УКС мэрии города Бишкек

УКС мэрии города Бишкек

Share

Управление является единым заказчиком-застройщиком по объектам строительства и реконструкции

20/05/2026

Бишкекте №3 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5-кичирайондо жайгашкан №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу улантылууда.

Photos from УКС мэрии города Бишкек's post 20/05/2026

Бишкекте №3 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 5-кичирайондо жайгашкан №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу улантылууда.

Жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат үч кабаттуу жер төлөсү менен Т-түрүндөгү формада курулууда. Долбоор окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле мектептин учурдагы имаратына түшкөн жүктү азайтууга багытталган.

Жаңы корпуста окуу класстары, спорт залы, актовый залы, ашкана, дарыгердин кабинети, директор жана завучтардын кабинеттери, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ырдоо кабинети, жууну бөлмөсү жана санитардык түйүндөр каралган.

Жер төлө бөлүгүндө техникалык жайлар жайгаштырылат, анын ичинде жылуулук түйүнү, насос станциясы, желдетүү тутуму, электр бөлүштүрүүчү бөлмө жана кампа жайлары бар.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында мектептин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү каралган. Бул жерде мини-футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси жана жашыл аянтчалар түзүлөт.

Бүгүнкү күндө объектте фасаддык жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат, желдетүү системасы орнотулууда, ошондой эле мектеп аймагын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.
___________________________________________
В Бишкеке продолжается строительство дополнительного учебного корпуса школы №3

Управлением капитального строительства мэрии города Бишкек продолжается строительство дополнительного учебного корпуса средней общеобразовательной школы №3, расположенной в 5-м микрорайоне.

Новый учебный корпус рассчитан на 500 ученических мест. Здание будет трехэтажным с подвальным этажом, Т-образной формы. Реализация проекта направлена на создание современных и комфортных условий для обучения школьников, а также снижение нагрузки на действующее здание школы.

В новом корпусе предусмотрены учебные классы, спортивный зал, актовый зал, столовая, кабинет врача, кабинеты директора и завуча, учительская, кабинет музыки и пения, душевые и санитарные узлы.

В подвальном этаже разместятся технические помещения, включая теплоузел, насосную, вентиляционную, электрощитовую и складские помещения.

Кроме того, проектом предусмотрено комплексное благоустройство территории школы. Здесь появятся мини-футбольное поле, волейбольная и баскетбольная площадки, воркаут-зона, беговая дорожка на 100 метров, а также зеленые насаждения.

На сегодняшний день на объекте проводятся фасадные и внутренние отделочные работы, осуществляется монтаж вентиляционной системы, а также выполняются работы по благоустройству территории школы.

Photos from УКС мэрии города Бишкек's post 19/05/2026
Photos from УКС мэрии города Бишкек's post 19/05/2026

Жаш техниктер станциясынын курулушу кайсы этапта?

Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан Жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда.

Учурда ички жасалгалоо жана фасаддык иштери жүрүп жатат. Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт.

Жаңы имарат төрт кабаттан жана жер төлөдөн турат. Анда, окуу кабинеттери, музей, китепкана, конференц-зал, ошондой эле балдар үчүн чыгармачылык жана спорттук бөлмөлөр жайгашат.

Жанаша жайгашкан аймакта машыгуу аянты, картодром аянты жана практикалык машыгуу аянтчалары болот.
______________________________________________
На каком этапе строительство Станции юных техников?

В Бишкеке продолжается строительство Станции юных техников по улице Льва Толстого, 144.

На сегодняшний день на объекте ведутся внутренние отделочные и фасадные работы. Общая площадь здания составляет 2563 м².

Новое здание состоит из 4 этажей и цокольного этажа. Здесь будут размещены учебные кабинеты, обсерватория, музей, библиотека, конференц-зал, а также творческие и спортивные помещения для детей.

На прилегающей территории предусмотрены workout-зона, картодром и площадки для практических занятий.

Photos from УКС мэрии города Бишкек's post 16/05/2026

Бишкекте Ч.Айтматов проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөдө оңдоо иштери башталды

Бишкектеги Ч.Айтматов проспектиси менен Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги эстакадалык көпүрөдө оңдоо иштери 2026-жылдын 16-майында башталат.

Оңдоо иштерине байланыштуу Ч.Айтматов проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейинки, ошондой эле Л.Толстой көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки кесилиш убактылуу жабылат.

Мындан тышкары, Ч.Айтматов проспектисиндеги курулуш иштери жүрүп жаткан жерлерде асфальт төшөө иштерине байланыштуу эстакадалык көпүрөнүн эки тарабына убактылуу тосмолор орнотулат.

Жол кыймылына чектөөлөр 2026-жылдын 15-июлуна чейин күчүндө болот.

Ишке эскирген конструкцияларды демонтаждоо, анын ичинде каптамаларды алып салуу, тротуарларды оңдоо, аянтты тазалоо жана курулуш таштандыларын чыгаруу кирет.

Фасаддарды жаңылоодо заманбап жана декоративдик материалдар колдонулат.

Ошондой эле, тротуарды калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Жумуштардын өзүнчө топтомуна коммуналдык инфраструктураны жаңыртуу, анын ичинде жаңы кабелдик линияларды тартуу, жарыктандыруу жабдууларын алмаштыруу жана энергияны үнөмдөөчү LED лампаларын орнотуу кирет.

Акыркы этапта темир тосмолор орнотулат.

_______________________

В Бишкеке стартуют ремонтные работы путепровода на пересечении проспекта Ч.Айтматова и улицы Л.Толстого

В городе Бишкек с 16 мая 2026 года начнутся ремонтные работы путепровода на пересечении проспекта Ч.Айтматова и улицы Льва Толстого.

В связи с проведением ремонтных работ временно будет закрыта развилка с проспекта Ч.Айтматова на улицу Льва Толстого, а также с улицы Льва Толстого на проспект Ч.Айтматова.

Кроме того, в связи с выполнением облицовочных работ вдоль проспекта Ч.Айтматова на участках установки строительных лесов с обеих сторон путепровода будут установлены временные ограничители.

Ограничение движения будет действовать до 15 июля 2026 года.

В рамках работ предусмотрен демонтаж устаревших конструкций, включая разборку облицовки, снятие тротуарных покрытий, а также очистку объекта и вывоз строительного мусора.

Одним из ключевых направлений станет обновление облицовки с применением современных материалов — устройство вентилируемых фасадов и монтаж декоративных панелей.

Также запланировано восстановление покрытий: устройство железобетонных ступеней и пандусов, формирование подстилающих слоёв и укладка гранитных плит.

Отдельный блок работ включает модернизацию инженерной инфраструктуры — прокладку новых кабельных линий, замену осветительного оборудования и установку энергоэффективных LED-светильников.

Завершающим этапом предусмотрены отделочные работы и установка ограждений из нержавеющей стали.

07/05/2026

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек мэриясы борборубуздун фонтан комплекстерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча масштабдуу иштерди улантууда

Тилекке каршы, акыркы 30 жылдын ичинде шаардык фонтандардын басымдуу бөлүгү кароосуз калып, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ала-Тоо аянтындагы, “Күн балыгы” Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Театралдык сквердеги, Уркуя Салиева аянтындагы сквердеги жана Бишкек мэриясынын алдындагы фонтан комплекстери оңдолду.

Ошондой эле Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында, Жаштар аллеясында, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, «Аска-Таш» мемориалдык комплексинде, “Өкмөттүк” жана «Алтын балыктар» фонтандарында реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы мындан ары да шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүү максатында бардык фонтандарды этап-этабы менен иретке келтирүүдө.

Буга байланыштуу, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, тактап айтканда 24.KG сайтында таратылган маалымат чындыкка дал келбестигин жана жүргүзүлүп жаткан иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн чагылдырбай тургандыгын билдиребиз.

Шаардыктарды жаңыланган фонтан комплекстерине келип, жүргүзүлгөн реконструкциянын сапатына өз көзүңүздөр менен күбө болууга, жаңыланган шаардын атмосферасынан ырахат алууга жана аткарылган иштердин жыйынтыгына баа берүүгө чакырабыз.

Photos from УКС мэрии города Бишкек's post 30/04/2026

Борбор калаада Шаар күнүнө карата эки жаңыланган фонтан пайдаланууга берилди

Бишкек шаарында Шаар күнүн майрамдоонун алкагында, шаар мэри Айбек Джунушалиев катышкан салтанатта капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Алар — Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында жайгашкан фонтан жана Уркуя Салиева аянтындагы фонтан.

Жанаша жайгашкан аймактарды оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Театралдык гүл бакчасында фонтанды оңдоо иштерин «Азия Строй Групп» ЖЧКсы аткарды. Реконструкциянын жүрүшүндө фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду, айлана-тегерегине таман таштар төшөлдү.

Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды «Гранд ПРО» ЖЧКсы реконструкциялады. Бул жерде заманбап технологиялар колдонулуп, жарык-музыка менен коштолгон «бийлеген» фонтан системасы орнотулду.

Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган. Айлана-чөйрө жакшыртылып, жаңы таман таштар, отургучтар жана таштанды челектери орнотулган.

Эки объект тең белгиленген жол-жоболорго ылайык пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи шаар тургундары үчүн маанилүү окуя жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду.
______________________________________________
В Бишкеке ко Дню города открыли два обновленных фонтана

В Бишкек в рамках празднования Дня города с участием мэра Айбека Джунушалиева состоялось открытие после капитального ремонта двух городских фонтанов — в Театральном сквере рядом с Кыргызским национальным театром оперы и балета и на площади Уркуи Салиевой.

Работы по капитальному ремонту и благоустройству прилегающих территорий реализованы Управлением капитального строительства мэрии города Бишкек за счет средств местного бюджета.

В Театральном сквере подрядной организацией выступило ОсОО «Азия Строй Групп». В ходе реконструкции полностью обновлены инженерные сети фонтана, восстановлены чаши архитектурной формы с применением современных материалов и оборудования. Установлена новая система освещения, уложена брусчатка.

На площади Уркуи Салиевой подрядной организацией выступило ОсОО «Гранд ПРО».. Фонтан полностью реконструирован с применением современных технологических решений, включая светомузыкальную систему с эффектами «танцующего» фонтана.

Также внедрены системы фильтрации воды и сбора листвы. Прилегающая территория благоустроена: уложена новая брусчатка, установлены скамейки и урны.

Оба объекта введены в эксплуатацию в установленном порядке. Церемония открытия стала значимым событием для жителей города и еще одним шагом в развитии городской инфраструктуры.

30/04/2026

Бишкек – 148: борбор калаада №132 бала бакча ачылды

_________________

Бишкек - 148: в столице состоялось открытие детского сада №132

30/04/2026

Борбор калаада Шаар күнүнө карата эки жаңыланган фонтан пайдаланууга берилди

_____________________

В Бишкеке ко Дню города открыли два обновленных фонтана

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Website

Address


Улица Токтогула , 175
Bishkek

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30