07/04/2026
Бишкекте CAREC 2026 технологиялык форуму өтүп жатат
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов 7-8-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан CAREC технологиялык форумуна катышууда.
Форум климаттык жактан туруктуу санариптик чечимдерди киргизүүнү талкуулоо үчүн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрүн бириктирет. Көңүл чордонунда санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, маалымат алмашуу, энергетика, суу ресурстары жана айыл чарбасындагы инновациялар, ошондой эле аймактык кызматташтыкты чыңдоо маселелери турат.
Кыргыз Республикасынын мындай аянтчаларга катышуусу өлкөнүн жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик трансформацияны илгерилетүүгө, өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.
—————————————————————————————-
В Бишкеке проходит Технологический форум CAREC 2026
Первый заместитель министра цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики Нурсултан Кубанов принимает участие в Технологическом форуме CAREC, который проходит 7–8 апреля в Бишкеке.
Форум объединяет представителей государственных органов, международных организаций, частного сектора и технологических компаний для обсуждения внедрения климатически устойчивых цифровых решений. В центре внимания — развитие цифровой инфраструктуры, обмен данными, инновации в энергетике, водных ресурсах и сельском хозяйстве, а также укрепление регионального сотрудничества.
Участие Кыргызской Республики в подобных площадках способствует продвижению цифровой трансформации, расширению партнерств и внедрению передовых технологий для устойчивого развития страны и региона.
#санарип #кыргызстан #технология #климат
04/04/2026
🚀 Санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү!
🎊 Тармактын бардык адистерин жаңы кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Бүгүн санариптештирүү — Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги бөлүгү. Ар бир онлайн кызматтын жана корголгон маалымат базасынын артында сиздердин эмгегиңиздер турат. Сиздер мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылып, жарандардын жашоосун ыңгайлуу кылып жатасыздар.
Мамлекеттик сектордун, бизнестин жана IT-коомчулуктун адистерине өлкөнүн санариптик трансформациясына кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге кесиптик ийгиликтерди, системалардын туруктуу иштешин жана республикабыздын өнүгүшү үчүн жаңы ири долбоорлорду каалайбыз!
🔹🔹🔹🔹🔹
🚀 С Днем работников сферы цифровых технологий!
🎊 Поздравляем всех специалистов отрасли с новым профессиональным праздником!
Сегодня цифровизация — это основа развития Кыргызстана. За каждым онлайн-сервисом и защищенной базой данных стоит ваш труд. Вы делаете госуслуги доступными, а жизнь граждан — комфортнее.
Благодарим специалистов госсектора, бизнеса и IT-сообщества за вклад в цифровую трансформацию страны. Желаем профессиональных успехов, надежной работы систем и новых масштабных проектов на благо республики!
С праздником, созидатели цифрового будущего!
04/04/2026
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бүгүн, 2026-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин жамааты жазгы ишембиликтердин алкагында кезектеги тазалоо иштерине катышышты.
Кызматкерлер И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты тиричилик калдыктарынан арылтып, жазгы мезгилге карата иретке келтиришти.
🌱 Тазалык өзүбүздөн башталат! Биздин шаар — биздин үйүбүз.
28/03/2026
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин эмгек жамааты 2026-жылдын 28-мартында кезектеги ишембиликке чыгышты.
Ишембиликтин алкагында, Министрликтин жана ага караштуу ведомстволук бөлүмдөрү менен ачык акционердик коомдорунун кызматкерлери тарабынан 1290 метр узундуктагы арыктар тазаланып, 297 кап таштанды чогултулду.
#санарип #министрлик #Ишембилик #тазакоом
27/03/2026
Министр А. Жамангулов Шымкентте өтүп жаткан “Санариптик Казакстан 2026” форумуна катышууда
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Шымкентте өтүп жаткан жана “Өнөр жай 5.0 – адамдардын жана санариптик технологиялардын биргелешкен аракетине багытталган технологиялык өнүгүүнүн жаңы этабы” темасындагы “Санариптик Казакстан 2026” эл аралык форумуна катышууда.
Форумдун жүрүшүндө министр Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри, жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев менен жолугушту.
Алар санариптештирүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, анын ичинде спутниктик технологияларды өнүктүрүү, жасалма интеллектке негизделген чечимдерди ишке ашыруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоодо тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Жолугушуунун аягында алар кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыктар экенин тастыктап, санариптик өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча мындан ары активдүү диалог жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.
🔹🔹🔹🔹🔹
Министр А. Жамангулов принимает участие в форуме Digital Qazaqstan 2026 в Шымкенте
Министр цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики Азамат Жамангулов принимает участие в международном форуме Digital Qazaqstan 2026, который проходит в городе Шымкент и посвящён теме Индустрии 5.0 — новому этапу технологического развития, ориентированному на синергию человека и цифровых технологий.
В рамках форума состоялась встреча Министра с Вице-Премьер-министром – Министром искусственного интеллекта и цифрового развития Республики Казахстан Жаслан Мадиев.
Стороны обсудили ключевые направления двустороннего сотрудничества в сфере цифровизации, включая развитие спутниковых технологий, внедрение решений на основе искусственного интеллекта, а также обмен опытом в области цифровой трансформации государственных услуг.
По итогам встречи подтверждена взаимная заинтересованность в расширении сотрудничества и выражена готовность к дальнейшему активному диалогу по приоритетным направлениям цифрового развития.
21/03/2026
Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Нооруз — жаратылыштын жаңылануусун, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти даңазалаган өзгөчө майрам. Бул күнү ар бир үйгө береке, молчулук жана жакшылык кирсин.
Жаңы жыл сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, ийгиликтерди жана жаркын жетишкендиктерди алып келсин. Ар бир баштаган ишиңиздер ийгиликтүү болуп, өлкөбүздө туруктуулук, өнүгүү жана тынчтык бекемделе берсин.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
Нооруз майрамыңыздар кут болсун! 🌷
19/03/2026
📌Кыргызстанда расмий түрдө санариптик технологиялар тармагынын кызматкерлеринин күнү белгиленди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.
👨🏻💻Кесиптик күн 4-апрелде белгиленип, тармактын бардык адистерин — мамлекеттик сектордон тартып IT-бизнеске чейин бириктирет.
Бул күндүн белгилениши тармактын маанилүүлүгүнө жана өлкөнүн өнүгүшүндөгү ролуна көңүл бурууну күчөтөт.
🔹🔹🔹🔹🔹
📌В Кыргызстане официально установлен День работников сферы цифровых технологий
Кабинетом Министров Кыргызской Республики принято постановление об установлении Дня работников сферы цифровых технологий.
👨🏻💻Профессиональный день будет отмечаться 4 апреля и объединит всех специалистов отрасли — от госсектора до IT-бизнеса.
Учреждение даты усиливает внимание к значимости отрасли и её роли в развитии страны.