04/06/2026
Биринчи май районунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жаңы көпүрө ачылды
Бишкек шаарынын Биринчи май районунда «Алтын Казык» жана «Калыс-Ордо» конуштарын бириктирген жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жаңы көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Жаңы инфратүзүмдүк объект район тургундары үчүн Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычынын суу берүүчү каналы аркылуу коопсуз жана ыңгайлуу өтүүнү камсыз кылды. Ошондой эле көпүрө «Алтын Казык» конушунда жашаган жана күн сайын коңшу конуштагы мектепке барып келген окуучулар үчүн коопсуз жол түздү.
Ачылыш аземине Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары А.М. Байысов, №205 МАБдын начальниги, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Конфедерациясынын элчиси Сироко Месерли, ошондой эле конуш тургундары жана коомдук активисттер катышты.
Көпүрөнүн курулушу жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоого жана шаарды инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган «Аракет» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Бул объект борбор калаанын жаңы конуштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, тургундардын коопсуздугун жана жүрүп-туруу ыңгайлуулугун жогорулатты.
Долбоордун жалпы баасы 6,9 миллион сомду түздү. Анын ичинен 2,8 миллион сом «Аракет» долбоорунун алкагында Швейцария Конфедерациясы тарабынан каржыланса, 4,1 миллион сом Биринчи май райондук администрациясынын бюджетинен бөлүндү.
Долбоорду ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана көпүрөнүн курулушун демилгелеп, аны ишке ашыруунун бардык этаптарында активдүү катышкан жергиликтүү тургундардын биргелешкен эмгегинин жыйынтыгы болду.
03/06/2026
Биринчи май районунда «Наристе» эл аралык балдар фестивалынын иш-чаралары өткөрүлдү
2026-жылдын 3-июнунда VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалынын алкагында Биринчи май районундагы № 29 мектептин базасында эл аралык делегациялардын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда маданий-билим берүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Фестивалга катышкан Россия Федерациясынын жана Түркия Республикасынын делегациялары, ошондой эле ардактуу коноктор үчүн жылуу кабыл алуу уюштурулуп, кыргыз элинин улуттук маданиятын жана каада-салттарын чагылдырган концерттик программа тартууланды.
№29 орто мектебинде фестивалдын конокторунун катышуусунда «Тынчтык сабактары», чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар жана концерттик программа өткөрүлдү. Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар ар түрдүү өлкөлөрдүн маданияты жана салттары менен таанышып, биргелешкен чыгармачылык жана билим берүү демилгелерине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаралар жылуу жана достук маанайда өтүп, маданий байланыштарды чыңдоого, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана балдар менен жаштардын чыгармачылык баарлашуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түздү.
31/05/2026
Биринчи май районунда Балдарды коргоонун
эл аралык күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлүүдө
Майрамдын алкагында «Ак-Босого» конушунда жана «Россия» кинотеатрында шаардагы жаш тургундар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулду.
«Ак-Босого» конушунун скверинде чыгармачыл топтордун катышуусунда концерттик программа өттү. Майрамга 1000ден ашык бала катышты. Балдар үчүн оюн-зоок программасы, музыка жана бийлер уюштурулуп, балмуздак таратылды.
Ошондой эле «Россия» кинотеатрында 310 балага акысыз кино көрсөтүү уюштурулду. Кино башталар алдында балдарга жайкы каникулду кызыктуу, мазмундуу жана эң башкысы коопсуз өткөрүү боюнча жылуу каалоо-тилектер айтылды.
Иш-чаралар балдарга кубаныч тартуулап, жакшы маанай тартуулаган майрамдык программанын бир бөлүгү болду.
В Первомайском районе проходят мероприятия,
приуроченные к Международному дню защиты детей
В преддверии праздника в жилом массиве «Ак-Босого» и в кинотеатре «Россия» организованы праздничные мероприятия для юных жителей города.
В сквере ж/м «Ак-Босого» состоялась концертная программа с участием творческих коллективов. Праздник собрал более 1000 детей. Для них была подготовлена развлекательная программа с музыкой, танцами и праздничной атмосферой, а также организована раздача мороженого.
Также в кинотеатре «Россия» для 310 детей был организован бесплатный показ фильма. Перед началом сеанса детям были адресованы тёплые напутственные пожелания о ярких, насыщенных и главное, безопасных летних каникулах.
Мероприятия стали частью праздничной программы, подарив детям радостные эмоции и хорошее настроение.
31/05/2026
“Sushi Room” ресторанына 50 000 сом айып салынды
Коомдук жайлардагы тартипти камсыздоо жана жарандардын ден соолугун коргоо максатында Биринчи Май районунда тынчтык Мыйзамын сактоо жана тамекиге каршы мыйзамдардын аткарылышын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү.
Рейд Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана райондук ИИБ кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө кафе, ресторан жана ресто-барлар текшерилди.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 15 эс алуучу жайлар текшерилди. Текшерүүнүн натыйжасында санэпидем көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан “Sushi Room” ресторанына карата 50 000 сомдук административдик протокол түзүлдү, ошондой эле Биринчи май райондук ИИБ тарабынан жеке жактарга карата жалпы 9000 сом суммасына тамеки чеккендиги үчүн 3 административдик протокол түзүлдү.
Кардарлар жана мекемелердин кызматкерлери менен тамекиге каршы Мыйзамдын жана тынчтык Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана жарандар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында мындай рейддик иш-чаралар улантыларын эскертебиз.
———————————————
Заведение «Sushi Room» было оштрафовано на 50 000 сомов
В целях обеспечения общественного порядка в общественных местах и защиты здоровья граждан в Первомайском районе проведён рейд по соблюдению Закона о тишине и проверке исполнения антитабачного законодательства.
Рейд был организован сотрудниками администрации Первомайского района совместно с ЦГСЭН по городу Бишкек и с сотрудниками УВД района. В ходе мероприятия были проверены кафе, рестораны и бары.
По результатам рейда были проверены 15 заведений. В ходе рейдового мероприятия сотрудниками ЦГСЭН был составлен административный протокол в отношении заведения «Sushi Room” на сумму 50 000 сом, также со стороны УВД Первомайского района составлено 3 административных протокола в отношении физических лиц за курение табачных изделий на общую сумму 9000 сомов.
С посетителями и персоналом заведений проведена разъяснительная работа по соблюдению требований антитабачного Закона и Закона о тишине.
Отмечаем, что подобные рейдовые мероприятия будут продолжены в целях контроля соблюдения законодательства и создания безопасных условий для граждан.
28/05/2026
В Первомайском районе наградили
призёров олимпиады и педагогов.
28 мая 2026 года в Первомайском районе состоялась торжественная церемония награждения призёров республиканской олимпиады, педагогов образовательных организаций.
В ходе мероприятия были отмечены учащиеся, достойно представившие район на республиканском уровне, учителя, подготовившие победителей и призёров, а также сотрудники образовательных организаций, активно участвующие в общественной и образовательной жизни района.
В своём выступлении заместитель главы района Жаныкеева Чынара Доктурбековна подчеркнула, что достижения учащихся являются результатом совместной работы педагогов, родителей и самих школьников, а развитие образования остаётся одним из приоритетных направлений.
Мероприятие направлено на поддержку талантливой молодёжи, повышение престижа образования и признание труда педагогов.
26/05/2026
В Первомайской администрации прошло совещание по подготовке к празднованию Курман айта.
В Первомайской районной администрации прошло совещание по подготовке к празднованию Курман айта. Заседание прошло под председательством первого заместителя главы района Р.Ы. Жолдошова.
В совещании приняли участие начальники муниципальных территориальных управлений, а также представители всех соответствующих городских служб.
В ходе заседания были обсуждены вопросы обеспечения санитарного порядка, соблюдения ветеринарных норм и недопущения стихийной торговли на территории района.
По итогам совещания, соответствующим службам поручено пресечь открытие несанкционированных мясных боен, а также усилить контроль за фактами стихийной торговли мясной продукцией. Работа в данном направлении будет проводиться в усиленном режиме в период празднования Курман айта.
25/05/2026
В Первомайском районе продолжаются встречи
с родителями по вопросам окончания учебного года
С 20 мая 2026 года в Первомайском районе проводятся встречи с родителями учащихся всех общеобразовательных организаций, направленные на обсуждение вопросов безопасности несовершеннолетних в период завершения 2025–2026 учебного года и летних каникул, в ходе которых обсуждаются вопросы обеспечения безопасности детей во время проведения мероприятия «Последний звонок», организации летнего отдыха, профилактики суицида, домашнего и школьного насилия, наркомании, а также предупреждения иных правонарушений среди несовершеннолетних.
Особое внимание уделяется вопросам усиления родительского контроля, обеспечения безопасности детей в каникулярный период, предупреждения чрезвычайных ситуаций и несчастных случаев, а также соблюдения правил безопасности на водоёмах.
Кроме того, родителям даны рекомендации по недопущению незаконных сборов денежных средств, усилению контроля за детьми и созданию безопасных условий в период летних каникул.
————————————————————————————————————
Биринчи май районунда окуу жылынын аякташына
байланыштуу ата-энелер менен жолугушуулар уланууда
2026-жылдын 20-майынан тартып Биринчи май районунда бардык мектептерде окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жолугушуулардын жүрүшүндө 2025–2026-окуу жылынын аяктоо мезгилинде жана жайкы каникул учурунда жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу, «Акыркы коңгуроо» иш-чарасын өткөрүү маалындагы коопсуздук чаралары, жайкы эс алууну уюштуруу, суициддин, үй-бүлөлүк жана мектептеги зомбулуктун, баңгиликтин алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы башка укук бузууларды болтурбоо маселелери талкууланууда.
Өзгөчө көңүл ата-энелик көзөмөлдү күчөтүүгө, каникул мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыз кылууга, өзгөчө кырдаалдардын жана кырсыктардын алдын алууга, ошондой эле суу объектилериндеги коопсуздук эрежелерин сактоого бурулууда.
Мындан тышкары, ата-энелерге мыйзамсыз акча чогултууларга жол бербөө, балдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жайкы каникул учурунда алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар берилди.
22/05/2026
В связи с публикацией на сайте некоторых СМИ, сообщаем следующее.
Между Муниципальным управлением собственности мэрии города Бишкек и арендаторами действительно были заключены договоры на осуществление деятельности по прокату велосипедов в парке имени Ч. Айтматова.
Согласно условиям договоров арендаторам было разрешено размещение и прокат велосипедов в количестве 5 единиц.
Однако, в ходе проведённых рейдовых мероприятий, было установлено, что фактическое количество используемых велосипедов значительно превышало предусмотренное договором. Кроме того, на территории были выявлены нарушения санитарных норм и правил благоустройства, выраженные в захламлении территории и создании антисанитарных условий.
По итогам рейда, 40 велосипедов были изъяты и помещены на временную стоянку муниципальной администрации. В связи с выявленными нарушениями условий договоров, а также несоблюдением установленных требований, муниципальная администрация была вынуждена инициировать и обратиться в соответствующие органы о расторжении договоров в одностороннем порядке в соответствии с действующим законодательством и условиями заключённых соглашений.
21/05/2026
В Первомайском районе состоялся семинар
для специалистов системы защиты детей
Сегодня в зале заседаний Муниципальной администрации по Первомайскому району состоялся обучающий семинар для членов Комиссии по делам детей, социальных работников МТУ и УСР.
Основной целью тренинга стало усиление межведомственного взаимодействия, обеспечение своевременной защиты прав и интересов детей, а также совершенствование системной работы по выявлению и поддержке семей и детей, оказавшихся в трудной жизненной ситуации (ТЖС).
В ходе семинара участники обсудили Положение о порядке выявления детей и семей, находящихся в ТЖС, утверждённое постановлением Правительства Кыргызской Республики от 22 июня 2015 года №391. Особое внимание было уделено алгоритму действий — от выявления и проведения всесторонней оценки до разработки Индивидуального плана защиты ребёнка.
_________________________________________________________
Биринчи Май районунда балдарды коргоо
системасынын адистери үчүн семинар өттү
Бүгүн Биринчи май району боюнча Муниципалдык администрациянын жыйындар залында Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, МАБ жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери үчүн окутуу семинары өткөрүлдү.
Тренингдин максаты - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, балдардын укуктарын өз убагында коргоону камсыз кылуу, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга (ТОК) кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана колдоо боюнча системалуу ишти жакшыртуу болду.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтому менен бекитилген ТОКтагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо тартиби талкууланды. Өзгөчө көңүл аныктоодон тартып ар тараптуу баалоого жана Баланы коргоонун жекече планын иштеп чыгууга чейинки алгоритмге бурулду.
20/05/2026
В Первомайском районе провели профилактический рейд среди пешеходов и велосипедистов
В Первомайском районе со стороны районной администрации совместно с сотрудниками УВД Первомайского района и МТУ №203 проведены предупредительные рейдовые мероприятия по соблюдению правил дорожного движения пешеходами, велосипедистами, владельцами мопедов и средств индивидуальной мобильности.
В ходе рейда участники прошлись по основным улицам района, провели разъяснительные беседы с жителями и напомнили о необходимости соблюдать правила дорожного движения, переходить дорогу только в установленных местах, соблюдать скоростной режим и быть внимательными на проезжей части.
Особое внимание уделено велосипедистам и пользователям электросамокатов. Сотрудники разъяснили, в каких местах разрешено передвигаться на велосипедах и средствах индивидуальной мобильности, а где движение запрещено в целях безопасности пешеходов и других участников дорожного движения.
Гражданам также напомнили об ответственности за нарушение правил дорожного движения согласно статье 190 Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях.
Отмечаем, что работы в данном направлении будут продолжены. При выявлении нарушений в отношении граждан будут составляться административные протоколы.
—————————————————————
Биринчи май районунда жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер үчүн профилактикалык рейд болуп өттү
Биринчи май райондук администрациясы Биринчи май РИИБнин жана №203 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте жөө жүргүнчүлөрдүн, велосипедчилердин, мопед айдоочуларынын жана самокат колдонуучуларынын жол кыймылынын эрежелерин сактоосу боюнча профилактикалык рейд жүргүзүштү.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар райондун негизги көчөлөрүндө тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жолду белгиленген өтмөктөрдөн гана кесип өтүү, ылдамдык чектөөлөрүн сактоо жана жолдо этият болуу зарылдыгын эскертишти.
Велосипедчилерге жана самокат колдонуучуларына өзгөчө көңүл бурулду. Кызматкерлер кайсы жерлерде уруксат берилгенин жана жөө жүргүнчүлөрдүн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн кайсы жерлерде тыюу салынганын түшүндүрүштү.
Ошондой эле жарандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жазалар эскертилди.
Бул жааттагы аракеттер улантылат. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, жарандарга административдик протоколдор түзүлөөрүн эскертебиз.