01/06/2026
🇰🇬🇨🇳 Кыргызстан менен Кытай жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо.
2026-жылдын 10-майынан 23-майына чейин Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан Бээжин жана Шанхай шаарларында уюштурулган «Кытай - Борбордук Азия 2026: Жарандык авиацияны башкаруу жаатындагы потенциалды жогорулатуу» аттуу эл аралык программага катышышты.
Эки жуманын ичинде программанын катышуучулары Кытайдын жарандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбасы, учуу коопсуздугун камсыздоонун заманбап ыкмалары, коопсуздукту башкаруу системаларын (SMS) киргизүү, аба кемелеринин учууга жарамдуулугун тастыктамалоо, ошондой эле аба кыймылын уюштуруу жана аэропортторду эксплуатациялоо тармагындагы жаңы технологиялар менен таанышышты.
Өзгөчө көңүл авиация тармагын санариптештирүү маселелерине, учак куруу өнөр жайын өнүктүрүүгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана авиация секторунун келечектүү өнүгүү багыттарына бурулду. Катышуучулар авиация өнөр жайын мамлекеттик колдоонун механизмдерин кеңири изилдеп, мамлекеттик органдар менен тармактык ишканалардын натыйжалуу өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Программанын алкагында Кытайдын алдыңкы авиациялык ишканаларына, эл аралык аэропортторуна, авиакомпанияларына жана өндүрүштүк комплекстерине сапарлар уюштурулду. Катышуучулар аба кемелерин өндүрүүнүн жогорку технологиялык жана автоматташтырылган процесстери, авиациялык ишмердүүлүктү башкаруунун заманбап системалары жана өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышышты.
Алынган билимдер жана практикалык тажрыйба Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын мындан ары өнүктүрүүгө, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле авиация тармагынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
————————————
🇰🇬🇨🇳 С 10 по 23 мая 2026 года представители Кыргызской Республики приняли участие в международной программе «Китай-Центральная Азия 2026: Повышение потенциала в сфере управления гражданской авиацией», организованной Авиационной администрацией Китая в городах Пекин и Шанхай.
В течение двух недель участники программы ознакомились с передовым опытом Китая в области государственного регулирования и управления гражданской авиацией, современными подходами к обеспечению безопасности полетов, внедрению систем управления безопасностью (SMS), сертификации летной годности воздушных судов, а также новейшими технологиями в сфере организации воздушного движения и эксплуатации аэропортов.
Особое внимание было уделено вопросам цифровой трансформации авиационной отрасли, развитию авиастроения, внедрению инновационных решений и перспективным направлениям развития авиационного сектора. Участники получили возможность подробно изучить механизмы государственной поддержки авиационной промышленности и ознакомиться с опытом эффективного взаимодействия между государственными органами и предприятиями отрасли.
В рамках программы состоялись визиты на ведущие авиационные предприятия, в международные аэропорты, авиакомпании и производственные комплексы Китая. Участники ознакомились с высокотехнологичными и автоматизированными процессами производства воздушных судов, современными системами управления авиационной деятельностью и масштабными инфраструктурными проектами, реализуемыми в стране.
Полученные знания и практические наработки будут способствовать дальнейшему развитию гражданской авиации Кыргызской Республики, совершенствованию системы государственного регулирования и повышению уровня безопасности и эффективности авиационной отрасли.
29/05/2026
🇰🇬✈️ Караколдо Кыргызстандын эң бийик диспетчердик пунктунун курулушу башталды.
2026-жылдын 29-май күнү Каракол шаарындагы «Каракол» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңы заманбап Командалык-диспетчердик пункттун (КДП) курулушунун башталышына арналган «Убакыт капсуласын» салуу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай объект алгачкы жолу курулууда. Ал 2026-жылдын 15-майында башталган. Бекитилген планга ылайык, бардык курулуш иштери 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт деп пландалууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.
Жаңы Командалык-диспетчердик пункт өлкөнүн авиациялык инфраструктурасындагы өзгөчө заманбап жана жогорку технологиялуу объект болуп саналат. Техникалык долбоорго ылайык, КДП жалпы аянты 835 чарчы метрди түзгөн тогуз кабаттан, анын ичинде жер төлө кабатынан турат. Диспетчердик мунаранын бийиктиги 36 метрди түзүп, Кыргызстандагы ушул багыттагы эң бийик объект болуп калат жана авиадиспетчерлерге аэродром аймагын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун мындан аркы өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы КДП пайдаланууга берилгенден кийин «Каракол» эл аралык аэропорту аба ырайынын шарттарына карабастан ички жана эл аралык каттамдарды жыл бою кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.
«Убакыт капсуласын» салуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов, Каракол шаарынын вице-мэри Нурлан Момбеков жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышты.
———————————-
🇰🇬✈️ Новый этап развития авиации Кыргызстана: В Караколе стартовало строительство самого высокого диспетчерского пункта Кыргызстана.
В г. Каракол, 29 мая 2026 года в Международном аэропорту «Каракол» состоялась торжественная церемония закладки «Капсулы времени», приуроченная к началу строительства нового современного командно-диспетчерского пункта (КДП) - стратегически важного объекта гражданской авиации Кыргызской Республики.
Строительство первого в истории суверенного Кыргызстана нового объекта стартовало 15 мая 2026 года. Согласно утвержденному плану, завершение всех работ запланировано на 31 декабря 2026 года. Проект реализуется Государственным предприятием «Кыргызаэронавигация» при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Новый Командно-диспетчерский пункт станет уникальным высокотехнологичным объектом отечественной авиационной инфраструктуры. Согласно техническому проекту, КДП будет состоять из девяти этажей, включая подвальный уровень, общей площадью 835 квадратных метров. Высота диспетчерской вышки составит 36 метров, что сделает её самым высоким объектом подобного назначения в Кыргызстане и обеспечит авиадиспетчерам максимальный обзор всей аэродромной территории.
Реализация данного проекта имеет стратегическое значение для дальнейшего развития Иссык-Кульского региона. Ввод нового КДП в эксплуатацию позволит Международному аэропорту «Каракол» принимать внутренние и международные рейсы в круглогодичном режиме, независимо от погодных условий.
В церемонии закладки капсулы приняли участие директор Государственного агентства гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики Данияр Бостонов, генеральный директор Государственного предприятия «Кыргызаэронавигация» Беркут Калмуратов, вице-мэр города Каракол Нурлан Момбеков и представители авиационной отрасли.
21/05/2026
🇰🇬✈️ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде эл аралык деңгээлдеги окутуу программалары кайрадан старт алды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана авиация тармагына эл аралык стандарттарды киргизүүгө багытталган окутуу курстары улантылууда. Окутуу ICAO TRAINAIR PLUS тармагынын инструкторлору тарабынан ICAO TRAINAIR PLUS эл аралык программасынын катышуучусу болуп саналган Кувейт Мамлекетинин Авиация жана технологиялар колледжинин уюштуруучулук колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Атап айтканда, авиациялык коопсуздуктун негиздерине арналган “Basic Aviation Security” аттуу окуу курсу уюштурулуп, сабактарды эл аралык эксперт, лектор Mlandvo Nxumalo жүргүзүүдө. Окутуунун жүрүшүндө авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери, эл аралык талаптар, коркунучтарды алдын алуу чаралары жана аэропорттор менен авиакомпанияларда коопсуздук процедураларын ишке ашыруу маселелери каралууда.
Мындан тышкары, жарандык авиация системасын баалоо жана эл аралык аудиттик стандарттарды колдонуу багытындагы “GSI AGA” окуу курсу өткөрүлүп, анын лектору болуп авиация тармагындагы эл аралык адис Khaled Mahmoud катышууда. Курстун алкагында аэродромдорду тастыктамалоо, коопсуз эксплуатациялоо, инфраструктуралык талаптар жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын ишке киргизүү боюнча темалар талкууланууда.
Бул курстарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын коопсуздук тутумун мындан ары чыңдоого, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.
————————————
🇰🇬✈️ В Государственном агентстве гражданской авиации вновь стартовали обучающие программы международного уровня
В Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики продолжаются обучающие курсы, направленные на повышение уровня безопасности полётов и внедрение международных стандартов в авиационной отрасли страны. Обучение проводится инструкторами сети ICAO TRAINAIR PLUS при организационной поддержке Колледжа авиации и технологий Государства Кувейт, являющегося участником международной программы ICAO TRAINAIR PLUS.
Одним из ключевых мероприятий стал курс «Basic Aviation Security», посвящённый основам авиационной безопасности. Занятия проводит инструктор ICAO Mlandvo Nxumalo . В ходе обучения специалисты авиационной сферы изучают международные требования и современные подходы к обеспечению безопасности гражданской авиации, меры по предотвращению угроз, а также практические процедуры, применяемые в аэропортах и авиакомпаниях.
Параллельно проходит курс «GSI AGA», посвящённый вопросам оценки системы гражданской авиации и применению международных аудиторских стандартов. Лектором выступает инструктор ICAO Khaled Mahmoud . Участники рассматривают вопросы сертификации аэродромов, безопасной эксплуатации объектов авиационной инфраструктуры, а также внедрения стандартов ICAO в деятельность авиационной отрасли Кыргызской Республики.
Как отмечают организаторы, проведение подобных курсов имеет важное значение для развития авиационной системы страны. Обучение способствует повышению профессиональной квалификации специалистов, обмену международным опытом и дальнейшему укреплению системы безопасности гражданской авиации Кыргызской Республики.
21/05/2026
🇰🇬✈️ 18-майдан 21-майга чейин Бишкекте OPMET маалыматтары боюнча регионалдык борборлор (ROC) менен улуттук борборлордун (NOC) ортосундагы ыкчам өз ара аракеттенүү, анын ичинде IWXXM форматында метеорологиялык маалымат алмашуу боюнча семинар өтүүдө. Иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрү үчүн ВМОнун 4-Жумушчу тобунун жана ICAO PT/EAST/24 METG EASPG биргелешкен жыйыны да өткөрүлүүдө.
Семинарга 8 өлкөдөн 45 катышуучу чогулду. Алардын арасында авиациялык администрациялардын өкүлдөрү, аэронавигациялык жана метеорологиялык тейлөө көрсөтүүчүлөр, ICAO жана ВМО эксперттери, ошондой эле авиациялык метеорологиянын регионалдык борборлорунун адистери бар. Бул иш-чара тажрыйба алмашуу, актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо жана авиациялык метеорология тармагындагы эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Жолугушуулар жана техникалык сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар авиациялык метеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо жана метеорологиялык маалымат алмашууну санариптик трансформациялоо менен байланышкан кеңири маселелерди карашууда. Өзгөчө, ROC менен NOC ортосундагы ыкчам өз ара аракеттенүүгө, IWXXM форматын киргизүү жана тажрыйбалык колдонууга, ошондой эле ICAO жана ВМОнун эл аралык стандарттарына ылайык авиациялык метеорологиялык маалымат алмашуу процесстерин шайкеш келтирүүгө көңүл бурулууда.
Программанын алкагында ICAOнун 3-тиркемесиндеги жана жаңы PANS-MET жоболорундагы жаңыртуулар, SWIM системасын өнүктүрүү, авиациялык метеорология кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы жана компетенттүүлүгүн колдоо маселелери, SIGMET билдирүүлөрүн чыгарууну координациялоо, радиолокациялык метеорологиялык маалыматтарды колдонуу, булут технологияларын жана заманбап санариптик платформаларды пайдалануу, ошондой эле аба ырайын сандык моделдөөнү өнүктүрүү аркылуу болжолдоонун сапатын жогорулатуу жана учуулардын коопсуздугун камсыздоо маселелери да талкууланууда.
Катышуучулар заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана метеорологиялык маалыматтарды эл аралык алмашуу механизмдерин өркүндөтүү аэронавигациялык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууда жана эл аралык учуулардын коопсуздугун камсыздоодо негизги мааниге ээ экенин белгилешүүдө.
Бул иш-чаранын өткөрүлүшү аймактагы мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин тастыктап, ICAO, ВМО жана бардык өнөктөштөрдүн авиациялык метеорологияны чыңдоого, регионалдык кызматташууну өнүктүрүүгө жана авиациялык метеорологиялык маалымат алмашуу системаларын эл аралык талаптарга жана заманбап технологиялык тенденцияларга ылайык өркүндөтүүгө көрсөткөн колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
——————-
🇰🇬✈️ С 18 по 21 мая в Бишкеке проходит семинар по оперативному взаимодействию между региональными центрами OPMET-данных (ROC) и национальными центрами OPMET-данных (NOC), включая обмен метеорологической информацией в формате IWXXM. В рамках мероприятия также проводится совместное совещание Рабочей группы 4 ВМО для стран СНГ и PT/EAST/24 METG EASPG ICAO.
Семинар объединил 45 участников из 8 стран, среди которых представители авиационных администраций, поставщиков аэронавигационного и метеорологического обслуживания, эксперты ИКАО и ВМО, а также специалисты региональных центров авиационной метеорологии. Проведение мероприятия стало важной площадкой для обмена опытом, обсуждения актуальных вызовов и укрепления международного сотрудничества в сфере авиационной метеорологии.
В ходе встреч и технических сессий участники рассматривают широкий круг вопросов, связанных с модернизацией авиационного метеорологического обслуживания и цифровой трансформацией обмена метеорологическими данными. Особое внимание уделяется оперативному взаимодействию между ROC и NOC, внедрению и практическому использованию формата IWXXM, а также гармонизации процессов обмена авиационной метеорологической информацией в соответствии с международными стандартами ИКАО и ВМО.
В рамках программы также обсуждаются обновления Приложения 3 ИКАО и новых положений PANS-MET, развитие системы SWIM, вопросы подготовки и поддержания компетентности авиационного метеорологического персонала, координация выпуска SIGMET, применение радиолокационной метеорологической информации, использование облачных технологий и современных цифровых платформ, а также развитие численного моделирования погоды для повышения качества прогнозирования и обеспечения безопасности полетов.
Участники подчеркивают, что внедрение современных цифровых решений и совершенствование механизмов международного обмена метеорологической информацией имеют ключевое значение для повышения эффективности аэронавигационного обслуживания и обеспечения безопасности международных полетов.
Проведение данного мероприятия подтверждает высокий уровень взаимодействия между государствами региона и подчеркивает важность поддержки со стороны ИКАО, ВМО и всех партнеров в укреплении авиационной метеорологии, развитии регионального сотрудничества и совершенствовании систем обмена авиационной метеорологической информацией в соответствии с международными требованиями и современными технологическими тенденциями.
20/05/2026
🇰🇬✈️ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча таанышуу жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укутуу өкүлү Бекболот Токтосунов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, ошондой эле 2025-2027-жылдарга карата маалыматтык антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын аткаруунун маанилүүлүгү жана зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасындагы 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуу зарылдыгы айтылды. Бул план коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга, ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүүгө жана мыйзамдуулук менен жоопкерчилик принциптерин бекемдөөгө багытталган.
Таанышуу жыйынынын алкагында жарандык авиация системасында коррупциянын алдын алуу жана ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу маселелери да талкууланды.
——————————-
🇰🇬✈️ В Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики состоялось ознакомительное собрание по вопросам противодействия коррупции с участием уполномоченного представителя Генеральной Прокуратуры Кыргызской Республики по вопросам предупреждения коррупции Бекболота Токтосунова, где было отмечено важность и необходимость выполнения требований Указа Президента Кыргызской Республики по противодействию коррупции на 2025-2030 годы, Закона Кыргызской Республики «О противодействии коррупции», а также Программы информационной антикоррупционной политики на 2025-2027 годы.
Также было отмечено, что для эффективной борьбы с коррупцией необходимо обеспечить реализацию Плана мероприятий по выполнению Государственной стратегии по противодействию коррупции в Кыргызской Республике на 2025-2030 годы, направленного на предупреждение коррупционных проявлений, повышение прозрачности деятельности государственных органов, совершенствование механизмов внутреннего контроля и укрепление принципов законности и ответственности.
В рамках ознакомительного собрания также были обсуждены вопросы предупреждения коррупции и повышения прозрачности в деятельности системы гражданской авиации.
————————
Хештег # таза Кыргызстан # мен парабербейм, # менпара Албайм
17/05/2026
🇰🇬🇬🇷 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Афины шаарында өткөн ICAO Civil Aviation Master Planning (CAMP) Workshop эл аралык семинарына катышты.
✈️ 2026-жылдын 4 - 6-май күндөрү Афины шаарында жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн мастер-пландарын иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларына арналган ICAO Civil Aviation Master Planning (CAMP) Workshop эл аралык семинары болуп өттү.
Иш-чара Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан Грециянын авиациялык бийликтери менен биргеликте уюштурулду. Семинар Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн авиациялык администрацияларынын өкүлдөрүн жана эл аралык эксперттерди бириктирди. Катышуучулардын катарында ИКАОнун жетекчилиги жана өкүлдөрү, анын ичинде ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантика бюросунун регионалдык директору Nicolas Rallo, ошондой эле Греция, Италия, Австрия, Молдова, Кыргызстан, Казакстан жана аймактагы башка мамлекеттердин делегациялары болду.
Талкуунун негизги багыты авиация тармагын узак мөөнөттүү пландаштыруу жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналды. Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча эл аралык тажрыйбаны карап чыгышты:
• аэропорттордун мастер-пландарын иштеп чыгуу;
• аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчүлөрдү өнүктүрүүнүн мастер-пландарын даярдоо;
• авиациялык бийликтерди институционалдык өнүктүрүү программалары;
• авиациялык инфраструктураны каржылоо механизмдери;
• авиация секторунун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу инструменттери.
Ошондой эле тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык пландары менен жарандык авиациянын мастер-пландарынын ортосундагы айырмачылыктарга өзгөчө көңүл бурулду. Бүгүнкү күндө мындай мастер-пландар авиациялык инфраструктураны системалуу өнүктүрүүнүн жана тармакты натыйжалуу башкаруунун маанилүү куралы катары каралууда.
—————————-
🇰🇬🇬🇷 Представители Государственного агентсва гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики приняли участие в международном семинаре ICAO CAMP Workshop в Афинах
✈️ С 4 по 6 мая 2026 года в г. Афины прошел международный семинар ICAO Civil Aviation Master Planning (CAMP) Workshop, посвященный современным подходам к разработке мастер-планов развития гражданской авиации.
Мероприятие было организовано Международной организацией гражданской авиации совместно с авиационными властями Греция. Семинар объединил представителей авиационных администраций и международных экспертов из стран Европы и Центральной Азии. В числе участников - руководство и представители ИКАО, включая Регионального директора Европейского и Североатлантического бюро ИКАО Nicolas Rallo, а также делегации Греции, Италии, Австрии, Молдовы, Кыргызстана, Казахстана и других государств региона.
В центре обсуждения находились вопросы долгосрочного планирования и устойчивого развития авиационной отрасли. Участники рассмотрели международный опыт подготовки и внедрения:
- аэропортовых мастер-планов;
- мастер-планов развития поставщиков аэронавигационных услуг;
- программ институционального развития авиационных властей;
- механизмов финансирования авиационной инфраструктуры;
- инструментов обеспечения устойчивого роста авиационного сектора.
Отдельное внимание было уделено различиям между стратегическими планами развития отрасли и мастер-планами гражданской авиации, которые сегодня становятся важным инструментом системного развития авиационной инфраструктуры и управления отраслью.
13/05/2026
🇰🇬🇲🇩 Молдовада Кыргызстандын катышуусунда ANSISGнин 9-жыйыны өттү
✈️ Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы 2026-жылдын 21-24-апрель күндөрү Молдова Республикасынын Кишинёв шаарында өткөн ИКАОнун Аэронавигациялык тейлөөнү киргизүүнү колдоо тобунун 9-жыйынына (ANSISG/09) катышты. Иш-чаранын алкагында ИКАО тарабынан алыстан башкарылуучу диспетчердик мунараларды (Remote TWR) жана райондук диспетчердик борборлорду эксплуатациялоо маселелерине арналган адистештирилген семинар да өткөрүлдү.
Жыйынга ИКАОнун Европа регионунун чыгыш бөлүгүндөгү өлкөлөрдүн авиациялык администрацияларынын жана аэронавигациялык тейлөө кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты.
ANSISGнин жыл сайын өткөрүлүүчү жыйындары кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана аэронавигациялык тейлөөнү өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат. Катышуучулар өткөн жылдагы иштердин жыйынтыктарын сунуштап, эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерин талкуулап, ИКАОнун глобалдык аэронавигациялык планын ишке ашыруу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгышат.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандык авиациянын негизги багыттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарына аба кыймылын тейлөө (ATM), аэронавигациялык маалымат камсыздоо (AIM), метеорологиялык камсыздоо (MET), аэропорт ишмердүүлүгү (AGA), радиотехникалык камсыздоо жана байланыш (CNS), ошондой эле издөө жана куткаруу (SAR) кирет.
Кыргыз делегациясынын иш-чарага катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, аэронавигациялык тейлөө жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышууга жана Кыргыз Республикасынын ИКАО стандарттарына ылайык коопсуз, заманбап жана натыйжалуу авиациялык системаны мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин тастыктоого мүмкүндүк берди.
————————————-
🇰🇬🇲🇩 Представители Государственного агентств гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики и Государственного предприятия «Кыргызаэронавигация» приняли участие в 9-м заседании Группы поддержки внедрения аэронавигационного обслуживания ИКАО (ANSISG/09), которое прошло с 21 по 24 апреля 2026 года в городе Кишинев, Республика Молдова. В рамках мероприятия также состоялся специализированный семинар ИКАО, посвященный вопросам эксплуатации удаленных диспетчерских вышек (Remote TWR) и районных диспетчерских центров.
✈️ В заседании приняли участие представители авиационных администраций и поставщиков аэронавигационного обслуживания стран восточной части Европейского региона ИКАО.
Ежегодные заседания ANSISG являются важной международной площадкой для профессионального диалога, обмена опытом и обсуждения современных подходов к развитию аэронавигационного обслуживания. Участники представляют результаты работы за прошедший год, обсуждают вопросы внедрения международных стандартов и совместно вырабатывают решения по реализации Глобального аэронавигационного плана ИКАО.
Особое внимание в ходе встречи было уделено развитию ключевых направлений гражданской авиации, включая обслуживание воздушного движения (ATM), аэронавигационную информацию (AIM), метеорологическое обеспечение (MET), аэропортовую деятельность (AGA), радиотехническое обеспечение и связь (CNS), а также поиск и спасание (SAR).
Участие кыргызской делегации в мероприятии позволило укрепить международное сотрудничество, ознакомиться с передовыми практиками в области аэронавигационного обслуживания и подтвердить приверженность Кыргызской Республики дальнейшему развитию безопасной, современной и эффективной авиационной системы в соответствии со стандартами ИКАО.
08/05/2026
🇰🇬✈️ Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, мекендин тынчтыгы жана эркиндиги үчүн көрсөткөн улуу эрдиги үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
Агенттиктин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов ардагерди жылуу куттуктап, анын кайраттуулугуна, чыдамкайлыгына жана адам чыдагыс сыноолор менен оор жоготуулар аркылуу келген тынч асман үчүн ыраазычылык айтты. Урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары Аспек Жумашевге белектер жана материалдык жардам тапшырылды.
Быйыл Аспек ата 102 жашка, ал эми өмүрлүк жары Эсенбүбү апа 94 жашка толду. Экөө бирге түтүн булатып жашап келе жатканына 76 жыл болду. Алар узак өмүр жолунда 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 26 неберенин сүйүктүү чоң ата, чоң энеси болушту. Бүгүнкү күндө болсо 30дан ашуун чөбөрөнүн мээримдүү чоң ата, чоң энеси болуп келишет.
Улгайган курагына карабастан, ардагер дагы эле кыялданып, тилек кылып келет. Ал жылмайып: «Эң кичүү неберемдин үйлөнүү тоюн көрүп калсам, анда бул жашоодон кетсем деле арманым болбойт», - деп айтты.
Аспек ата Жеңиш күнүн, жаштык кезин, согуш жылдарын, фронттогу күндөрүн жана өмүрлүк жары менен алгачкы жолугушуусун өзгөчө толкундануу менен эскерет. Ошол кезде 18 жаштагы жаш жигиттер мекенин коргоо үчүн фронтко аттанып, аларды алдыда эмне күтүп турганын билишкен эмес. Алардын арасында биздин ардагерибиз да болгон.
Улуу Жеңишти алып келген муундун эрдиги сөз менен жеткире алгыс. Алардын каармандыгы, Мекенге болгон чексиз сүйүүсү жана майтарылбас духу элдин эсинде түбөлүккө сакталып, келечек муундар үчүн мекенчилдиктин жаркын үлгүсү болуп кала берет.
——————————
🇰🇬✈️ В преддверии великого праздника - Дня Победы, представители Государственного агентства гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики посетили ветерана Великой Отечественной войны Аспека Жумашева, чтобы выразить ему глубокую признательность и уважение за бесценный подвиг во имя мира и свободы.
С особой теплотой заместитель директора Канат Төлөгөнов поздравил ветерана, поблагодарив его за мужество, стойкость и мирное небо, завоёванное ценой невероятных испытаний и человеческих жертв. В знак почтения и благодарности Аспеку Жумашеву были вручены подарки и оказана материальная помощь.
В этом году дедушке Аспеку исполнилось 102 года, а его супруге Эсенбүбү - 94. Вместе они идут по жизни уже 76 лет, показывая настоящий пример любви, верности и семейного счастья. За долгие годы супруги вырастили 8 детей, подарили жизнь 26 внукам и сегодня радуются более чем 30 правнукам.
Несмотря на почтенный возраст, ветеран продолжает мечтать и строить планы. С улыбкой он признался, что очень хочет увидеть свадьбу самого младшего внука, которому сейчас всего 17 лет:
“Когда женится мой самый младший внучок, тогда и не обидно будет уйти из этой жизни…”
С особым трепетом Аспек ата вспоминает День Победы и свою молодость, годы войны, фронтовые дороги и первую встречу со своей избранницей. Тогда, совсем юными, 18-летние ребята уходили защищать Родину, не зная, что ждёт их впереди. Среди них был и наш герой.
Подвиг поколения победителей невозможно выразить словами. Их мужество, самоотверженность и любовь к Родине навсегда останутся в памяти народа и будут служить ярким примером патриотизма, несгибаемой силы духа для будущих поколений.