20/05/2026
Кыргызстандын санариптик нотариаты: блокчейн технологиясынын негизинде маалыматтарды коргоо
2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасында E-Notary («Электрондук нотариат») маалыматтык системасы ишке киргизилди. Нотариат институту Hyperledger Fabric платформасынын негизинде бөлүштүрүлгөн реестр технологиясына өткөрүлдү.
Долбоордун максаты — кагаз түрүндөгү жасалмалоолорду жоюу, купуя маалыматтарды коргоо жана криптографиялык алгоритмдерди колдонуу менен нотариалдык документтердин өзгөртүлбөстүгүн камсыз кылуу.
Жарандардын жеке маалыматтарынын жана мүлктүк укуктарынын коопсуздугу беш технологиялык деңгээл аркылуу камсыздалат:
Адам факторун жоюу. Нотариалдык реестр катуу хронологиялык ырааттуулук принциби менен иштейт. Тастыкталган маалыматтарды өчүрүү, өзгөртүү же артка даталап киргизүү нотариус, иштеп чыгуучу же тышкы тараптар тарабынан техникалык жактан мүмкүн эмес.
Бөлүштүрүлгөн сактоо. e-Notary маалыматтары бир эле учурда үч көз карандысыз түйүндө сакталат жана синхрондолот: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасында жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасында. Бир сервердеги маалыматтардын дал келбестиги калган эки түйүн тарабынан бөгөттөлөт.
Криптографиялык текшерүү. Ар бир нотариалдык акт коддолот. Документтеги бир гана символдун өзгөрүшү анын санариптик изин (хешин) өзгөртөт, бул жасалмалоо аракетин дароо аныктайт.
Тармактын автономдуулугу. Блокчейн тармагы жабык жана жалпы интернеттен изоляцияланган. Ага кирүү криптографиялык сертификаттар аркылуу ишке ашырылат. Тышкы интернет өчүрүлгөн учурда система бүтүмдөрдү жергиликтүү түрдө каттайт, ал эми байланыш калыбына келгенде маалыматтарды синхрондоштурат.
Купуялуулук. Изоляцияланган каналдардын (Private Channels) колдонулушу бүтүмдүн мазмунуна кирүүнү чектейт — ал маалыматка бир гана катышуучулар жана ыйгарым укуктуу нотариус ээ болот. Үчүнчү тараптар үчүн маалыматтар шифрленген бойдон калат.
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн e-Notary системасын киргизүү жасалма ишеним каттар жана архивдик документтердин жоголушу сыяктуу тобокелдиктерди минималдаштырат. Мамлекет үчүн бул долбоор мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатат, жеке менчикти коргоону камсыздайт жана санариптик экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт.
*Долбоор ЕКӨБдүн колдоосу менен ишке ашырылды.
***
Цифровой нотариат Кыргызстана: защита данных на базе технологии блокчейн
С 1 апреля 2026 года в Кыргызской Республике запущена информационная система E-Notary («Электронный нотариат»). Институт нотариата переведен на технологию распределенного реестра на базе платформы Hyperledger Fabric.
Цель проекта — исключение бумажных махинаций, защита конфиденциальной информации и обеспечение неизменяемости нотариальных документов с использованием криптографических алгоритмов.
Безопасность личных данных и имущественных прав граждан обеспечивается на пяти технологических уровнях:
1. Исключение человеческого фактора. Нотариальный реестр работает по принципу строгой хронологической последовательности. Удаление, изменение или запись задним числом подтвержденных данных технически невозможны со стороны нотариуса, разработчика или внешних лиц.
2. Распределенное хранение. Данные e-Notary одновременно записываются и синхронизируются на трех независимых узлах: в Министерстве юстиции КР, Нотариальной палате КР и ГП «Инфоком». Несоответствие данных на одном из серверов блокируется двумя другими узлами.
3. Криптографическая верификация. Каждый нотариальный акт кодируется. Изменение любого символа в документе меняет его цифровой отпечаток (хеш), что фиксирует попытку фальсификации.
4. Автономность сети. Блокчейн-сеть является приватной и закрыта от публичного интернета. Доступ к ней осуществляется по криптографическим сертификатам. При отключении внешнего интернета система регистрирует сделки локально, а после восстановления связи синхронизирует данные.
5. Конфиденциальность. Использование изолированных каналов (Private Channels) ограничивает доступ к содержанию сделки — оно доступно только ее участникам и уполномоченному нотариусу. Для сторонних пользователей данные зашифрованы.
Для граждан КР внедрение e-Notary минимизирует риски, связанные с фальшивыми доверенностями и утерей архивных документов. Для государства проект повышает прозрачность государственного управления, обеспечивает защиту частной собственности и создает условия для развития цифровой экономики.
*Проект реализован при поддержке ЕБРР
18/05/2026
Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту, бул санкциялык тобокелдиктери жогору болгон ак ниетсиз операцияларды аныктоо боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет
КР Юстиция министрлиги тарабынан биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.
Бул чара «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» жаңы Мекемелер аралык буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.
Компаниялардын тизмеси КР Экономика жана коммерция министрлиги жана санкциялык режимдин алкагында чектөөлөрдөн качуу фактылары боюнча маалыматты караган башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген.
Улуттук экономиканы коргоо жана Кыргыз Республикасы үчүн батыш өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон экинчи санкциялык чараларынын терс кесепеттерине жол бербөө максатында, КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин алкагында юридикалык жактардын ишин тиешелүү сунуштун негизинде токтотуунун жөнөкөйлөтүлгөн механизмин колдонууга мүмкүндүк берүүчү «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» Мекемелер аралык буйругун кошо алганда, бир катар контролдоо механизмдери кабыл алынды.
14/05/2026
Юстмин 2026-жылдын 1-,2-,3-,4-,5-июнуна чейин боло турган адвокаттык иш жүргүзүү укугуна экзамендер жөнүндө маалымдайт. Юстмин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиянын чечими менен 174 талапкерге экзаменге кирүүгө уруксаат берилди.
Сынак саат 9:00дө Юстминдин компьютердик классында (Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 32, 1-кабат, 122-кабинет) өткөрүлөт.
Сынак 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Суроолордун 70 жана андан ашык пайызына туура жооп берген адам квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет.
Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга квалификациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
Квалификациялык экзамендин графиги менен комментариидеги сайтка шилтемеден таанышсаңыз болот.
***
Минюст информирует о предстоящих экзаменах на право занятия адвокатской деятельностью, которые состоятся 1-,2-,3-,4-,5 июня 2026 года. Решением Квалификационной комиссии при Минюст КР по вопросам адвокатской деятельности к экзамену допущены 174 претендента.
Экзамены будут проходить в 9:00 часов, в компьютерном классе Минюста (город Бишкек, бульвар Молодой Гвардии, 32, 1-этаж, 122-кабинет).
Экзамен проводится в форме компьютерного тестирования из 110 вопросов. Лицо считается сдавшим квалификационный экзамен при правильном ответе на 70 и более процентов вопросов.
Лицам, успешно сдавшим квалификационный экзамен, в течение одного месяца со дня принятия Квалификационной комиссией решения будет выдана лицензия на право занятия адвокатской деятельностью.
С графиком проведения квалификационного экзамена можно на сайте по ссылке в комментариях.
13/05/2026
Региондордогу жеткиликтүү укуктук жардам: КР Юстиция министрлиги бүткүл өлкө боюнча 14 «Юстиция үйүн» курууда жана модернизациялоодо
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өлкөнүн ар бир тургуну үчүн укуктук жардамды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу максатында ири программаны ишке ашырууда. Өлкө боюнча «Юстиция үйлөрү» курулуп, жаңыланууда.
Бул — жарандар каалаган укуктук маселелерин бир жерден, «бир терезе» принциби боюнча чече ала турган заманбап борборлор. Бир чатырдын алдында мамлекеттик нотариустар, юридикалык жардам кызматынын адвокаттары, пробация кызматкерлери иш алып барышат.
Программа бүткүл өлкө боюнча 14 объектти камтыйт — бул 11 миң чарчы метрден ашык жаңы жана толугу менен жаңыланган административдик аянттар болот. Долбоорлор «Капиталдык салымдар» беренесинин, Юстиция министрлигинин ички фонддорунун жана атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу каржыланууда.
Жаңы борборлор кайсы жерде жана качан ачылат:
Баткен облусу: Баткен шаарында үч кабаттуу «Юстиция үйү» өз эшигин ачып, 2025-жылдын 31-августунан бери жарандарды кабыл алууда.
Жалал-Абад облусу: Жумуш эки объект боюнча жүрүүдө. Манас шаарында төрт кабаттуу имарат 2026-жылдын 5-мартында пайдаланууга берилди. Токтогул районунда курулушту ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Талас облусу: Талас шаарында эки кабаттуу борбор 2026-жылдын 24-мартынан бери иштеп жатат. Кызыл-Адыр айылында учурда документтер даярдалууда, курулуштун өзү 2026–2027-жылдардын ичинде башталат.
Ысык-Көл облусу: Каракол шаарында төрт кабаттуу имараттын курулушу аяктап жатат, ал ушул жылы ачылат. Чолпон-Ата шаарында долбоорлоо иштери жүрүүдө, курулушту 2026–2027-жылдары баштоо пландалган.
Нарын облусу: Бул жерде бир убакта үч жер жаңыланууда. Нарын шаарында жана Кочкор айылында борборлор 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде ачылат. Ак-Талаа районунда учурда долбоорлоо баскычы жүрүп жатат, курулуш иштери 2026–2027-жылдарга белгиленген.
Чүй облусу жана Бишкек ш.: Кара-Балта шаарында жаңы объект 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Борбордогу «Ынтымак» конушунда курулуш үчүн долбоор даярдалып жатат, ал 2026–2027-жылдары старт алат. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Валиханов көчөсүндө жайгашкан аянты 3,5 миң чарчы метрден ашкан ири имараттын капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады.
Ош облусу: Ош шаарында жеке инвестор менен биргеликте (МЖӨ алкагында) заманбап ири комплекс курулууда. Аны 2026-жылы ишке киргизүү пландалып жатат.
Бул программаны ишке ашыруу эң маанилүү милдетти чечет: ал борбор менен региондордун ортосундагы укуктук чек араны жоёт. Кыргызстандын ар бир жараны, облус борборунда же алыскы айылда жашаганына карабастан, ыңгайлуу, заманбап жана тоскоолдуксуз шарттарда юристтердин квалификациялуу жардамын алууга укуктуу.
13/05/2026
РЕГУЛЯТОРДУК ГИЛЬОТИНА: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИШКЕРДИК ҮЧҮН БАРЬЕРЛЕРДИ 45%ГА КЫСКАРТУУ
Кыргызстандын Эл аралык университетинин имаратында лицензиялоо-уруксат берүү тутумун реформалоо боюнча кеңейтилген талкуу өттү. Негизги басым эскирген административдик тоскоолдуктарды жоюуга багытталган Президенттин №144 «Регулятордук гильотина жөнүндө» Жарлыгын практикалык ишке ашырууга жасалды.
🔸Фактылар жана сандар
74төн ашык ведомство катышкан инвентаризациянын жыйынтыгында өлкөдөгү уруксат берүүчү документтердин саны 905тен 495ке чейин кыскартылды.
Ошентип, бизнеске болгон бюрократиялык жүк 45%га азайды. Анын ичинде 199 иш кагаз терең оптималдаштыруу процессинде турат.
🔸Бизнес менен диалог
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан реформалардын чечкиндүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти, бирок ошол эле учурда системалык көйгөйлөрдү ачык белгилешти.
Алсак, КАТОнун (Кыргыз туроператорлор ассоциациясы) өкүлү чет өлкөлүк туристтик компаниялардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу зарылдыгына токтолду. Учурда бул тармак жетишсиз жөнгө салынгандыктан, рыноктун жергиликтүү катышуучулары үчүн тең эмес шарттарды жаратууда.
🔸Реформанын башкы жыйынтыгы
Реформанын негизги натыйжасы — жарандардан жана бизнестен мамлекеттик маалымат базаларында мурунтан эле бар болгон маалыматтарды талап кылууга тыюу салуу болуп саналат.
#дебюрократизация
30/04/2026
Кыргызстанда юридикалык жактарды каттоодо жаңыланган эрежелер күчүнө кирди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобонун (2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 Токтому) жаңы редакциясын бекитти. Кабыл алынган документ системаны комплекстүү модернизациялоого жана бизнести баштоо жана жүргүзүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы киргизилген өзгөртүү — фирмалык аталышты өз алдынча текшерүү жана резервдөө мүмкүнчүлүгү. Эми ишкерлер муну маалыматтык система аркылуу онлайн жасай алышат, бул мамлекеттик органдарга жеке баруу зарылдыгын азайтып, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат.
Жаңыланган Жобо АЧИЧТтын жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобунун сунуштарын эске алат. Тактап айтканда, бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат берүү тартиби күчөтүлдү. Мындан тышкары, иштебеген юридикалык жактарды реестрден автоматтык түрдө чыгаруу механизми киргизилди, бул экономикалык талааны «жалган» компаниялардан тазалоого жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Юстиция министрлиги арыз ээлеринин көңүлүн маанилүү юридикалык аспектке бурат: жаңы нормаларга ылайык, документтер туура эмес берилгендиктен каттоодон, кайра каттоодон же ишмердүүлүгүн токтотуудан баш тартылган учурда, төлөнгөн мамлекеттик жыйымдар жана төлөмдөр кайтарылып берилбейт. Бул чара арыз ээлеринин тартибин жана каттоо документтерин даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган.
Бул Жобону кабыл алуу масштабдуу дебюрократизациялоо процесстери жана мамлекеттин жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн сервистик моделине умтулуусу менен шартталган. Документтин толук тексти жана жаңы эрежелер менен КР Юстиция министрлигинин расмий сайтынан төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://cbd.minjust.gov.kg/230044970/edition/51790/ru.