руханий өнүгүүсүн даңазалап, улуу даттык жомокчу Ганс Христиан Андерсендин туулган күнүнө арналган.

Бул майрамдын демилгечиси, немис жазуучусу жана коомдук ишмер Йелла Лепман:
«Балдарга китеп бергениңиз — аларга канат бергениңиз. Жакшы балдар китеби — элдерди жана жүрөктөрдү жакындатуучу көпүрө», — деп белгилеген.

Бишкек шаардык китепканаларында №16, 19, 21, 22, 24 жана 26 китепканаларда китеп окуу кечелери, сүрөттүү жомоктордун көргөзмөлөрү, актёрдук окуулар жана «Менин сүйүктүү каарманым» аттуу мастер-класстар өткөрүлүүдө. Бул иш-чаралар кичинекей окурмандарды китеп дүйнөсүнө жакындатып, алардын фантазиясын, тил байлыгын жана руханий өнүгүүсүн арттырууга багытталган.

Китеп — баланын акыл-эсин өстүргөн, тил байлыгын кеңейткен жана фантазиясын өнүктүргөн эң ишенимдүү жол көрсөтүүчү. Санариптик доордо мультфильмдер же оюндар китепти толук алмаштыра албайт. Эң баалуусу — ата-эне менен бала бирге китеп окуп өткөргөн убакыт.

Келгиле, балдарыбызга китеп тартуулайлы — демек, аларга канат берели!

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 03/04/2026

Бишкекте «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу улуттук форум өтүүдө

2026-жылдын 2-апрелинде Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүүдө.

Форум саат 10:00дөн 17:00гө чейин пленардык жыйын форматында уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын жана өлкөнүн жети облусунун өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан 800гө жакын адам — чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, окумуштуулар, маданият, искусство жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Форумдун негизги максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо, маданиятты өнүктүрүү, руханий мурастарды жайылтуу жана коомдун интеллектуалдык потенциалын бириктирүү.

Форумдун алкагында улуттук идеология, маданият, билим берүү, медиа, тил саясаты жана руханий өнүгүү маселелери активдүү талкууланууда.

Катышуучулар докладдар менен чыгып, өлкөнүн маданий-руханий өнүгүүсүнө багытталган сунуштарын сунуштап, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундарды тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча демилгелерди көтөрүшүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар, жазуучулар, журналисттер, маданият өкүлдөрү жана коомдук активисттер да катышып, өз ойлорун жана демилгелерин бөлүшүүдө.

Форумдун жыйынтыгында сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жолдонуп, маданий-руханий өнүгүүгө багытталган бир катар демилгелерди ишке ашыруу күтүлүүдө.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 23/03/2026

А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры Түркиядагы «Самсун» фестивалына катышат

А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры 2026-жылдын 23–31-март күндөрү Түркияда өтө турган VIII Эл аралык «Самсун» театр фестивалына катышат.

Эл аралык театр күнүнө арналган фестиваль ар кайсы өлкөлөрдөн келген мамлекеттик, жеке жана ышкыбоз театр жамааттарын бириктирип, тажрыйба алмашууга жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

27-март күнү театр бул сезонунун премьерасы — КРнын эл акыны Кыялбек Урманбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган «Тактеке» трагикомедиялык притчасын тартуулайт. Спектакль табият менен байланышын жоготкон адамдын ички карама-каршылыктарга туш болгон философиялык таржымалын баяндайт.

Коюлушта байыркы эпостун элементтери менен заманбап өңүт айкалышып, терең мазмун жандуу юмор менен берилет. «Тактеке» буга чейин Бишкек көрүүчүлөрүнүн жогорку баасына татыган жана эми фестивалдын эл аралык аудиториясына сунушталат.

Бишкекский городской драматический театр имени А. Умуралиева примет участие в VIII фестивале «Самсун» в Турции

Бишкекский городской драматический театр имени А. Умуралиева примет участие в VIII Международном театральном фестивале «Самсун», который пройдет с 23 по 31 марта 2026 года в Турции.

Фестиваль, приуроченный к Международному дню театра, объединит государственные, частные и любительские театральные коллективы из разных стран, создавая площадку для обмена опытом и развития культурного диалога.

27 марта театр представит премьеру сезона – трагикомическую притчу «Тактеке» по произведению народного поэта КР Кыялбека Урманбетова. Спектакль раскрывает философскую историю человека, утратившего связь с природой и оказавшегося на грани внутренних противоречий.

Постановка объединяет элементы древнего эпоса и современности, сочетая глубину содержания с живым юмором. Спектакль уже завоевал признание бишкекской публики и будет представлен международной аудитории фестиваля.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 23/03/2026

Индиядан келген делегация Бишкекке келди

Бишкек шаарына Биринчи жаштар Дельфий оюндары ШКУ өлкөлөрүна катышуу үчүн эл аралык делегациялар келүүсүн улантууда.

Бүгүн, 2026-жылдын 22-мартында, Кыргыз Республикасынын борборуна Индиядан делегация келди. Коноктор өз өлкөсүнүн бай маданий мурасын ар түрдүү чыгармачылык багыттар аркылуу көрсөтүүнү пландаштырууда.

Индиялык делегациянын катышуусу иш-чарага өзгөчө маданий ар түрдүүлүктү кошуп, эл аралык диалогду чыңдоого өбөлгө түзөт. Алардын программасында салттуу жана заманбап индия искусствосун айкалыштырган номерлер камтылган.

Бул оюндар жаштар арасындагы достукту бекемдөөгө, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө жана кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү аянтча болуп саналат. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда, Бишкек шаарында 2026-жылдын 23–28-март күндөрү Биринчи жаштар Дельфий оюндары өтөт. Оюндардын программасына сегиз багыттагы сынактар кирет: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.

Первые молодежные Дельфийские игры государств - членов ШОС: в Бишкек прибыла делегация из Индии

В город Бишкек продолжают прибывать международные делегации для участия в Первых молодежных Дельфийских играх государств – членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).

Сегодня, 22 марта 2026 года, в столицу Кыргызской Республики прибыла делегация из Индии. Гости намерены продемонстрировать богатое культурное наследие своей страны, представив выступления в различных творческих направлениях.

Участие индийской делегации придает мероприятию особую атмосферу культурного разнообразия и способствует укреплению международного диалога. В их программе — номера, отражающие как традиционное, так и современное искусство Индии.

Игры являются важной площадкой для укрепления дружбы между странами, развития культурных связей и сотрудничества среди молодежи. Участники получают возможность обменяться опытом и представить свои достижения на международной арене.

Отметим, что в Кыргызской Республике, в городе Бишкек, с 23 по 28 марта 2026 года пройдут первые Молодежные Дельфийские игры государств – членов Шанхайской организации сотрудничества. Программа Игр включает восемь конкурсных номинаций по следующим направлениям: фортепиано, изобразительное искусство, народное пение, эстрадное пение, народный танец, диджеинг, народные инструменты и художественные ремесла.

Photos from Маданият башкармалыгы / Управление культуры мэрии города Бишкек's post 23/03/2026

Бишкек шаарына ШКУнун биринчи Жаштар Дельфий оюндарына Тажикстандан делегация келди

2026-жылдын 22-мартында Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында Тажикстан Республикасынан делегация келди.

Аталган делегация ар түрдүү багыттар боюнча катышып, өз өлкөсүнүн маданий жана чыгармачылык потенциалын көрсөтүүнү максат кылууда.

ШКУнун алкагында өткөрүлүп жаткан бул оюндар мамлекеттер аралык достукту, маданий байланыштарды жана жаштар арасындагы кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп эсептелет.

Ошондой эле жакынкы күндөрү башка мамлекеттерден келген делегациялардын келиши күтүлүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүп, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында, Бишкек шаарында, 2026-жылдын 23–28-март күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи Жаштар Дельфий оюндары өтөт. Оюндардын программасына сегиз конкурстук номинация кирет: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.

В Бишкек прибыла делегация из Таджикистана на Первые молодежные Дельфийские игры ШОС

Сегодня, 22 марта 2026 года, в город Бишкек прибыла делегация из Республики Таджикистан в рамках первых Молодежных Дельфийских игр государств – членов Шанхайской организации сотрудничества.

Делегация намерена принять участие в различных направлениях и продемонстрировать культурный и творческий потенциал своей страны.
Игры, проводимые в рамках ШОС, являются важной площадкой для укрепления международной дружбы, культурных связей и сотрудничества среди молодежи.

Также ожидается прибытие делегаций из других стран. В ходе мероприятия участники представят свои творческие номера и получат возможность обменяться опытом на международном уровне.

Отметим, что в Кыргызской Республике, в городе Бишкек, с 23 по 28 марта 2026 года пройдут первые Молодежные Дельфийские игры государств – членов Шанхайской организации сотрудничества. Программа Игр включает восемь конкурсных номинаций по следующим направлениям: фортепиано, изобразительное искусство, народное пение, эстрадное пение, народный танец, диджеинг, народные инструменты и художественные ремесла.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Улица Аалы Токомбаева 45/1
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00