📍Санкт-Петербург, Россия Федерациясы, 2026-жылдын 3-июну
Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПМЭФ) тарыхында алгачкы жолу Кыргыз Республикасы өзүнүн Улуттук стендин тартуулады. Анын расмий ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты. Улуттук стенд ишкердик жолугушууларды өткөрүү, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп кызмат кылууда.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана ишкерликти колдоо маселелерине арналган «Россия – Кыргызстан» бизнес-диалогуна катышты.
______
📍Санкт-Петербург, Российская Федерация, 3 июня 2026 года
Впервые в истории Петербургского международного экономического форума (ПМЭФ) Кыргызская Республика представила свой Национальный стенд. В церемонии открытия принял участие Первый заместитель Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Данияр Амангельдиев. Стенд выступает площадкой для проведения деловых встреч, презентации инвестиционного потенциала страны и развития международного сотрудничества.
В рамках деловой программы форума директор Центра по развитию и продвижению экспорта «Кыргыз Экспорт» при #МЭККР Урмат Такиров принял участие в бизнес-диалоге «Россия – Кыргызстан», посвященном перспективам развития торгово-экономического сотрудничества, инвестиционного взаимодействия и поддержке предпринимательства.
Центр по развитию и продвижению экспорта - "Кыргыз Экспорт"
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Центр по развитию и продвижению экспорта - "Кыргыз Экспорт", Government Building, Bishkek.
📍Бүгүн, 2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин аймак башчыларынын V Форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу өтүүдө.
Форумдун алкагында #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору Кыргыз Республикасынын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүн, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялардын жана Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарындагы кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда В2В бизнес сүйлөшүүлөр аянтчасын уюштурду.
Көргөзмөгө тамак-аш өнөр жайы, жеңил өнөр жай, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы продукцияларды камтыган экономиканын ар кыл тармактарын өкүлдөгөн 42 ата мекендик компания катышууда.
Ишкердик сүйлөшүүлөр соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин бизнес-коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө багытталган.
____
📍Сегодня, 28 мая 2026 года в Иссык-Кульской области Кыргызской Республики проходит V Форум глав регионов и встреча городов-побратимов государств-членов Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).
В рамках форума Центр «Кыргыз Экспорт» при #МЭККР организовал выставку продукции отечественных производителей Кыргызской Республики, а также площадку для проведения В2В деловых переговоров с участием зарубежных делегаций и представителей кыргызско-китайского центра торгово-экономического сотрудничества в г. Чунцин.
В выставке принимают участие 42 отечественные компании, представляющие различные отрасли экономики, включая пищевую промышленность, легкую промышленность, сельскохозяйственную и перерабатывающую продукцию.
Деловые переговоры направлены на развитие торгово-экономических связей, расширение экспортных возможностей отечественных производителей, а также установление прямых контактов между бизнес-сообществами стран ШОС.
📢Уважаемые экспортеры!
Центр «Кыргыз Экспорт» объявляет набор компаний для участия в международной выставке F Istanbul, которая состоится в г. Стамбул (Турция) в период 26–29 августа 2026 года.
F Istanbul является одной из ведущих международных B2B-площадок в сфере пищевой промышленности, напитков, упаковки и смежных отраслей, объединяющей производителей, экспортеров и дистрибьюторов из различных стран.
К участию приглашаются:
- производители пищевой промышленности Кыргызской Республики, а также экспортно-ориентированные компании, работающие в сфере переработки пищевой продукции и смежных отраслей.
☎️По всем вопросам:
0508 95 98 99 - Исламбеков Байтүгөл
______
📢 Урматтуу экспорттоочулар!
«Кыргыз Экспорт» борбору 2026-жылдын 26–29-август күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтө турган F Istanbul эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн компанияларды тандоо башталганын жарыялайт.
F Istanbul – тамак-аш өнөр жайы, суусундуктар, таңгактоо жана ага байланыштуу тармактар боюнча дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды жана дистрибьюторлорду бириктирген алдыңкы эл аралык B2B аянтчаларынын бири.
Катышууга чакырылат:
• Кыргыз Республикасынын тамак-аш өнөр жайынын өндүрүүчүлөрү, ошондой эле азык-түлүк продукциясын кайра иштетүү жана ага байланыштуу тармактарда иш алып барган экспортко багытталган компаниялар.
☎️ Бардык суроолор боюнча:
0508 95 98 99 — Исламбеков Байтүгөл
27/05/2026
2026-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде бизнес-коомчулуктун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн (ТЭИ) катышуучуларынын катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы Россия Федерациясында товарларды жеткирүүнү күтүүнү тастыктоо (СПОТ) системасын киргизүү шарттарында иштөө механизмдерин талкуулоо болду. Аталган система 2026-жылдын 1-июнунан тарта толук кандуу ишке киргизилет.
Буга чейин камсыздоо төлөмүн колдонуу боюнча өткөөл мезгил 2026-жылдын 1-октябрына чейин каралган. Бирок мөөнөттөр кайра каралып чыгып, система 1-июндан тарта толук кандуу режимде иштей баштайт.
Кеңешменин жүрүшүндө бизнес өкүлдөрүнө СПОТ системасын ишке киргизүүгө байланыштуу экспортчуларга коюлган техникалык жана жол-жоболук талаптар боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Бизнестин жаңы жөнгө салуучу талаптарга ийгиликтүү ыңгайлашуусу үчүн Министрлик экспортчуларга арналган бир катар окутуу семинарларын өткөрүүнү пландаштырууда.
Программа СПОТ системасында иштөө эрежелерин, ошондой эле товарларды коштоочу документтерди тариздөө тартибин, анын ичинде товарларды маркировкалоо жана сертификациялоо маселелерин түшүндүрүүнү камтыйт.
Министрлик ошондой эле СПОТ системасындагы арыз россиялык импортчу тарабынан толтурулушу керектигин эскертет. Системага бардык керектүү документтер жүктөлөт, ошондой эле импортчу келишимдин суммасына жараша КНСти алдын ала төлөйт.
Тариздөөнүн жыйынтыгында QR-код форматындагы алдыдагы жеткирүү жөнүндө документ (ДОПП) түзүлөт.
Буга байланыштуу экспортчулардан көрсөтүлгөн ДОППту импортчулардан алдын ала сурап, жеткирүүлөрдү жүзөгө ашырууда аны ташуучуларга берүүнү өтүнөбүз.
#КРЭКМ #МинЭкономики #экономика #экспорт #импорт
27/05/2026
“Кыргыз Экспорт” Борбору сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Ар бир үй-бүлөгө бакыт, ынтымак, береке жана токчулук каалайбыз. Жакшы тилектер кабыл болуп, өлкөбүздө тынчтык жана өсүп-өнүгүү болсун!🌙🤲
______
Центр «Кыргыз Экспорт» поздравляет вас со священным праздником Курман айт!
Желаем каждой семье счастья, согласия, благополучия и достатка. Пусть добрые пожелания сбудутся, а в нашей стране царят мир, стабильность и процветание! 🌙🤲
📍 2026-жылдын 13-майында Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн, эл аралык маркетплейстердин, логистикалык жана IT-компаниялардын, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн электрондук коммерция тармагындагы эксперттеринин башын бириктирген Кыргызстандын сатуучулар жана маркетплейстеринин II Форуму өттү.
🤝 Форумдун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Чек ара аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясы болду. Иш-чаранын алкагында e-commerce тармагын өнүктүрүү, сооданы санариптештирүү, чек ара аралык логистика, AI-куралдарын киргизүү жана товарларды эл аралык маркетплейстерде илгерилетүү маселелери талкууланды.
🎤 Саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Чек ара аралык электрондук соода жана логистика ассоциациясынын президенти Марсель Салахунов, #КРЭКМ караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев, «Кыргыз Почтасы» ААКсынын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова, КР Соода-өнөр жай палатасынын санариптештирүү департаментинин жетекчиси Чолпон Бейшеналиева, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдын эл аралык уюмдарынын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
💬 Мындан тышкары, «Кыргыз Экспорт» борборунун директорунун орун басары Тилек Жумалиев «Борбор Азия маркетплейстеринин келечеги» аттуу панелдик сессияга катышып, анда аймактык рынокторду интеграциялоо, улуттук маркетплейстерди өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
🌐 Форумга Wildberries, Ozon, LYAM/KUPI платформаларынын, логистикалык компаниялардын, финансылык уюмдардын жана кесиптик ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
🚀 Мындай аянтчалар электрондук сооданы өнүктүрүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана кыргыз продукциясын тышкы рынокторго илгерилетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
_______
📍 13 мая 2026 года в Бишкеке прошел II Форум селлеров и маркетплейсов Кыргызстана, объединивший представителей государственных органов, бизнеса, международных маркетплейсов, логистических и IT-компаний, а также экспертов в сфере электронной коммерции из стран Центральной Азии.
🤝 Организатором форума выступила Ассоциация трансграничной электронной торговли и логистики Кыргызской Республики. В рамках мероприятия обсуждались перспективы развития e-commerce, цифровизации торговли, трансграничной логистики, внедрения AI-инструментов и продвижения товаров на международных маркетплейсах.
🎤 С приветственной речью выступили Президент Ассоциации трансграничной электронной торговли и логистики Кыргызской Республики Марсель Салахунов, заместитель директора Центра «Кыргыз Экспорт» при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики Тилек Жумалиев, заместитель генерального директора ОАО «Кыргыз Почтасы» Уулжан Масиянова, руководитель департамента по цифровизации ТПП КР Чолпон Бейшеналиева, а также представители международных организаций и бизнес-сообщества Кыргызстана, Казахстана, Узбекистана и Китая.
💬 Кроме того, заместитель директора Центра «Кыргыз Экспорт» Тилек Жумалиев принял участие в панельной сессии «Будущее маркетплейсов Центральной Азии», где обсуждались вопросы интеграции региональных рынков, развития национальных маркетплейсов и расширения экспортных возможностей отечественных производителей.
🌐 В форуме приняли участие представители платформ Wildberries, Ozon, LYAM/KUPI, логистических компаний, финансовых организаций и профессиональных ассоциаций.
🚀 Подобные площадки создают новые возможности для развития электронной торговли, укрепления международного сотрудничества и продвижения кыргызской продукции на внешние рынки.
12/05/2026
📍 2026-жылдын 12-майында «Кыргыз Экспорт» борборунда Кореянын соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (KOTRA🇰🇷) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Ага KOTRAнын Алматы шаарындагы директору Ким Джунг-хун мырза, аймактык директор Хон Дуён мырза жана аймактык директордун орун басары Йе Гван Хо мырза катышты.
📊 Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директорунун орун басары Жумалиев Т. Ж. тышкы рынокторду талдоо бөлүмүнүн башчысы Ибраимова А.А. менен биргеликте конокторду уюмдун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, көрсөтүлүүчү кызматтар жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалы тууралуу кеңири маалымат беришти.
🌐 Жолугушуу Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда тышкы соода тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо жана ата мекендик экспорттоочулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болду.
📈 «Кыргыз Экспорт» борбору эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын дүйнөлүк рынокторго илгерилетүү боюнча активдүү ишин улантат.
______
📍 12 мая 2026 года – В Центре «Кыргыз Экспорт» прошла встреча с представителями Корейского агентства по содействию торговле и инвестициям (KOTRA🇰🇷) с участием директора KOTRA в Алматы г-на Ким Джунг-хун, регионального директора г-на Хон Дуён и заместителя регионального директора г-на Йе Гван Хо.
📊 В ходе встречи заместитель директора Центра «Кыргыз Экспорт» Жумалиев Т. Ж. совместно с заведующей отделом анализа внешних рынков Ибраимовой А.А. ознакомили гостей с деятельностью организации, подробно рассказали о предоставляемых сервисах и экспортном потенциале Кыргызской Республики.
🌐 Встреча стала важным шагом в укреплении двустороннего сотрудничества между Кыргызстаном и Республикой Корея в сфере внешней торговли и создании новых возможностей для отечественных экспортеров.
📈 Центр «Кыргыз Экспорт» продолжит активную работу по расширению международного взаимодействия и продвижению продукции кыргызских производителей на мировые рынки.
28/04/2026
🔹Экспорт маселелери боюнча актуалдуу суроолор: сертификаттоо, санариптештирүү, СПОТ, маркетплейстер
2026-жылдын 28-апрелинде «Кабар» маалымат агенттигинде экспорт тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча пресс-конференция өттү.
Иш-чарада продукцияны сертификаттоо, документтерди санариптештирүү, СПОТ системасы жана маркетплейстер менен иштөө маселелери талкууланды. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүү талаптары, мамлекеттик колдоо чаралары жана электрондук сооданын өзгөчөлүктөрү боюнча маалымат берилди.
Катышуучулар:
• «Кыргыз Экспорт» борбору
• Мамлекеттик салык кызматы
• Кыргыз аккредитациялоо борбору
• Кыргызстандарт
Спикерлер шайкештик сертификаттарын алуу тартибин, аккредитацияланган органдар менен иштөөнү жана электрондук документ жүгүртүүнү түшүндүрүштү.
Ошондой эле айрым сертификаттоо органдары боюнча текшерүүлөр жана тартип бузууларга байланыштуу чектөөлөр, ошондой эле сапатты жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар белгиленди. 2026-жылдын 26-мартынан тартып ишке кирген «Шайкештикти баалоо документтеринин реестри» системасы ачыктыкты жана көзөмөлдү камсыздайт.
Пресс-конференция экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана ишкерлерди учурдагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоо максатын көздөдү.
24/04/2026
🌍 RES 2026 EXPO көргөзмөсүнө катышуунун алкагында Кыргызстандык Water Watch AI стартапы, Oscar and Sons Group компаниясы тарабынан сунушталып, Eco Startup Competition RES EXPO-2026 сынагынын жеңүүчүсү болду 🏆
Бул суу ресурстарын болжолдоо жана башкарууга багытталган инновациялык AI-платформа болуп саналат, ал:
— ичүүчү суунун жоготууларын 50%га чейин азайтат
— кургакчылыктын алдын алууга жардам берет
— Борбор Азия өлкөлөрүнө масштабдалуучу мүмкүнчүлүккө ээ
Технология дрондорду, спутниктерди жана IoT-датчиктерди бириктирип, реалдуу убакыт режиминде төмөнкүлөрдү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет:
— суу запастарын
— булгануу деңгээлин
— суу системаларындагы мыйзамсыз аракеттерди
💬 Компаниянын башкы директору
Оман Абышевдин айтымында:
«Суу ресурстарын мониторинг жана болжолдоосуз аймактын туруктуу өнүгүүсү мүмкүн эмес».
📈 Water Watch AI стартапынын жеңиши — бул бир гана компаниянын ийгилиги эмес, ошондой эле жашыл технологиялар жана санариптик чечимдер жаатында Кыргызстандык иштеп чыгуулар жогорку потенциалга ээ экенин далилдейт.
_______
🌍 В рамках участия в RES 2026 EXPO стартап из Кыргызстана Water Watch AI, представленный компанией Oscar and Sons Group, стал победителем Eco Startup Competition RES EXPO-2026. 🏆
Это инновационная AI-платформа, направленная на прогнозирование и управление водными ресурсами, которая:
— снижает потери питьевой воды до 50%
— помогает предотвращать засухи
— может масштабироваться на страны Центральной Азии
Технология объединяет беспилотники, спутники и IoT-датчики, позволяя в реальном времени отслеживать:
— запасы воды
— загрязнения
— незаконную деятельность в водных системах
💬 По словам генерального директора компании
Оман Абышев:
«Без мониторинга и прогнозирования водных ресурсов невозможно устойчивое развитие региона».
📈 Победа Water Watch AI — это не только успех отдельной компании, но и подтверждение высокого потенциала кыргызстанских разработок в сфере зелёных технологий и цифровых решений.
24/04/2026
🌍 Кыргызстан RES 2026 EXPO көргөзмөсүндөгү ишин улантууда — алгачкы жыйынтыктар да бар:
«Кыргызстанда жасалган» павильонунда бүгүн биздин компаниялар активдүү иш алып барууда:
🏦🏦 ААК «АБАНК» | ААК «Элдик Банк»
🤖 ЖЧК «ЭйАй Профи» | ЖЧК «Бинтек»
🌱 ЖЧК «Грин Спарк» | ЖЧК «Грин Солар КейДжи»
🏗 ЖЧК «МДН Групп» | ЖЧК «Трикона»
🌾 ЖЧК «К-Агро»
🌍 ЮНИСОН Групп
⚡ Жашыл энергетика фонду
🤝 ЖЧК «ЭйАй Профи»
Uzbek Technological Metals Plant менен өнөр жай тармагына ERP-чечимдерди киргизүү боюнча меморандумга кол койду.
📈 Кыргызстандын компанияларына болгон кызыгуу экспортту кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
_______
🌍 Кыргызстан продолжает работу на RES 2026 EXPO — и уже есть первые результаты:
В павильоне «Сделано в Кыргызстане» сегодня активно работают наши компании:
🏦🏦 ОАО «АБАНК» | ОАО «Элдик Банк»
🤖 ОсОО «ЭйАй Профи» | ОсОО «Бинтек»
🌱 ОсОО «Грин Спарк» | ОсОО «Грин Солар КейДжи»
🏗 ОсОО «МДН Групп» | ОсОО «Трикона»
🌾 ОсОО «К-Агро»
🌍 ЮНИСОН Групп
⚡ Фонд зелёной энергетики
🤝ОсОО «ЭйАй Профи» подписали меморандум с
Uzbek Technological Metals Plant
по внедрению ERP-решений в промышленность.
📈 Интерес к кыргызстанским компаниям открывает реальные возможности для экспорта и инвестиций.
Click here to claim your Sponsored Listing.
Location
Category
Contact the business
Telephone
Address
Bishkek
720040
Opening Hours
| Monday | 09:00 - 18:00 |
| Tuesday | 09:00 - 18:00 |
| Wednesday | 09:00 - 18:00 |
| Thursday | 09:00 - 18:00 |
| Friday | 09:00 - 18:00 |
