05/06/2026
https://youtu.be/xtvrw0ArFMs?si=gUIuikAnt-kg98fd
КЫРГЫЗ ДИПЛОМАТИЯСЫНЫН ДҮЙНӨЛҮК САЯСАТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ИЙГИЛИГИ
Enjoy the videos and music you love, upload original content, and share it all with friends, family, and the world on YouTube.
04/06/2026
🔹 Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын ТИМ башчылары Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы менен куттукташты
2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Чет өлкөлүк кесиптештери кыргыз тарапты Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен жылуу куттуктап, муну Кыргызстандын эл аралык аренадагы өсүп жаткан кадыр-баркынын жана ролунун таанылышы катары белгилешти.
Министр Ж.Кулубаев өлкөнүн талапкерлигин колдогону жана БУУ аянтчасында тилектештик көрсөткөнү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар эки тараптуу форматта да, көп тараптуу институттардын алкагында да өз ара кызматташууну мындан ары чыңдоого берилгендигин ырасташты.
************
🔹 Главы МИД стран Центральной Азии и Азербайджана поздравили Кыргызстан с избранием в Совет Безопасности ООН
4 июня 2026 г. Министр иностранных дел Кыргызской Республики Жээнбек Кулубаев провел серию телефонных разговоров с министрами иностранных дел Узбекистана, Казахстана, Туркменистана, Таджикистана и Азербайджана.
Зарубежные коллеги тепло поздравили кыргызскую сторону с избранием в качестве непостоянного члена Совета Безопасности ООН на период 2027–2028 гг., отметив это как признание возрастающего авторитета и роли Кыргызстана на международной арене.
Министр Ж.Кулубаев выразил искреннюю благодарность за поддержку кандидатуры страны и солидарность на площадке ООН.
В завершение стороны подтвердили приверженность к дальнейшему укреплению взаимодействия, как в двустороннем формате, так и в рамках многосторонних институтов.
*************
🔹 Foreign Ministers of Central Asian Countries and Azerbaijan Congratulate Kyrgyzstan on Its Election to the UN Security Council
On June 4, 2026, Minister of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic Zheenbek Kulubaev held a series of telephone conversations with the foreign ministers of Uzbekistan, Kazakhstan, Turkmenistan, Tajikistan, and Azerbaijan.
His counterparts warmly congratulated the Kyrgyz side on its election as a non-permanent member of the United Nations Security Council for the 2027–2028 term, describing it as recognition of Kyrgyzstan’s growing authority and role in international affairs.
Minister Kulubaev expressed his sincere gratitude for their support of Kyrgyzstan’s candidacy and for their solidarity within the framework of the United Nations.
At the conclusion of the conversations, the parties reaffirmed their commitment to further strengthening cooperation both bilaterally and within multilateral institutions.
04/06/2026
🇰🇬🇺🇿 Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен Президент Садыр Жапаровду куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктады.
Өзбекстандын лидери БУУга мүчө мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын талапкерлигин кеңири колдоосу Кыргызстандын эл аралык аброю жогору экендигинин, ошондой эле өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган саясаттын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылгандыгынын айкын далили экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президентине жылуу куттуктоосу жана боордош Өзбекстандын туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын талапкерлигин жылдырууга Борбор Азия өлкөлөрү кошкон салымды өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди алдыга жылдыруу боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги талкууланды.
****
🇰🇬🇺🇿 Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев поздравил Президента Садыра Жапарова с избранием Кыргызстана непостоянным членом Совета Безопасности ООН
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 4 июня, провел телефонный разговор с Президентом Республики Узбекистан Шавкатом Мирзиёевым.
В ходе беседы Президент Шавкат Мирзиёев сердечно поздравил Президента Садыра Жапарова с избранием Кыргызстана непостоянным членом Совета Безопасности Организации Объединённых Наций на 2027–2028 годы.
Глава Узбекистана отметил, что убедительная поддержка кандидатуры Кыргызской Республики со стороны государств – членов ООН является ярким свидетельством высокого международного авторитета Кыргызстана, признания проводимого руководством страны курса на укрепление мира, стабильности и устойчивого развития.
Президент Садыр Жапаров выразил искреннюю признательность Президенту Узбекистана за теплые поздравления и неизменную поддержку братского Узбекистана.
Глава государства особо отметил вклад стран Центральной Азии в продвижение кандидатуры Кыргызстана в рамках выборной кампании.
Садыр Жапаров подтвердил готовность Кыргызской Республики к активному взаимодействию с партнерами по продвижению вопросов, представляющих взаимный интерес, на площадке Совета Безопасности ООН.
В ходе телефонного разговора лидеры также обсудили актуальные вопросы кыргызско-узбекского всеобъемлющего стратегического партнерства, ход реализации ранее достигнутых договоренностей и подтвердили обоюдную заинтересованность в дальнейшем углублении многопланового сотрудничества.
Обсужден график предстоящих мероприятий на высшем уровне.