06/09/2025
“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2026-ЖЫЛГА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТИ ЖАНА 2027–2028-ЖЫЛДАРДЫН ПЛАНДЫК МЕЗГИЛИ ЖӨНҮНДӨ” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштурат жана өткөрөт. Белгилүү болгондой, коомдук бюджеттик угуулар - бул коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттердин түзүүнүн жана аткаруунун маселелерин ачык талкуулоо формасындагы иш-чара.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууга 2025-жылдын 15-сентябрында саат 11:00дө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң залында катышууга чакырат.
Пайда болгон суроолор боюнча төмөнкү жооптуу кызматкерлерге кайрылыңыздар:
Бактыбеков Данияр, 62-53-13 (+1124);
Дайырбек Амантур, 62-53-13 (+1125).
[email protected]; [email protected]
Катышуу үчүн төмөнкү форма боюнча арызды толтурууну суранабыз:
https://forms.gle/Wy7qLYMxTZbKVS3i7
**
ОБЩЕСТВЕННЫЕ БЮДЖЕТНЫЕ СЛУШАНИЯ К ПРОЕКТУ ЗАКОНА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ «О РЕСПУБЛИКАНСКОМ БЮДЖЕТЕ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ НА 2026 ГОД И ПЛАНОВЫЙ ПЕРИОД 2027-2028 ГОДОВ».
Министерство финансов Кыргызской Республики в соответствии со статьями 71 и 127 Бюджетного кодекса Кыргызской Республики, организует и проводит общественные бюджетные слушания по проекту республиканского бюджета. Как известно, общественные бюджетные слушания – это мероприятие в форме открытого обсуждения вопросов формирования и исполнения бюджетов бюджетной системы Кыргызской Республики, проводимого по инициативе органов исполнительной власти и органов местного самоуправления для изучения общественного мнения, получения предложений, рекомендаций и принятия решений с учетом интересов населения.
Министерство финансов Кыргызской просит принять участие в общественных бюджетных слушаниях к проекту Закона Кыргызской Республики «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2026 год и плановый период 2027–2028 годов» в 11:00 часов 15 сентября 2025 года, в Большом зале Министерства финансов Кыргызской Республики.
По возникшим вопросам обращаться к следующим ответственным сотрудникам:
Бактыбеков Данияр, 62-53-13 (+1124);
Дайырбек Амантур, 62-53-13 (+1125).
[email protected]; [email protected]
Для участия просим заполнить заявку по следующей форме:
https://forms.gle/Wy7qLYMxTZbKVS3i7
11/06/2025
ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНДЕ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн координациялоо бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү, милициянын подполковниги Рахим Самирович Абдылдаев, аталган бөлүмдүн тескөөчүсү, милициянын подполковниги Каныбек Бакбергенович Куватпеков, Бишкек шаарынын “Аялзат” муниципалдык кризистик борборунун директору Мээрим Сыйдалиева жана Бишкек шаардык мэриясынын зордук-зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун психологу Гүлзат Исабекова өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун түрлөрү, анын кесепеттери жана алдын алуу чаралары тууралуу кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле зомбулукка кабылган жарандар үчүн укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү болду.
Катышуучуларга үй-бүлөлүк зомбулуктун белгилери, анын психологиялык жана укуктук таасири, жабырлануучулардын укуктары жана тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө берилди. Ошондой эле кризистик борборлор аркылуу көрсөтүлүүчү жардамдын түрлөрү, алардын жеткиликтүүлүгү жана кызматташтык механизмдери тууралуу да сөз болду.
Бул иш-чара зомбулуктун алдын алуу багытында маалымат таратуу менен коомдо үй-бүлөдөгү ынтымакты бекемдөөгө, жарандардын укуктук сабаттуулугун арттырууга жана социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө багытталган.
*
В МИНИСТЕРСТВЕ ФИНАНСОВ ПРОШЛО РАЗЪЯСНИТЕЛЬНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ПО ПРОФИЛАКТИКЕ ДОМАШНЕГО НАСИЛИЯ
В Министерстве финансов Кыргызской Республики состоялось информационно-разъяснительное мероприятие, направленное на профилактику домашнего насилия и противодействие ему.
Мероприятие провели: старший инспектор отдела координации деятельности по профилактике домашнего насилия и работы мобильных приёмных милиции Службы общественной безопасности МВД Кыргызской Республики, подполковник милиции Рахим Самирович Абдылдаев; инспектор того же отдела, подполковник милиции Каныбек Бакбергенович Куватбеков; директор муниципального кризисного центра "Аялзат" города Бишкек Мээрим Сыйдалиева, а также психолог Центра помощи детям, пострадавшим от насилия, при мэрии города Бишкек Гулзат Исабекова.
Основная цель мероприятия — повышение осведомлённости сотрудников о видах домашнего насилия, его последствиях и мерах профилактики, а также информирование о возможностях получения правовой и психологической помощи для пострадавших.
Участникам были даны подробные разъяснения по признакам домашнего насилия, его психологическому и правовому воздействию, правам пострадавших, а также порядку обращения в соответствующие государственные органы. Кроме того, были освещены виды помощи, оказываемой кризисными центрами, доступность этих услуг и механизмы взаимодействия с ними.
Проведение данного мероприятия направлено на распространение информации по профилактике насилия, укрепление гармонии в семьях, повышение правовой грамотности граждан и развитие социальной ответственности в обществе.
07/06/2025
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин 7-июнь – финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзү
Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!
7-июнь - өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылган ишти аркалоочу, калктын турмуш деӊгээлин жогорулатууга, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгѳ кепил болуучу - финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Финансист болуу - бул элдин ишеничине арзыган, мамлекеттин келечегине жол салган, акыл-эмгекке таянган миссия. Бул кызматты аркалаган адистер коюлган милдеттерди аткарууда маселени алдын ала көрө билүү менен тактыкка чоң маани беришет. Сиздердин аракеттер – мамлекеттин күрөө тамыры болгон бюджетти түзүү менен гана чектелбестен, ар бир жарандын, ар бир үй бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга таасирин тийгизет.
Ѳлкөбүз соӊку жылдары олуттуу экономикалык өсүүгө жана туруктуу финансылык саясатты ишке ашырууга багыт алды.
Маселен, мамлекеттин маанилүү тармагы болгон капиталдык салымдар 34,3 миллиард сомго чейин көбөйдү. Бул беш эселенген инвестициялык ишеним жана келечекке салынган чоң салым болуп эсептелет. Ал эми мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу 2021-2025-жылдары 70 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнүп, миңдеген үй бүлөнүн туруктуу турак жай менен камсыз болушуна өбөлгө түздү.
Ошондой эле, максаттуу трансферттер да жогорку темп менен өсүп 19,4 миллиард сомго жетип, мамлекеттик колдоонун аймактарга багытталган масштабдуу өсүүсүн көрсөттү. 2025-жылдын январь-апрель айларындагы бюджеттин аткарылышын карасак пландалган көрсөткүч 105,8 пайызга актарылды.
Мамлекеттин казынасы бюджеттик тартыштыктан арылып, профицитке чыкты. Ички дүң продукциябыздын өсүүсү триллиондон ашты. Эл аралык аренада ийгиликтерге жетише баштадык. Кыргызстан 700 миллион долларлык суверендүү еврооблигацияларды Лондон жана Гонконг биржаларында ийгиликтүү жайгаштырып, дүйнөлүк рынокто өз ордун бекемдөѳдѳ.
Кененирээк: minfin.kg
07/06/2025
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бакетаев Алмаз Кушбековичтин 7-июнь – финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзү
Урматтуу финансы-экономика системасынын кызматкерлери!
7-июнь - өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн чоң жоопкерчиликти талап кылган ишти аркалоочу, калктын турмуш деӊгээлин жогорулатууга, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгѳ кепил болуучу - финансы-экономика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм!
Финансист болуу - бул элдин ишеничине арзыган, мамлекеттин келечегине жол салган, акыл-эмгекке таянган миссия. Бул кызматты аркалаган адистер коюлган милдеттерди аткарууда маселени алдын ала көрө билүү менен тактыкка чоң маани беришет. Сиздердин аракеттер – мамлекеттин күрөө тамыры болгон бюджетти түзүү менен гана чектелбестен, ар бир жарандын, ар бир үй бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга таасирин тийгизет.
Ѳлкөбүз соӊку жылдары олуттуу экономикалык өсүүгө жана туруктуу финансылык саясатты ишке ашырууга багыт алды.
Маселен, мамлекеттин маанилүү тармагы болгон капиталдык салымдар 34,3 миллиард сомго чейин көбөйдү. Бул беш эселенген инвестициялык ишеним жана келечекке салынган чоң салым болуп эсептелет. Ал эми мамлекеттик ипотекалык программалар аркылуу 2021-2025-жылдары 70 миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнүп, миңдеген үй бүлөнүн туруктуу турак жай менен камсыз болушуна өбөлгө түздү.
Ошондой эле, максаттуу трансферттер да жогорку темп менен өсүп 19,4 миллиард сомго жетип, мамлекеттик колдоонун аймактарга багытталган масштабдуу өсүүсүн көрсөттү. 2025-жылдын январь-апрель айларындагы бюджеттин аткарылышын карасак пландалган көрсөткүч 105,8 пайызга актарылды.
Мамлекеттин казынасы бюджеттик тартыштыктан арылып, профицитке чыкты. Ички дүң продукциябыздын өсүүсү триллиондон ашты. Эл аралык аренада ийгиликтерге жетише баштадык. Кыргызстан 700 миллион долларлык суверендүү еврооблигацияларды Лондон жана Гонконг биржаларында ийгиликтүү жайгаштырып, дүйнөлүк рынокто өз ордун бекемдөѳдѳ.
Бул жетишкендиктер финансы-экономикалык системанын кадрларынын талыкпаган эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн натыйжасы.
Урматтуу кесиптештер!
Мамлекетибиздин финансылык саясатын ишке ашырууда, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакубатчылык жана кесиптик бийиктиктерди каалайм!
06/06/2025
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Алмаз Бакетаев Курман айт майрамы менен куттуктады
Урматтуу момун мусулмандар!
Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен жеке өзүмдүн жана Финансы министрлигинин жалпы жамаатынын атынан чын дилимден куттуктайм!
Бул касиеттүү майрам адамзаттын асыл сапаттары болгон ыймандуулукту, кайрымдуулукту, сабырдуулукту жана боорукерликти даңазалап, коомубузда тынчтыкты, биримдикти жана тилектештикти бекемдөөгө багытталган.
Урматтуу бир туугандар!
Бул ыйык майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубат жашоо тартуулап, коомубузда ынтымакты, биримдикти жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдесин.
Терең урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
А.К.Бакетаев
04/06/2025
КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙ ТӨЛӨМ ИНФРАСТРУКТУРАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТЕРЕҢДЕТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШТЫ
2025-жылдын 3-июну Пекин шаары
Кыргыз делегациясынын ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын Пекинде өткөн жыйынына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К.Бакетаев менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж.Тургунбаевдин Кытай Эл Республикасынын финансы министри Лань Фоань менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Кыргыз тарап иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы финансылык-экономикалык өз ара кызматташууну тереңдетүүнүн стратегиялык маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар төлөм инфраструктурасы жана трансчек аралык эсептешүүлөр жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Кененирээк: minfin.kg
**
КЫРГЫЗСТАН И КИТАЙ ОБСУДИЛИ РАЗВИТИЕ ПЛАТЁЖНОЙ ИНФРАСТРУКТУРЫ И УГЛУБЛЕНИЕ ФИНАНСОВОГО СОТРУДНИЧЕСТВА
3 июня 2025 года г. Пекин, Китайская Народная Республика
В рамках визита кыргызской делегации на заседание министров финансов и председателей центральных (национальных) банков государств-членов ШОС в Пекине состоялась двусторонняя встреча министра финансов Кыргызской Республики - А.К.Бакетаева и преседателя Национального банка Кыргызской Республики -М.Ж.Тургунбаева с министром финансов Китайской Народной Республики - Лань Фоань.
Кыргызская сторона выразила признательность за организацию мероприятия и подчеркнула стратегическую важность углубления финансово-экономического взаимодействия между двумя странами. Стороны обсудили перспективы сотрудничества в сфере платёжной инфраструктуры и трансграничных расчётов.
Подробнее: minfin.kg
04/06/2025
БЮДЖЕТТЕР АРАЛЫК ТРАНСФЕРТТЕР 2025-ЖЫЛДЫН 4 АЙЫНДА НАРЫН ОБЛУСУНА 349,3 МЛН СОМ КАРЖЫЛАНДЫ
Нарын облусу боюнча 2025-жылдын 4 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 295,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган, анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт - 135,5 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 3,9 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 39,6 млн сом;
4. Калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга – 26,0 млн сом;
5. Муниципалдык жылуулук ишканаларын субсидиялоого- 84,8 млн сом;
6. Мектепке чейинки мекемелерди каржылоого- 5,6 млн сом;
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен - 53,9 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 349,3 млн сом
**
МЕЖБЮДЖЕТНЫЕ ТРАНСФЕРТЫ
ЗА 4 МЕСЯЦА 2025 ГОДА НАРЫНСКОЙ ОБЛАСТИ ПРОФИНАНСИРОВАНО 349,3 МЛН СОМОВ
По Нарынской области за 4 месяца 2025 года межбюджетные трансферты профинансированы за счет средств республиканского бюджета на сумму - 295,4 млн сомов, из них:
1. Выравнивающий трансферт – 135,5 млн сомов;
2. На предоставление отдельных государственных полномочий – 3,9 млн сомов;
3. 39,6 млн сомов на 50% компенсацию электроэнергии.
4. На разработку генерального плана населённых пунктов – 26,0 млн сомов;
5. На субсидирование муниципальных теплоэнергетических предприятий – 84,8 млн сомов;
6. На финансирование дошкольных учреждений – 5,6 млн сомов.
Кроме того, на финансирование расходов на электроэнергию органов местного самоуправления (сельских управ) Нарынской области, из республиканского бюджета выделено 53,9 млн сомов.
Итого – 349,3 млн сомов.
28/05/2025
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУВЕРЕНДҮҮ ЕВРООБЛИГАЦИЯЛАРДЫ ЭЛ АРАЛЫК КАПИТАЛ РЫНОКТОРУНА ИЙГИЛИКТҮҮ ДЕБЮТТУК ЖАЙГАШТЫРУУСУ ЖӨНҮНДӨ
Лондон, 2025-жылдын 27-майы - Кыргыз Республикасы эл аралык финансы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын дебюттук жайгаштырууну ийгиликтүү ишке ашырып, 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартты. Облигациялардын купондук ставкасы 7,75% ды, мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Инвесторлордун жалпы суроо-талабы 2,1 миллиард АКШ долларынан ашып, бул көрсөткүч келишимдин финалдык көлөмүнөн 3 эсеге жогору болду. Жайгаштыруу процессине Улуу Британия, АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн 100дөн ашык эл аралык инвесторлор катышты.
Кыргыз Республикасынын облигацияларына инвесторлордун кызыгуусунун жогору болушу өлкөнүн макроэкономикалык саясатына, анын финансылык системасынын туруктуулугуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин транспаренттүүлүктү, бюджеттик тартипти жана эл аралык финансылык интеграцияны тереңдетүүнү камсыз кылуу боюнча аракеттерине ишенимдин өскөндүгүн күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасы еврооблигациялар рыногуна ийгиликтүү чыгууну өлкөнүн инвестициялык аброюн бекемдөөгө, инфраструктураны, энергетиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик финансынын туруктуулугун жогорулатууга узак мөөнөттүү каражаттарды тартуудагы маанилүү кадам катары карайт.
**
ОБ УСПЕШНОМ ДЕБЮТНОМ РАЗМЕЩЕНИИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКОЙ СУВЕРЕННЫХ ЕВРООБЛИГАЦИЙ НА МЕЖДУНАРОДНЫХ РЫНКАХ КАПИТАЛА
Лондон, 27 мая 2025 года - Кыргызская Республика успешно осуществила дебютное размещение суверенных еврооблигаций на международных финансовых рынках на сумму 700 млн долларов США по купонной ставке 7,75% на срок 5 лет.
Общий спрос инвесторов на пике составил свыше 2,1 млрд долларов США, что обеспечило коэффициент переподписки на уровне 3 раза от финального объема сделки. В процессе размещения участие приняли более 100 международных инвесторов из Великобритании, США, Европы и Азии.
Высокий интерес инвесторов к облигациям Кыргызской Республики свидетельствует о росте доверия к макроэкономической политике страны, устойчивости ее финансовой системы и усилиям Президента и Кабинета Министров КР по обеспечению транспарентности, бюджетной дисциплины и углублению международной финансовой интеграции.
Кыргызская Республика рассматривает успешный выход на рынок еврооблигаций как важный шаг в укреплении инвестиционного имиджа страны, привлечении долгосрочных ресурсов для развития инфраструктуры, энергетики и повышения устойчивости государственных финансов.
27/05/2025
КЫРГЫЗСТАН И ФРАНЦИЯ УКРЕПЛЯЮТ ИНВЕСТИЦИОННОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО: ВСТРЕЧА МИНИСТЕРСТВА ФИНАНСОВ С ДЕЛЕГАЦИЕЙ MEDEF INTERNATIONAL
Министерство финансов Кыргызской Республики провело встречу с делегацией MEDEF International, представителями Посольства Франции и французского бизнеса, прибывшими в Кыргызстан для обсуждения инвестиционного сотрудничества.
В ходе встречи кыргызская сторона выразила благодарность за проявленный интерес и подчеркнула готовность к укреплению экономических связей.
Особое внимание было уделено приоритетным направлениям для инвестиций: возобновляемая энергетика, транспорт и логистика, цифровая экономика, устойчивый туризм и агропромышленность.
Министерство отметило прогресс в улучшении инвестиционного климата, цифровизации госуслуг и защите прав инвесторов, а также подчеркнуло тесное сотрудничество с международными финансовыми институтами.
Кыргызская Республика открыта для инвестиций и готова предоставить индивидуальное сопровождение каждому проекту, включая возможность предоставления государственного поручительства.
«Надеемся, что визит откроет новые возможности для укрепления партнёрства между Францией и Кыргызстаном, станет основой для долгосрочного и взаимовыгодного сотрудничества, а также послужит началом конкретных инвестиционных проектов, направленных на развитие приоритетных отраслей экономики нашей страны. Мы уверены, что объединение французского опыта и технологий с потенциалом Кыргызстана создаст прочную основу для совместного успеха.
Министерство финансов выразило готовность к продолжению открытого диалога с французскими компаниями, оперативному рассмотрению инициатив и предоставлению необходимой институциональной поддержки в целях скорейшей реализации проектов на благо обеих стран.»
27/05/2025
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН АРДАГЕРЛЕРИНИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ БОЛУП ӨТТҮ
Жалал-Абад облусунунун Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын ардагерлеринин коомдук бирикмесинин кезектеги жылдык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн жети облусунан келген Финансы министрлигинин ардагерлери катышты. Жыйынды ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Асипов ачып, саламдашуу сөзүндө ардагерлердин мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнө кошкон салымы жөнүндө белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө текшерүү комиссиясынын төрагасы жылдык отчетун сунуштап, ага карата суроо-жооп, пикир алмашуулар жана талкуулар уюштурулду. Жыйын соңунда Жалал-Абад шаарындагы ардагерлер тарабынан сый-тамак жана маданий шоу-программа уюштурулуп, иш-чара жылуу маанайда жыйынтыкталды.
Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык жана салык системасынын Ардагерлери» коомдук бирикмеси 2014-жылы негизделген. Уюм Финансы министрлигинин колдоосу менен түзүлүп, министр А.К.Бакетаевдин демилгеси менен жыл сайын үзгүлтүксүз иш алып барып келет.
**
В ГОРОДЕ ЖАЛАЛ-АБАД ПРОШЁЛ ОЧЕРЕДНОЙ ЕЖЕГОДНЫЙ ОТЧЁТ ВЕТЕРАНОВ МИНИСТЕРСТВА ФИНАНСОВ
В городе Жалал-Абад Жалал-Абадской области состоялось очередное ежегодное собрание общественного объединения ветеранов финансово-экономической и налоговой службы Кыргызской Республики.
В мероприятии приняли участие ветераны Министерства финансов из семи областей страны. Заседание открыл председатель совета ветеранов С.Асипов, который в приветственном слове отметил вклад ветеранов в развитие государственной службы.
В ходе собрания председатель ревизионной комиссии представил ежегодный отчёт, после чего прошла сессия вопросов и ответов, обмен мнениями и обсуждения.
В завершение мероприятия ветераны города Жалал-Абад организовали торжественный ужин и культурную шоу-программу. Мероприятие прошло в теплой и дружественной атмосфере.
Следует отметить, что общественное объединение «Ветераны финансово-экономической и налоговой службы Кыргызской Республики» было основано в 2014 году. Организация создана при поддержке Министерства финансов ежегодно осуществляет свою деятельность по инициативе министра А.К.Бакетаева.