Эдил Байсалов

Эдил Байсалов

Share

page

AMIRCHIK: парень из села, покоривший YouTube 20/10/2025

Жумуштан келип, Амирчик менен «Осторожно, Собчак» берүүсүн бир демде көрүп чыктым.

Сыртынан башкача көрүнчү, тактап айтканда, мурда таптакыр билчү эмес экенмин. Абдан жакты. Таланттуу, таза, патриотжигит экен.

Бүгүн болсо анын туулган күнү да болсо болобу! Телефонун таап, азыр Бишкекте экен, жалпыбыздаг атынан куттуктап да койдум.

Эми эртең апасы менен атасына да сөзсүз чалгым келип жатат. Ыраазычылык билдирип 😊
Силер да ушул видеону көргүлө да жана комментке куттуктоолоруңарды жазып койгула👇

AMIRCHIK: парень из села, покоривший YouTube -20% на весь ассортимент бренда по промокоду SOBCHAK20 на OZON. Промокод действует на весь ассортимент BHAB до 31 декабря. https://clck.ru/3PopeMКомфортные п...

Мнения АКИpress. Эдиль Байсалов - От легендарного прошлого — к зрелому будущему парламентаризма 29/09/2025

Задача депутата нового созыва - представлять интересы округа и участвовать в качественной законотворческой работе. В большинстве демократических стран парламентские законы разрабатываются правительством и принимаются большинством без лишней конфронтации. Такова нормальная практика, которая позволяет сосредоточиться на развитии страны.

Нам необходимо укрепить не только процесс формирования персонального состава, но и изменить саму политическую культуру парламента, оставшуюся от прошлого. Мы должны окончательно уйти от старых моделей поведения эпохи парламентских трибунных баталий и громких фамилий прошлого. Эффективный депутат - это тот, кто спокойно и последовательно проводит в жизнь интересы и чаяния своих избирателей, добиваясь решений через диалог, уважение и сотрудничество со всеми ветвями власти.

Мнения АКИpress. Эдиль Байсалов - От легендарного прошлого — к зрелому будущему парламентаризма Жогорку Кеңеш принял 25 сентября историческое решение о самороспуске. Мы ожидаем, что в ближайшие дни...

Photos from Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги's post 23/09/2025
Photos from Эдил Байсалов's post 03/09/2025

31-августта, Мамлекеттик көз карандысыздык күнүндө, биздин белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын жаңы тасмасы «Кара Кызыл Сары» премьерасына катышуу бактысы буюрду.

Премьера «Алатоо» кинотеатрында болуп өттү. Тасма белгилүү жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде тартылган. Залда чыныгы аншлаг болду: кинематограф тармагынын ишмерлери, белгилүү ишкерлер, театр жана искусство чөйрөсүнүн өкүлдөрү, журналисттер, чыгармачыл топтун жакындары жана туугандары чогулушту.
Жаңы тасма мага абдан жакты. Дал ушул тууралуу мен өзүмдүн окурмандарыма айтып, баарыңыздарга «Кара Кызыл Сары» тасмасын сөзсүз түрдө кинотеатрдан көрүп келүүнү сунуштайм. Фильмдин сюжеттик сызыгы жөнөкөй да, ошол эле учурда көп кырдуу. Аны ача бербейин, анткени спойлер кылгым келбейт.

Эки ай мурун бул чыгармага дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу кинофестивалдардын бири болгон Шанхай кинофестивалынан башкы сыйлыгы - гран при ыйгарылды. Бул эле нерсе анын канчалык бийик деңгээлдеги эмгек экенин далилдеп турат. Фильм абдан сапаттуу, жогорку деңгээлде тартылган - дүйнөлүк деңгээлдеги кино картина.

Алгач мен Актан Арым Кубатты жана бүтүндөй чыгармачыл топту кинематографиядагы жогорку чеберчилиги менен куттуктадым. Андан соң, биздин урматтуу жана сүйүктүү Топчугүл эжеге ыраазычылыгымды билдирдим. Биз анын чыгармачылыгы менен 1990-жылдары эле тааныш болгонбуз: анын гезиттерге чыккан очерктери жана аңгемелери ар дайым айырмаланып турчу. Андан кийин анын аңгемелер жыйнактары жарык көрдү. Премьерадан кийин сүйлөп жатып, мен элибизди Топчугүл Шайдуллаевадай мыкты жазуучуларыбыз жана Актан Арым Кубаттай улуу режиссёрубуз бар экендиги менен куттуктадым. Андан да жакшысы - экөө чогуу иштеп, мына ушундай маанилүү эмгекти жаратканында.

Бул тасма, мен ишенем, кыргыз киносуна кирген мыкты чыгармалардын катарына кошулду. Дал ушул фильм аркылуу биздин доорубуз, тарыхыбыз, коомубуз тууралуу баа беришет - аны замандаштарыбыз да, келечек муундарыбыз да, чет элдик көрөрмандар да көрүшөт.
Достор, бул тасмага сөзсүз барыңыздар. Мен аны чын жүрөктөн сунуштайм! Бул жөн гана өтүп кеткен фильм да, ширпотреб да эмес. Бир жарым саатка телефонуңарды коюп, бир дем менен бул окуяны баштан кечиресиздер. Көрөрмандар дал ошондой таасир алышты - фильм чындап эле керемет. Кайталап айтам: сөзсүз көрүп келиңиздер!

"Кирешелүү болуу үчүн Кыргызстанга 70 жыл керек". Дүйнөлүк банктын баяндамасы 24/08/2025

Бул Дүйнөлүк Банктын докладын Kyrgyz Azattyk Unalgysy туура эмес окуп, түшүндүрүп атасыздар. Жогорку кирешелүү мамлекеттердин катарына (киши башына 14 миң доллар) жетиш үчүн 70 жыл керек деп жазганыңар - бул докладта авторлор 2010-2019 жж өсүү темпине таянганын байкаган жоксуздар. Ал жылдары, ошондогу "жетекчиликте", албетте, биз эчкачан өнүгүү он уктасак дагы, түшүбүзгө кирчү эмес. Акыркы төрт жылда Кыргызстан жалпы Орто Азия регионунда гана эмес, дүйнө жүзүндө эң жогорку темпте өнүгүп келаткан беш мамлекеттин бири болгону анык. Ошондуктан, буюрса, биз өнүккөн мамлекеттердин азыр жетекчиликтин планы боюнча орто эсеп менен 8.5% жылына өссөк (реалдуу сценарий) 21 жылда (2045-ж), пессимист сценарий 6% 30 жыл (2055-ж) өнүгөбүз. Кайдагы жетимиш жыл???! Туңгуюктан чыктыкко. Бирок, азыркы бийликтин ыйык үмүтү жана каржыбас аракети - бул максатка 20-30 жылда эмес, буюрса 12-15 жылдын ичинде жетиш керек деген тапшырма коюлууда. Бул да сценарий бар - оптимисттик план. Жакшы иштесек, стабилдүү жана азыркы динамиканы күчөтсөк 12-15% менен өнүгө алабыз!

"Кирешелүү болуу үчүн Кыргызстанга 70 жыл керек". Дүйнөлүк банктын баяндамасы Дүйнөлүк банктын эсебине караганда Кыргызстан көп кирешелүү адамдардын өлкөсүнө айланышы үчүн 70 жыл керек. Банктын мындай баяндамасы боюнча Кыргызстандын дараме...

22/08/2025

Мекенибиз Кыргыз Республикасы акыркы беш жылда туруктуу өнүгүү жолуна чыкканы Президент Садыр Жапаровдун тарыхый ийгилиги 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Photos from Эдил Байсалов's post 05/08/2025

Бүгүн Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун деңизден алыс мамлекеттеринин Үчүнчү Глобалдык Конференциясында Кыргыз Республикасынын атынан жалпы жыйында улуттук билдирүү менен чыгып сүйлөдүм.

Кыргызстандын географиялык абалын жеңилдетүү үчүн көрүлүп жаткан стратегиялык аракеттер тууралуу айтып бердим.

Өзгөчө басым транспорттук байланыштарга жасалды — Кашкар аркылуу Карачи портуна жана Түркмөнбашы–Баку багыты боюнча Каспий аркылуу өтө турган транзиттик коридорлор биз үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле жакында баштала турган “Жибек Жолу Кабели” демилгеси тууралуу бөлүштүм — бул жогорку ылдамдыктагы интернет менен дүйнөлүк тармактарга туташууга жол ачат.

Климаттык жана экологиялык күн тартибинде Кыргызстандын тоолуу күн тартиби өзгөчө орунда турат. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер” резолюциясы жана 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо Саммити тууралуу да сөз кылынды.

Ошондой эле Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун белгилеп, бардык мамлекеттерден колдоо көрсөтүүнү суранып өттүм. Биз деңизге чыга албасак да — келечекке карай тайманбастык менен жылып баратабыз.

Photos from Эдил Байсалов's post 05/08/2025

Бүгүн Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун деңизден алыс мамлекеттеринин Үчүнчү Глобалдык Конференциясында Кыргыз Республикасынын атынан жалпы жыйында улуттук билдирүү менен чыгып сүйлөдүм.

Кыргызстандын географиялык абалын жеңилдетүү үчүн көрүлүп жаткан стратегиялык аракеттер тууралуу айтып бердим.

Өзгөчө басым транспорттук байланыштарга жасалды — Кашкар аркылуу Карачи портуна жана Түркмөнбашы–Баку багыты боюнча Каспий аркылуу өтө турган транзиттик коридорлор биз үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле жакында баштала турган “Жибек Жолу Кабели” демилгеси тууралуу бөлүштүм — бул жогорку ылдамдыктагы интернет менен дүйнөлүк тармактарга туташууга жол ачат.

Климаттык жана экологиялык күн тартибинде Кыргызстандын тоолуу күн тартиби өзгөчө орунда турат. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен кабыл алынган “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш жылдык аракеттер” резолюциясы жана 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык Тоо Саммити тууралуу да сөз кылынды.

Ошондой эле Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун белгилеп, бардык мамлекеттерден колдоо көрсөтүүнү суранып өттүм. Биз деңизге чыга албасак да — келечекке карай тайманбастык менен жылып баратабыз.

02/08/2025

Бүгүн мага мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен чоң сыймык жана жоопкерчилик жүктөлдү — борборубуз Бишкектин чок ортосунда улуу Айкөл Манас атабыздын жаңы эстелик монументин ачуу ардактуу милдети ыйгарылды.

Бул — жөнөкөй айкел эмес, бул — улуттун руху, тарыхый эстутуму жана келечекке болгон ишеними.

Өз сөзүмдө баса белгилегеним:

«Манас — бул бөлүнүү менен эмес, биримдик менен, кек менен эмес, кечирим менен жеңишке жеткен даанышмандыктын үлгүсү. Бүгүнкү күндө да биз ушул осуятты улантып жатабыз. Президент С. Жапаровдун “Кыргыз Жараны” программасы — дал ошол Манастын элди бириктирген айкөл рухунун заманбап уландысы.»

Бул эстелик ар дайым элибизге дем берип, биримдикке чакырып турсун!
Ала-Тообуздун асманы дайым ачык болсун!

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address


Bishkek