25/04/2026
Бүгүн Маммүлктүн кызматкерлери ишембиликке чыгып, шаарыбыздын кооздугун дагы да арттырууга салым кошушту. Алар парк аймагын толугу менен тазалап, кургаган чөптөрдү жыйнап, айлана-чөйрөнү иретке келтиришти.
Бул иш-аракеттер — табиятка болгон камкордуктун жана коомдук жоопкерчиликтин ачык үлгүсү. Таза жана көрктүү шаар — ар бирибиздин аракетибизден башталат. Бүгүнкү ишембилик да дал ушуну дагы бир жолу далилдеди.
23/04/2026
Көңүл буруңуздар, борбор калаанын борборундагы гараж чарбалык комплекси аукционго коюлду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 101 дарегинде жайгашкан, аянты 0,996 га жер участогундагы турак эмес жайларды — мамлекеттик менчик объектисин сатуу боюнча электрондук аукционго катышууга чакырат.
Объект жөнүндө маалымат:
Толук аталышы: Аянты 0,996 га жер участогу менен бирге гараж чарбасынын турак эмес имараттарынын жана курулмаларынын комплекси.
Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чыңгыз Айтматов проспектиси, 101.
Мүнөздөмөсү: Объект шаардын транспорттук жеткиликтүүлүгү жакшы өнүккөн районунда жайгашкан. Чыңгыз Айтматов проспектиси шаардын борбору менен байланыштырган, ошондой эле башка райондорго жана айланма жолдорго чыгууну камсыз кылган негизги магистралдардын бири болуп саналат. Район коммерциялык, өндүрүштүк жана административдик инфраструктуранын болушу менен мүнөздөлөт.
Мүлк комплексинин курамы: Автотранспорт үчүн бокстор, өткөрүү пункту (КПП), складдык жайлар, кызматтык имараттар (2 бирдик), навестер (3 бирдик), ошондой эле автожуучу жай.
Менчиктештирүү ыкмасы: Электрондук аукцион.
Электрондук аукцион өткөрүлүүчү жай: http://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын порталы.
Билдирмелерди кабыл алуунун башталышы: 2026-жылдын 17-апрелинен-18 майга чейин.
Электрондук аукциондун башталышы: 2026-жылдын 18-майы, саат 11:00 (Бишкек убактысы боюнча).
Бардык маалыматтар: http://auctionetp.gov.kg сайтында.
21/04/2026
Маммүлктө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу механизмдери боюнча иш чара өттү.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча өкүлү Г.К. Азимжанова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө прокуратура органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери, анын ичинде укуктук негиздери, заманбап ыкмалары жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун практикалык механизмдери талкууланды. Укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү шарттарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ролуна жана функцияларына өзгөчө көңүл бурулду.
Г.К. Азимжанова Кыргыз Республикасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу артыкчылыктуу милдет болуп кала берерин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым өкүлүнүн негизги функциялары, милдеттери жана ыйгарым укуктары кеңири түшүндүрүлдү.
Мамлекеттик мүлктүн ички актыларын актуалдаштыруу боюнча системалуу иш алып баруу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Демек, аларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталды.
21/04/2026
Маммүлктө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу механизмдери боюнча иш чара өткөрүлдү. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Г.К. Азимжанова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты менен жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө прокуратура органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн негизги аспектилери, анын ичинде укуктук негиздери, заманбап ыкмалары жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуунун практикалык механизмдери талкууланды. Укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү шарттарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ролуна жана функцияларына өзгөчө көңүл бурулду.
Г.К. Азимжанова Кыргыз Республикасында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу артыкчылыктуу милдет болуп кала берерин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым өкүлүнүн негизги функциялары, милдеттери жана ыйгарым укуктары кеңири түшүндүрүлдү.
Мамлекеттик мүлктүн ички актыларын актуалдаштыруу боюнча системалуу иш алып баруу зарылдыгына өзгөчө басым жасалды. Демек, аларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталды.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилгендиги белгиленди. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Жогоруда айтылган маселелерди эске алуу менен, зарыл болгон уюштуруучулук-укуктук чаралардын комплексин кабыл алуу сунушталды.
Жыйынтыгында Г.К. Азимжанова Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын талаптарын сөзсүз түрдө сактоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, ал ачык кесиптик диалогго даяр экендигин билдирди.
21/04/2026
«Кыргызнефтегаз» ААК жылдык жыйынын өткөрдү.
Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКнын акционерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү. Анда компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, мындан аркы өнүгүүнүн негизги маселелери талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкананын жетекчилиги, акционерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчеттор угулду. Ишкана туруктуу иштеп жатканы, негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр аткарылып, өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев өз сөзүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнын бир катар өндүрүштүк көрсөткүчтөрү пландан ашыгы менен аткарылганын баса белгиледи.
Ошондой эле, ал «Кыргызнефтегаздын» жаңы жетекчисине ийгилик каалап, акционерлерди компанияны мындан ары да колдоого чакырды.
Мындан тышкары, пайданы бөлүштүрүү маселелери жана алдыдагы мезгилге пландар каралды. Акционердик коомдун жетекчилиги мындан ары иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, заманбап башкаруу чечимдерин киргизүүгө жана ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар белгиленген багыттарды талкуулап, суроолоруна жооп алышты жана сунуштарын айтышты. Жалпысынан компаниянын иши оң бааланып, белгиленген пландар акционерлер тарабынан колдоого алынды.
21/04/2026
«Кыргызнефтегаз» ААК жылдык жыйынын өткөрдү
Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКнын акционерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү.
Анда компаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, мындан аркы өнүгүүнүн негизги маселелери талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ишкананын жетекчилиги, акционерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчеттор угулду. Ишкана туруктуу иштеп жатканы, негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр аткарылып, өнүктүрүү жана модернизациялоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Замирбек Кененбаев өз сөзүндө «Кыргызнефтегаз» ААКнын бир катар өндүрүштүк көрсөткүчтөрү пландан ашыгы менен аткарылганын баса белгиледи.
Ошондой эле, ал «Кыргызнефтегаздын» жаңы жетекчисине ийгилик каалап, акционерлерди компанияны мындан ары да колдоого чакырды.
Мындан тышкары, пайданы бөлүштүрүү маселелери жана алдыдагы мезгилге пландар каралды. Акционердик коомдун жетекчилиги мындан ары иштин натыйжалуулугун жогорулатууга, заманбап башкаруу чечимдерин киргизүүгө жана ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын белгилешти.
Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар белгиленген багыттарды талкуулап, суроолоруна жооп алышты жана сунуштарын айтышты. Жалпысынан компаниянын иши оң бааланып, белгиленген пландар акционерлер тарабынан колдоого алынды.
18/04/2026
Маммүлк кызматкерлери биримдикте А. Боталиев атындагы паркта ишембилик өткөрүштү 🌿
Иш-чаранын алкагында аймакты көрктөндүрүү боюнча кеңири иштер аткарылды: кургак чөптөр жана таштандылар тазаланып, арыктар ирээтке келтирилди, түшкөн жалбырактар жыйналып, сейилдөөчү аймактар иретке салынды.
Мындай демилгелер — жөн гана тазалоо эмес, шаарыбыздын тазалыгын, көрктүүлүгүн жана экологиялык абалын сактоого кошкон салым. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында парк дагы да таза, жарык жана жарандар үчүн ыңгайлуу болуп калды.
Табиятка кам көрүү ар бирибизден башталат 💚
11/04/2026
Бүгүн Мамлекеттик мүлк агенттигинин кызматкерлери А. Боталиев атындагы аймакта ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө парк аймагы тазаланып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаардыктар үчүн таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталды.
Ошондой эле жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулуп, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана вице-мэр Рамиз Алиев менен биргеликте жаш көчөттөр отургузулду. Бул бак-дарактар келечекте паркты көрктөндүрүп, шаар тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланат.
Мындай демилгелер экологиялык абалды жакшыртууга гана эмес, шаарды таза, жашыл жана жашоого ыңгайлуу кылууга багытталган жалпы максатта адамдарды бириктирет.
02/04/2026
«Ачык-айкын башкаруу — күчтүү мамлекет».
Мамлекеттик мүлк менен иштөөдө коррупциянын курмандыгы болбош үчүн эмне кылуу керек?
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары-Маммүлк) эскертет: мамлекеттик менчикти ижарага берүү, менчиктештирүү жана ишенимдүү башкаруу мыйзам менен жөнгө салынат. «Сый акы» үчүн «процессти тездетүү» боюнча ар кандай сунуштар — бул кылмыш.
КООПСУЗ КЕЛИШИМДИН 5 ЭРЕЖЕСИ:
1. Расмий аянтчалар гана.
Бардык соода-сатыктар жана аукциондор мамлекеттик электрондук системалар аркылуу жүргүзүлөт. Эгер сизге аукционго катышпай эле «кабинетте» сүйлөшүүнү сунушташса — бул коррупциянын белгиси.
2. Ачык-айкын төлөмдөр.
Бардык төлөмдөр (кепилдик төгүмдөр, ижара акысы, сатып алуу баасы) банк аркылуу гана расмий казыналык эсептерге которулат. Кызматкердин накталай төлөм талап кылышы — мыйзамсыз.
3. Маалыматтын жеткиликтүүлүгү.
Объекттин паспорту, конкурстун шарттары жана баштапкы баасы алдын ала жарыяланышы керек. Лот жөнүндө маалыматты башка катышуучулардан жашыруу — одоно мыйзам бузуу.
4. «Ортомчулардын» жоктугу.
Мамм
5. үлк «ишенимдүү адамдар» аркылуу иштебейт. Бардык кеңештер Агенттиктин кызматкерлери тарабынан расмий түрдө берилет.
6. Келишим — баарынын негизи.
Мамлекеттик мүлктү ижара же сатып алуу-сатуу келишимин түзбөстөн пайдалануу — бул мыйзамсыз басып алуу болуп саналат.
Мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү коррупция — бул өлкө бюджетинен уурдалган каражат. Бул акчага Кыргызстандын мектептери жана ооруканалары курулмак.
ПАРА ТАЛАП КЫЛУУГА ТУШ БОЛДУҢУЗБУ?
Кылмышка шериктеш болбоңуз!
📞 Бул номерге чалыңыз: +996 (0312) 61-40-74
📩 Бул почтага жазыңыз: [email protected]
Купуялуулукка кепилдик берилет.
30/03/2026
«Ала-Тоо Резорт» лыжа базасынын аукционунун экинчи этабы башталды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан «Ала-Тоо Резорт» ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча аукционго катышууга чакырат.
Аукционго «Жыргалаң» курортунун курулуш зонасында базаны өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот коюлду. Бул тилкелерде 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно-шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык объектилер курулат.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу мейманканалар, скандинавия стилиндеги отелдер, VIP-коттедждер жана этно-шаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.
Кийинчерээк, курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин «кызыл китептери» берилип, бир катар объектилердин курулушу эчак эле башталды.
Тооруктар (торги) 2026-жылдын 8, 9 жана 10-апрелинде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат.
Тооруктар https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтчасынын базасында өтөт.
Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши керек:
• аукционго катышуу үчүн билдирме (анда чет өлкөлүк жарандыгы же уставдык капиталда чет өлкөлүк катышуусу бар экендиги жөнүндө маалымат көрсөтүлөт);
• портал тарабынан берилген кодго ылайык кепилдик төгүмүн (взнос) төлөө;
• өздүгүн тастыктоочу документ (билдирме берген учурда жеке көрсөтүлөт).
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлө докуменнтерди беришет:
– белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
– юридикалык жактын атынан иш алып барууга ыйгарым укуктуу өкүлгө ишеним кат.
Эгерде билдирмени талапкердин өкүлү берсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты көрсөтүү зарыл.
Документтер санариптик форматта же башка мамлекеттик органдардан алуу мүмкүнчүлүгү болсо, «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.
Жер тилкесин өздөштүрүү шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша, комиссия инвестордун финансылык абалын, долбоордун туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендигин тастыктаган кошумча документтерди, ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемени же бизнес-планды талап кылууга укуктуу.
Кошумча маалымат:
Эгерде электрондук аукциондун катышуучусу жеңүүчү деп таанылбаса же аукцион өтпөй калды деп эсептелсе, кепилдик төгүмү (взнос) тооруктун жыйынтыгы чыгарылган күндөн тартып 10 банктык күндүн ичинде кайтарылып берилет.
Комиссия тарабынан аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
- аукционго катышуу үчүн бир дагы билдирме түшпөсө;
- бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;
- аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;
- аукционго киргизилген талапкерлердин бири дагы ага катышпаса;
- аукционго катышуу үчүн бир гана катышуучу катталса.
Объект үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Жеңүүчүгө кепилдик төгүмү кайтарылбайт жана ал сатып алынган мүлктүн төлөмүнүн эсебине чегерилет. Эгерде жеңүүчү жер тилкесинин сатып алуу баасын төлөөдөн баш тартса, кепилдик төгүмү кайтарылып берилбейт.