Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти

Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти

Share

🌱Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба - таза келечек.

Photos from Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти's post 27/04/2026

✅Кыргызстанда азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны жакшыртуу боюнча иш-чара өттү

📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны жакшыртууга арналган иш-чара өттү.

📌Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн курамы боюнча бирдиктүү маалымат базаны түзүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Долбоор AFACI тарабынан колдоого алынып, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануу саясатын илимий негизде өнүктүрүүгө багытталган.

📌Семинарда адистер маалыматтарды системалаштыруу, салттуу тамак-аштардын баалуулугу жана санариптештирүү маселелерин карашты.

📌Жыйынтыгында маалымат базаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталып, анын тамак-аш тармагын жана коомдук саламаттыкты өнүктүрүүдөгү мааниси белгиленди.

⤵️⤵️⤵️

✅В Кыргызстане прошло мероприятие по улучшению базы данных по составу пищевых продуктов

📌В Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики состоялось мероприятие, посвящённое улучшению базы данных по составу пищевых продуктов.

📌В рамках встречи обсуждались вопросы создания и развития единой базы данных по составу продуктов питания в Кыргызстане. Проект реализуется при поддержке AFACI и направлен на обеспечение продовольственной безопасности и развитие политики питания на научной основе.

📌В семинаре приняли участие специалисты, которые рассмотрели вопросы систематизации данных, ценности традиционных продуктов и цифровизации базы.

📌По итогам мероприятия были представлены возможности применения базы данных и отмечена её значимость для развития пищевой отрасли и общественного здравоохранения.

27/04/2026

✅Кыргызстанда азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны жакшыртуу боюнча иш-чара өттү

📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде азык-түлүк курамы боюнча маалымат базаны жакшыртууга арналган иш-чара өттү.

📌Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн курамы боюнча бирдиктүү маалымат базаны түзүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Долбоор AFACI тарабынан колдоого алынып, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануу саясатын илимий негизде өнүктүрүүгө багытталган.

📌Семинарда адистер маалыматтарды системалаштыруу, салттуу тамак-аштардын баалуулугу жана санариптештирүү маселелерин карашты.

📌Жыйынтыгында маалымат базаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталып, анын тамак-аш тармагын жана коомдук саламаттыкты өнүктүрүүдөгү мааниси белгиленди.

⤵️⤵️⤵️

✅В Кыргызстане прошло мероприятие по улучшению базы данных по составу пищевых продуктов

📌В Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики состоялось мероприятие, посвящённое улучшению базы данных по составу пищевых продуктов.

📌В рамках встречи обсуждались вопросы создания и развития единой базы данных по составу продуктов питания в Кыргызстане. Проект реализуется при поддержке AFACI и направлен на обеспечение продовольственной безопасности и развитие политики питания на научной основе.

📌В семинаре приняли участие специалисты, которые рассмотрели вопросы систематизации данных, ценности традиционных продуктов и цифровизации базы.

📌По итогам мероприятия были представлены возможности применения базы данных и отмечена её значимость для развития пищевой отрасли и общественного здравоохранения.

21/04/2026

📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинде мөмө-жемиштин ири импортеру - “Ягодный союз” бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жумушчу жолугушуу өттү. Анда кыргыз мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгү талкууланды.

📌Тараптар экспортко багытталган жогорку суроо-талаптагы алчанын жаңы сортторун өстүрүү; мөмө-жемишти туруктуу жеткирүүнү калыптандыруу; агротехнологияны киргизүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин карашты.

📌“Ягодный союз” сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо; фермерлер менен агрономдорду заманбап агротехнологияга окутуу; мөмө-жемиш тармагына методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

📌“Ягодный союз” концерни 120дан ашуун ишкананы: багбандар, технологдор, жана ташып-жеткирүү кызматтарын бириктирет. Бул уюм Россиянын мөмө-жемиш рыногунда жана агротехнологияларда маанилүү ролду ойнойт.

📌Бул уюмдун мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, экспортко чыгаруу даярдыгы жогору экени өзгөчө белгиленди. Россияда мөмө-жемишке суроо-талаптын жогорулугу тоңдурулган мөмө-жемишти экспорттоого өбөлгө түзөт.
Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, мөмө-жемиш багбанчылыгы боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

▶️▶️▶️▶️▶️

📌В Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности состоялась рабочая встреча с генеральным директором крупнейшего импортёра ягодной продукции — “Ягодный союз Российской Федерации” Игорь Бугорским. В ходе которой обсуждены вопросы ягодоводства и экспортный потенциал отрасли.

📌Стороны рассмотрели вопросы выращивания новых высоковостребованных сортов вишни, ориентированных на экспорт; формирования устойчивых поставок ягодной продукции; внедрения современных агротехнологий и повышения эффективности производства.

📌“Ягодный союз Российской Федерации” выразила готовность к сотрудничеству в следующих направлениях: обеспечение качественным посадочным материалом; обучение фермеров и агрономов современным агротехнологиям; оказание методической поддержки развитию ягодной отрасли.

📌“Ягодный союз Российской Федерации” объединяет более 120 организаций, включая садоводов, технологов и логистические компании. Данная структура играет важную роль в развитии ягодного рынка и внедрении агротехнологий в России.

📌Отмечена высокая готовность российской компании к переработке и экспорту ягодной продукции из Кыргызстана. Высокий спрос на ягоды в России создаёт благоприятные условия для развития экспорта, включая поставки замороженной ягодной продукции.
По итогам встречи стороны выразили взаимную заинтересованность в долгосрочном сотрудничестве и реализации совместных проектов в сфере ягодоводства.

20/04/2026
Photos from Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти's post 18/04/2026

✅ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ОРГАНИКАЛЫК АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТТҮ

📌Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулаган жумушчу топтун жыйыны өттү.

📌Жыйында өлкөдөгү органикалык айыл чарбанын учурдагы абалы талданып, аны өнүктүрүү боюнча сунуштар жана мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу маселелери көтөрүлдү.

📌Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана дыйкандар катышты.

📌Талкууда сертификация, кайра иштетүү, кошумча нарк чынжырчасы жана органикалык өндүрүштү кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле органикалык өнүмдөрдү өндүрүүдө эл аралык донорлордун эксперттик жана техникалык жардамын тартуу, мамлекеттик органдар менен дыйкандардын ортосундагы байланышты бекемдөө маселелери да белгиленди.

📌Жыйынтыгында тараптар кызматташууну күчөтүү жана туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

↪️↪️↪️

✅В ЖОГОРКУ КЕНЕШЕ СОСТОЯЛОСЬ ЗАСЕДАНИЕ ПО РАЗВИТИЮ ОРГАНИЧЕСКОГО СЕЛЬСКОГО ХОЗЯЙСТВА

📌В здании Жогорку Кенеша Кыргызской Республики прошло заседание рабочей группы, посвящённое вопросам развития органического сельского хозяйства и адаптации к изменению климата.

📌В ходе заседания был проведён анализ текущего состояния органического сельского хозяйства в стране, а также подняты вопросы выработки предложений по его развитию и устранению законодательных барьеров.

📌В мероприятии приняли участие депутаты, представители государственных органов, международных организаций и фермеры.

📌В рамках обсуждения были рассмотрены вопросы сертификации, переработки, цепочек добавленной стоимости и расширения органического производства. Также были отмечены вопросы привлечения экспертной и технической помощи международных доноров в сфере производства органической продукции, а также укрепления взаимодействия между государственными органами и фермерами.

📌По итогам встречи стороны подчеркнули необходимость усиления сотрудничества и развития устойчивого сельского хозяйства.

Photos from Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги's post 17/04/2026
Photos from Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти's post 14/04/2026

✅GLOBALG.A.P. ЖАНА ISO 22000 СТАНДАРТТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУ ТРЕНИНГИ БАШТАЛДЫ

📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы менен биргеликте GLOBALG.A.P. жана ISO 22000 эл аралык стандарттары боюнча төрт күндүк окутуу тренингин өткөрүүдө.

📌Иш-чарага агрардык сектордун, кайра иштетүү өнөр жайынын өкүлдөрү жана сапат көзөмөлдөө адистери катышууда. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар GLOBALG.A.P. стандартынын негиздери, сертификация жана аудит процесстери менен таанышып, ошондой эле ISO 22000 алкагында HACCP принциптери жана тобокелдиктерди башкаруу маселелерин өздөштүрүшөт.

📌Тренингдин максаты — эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча билимди жогорулатуу, продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

↪️↪️↪️

✅ОБУЧАЮЩИЙ ТРЕНИНГ ПО СТАНДАРТАМ GLOBALG.A.P. И ISO 22000 СТАРТОВАЛ

📌Министерство водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики совместно с Программой развития Организации Объединённых Наций проводит четырёхдневный обучающий тренинг по международным стандартам GLOBALG.A.P. и ISO 22000.

📌В мероприятии принимают участие представители аграрного сектора, перерабатывающей промышленности и специалисты по контролю качества. В ходе тренинга участники знакомятся с основами стандарта GLOBALG.A.P., процессами сертификации и аудита, а также изучают принципы HACCP и вопросы управления рисками в рамках стандарта ISO 22000.

📌Цель тренинга — повышение уровня знаний по внедрению международных стандартов, обеспечение качества и безопасности продукции, а также расширение экспортных возможностей.

13/04/2026

✅ЖЕКЕ ИШКЕР КУРМА КУРГАТУУ ЖАНА ӨРҮК МАЙЫН ӨНДҮРҮҮНҮ КОЛГО АЛГАН

📌Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Добутова Гулайымдын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

📌Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Аталган ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында донорлор тарабынан 2 млн сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Өнүктүрүү фондунан 300 миң сом бөлүнгөн.

📌 Учурда ишкер тарабынан өндүрүштү кеңейтүү жана продукциянын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

⏮️⏮️⏮️

📌Департамент переработки и органического сельского хозяйства Министерства водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности ознакомился на месте с деятельностью частного предпринимателя Гулайым Добутовой в селе Жаңы-Жер Лейлекского района.

📌Предприниматель занимается сушкой хурмы, производством абрикосового масла и изготовлением кураги. В целях развития данной деятельности доноры оказали финансовую поддержку в размере 2 млн сомов. Кроме того, из Фонда развития было выделено 300 тыс. сомов.

📌В настоящее время предприниматель ведёт работы по расширению производства и увеличению объёмов продукции.

31/03/2026

✅«АК-ТӨРӨ» СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУ – АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН САКТОО ЖАНА ЭКСПОРТТООНУН НАТЫЙЖАЛУУ МОДЕЛИ

📌Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Орозбеков айылында 2021-жылы жеке ишкердин өздүк салымы менен «Ак-Төрө» соода-логистикалык борбору (ТЛЦ) ишке киргизилген. Аталган борбор менен Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти таанышты.

📌Бүгүнкү күндө борбордо 15–20 жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууда. Ишкананын жалпы кубаттуулугу 800 тоннага жетип, негизги багыты – мөмө-жемиштерди заманбап технологиялар менен тоңдуруп сактоо, кайра иштетүү жана ички рынокко, ошондой эле экспортко чыгаруу болуп саналат.

📌«Ак-Төрө» борбору аймактагы фермерлер үчүн маанилүү платформа болуп, алардын өндүргөн продукцияларын чогултуу, сорттоо, таңгактоо жана сактоо кызматтарын көрсөтөт. Атайын муздаткыч кампалардын жардамы менен продукциялар узак мөөнөткө чейин сапатын жоготпой сакталат. Бул фермерлерге түшүмдү арзан баада шашылыш сатпай, ыңгайлуу учурда жогорку баада рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт.

📌Мындан тышкары, борбордо даяр продукциялар экспортко ылайык даярдалып, жакынкы мамлекеттерге жөнөтүлүүдө. Бул өз кезегинде аймактын экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн кирешесин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

📌Соода-логистикалык борборлор айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Алар продукциянын сапатын сактоо менен бирге кошумча нарк жаратып, фермерлер үчүн туруктуу рынок түзөт.

📌Жыйынтыгында, «Ак-Төрө» соода-логистикалык борбору Кадамжай районунда айыл чарба продукцияларын сактоо жана экспорттоо багытында ийгиликтүү иш алып барып, аймактагы фермерлердин экономикалык абалын жакшыртууга олуттуу салым кошууда.

📌Азыркы күндө Аристин Агровей долбооруна 35млн сомдук IQF(шоковое заморозка)аппаратына долбоор жазылган, ишке ашса быйылкы жылкы сезонго дыйкандар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк болот.

30/03/2026

✅ Ат-Башы районунда сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана иштөөдө

📌Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаменти Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында жайгашкан жеке ишкер Шаршеев Таалайга таандык сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана менен таанышты.

📌Иш сапардын алкагында ишкананын учурдагы абалы, өндүрүш процесси жана ишкердин алдыдагы негизги көйгөйлөрү талкууланды.

📌Жеке ишкер Шаршеев Таалайдын айтымында, ал сүттү кайра иштетүү ишин 2019-жылы үй шартында баштаган. Бүгүнкү күндө ишкана кеңейип, күнүнө 1 тоннага чейин сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен.

📌Азыркы учурда ишканада сүттөн айран жана каймактын эки түрү өндүрүлүүдө. Мындан тышкары, ишкер жакында сыр өндүрүү үчүн керектүү жабдууларды сатып алып, жакынкы убакта өндүрүштү кеңейтүүнү пландап жатат.

📌Өндүрүлгөн продукциялар өлкөдөгү ири соода түйүндөрүнө, анын ичинде «Глобус» сыяктуу дүкөндөргө жеткирилүүдө.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


Киевская 96
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00