09/04/2026
2026-жылдын 8-апрелинде Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Рюити Хирано Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында JICA аркылуу ишке ашырылып жаткан «Сугат каналдарын пайдалануу жана тейлөө үчүн техникаларды камсыздоо долбоору» алкагында жабдууларды тапшыруу аземине катышты.
Сугат системасы Кыргызстандын айыл чарбасын камсыз кылган маанилүү инфраструктура болуп саналат. Бул жолу Япония тарабынан 15 экскаватор, 1 көчмө оңдоо унаасы жана 1 жүк ташуучу унаа берилди.
Бул техникалар өлкө боюнча каналдарды оңдоону ылдамдатып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.
8 апреля 2026 года Посол Японии Рюити Хирано принял участие в церемонии передачи оборудования для ирригационных каналов на площади Ала-Тоо в г. Бишкек в рамках безвозмездной помощи Японии Кыргызской Республике, реализуемой через JICA по проекту «Улучшение оборудования для эксплуатации и содержания ирригационных каналов».
Ирригационная система является важной инфраструктурой, поддерживающей сельское хозяйство Кыргызстана. В этот раз Япония передала 15 экскаваторов, 1 мобильную ремонтную мастерскую и 1 грузовой автомобиль.
Ожидается, что это позволит ускорить ремонт каналов по всей стране и повысить сельскохозяйственную продуктивность.
4月8日、平野大使は、ビシュケク市アラ・トー広場にて行われた、JICAを通して実施中の対キルギス無償資金協力「灌漑用水路の運用及び維持のための機材整備計画」による灌漑整備機材の引渡し式に出席しました。灌漑システムはキルギスの農業を支える重要なインフラです。今回、掘削機15台、移動修理車1台、トラック1台を日本から供与しました。これによって全国で灌漑用水路の補修が進み、農業生産性が向上することを期待します。
06/04/2026
2026-жылдын 28-мартында Кыргыз мамлекеттик И. Арабаев атындагы университетинде «Кыргыз Республикасындагы 2026-жылдын жапон тилиндеги чечен таймаш» өткөрүлдү. Бул иш-чарага мен калыстар тобунун төрагасы катары катышуу сыймыгына ээ болдум. Сынакка Бишкек, Ош, Нарын жана Жалал-Абад шаарларындагы билим берүү мекемелеринен жалпы 25 студент катышты. Көптөгөн көрүүчүлөрдүн алдында катышуучулар япон тилин өздөштүрүүдөгү жогорку деңгээлин жана жетишкендиктерин көрсөтүштү. Катышуучулардын деңгээли абдан жогору болуп, жеңүүчүлөрдү аныктоо оңой болгон жок. Эң мыкты жыйынтык көрсөткөн беш катышуучу май айында өтө турган Борбор Азиялык этапка катышат.
Бардык катышуучулар мындан ары да жапон тилин тынымсыз үйрөнүп, мындан да чоң ийгиликтерге жетишет деген ишенимдемин.
Хирано Рюити
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
ー
28 марта 2026 года в Кыргызском государственном университете имени И. Арабаева состоялся «Конкурс ораторского искусства на японском языке в Кыргызской Республике 2026», на котором я имел честь присутствовать в качестве председателя жюри.
В конкурсе приняли участие 25 студентов из образовательных учреждений Бишкека, Оша, Нарына и Джалал-Абада. Перед многочисленными гостями участники продемонстрировали высокий уровень владения японским языком и результаты своего обучения. Уровень выступлений был исключительно высоким, и определить лучших оказалось непростой задачей. Пятеро участников, показавших наилучшие результаты, представят Кыргызстан на Центральноазиатском этапе, который состоится в мае.
Искренне надеюсь, что все участники продолжат усердно изучать японский язык и добьются ещё больших успехов в будущем.
Хирано Рюити
Чрезвычайный и Полномочный Посол Японии в Кыргызской Республике
ー
2026年3月28日、アラバエフ・キルギス国立大学にて開催された「2026年キルギス共和国日本語弁論大会」に、審査委員長として出席いたしました。
本大会には、ビシュケク、オシュ、ナリンおよびジャララバードの教育機関から計25名の学生が出場し、会場に集まった多くの来場者を前に日本語学習の成果を披露しました。出場した皆さんの発表のレベルは非常に高く、優劣を決めるのも難しく感じました。優秀な成績を修めた五人の方々は、5月に行われる中央アジア大会へ参加されます。
参加された皆さん全員が、今後も引き続き日本語の勉強に励み成果を上げることを祈念します。
在キルギス日本国大使 平野隆一
27/03/2026
26-мартта Япониянын Кыргызстандагы Элчиси Рюити Хирано Чүй облусунун Мин-Булак аймагындагы Жаштар борборунун ачылыш аземине катышты. Аталган Борбор БУУӨП тарабынан Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылган, коомчулуктун социалдык биримдигин чыңдоого багытталган долбоордун алкагында түзүлгөн.
Борбордо жаштар тил үйрөнүү, диний сабаттуулук жана маалыматтык технологиялар сыяктуу ар түрдүү багыттарда иш-чараларга катышууда. Бул Борбор социалдык өз ара аракеттенүүнүн жана мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүнүн аянтчасы болуп, жаштардын инновациялык демилгелеринин жаралышына өбөлгө түзөт деп ишенич артылууда.
-----
26 марта Посол Японии Рюити Хирано принял участие в церемонии открытия Молодёжного центра в Мин-Булаке Чуйской области. Центр создан в рамках проекта ПРООН при финансовой поддержке Правительства Японии, направленного на укрепление социальной сплочённости сообществ.
В Центре молодёжь участвует в различных направлениях, включая изучение языков, религиозную грамотность и информационные технологии. Ожидается, что Центр станет площадкой для социального взаимодействия и развития потенциала, способствуя появлению инновационных инициатив, реализуемых молодёжью.
-----
3月26日、平野大使は、チュイ州ミン・ブラク地域においてユースセンターの開所式に出席しました。本センターは、日本政府の資金協力のもとUNDPが実施した、コミュニティの社会的結束促進を目的とした事業の一環として設立されたものです。 本センターでは、多くの若者が語学、宗教リテラシー、情報技術などの様々な分野の活動に参加しています。今後も本センターが社会交流や能力開発の拠点として活用され、若者主導による革新的な取組が数多く生まれることが期待されます。
25/03/2026
2026-жылдын 5-июлунда жапон тилинин деңгээлин аныктоо боюнча жайкы сынакка (JLPT 2026) каттоо башталды.
📅Сынак өткөрүлчү күн: 2026-жылдын 5-июль күнү (жекшемби)
🏯Сынакка каттоо 23-марттан 2-апрелине чейинки күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин, 3-апрельде саат 10:00 дон 12:00го чейин жүргүзүлөт.
🎏Арыздарды кабыл алуу К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөрүлөт (биздин дарегибиз: Тынчтык проспектиси 27, Г Блок, 3 этаж, 306-кабинет).
*Арыздар офлайн түрдө гана кабыл алынат!
🎏Керектүү документтер:
3Х4 өлчөмдөгү 2 сүрөт
Сынактын баасы:
N1 / N2 - 2000 сом
N3 / N4 / N5 - 1500 сом
+ БЛАНК - 100 сом
📩Суроолор боюнча Кыргыз Республикасындагы жапон тили мугалимдеринин ассоциациясына кайрылыңыздар.
e-mail: [email protected]
байланыш номери: +996(554)393-031; +996(555)774-060
____________________________________
C 23-марта 2026 года началась регистрация на летний экзамен по определению уровня японского языка (JLPT 2026) в г. Бишкек.
📅Дата проведения экзамена: 5-июля 2026 г. (воскресенье)
🏯Регистрация пройдет с 23-марта по 2-апреля 2026 года с 10:00 до 17:00, а 3-апреля с 10:00ч. до 12:00ч.
🎏Заявки принимаются по адресу: пр. Мира 27, Бишкекский государственный университет им.К.Карасаева, главный корпус, 3 этаж Блок Г, кабинет 306-В.
*Заявки принимаются только офлайн!
🎏При себе необходимо иметь:
2 шт фото 3х4
оплата за экзамен:
N1 / N2 - 2000 сом
N3 / N4 / N5 - 1500 сом
+ БЛАНК - 100 сом
📩По всем вопросам:
Ассоциация преподавателей японского языка в КР
e-mail: [email protected]
контактный номер: +996(554)393-031; +996(555)774-060
05/03/2026
Ак калпак жана улуттук кийимдер
күнү менен куттуктайбыз! 🇰🇬
Поздравляем с Днем Ак калпака и национальной одежды!🇰🇬
「アク・カルパック」キルギス民族帽子と伝統衣装の日おめでとうございます!🇰🇬
04/03/2026
2026-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилиги Бишкек шаарындагы мейманканада Императордун туулган күнүнө карата салтанаттуу кабыл алуу өткөрдү.
Кабыл алууга Тышкы иштер министринин орун басары Абакиров мырза жана башка чакырылган ардактуу коноктор катышты. Конокторго резиденциянын ашпозчусу Нисия мырза тарабынан даярдалган суши, вагю жана сакэ сыяктуу япон ашканасынын тамак-аштары, ошондой эле Кыргыз-Япон борборунун «Ооэдодайко» япон барабандар тобунун аткаруусу тартууланды.
КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано мырза куттуктоо сөзүндө өткөн жылдын декабрь айында Президент Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыктарын белгилеп, эки тараптуу мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишенимин билдирип, бул багытта бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.
——
20 февраля 2026 года Посольство Японии в КР провело в отеле городе Бишкеке торжественный приём по случаю дня рождения Императора.
На приёме присутствовали Заместитель Министра иностранных дел г-н Абакиров и другие приглашённые почетные гости. Гости смогли насладиться блюдами японской кухни, включая суши, приготовленные поваром резиденции г-ном Нисия, вагю и сакэ, а также выступлением группы японских барабанов Кыргызско-Японского центра «Ооэдодайко».
Чрезвычайный и Полномочный Посол Японии в КР г-н Хирано в своей приветственной речи, отметив результаты визита Президента Жапарова в Японию в декабре прошлого года, выразил надежду на дальнейшее развитие двусторонних отношений и заявил о намерении прилагать к этому все свои усилия.
——
2026年2月20日、日本大使館は天皇誕生日祝賀レセプションをビシュケク市内において開催しました。
レセプションには、主賓のアバキロフ外務次官をはじめとする招待客の皆様が出席し、西谷公邸料理人による寿司料理や和牛、日本酒などの日本料理、日本センター所属のキルギスの和太鼓グループ「大江戸太鼓」による演奏等、様々な形で日本文化を楽しんでいただきました。
平野・駐キルギス日本国特命全権大使は挨拶の中で、昨年12月のジャパロフ大統領による訪日の成果を踏まえ、今後の両国関係の一層の発展を祈念するとともに、そのために尽力していく旨述べました。
02/03/2026
Ведущая лаборатория Японии в области ИИ – Лаборатория Мацуо-Ивасава Токийского университета организует программу по основам Data Science и AI.
Курс пройдет полностью на английском языке (бесплатно, онлайн). Целевая группа – студенты. Также планируется пригласить в Японию студентов, которые завершили программу и достигли выдающихся результатов.
Крайний срок подачи заявок – 2 апреля (чт) т.г. А это значит еще есть время успеть принять участие! (На постере написано, что срок 2 марта, но это не последний срок.)
Желающие участвовать в программе могут отсканировать QR-код на постере.
Япониянын жасалма интеллект (AI) жаатындагы алдыңкы лабораторияларынын бири болгон Токио университетинин Мацуо-Ивасава Лабораториясы, маалыматтар илими (Date Science) жана жасалма интеллект (AI) боюнча акысыз окуу программасын уюштурат.
Окуу толугу менен англис тилинде (акысыз, онлайн) жүргүзүлөт. Программага студенттер катыша алат. Окуу программасын ийгиликтүү аяктап, мыкты жыйынтык көрсөткөн студенттер Японияга чакырылмакчы.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2-апрель, демек, катталууга дагы убакыт бар!
Катышууну каалагандар постердеги QR код аркылуу кириңиздер.
Лаборатория Мацуо-Ивасава предоставляет более 30 бесплатных курсов в течение года. Количество участников- примерно 27 тысяч!
Ссылка на сайту этой лаборатории; https://weblab.t.u-tokyo.ac.jp/en/about/
20/02/2026
19-февралда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси ХИРАНО Рюити мырза жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) өкүлү жана директору Кожиро Накай мырза «Айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү (БУУ ДАТП менен биргеликте)» (кайтарымсыз жардам көрсөтүү) долбоордун алкагындагы Келишимине кол коюшту. Аталган аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри ТОРОБАЕВ Бакыт Эргешевич мырза катышты.
Аталган долбоор Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ишке ашырылып, кургакчылыкка чыдамдуу жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүнү киргизүү менен бирге, климаттык шарттарга туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү, чакан фермерлердин өз ара жардамдашуу топторун жана айыл чарба кооперативдерин түзүү жана бекемдөө аркылуу айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, туруктуу айыл чарба тажрыйбаларын киргизүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана өнөр жай диверсификациясына багытталат.
19 февраля в Кыргызском Национальном Аграрном Университете им. К.И. Скрябина состоялось подписание и обмен Обменными Нотами между Чрезвычайным и Полномочным Послом Японии в Кыргызской Республике г-ном ХИРАНО Рюити и Представителем и страновым директором Всемирной продовольственной программы ООН (ВПП ООН) г-ном НАКАЙ Кодзиро относительно предоставления безвозмездной помощи в рамках Проекта «Развитие цепочек добавленной стоимости сельскохозяйственной продукции (при сотрудничестве с ВПП ООН)».
2026年2月19日、キルギス共和国国立農業大学において、平野大使と中井WFPキルギス事務所代表兼所長との間で、対キルギス無償資金協力「農産物バリューチェーン強化計画(WFP連携)」に関する交換公文の署名及び交換が行われました。署名式には、トロバエフ内閣副議長兼水資源・農業・加工産業大臣も出席しました。
13/02/2026
2026-жылдын 11-февралында (шаршемби) Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн Кыргыз Республикасына болгон Япон Өкмөтүнүн кайтарымсыз каржылык жардамынын алкагындагы «Баткен облусунда жол тейлөө жана асфальт төшөө техникаларын камсыздоо» долбоору боюнча техникаларды тапшыруу аземине катыштым.
Япон Өкмөтү аталган долбоорду ишке ашырууга 700 миллион жапон иенин (болжол менен 400 миллион кыргыз сому) бөлүүдө. Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара маселесинин чечилиши Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. Япония Өкмөтү тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышы жолдорду тейлөө жана оңдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жүк ташууларды туруктуу уюштурууга жана натыйжада аймактык экономиканын мындан ары өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем.
Баткен облусу өрүк өстүрүү боюнча кеңири таанымал аймак деп уктум. Иш сапардын жүрүшүндө жергиликтүү өрүктөн даам татып, ошондой эле ар тарапта жайгашкан өрүк зарларын көрүп, өрүк гүлдөгөн мезгилде бул аймак өзгөчө кооз көрүнүшкө ээ болору шексиз деп ойлодум.
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
ХИРАНО Рюити
2月11日(水)、キルギス共和国バトケン州バトケン市で開催された、対キルギス無償資金協力「バトケン州における道路維持管理機材及び舗装機材整備計画」の機材の引渡し式に出席しました。
日本政府は、同計画に7億円を拠出します。タジキスタンとの国境問題の解決により一層の発展が期待されるバトケン州において、日本国政府の本プロジェクトの実施を通じて、道路の維持管理能力が向上し、物流が安定化し、ひいては地域経済が発展することを期待しています。
バトケン州は、アンズの産地として有名だと伺いました。私もおいしいアンズを頂くとともに、アンズの農園をそこここに拝見し、花が咲く季節にはさぞかし美しいだろうと思った次第です。
駐キルギス日本国特命全権大使
平野 隆一
04/02/2026
Уважамые японоведы! С сегодняшенего дня (с 30 января по 31 марта) вы сможете посмотреть ондайн результаты зимнего экзамена по определению уровня японского языка.
Ссылка:
https://www.jlpt-overseas.jp/onlineresults/preinput.do
27/01/2026
26-январда, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити мырза кызматка киришүүгө байланыштуу таанышуу визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине барып, Юстиция министри Баэтов мырза менен жолугушту. Тараптар Япония жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрликтери ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүн жогору баалап, мындан ары кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешип иш алып баруу жөнүндө макулдашышты.
26 января, Чрезвычайный и Полномочный Посол Японии в Кыргызской Республике г-ин ХИРАНО Рюити нанес визит вежливости в Министерство юстиции КР по случаю своего назначения, где провёл встречу с Министром юстиции г-ом Баэтовым. Стороны высоко оценили развитие сотрудничества между министерствами юстиции Японии и Кыргызской Республики и договорились о дальнейшем углублении сотрудничества.
1月26日、平野隆一・駐キルギス日本国特命全権大使は、着任表敬のためキルギス法務省を訪れ、バエトフ法務大臣と会談しました。
双方は、日・キルギス法務省間で協力が発展していることを高く評価するとともに、今後の更なる協力の深化に向けて連携していくことで一致しました。
22/01/2026
2026-жылдын 22-январында элчи Хирано Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Джантаев мырзага сылык сапар менен барып, Кыргыз Республикасы менен адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы, кызматташтык, анын ичинде кадырларды даярдоону колдоо программасы (JDS) жана Жаш лидерлер программасы (YLP) боюнча пикир алмашуу өткөрдүү.
——
22 января 2026 года посол Хирано нанес визит вежливости главе Государственного агентства по делам государственной службы и местного самоуправления г-ну Джантаеву и провел обмен мнениями по вопросам сотрудничества с Кыргызской Республикой в области развития человеческих ресурсов, включая Программу поддержки подготовки кадров (JDS) и Программу молодых лидеров (YLP).
——
2026年1月22日、平野大使はジャンタエフ国家公務・地方自治庁長官を表敬訪問し、人材育成支援事業(JDS)及びヤング・リーダーズ・プログラム(YLP)を含むキルギスとの人材開発分野での協力に関する意見交換を行いました。