КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

Share

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия
Кабылдама: (0312) 64-10-24

Photos from КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия's post 05/06/2026

МЕКТЕПТЕРГЕ 3 МИҢДЕН АШЫК КИТЕП ТАПШЫРЫЛДЫ.

Бишкек шаарында «Тойбосс» компаниясынын, «Турар» басмасынын жана «Тоо балдары» коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган иш-чара болуп өттү. 5-июнда болгон бул саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышты. Кыргызстандын 100 мектебине кыргыз тилиндеги 3 миңден ашуун китеп тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болду.

Долбоордун алкагында мектеп китепканаларына кыргыз тилиндеги 3 287 китептен турган 173 китеп куржуну тапшырылды. Долбоор балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, мамлекеттик тилди жайылтууга жана окуучулардын кыргыз тилиндеги сапаттуу адабияттарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия кыргыз тилин өнүктүрүүгө, китеп окуу маданиятын жайылтууга жана балдар менен жаштар үчүн мамлекеттик тилде сапаттуу контент түзүүгө багытталган демилгелерди туруктуу колдоп келет.

Белгилей кетсек, «Тойбосс» компаниясы бул демилгени экинчи жыл катары менен колдоп, быйыл долбоордун масштабы кыйла кеңейтилди. Эгер өткөн жылы китептер өлкөнүн 50гө жакын мектебине жеткирилсе, быйыл кыргыз тилиндеги 3 287 китеп Кыргызстандын 100 мектебине тапшырылууда.
Мындай долбоорлор мамлекеттик тилди сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга олуттуу салым кошуу менен бирге өсүп келе жаткан муундун китеп окуу маданиятын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

04/06/2026

“КЫРГЫЗ ТААНУУ” ОКУУ КУРСУ МЫНДАН АРЫ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНДА ӨТҮП ТУРАТ!

Кезектеги лекция 9-июнда саат 18:30да өтөт.

📖 Тема: Үрп-адаттардын өзгөчөлүгү жана таасири.

Бул курс мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле кыргыз таанууга кызыккан ар бир жаранга арналат.

📅 Сабактар ар аптанын экинчи күнү өтөт.

📍Орду: Улуттук Илимдер Академиясы, 1-кабаттагы чоң зал.
🏢 Дарек: Чүй проспектиси 265А
⏰ Башталышы: 18:30
📞 Байланыш: 0704 705 040 (WhatsApp)
💼 Кирүү акысыз!
👉🏻 Бардык кызыккандарды чакырабыз!

29/05/2026

“КЫРГЫЗ ТААНУУ” ОКУУ КУРСУ 2-ИЮНДА СААТ 18:30ДА ӨТӨТ

📖 Тема: САЛТТЫН ТЕРЕҢДИГИ, КААДАНЫН ОРДУ

Бул сабак мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле кыргыз таанууга кызыккан ар бир жаранга арналат.

🗓 Сабактар ар аптанын экинчи күнү өтөт.

📍 Орду: Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залы (1-кабат)
🏠 Дарек: Ч.Айтматов проспекти 27
⏰ Башталышы: 18:30
📞 Байланыш: 0704 705 040 (WhatsApp)
💼 Кирүү акысыз!
👉 Бардык кызыккандарды чакырабыз!

29/05/2026

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Ч.Айтматов атындагы адабият институту уюштурган “Уңгужол-классикалык жана заманбап адабияттын руханий өзөгү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда📚

29/05/2026
29/05/2026

Кыргыз таануу сабагына катышкан угуучулардын ой-пикирлери🎧

Бул сабак мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге, ошондой эле кыргыз таанууга кызыккан ар бир жаранга арналат.

🗓 Сабактар ар аптанын экинчи күнү өтөт.

📍 Орду: Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залы (1-кабат)
🏠 Дарек: Ч.Айтматов проспекти 27
⏰ Башталышы: 18:30
📞 Байланыш: 0704 705 040
💼 Кирүү акысыз!
👉 Бардык кызыккандарды чакырабыз!

29/05/2026

Бүгүн фейсбук баракчабыз 22 000 миң катталуучу менен толукталды🥰

Мамлекеттик тилге колдоо көрсөткөн ар бириңиздерге ыраазычылык билдиребиз🤝

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын социалдык баракчаларынын шилтемелери:

🌐 Расмий сайт: mamtil.gov.kg
📲 Instagram: mamtil.gov.kg
📲 YouTube: Мамтил видео кызматы
📲 Facebook: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия

🌐Бул биз үчүн чек эмес!
📌 Бизге кошулуңуз, катталыңыз!
✨ Мамлекеттик тилди мындан ары да бирге өнүктүрөлү!

#мамтил #кыргызтили

Photos from КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия's post 28/05/2026

Улуттук комиссиянын кызматкерлери үчүн атайын "Мамлекеттик кызматчынын этикасы жана коррупциянын алдын алуу маселелери" аталышындагы семинар өттү

Бүгүн 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери үчүн «Этика кодекси жана кызыкчылыктардын кагылышуусу» темасында семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик этикасын бекемдөө, кызматтык жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышып, кеңири баяндама жасашты.

Тактап айтканда:
– мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Жыргал Маратбековна Маратбекова мамлекеттик кызматчынын этикалык жүрүм-туруму, кызматтык жоопкерчилиги жана коом алдындагы милдеттери тууралуу маалымат берди;

– укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айзада Алмасбековна Эшенкулова кызыкчылыктардын кагылышуусу, аны алдын алуу жолдору жана коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптары боюнча түшүндүрмө берди.

Семинардан катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алуу менен бирге мамлекеттик кызматта мыйзамдуулукту сактоо, кызматтык этиканы бекемдөө жана коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

❗Эгерде сиз мыйзам бузууларга, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга же пара берүү фактыларына күбө болсоңуз, кайдыгер карабастан билдирүүңүз зарыл.

📞 0556 611 811 - Айзада Дүйшөналы кызы, коррупция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл.

#ТазаКыргызстан
#МенПараБербейм
#МенПараАлбайм

Photos from КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия's post 28/05/2026

ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ГРАФИГИ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Кыргыз Энциклопедия жана терминология борборуна суроолоруңуздар жана сунуштарыңыздар болсо, бул күндөрү жазылсаңыздар болот.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Чүй проспекти 265А
Bishkek

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30