01/06/2026
Ленин районунда Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди
2026-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарынын Ленин районунда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Негизги майрамдык программа «Фучик» сейил багында Ленин райондук администрациясы тарабынан «Диалог» маданият үйү жана Дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте уюштурулду. Балдар үчүн концерттик программа, оюн-зоок иш-чаралары жана спорттук мелдештер тартууланып, майрамдык маанай түзүлдү.
Иш-чарага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган балдар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышышты.
Мындан тышкары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан райондун бир катар аймактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Тактап айтканда, Киркомстромдогу сейил бакта, Товарный көчөсүндө, «Ала-Тоо» конушунда, №104, №106 жана №107 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын имараттарында, Токтогул көчөсүндөгү №52 турак үйдүн аймагында, «Чоң-Арык» айылындагы маданият үйүндө, ошондой эле «Ак-Ордо» конушундагы Иманалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде оюн-зоок программалары, спорттук оюндар өткөрүлүп, балдарга балмуздак таратылды.
Майрамдык иш-чараларга жалпысынан 3500дөн ашуун бала катышты.
Ошондой эле Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан «Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялык борборунун жана №22 атайын мектептин тарбиялануучулары үчүн атайын белектер тапшырылып, спорттук оюндар уюштурулду.
Балдардын кубанычына бөлөнгөн бул майрам алардын чыгармачылык, спорттук жана маданий өнүгүүсүнө дем берип, Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн маанисин дагы бир жолу даңазалады.
01/06/2026
Ленин районунда жашы жетелектер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү
2026-жылдын 29–31-май күндөрү Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасынын алкагында жана окуу жылынын аякташына байланыштуу өткөрүлүүчү кечелерди, көзөмөлсүз жаратылышка чыгууларды болтурбоо, ошондой эле түнкү убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жетелектерди аныктоо максатында рейддик иш-чаралар уюштурулду.
Рейддер муниципалдык администрация башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилованын жетекчилиги алдында өткөрүлүп, ага муниципалдык администрациянын, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иш алып баруу инспекциясынын, Билим берүү башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.
Түзүлгөн жумушчу топтор тарабынан жашы жетелектер көп чогулган коомдук жайлар, сейил бактар, интернет-клубдар, антикафелер, кафе жана ресторандар текшерилип, профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Маалымат үчүн: Ленин району боюнча 2025–2026-окуу жылында жалпы 11 752 бүтүрүүчү бар. Алардын ичинен 3 837 окуучу 11-классты, ал эми 7 735 окуучу 9-классты аяктоодо.
Өткөрүлгөн рейддик иш-чаралар жашы жетелектердин коопсуздугун камсыздоого, алардын арасында укук бузуулардын алдын алууга жана коомдук тартипти сактоого багытталды.
29/05/2026
Прокуратурой Ленинского района города Бишкек продолжается работа по защите прав несовершеннолетних
Прокуратурой Ленинского района города Бишкек на постоянной основе осуществляется надзор за соблюдением прав и законных интересов несовершеннолетних.
Так, в первом квартале 2026 года в сфере исполнения законодательства о детях проведено 6 проверок, по результатам которых выявлено 23 нарушения закона. В целях устранения выявленных нарушений внесено 5 представлений, предъявлено 2 исковых заявления, вынесено 5 постановлений об отмене постановлений по делам о правонарушениях, а также возбуждено 4 дисциплинарных производства.
Кроме того, по результатам рассмотрения актов прокурорского реагирования 3 должностных лица привлечены к различным видам дисциплинарной ответственности.
Особое внимание прокуратурой уделяется вопросам защиты детей, находящихся в трудной жизненной ситуации, а также профилактике правонарушений среди несовершеннолетних. В рамках надзорной деятельности проводятся проверки образовательных и социальных учреждений на предмет соблюдения требований законодательства о правах ребенка. При выявлении нарушений принимаются меры прокурорского реагирования, направленные на восстановление нарушенных прав несовершеннолетних.
Наряду с этим прокуратурой района проводятся профилактические беседы, лекции и иные мероприятия, направленные на правовое просвещение детей и подростков. Органы прокуратуры также принимают участие в судебных процессах, связанных с защитой прав и законных интересов несовершеннолетних.
Работа в данном направлении находится на постоянном контроле прокуратуры Ленинского района города Бишкек.
29/05/2026
Ленин районунда “Акыркы коңгуроо” салтанаты белгиленди
2026-жылдын 29-май күнү Ленин районунун Орок аймагында жайгашкан №119 Рустамбек Мамыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев катышып, бүтүрүүчүлөрдү, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө район башчысы бүтүрүүчүлөргө келечектеги окууларына жана турмуштук жолуна ийгиликтерди каалап, билимдүү, мекенчил жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошорун белгиледи. Ошондой эле билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан мугалимдерге жана мектеп жамаатына ыраазычылык билдирилди.
Салтанаттын жүрүшүндө окуучулар тарабынан концерттик программа тартууланып, ыр-бийлер аткарылды. Бүтүрүүчүлөрдүн коштошуу вальсы жана акыркы коңгуроонун жаңырыгы иш-чарага өзгөчө маанай тартуулап, унутулгус мүнөттөрдү жаратты.
Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында ата-энелерге кайрылуу жасалып, бүтүрүүчү класстын окуучуларына автоунаа берүү жана шаар сыртына чыгуу менен белгилөөгө уруксат бербөө сунушталды.
“Акыркы коңгуроо” салтанаты мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн жашоодогу маанилүү жана эстен кеткис окуялардын бири катары белгиленди.