ОАО Кыргыз почтасы

ОАО Кыргыз почтасы

Share

ОАО

01/06/2026

Балдар — өлкөбүздүн келечеги, элибиздин үмүтү жана эң кымбат байлыгы. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка, билим алууга жана бактылуу балалыкка татыктуу. Бул майрам балдардын укуктарын коргоонун, алардын жаркын келечегине кам көрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салат.

Бул жаркын күнү бардык балдарга бекем ден соолук, кубанычтуу көз ирмемдерди, ал эми ата-энелерге жана үй-бүлөлөргө бакыт, ынтымак жана береке каалайбыз. Балдарыбыздын күлкүсү ар дайым жаңырып, келечеги кең, жолу ачык болсун!

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен!
“Кыргыз почтасы” ААК
————————————————————————-

Дети — это будущее нашей страны, надежда нашего народа и самое ценное богатство. Каждый ребенок заслуживает любви, заботы, возможности получать качественное образование и счастливого детства. Этот праздник еще раз напоминает нам о важности защиты прав детей и заботы об их светлом будущем.

В этот светлый день желаем всем детям крепкого здоровья, радости, ярких впечатлений и счастливых улыбок, а родителям и семьям — благополучия, согласия, мира и добра. Пусть детский смех звучит в каждом доме, а будущее наших детей будет светлым, успешным и наполненным новыми возможностями.

С Международным днем защиты детей!

ОАО «Кыргыз почтасы»

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 29/05/2026

ЭПИСТОЛЯРДЫК СЫНАКТЫН БИРИНЧИ ЭТАБЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

«Кыргыз почтасы» ААК тарабынан уюштурулган эпистолярдык жанрдагы эл аралык сынактын биринчи этабы жыйынтыкталды. Райондук жана шаардык филиалдарга келип түшкөн каттар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, катышуучулардын чыгармачылык деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө жана мазмунунун талаптарга шайкештигине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында мыкты деп табылган катышуучулар аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле райондук жана шаардык деңгээлде тандалып алынган мыкты каттар сынактын кийинки — республикалык этабында каралат. Экинчи этаптын жеңүүчүлөрү 9-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк почта күнүнө карата аныкталат.

«Кыргыз почтасы» ААК бардык катышуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге активдүү катышуусу жана чыгармачылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.
————————————————————————-

ОПРЕДЕЛЕНЫ ПОБЕДИТЕЛИ ПЕРВОГО ЭТАПА ЭПИСТОЛЯРНОГО КОНКУРСА

Подведены итоги первого этапа международного конкурса эпистолярного жанра, организованного ОАО «Кыргыз почтасы». Письма, поступившие в районные и городские филиалы, были рассмотрены специально созданной комиссией, которая оценила творческий уровень участников, оригинальность мышления и соответствие содержания условиям конкурса.

По итогам рассмотрения были определены лучшие участники, которым вручены денежные призы и почётные грамоты. Лучшие работы, отобранные на районном и городском уровнях, направлены для участия во втором — республиканском этапе конкурса. Победители второго этапа будут определены ко Всемирному дню почты — 9 октября.

ОАО «Кыргыз почтасы» выражает благодарность всем участникам, педагогам и родителям за активное участие, творческий подход и поддержку конкурса.

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 28/05/2026

“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ААК КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МЕДИАФОРУМУНА КАТЫШТЫ

Бишкек шаарында ШКУнун алкагындагы интеграцияны тереңдетүү максатында Кыргызстан менен Кытайдын медиа коомчулугунун кызматташтыгына арналган Кыргыз-кытай медиафоруму болуп өттү. Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бизнес чөйрөсүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова почта кызматтарын санариптештирүү жана электрондук коммерция жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу баяндама жасады. Анда логистикалык инфраструктураны модернизациялоо, заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды.

“Кыргыз почтасы” ААК мындан ары да санариптик кызматтарды өнүктүрүү, кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоо жана калк менен бизнес үчүн логистикалык чечимдерди өркүндөтүү багытындагы иштерди улантат.
—————————————————————————

ОАО «КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ» ПРИНЯЛО УЧАСТИЕ В КЫРГЫЗСКО-КИТАЙСКОМ МЕДИАФОРУМЕ

В Бишкеке состоялся Кыргызско-китайский медиафорум, посвящённый развитию сотрудничества медиасообществ Кыргызстана и Китая в рамках интеграции ШОС. В мероприятии приняли участие представители государственных органов, СМИ, бизнеса и международных организаций двух стран.

В рамках форума заместитель генерального директора ОАО «Кыргыз почтасы» Уулжан Масиянова выступила с докладом о цифровой трансформации почтовых услуг и развитии международного сотрудничества в сфере электронной коммерции. В ходе выступления были представлены реализуемые проекты по модернизации логистической инфраструктуры, внедрению современных технологий и расширению международного партнёрства.

ОАО «Кыргыз почтасы» продолжит работу по развитию цифровых сервисов, укреплению кыргызско-китайского сотрудничества и совершенствованию логистических решений для населения и бизнеса.

27/05/2026

🌙 КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

“Кыргыз почтасы” ААК жалпы кыргызстандыктарды ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Бул ыйык күн ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке, ынтымак жана жакшылыктарды алып келсин. Жараткан кабыл кылган курмандыктар, таза ниеттер жана дубалар ар дайым кабыл болсун.

Элибизде биримдик бекем болуп, жүрөктөргө мээрим, сабыр жана үмүт орносун. Ар бир үйдө кубаныч, бакыт жана токчулук болсун!
—————————————————-

🌙 С ПРАЗДНИКОМ КУРБАН АЙТ!

ОАО «Кыргыз почтасы» поздравляет всех кыргызстанцев со священным праздником Курбан Айт!

Пусть этот светлый день принесёт в каждый дом мир, благополучие, согласие и добро. Пусть Всевышний примет ваши жертвоприношения, искренние намерения и молитвы.

Пусть в нашем народе крепнут единство и взаимопонимание, а сердца наполняются милосердием, терпением и надеждой. Желаем каждой семье счастья, радости и достатка!

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 21/05/2026

ПОЧТА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ “КЫРГЫЗТЕСТ” БОЮНЧА ДАЯРДОО КОНСУЛЬТАЦИЯЛАРЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

КР Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруунун алкагында «Кыргыз почтасы» ААК борбордук аппараттын кызматкерлери үчүн кызматтык жана функционалдык милдеттерди аткарууга зарыл болгон мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында окутуу жана консультациялык иш-чараларды уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга «Кыргызтест» системасы боюнча тестирлөөдөн өтүүнүн тартиби, тапшырмалардын түзүлүшү жана баалоо критерийлери тууралуу маалымат берилди. Консультациялар кызматкерлерди тестирлөөгө сапаттуу даярдоого багытталды.

«Кыргыз почтасы» ААК Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борборуна иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет.

————————————————————-

ДЛЯ СОТРУДНИКОВ ПОЧТЫ ПРОВЕДЕНЫ ПОДГОТОВИТЕЛЬНЫЕ КОНСУЛЬТАЦИИ ПО «КЫРГЫЗТЕСТ»

В рамках исполнения постановления Кабинета Министров КР ОАО «Кыргыз почтасы» организовало обучающие и консультационные мероприятия для сотрудников центрального аппарата с целью определения уровня владения государственным языком, необходимого для исполнения служебных и функциональных обязанностей.

В ходе мероприятий участникам была предоставлена информация о порядке прохождения тестирования по системе «Кыргызтест», структуре заданий и критериях оценивания. Консультации были направлены на качественную подготовку сотрудников к тестированию.

ОАО «Кыргыз почтасы» выражает благодарность Учебно-информационному и переводческому центру при Национальной комиссии по государственному языку и языковой политике при Президенте КР за содействие в организации и проведении мероприятий.

14/05/2026

Уважаемые клиенты!

В последнее время зафиксированы случаи рассылки мошеннических SMS и iMessage, отправляемых от имени ОАО «Кыргыз почтасы». В сообщениях злоумышленники требуют оплатить «таможенные сборы» или «доставку» и предлагают перейти по подозрительным ссылкам.

⚠️ Обращаем ваше внимание:

* Кыргыз почтасы не отправляет такие сообщения с иностранных номеров
* Компания не требует подтверждения действий через ссылки, «Y» или Safari
* Любые платежи осуществляются только через официальные сервисы

❌ Просим вас:

* не переходить по подозрительным ссылкам
* не вводить данные банковских карт
* не отвечать на подобные сообщения

🚨 Если вы получили подобное сообщение:

1. немедленно удалите его
2. отметьте как спам
3. предупредите родственников и знакомых

🌐 Официальный сайт:

https://post.kg

Будьте внимательны и не доверяйте неофициальным источникам информации.

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 14/05/2026

Бишкекте Борбор Азиянын электрондук коммерция, логистика, маркетплейс тармактарынын өкүлдөрүн, мамлекеттик түзүмдөрдү жана эл аралык эксперттерди бириктирген Кыргызстандын II Селлерлер жана Маркетплейстер форуму өттү. Аталган аянтча Кыргызстандагы трансчек аралык сооданы, санариптик логистиканы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү маселелерин талкуулоодо маанилүү мейкиндикке айланды.

Форумдун уюштуруучуларынын бири Кыргыз Республикасынын электрондук коммерция боюнча улуттук оператору-“Кыргыз почтасы” ААК болду. Компания өлкөдөгү e-commerce инфраструктурасын өнүктүрүү, логистикалык каттамдарды кеңейтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана ата мекендик ишкерлер менен селлерлерди колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштерин сунуштады.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар маркетплейстерди өнүктүрүү, эл аралык логистика, сооданы санариптештирүү жана жасалма интеллектти электрондук коммерция тармагына киргизүү перспективаларын талкуулашты. Иш-чарага ири эл аралык платформалардын, логистикалык жана финансылык компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Борбор Азия, Кытай жана Россия өлкөлөрүнөн келген эксперттер катышты.
———————————————————————————-

В Бишкеке прошел II Форум селлеров и маркетплейсов Кыргызстана, объединивший представителей электронной коммерции, логистики, маркетплейсов, государственных структур и международных экспертов Центральной Азии. Площадка стала важным пространством для обсуждения развития трансграничной торговли, цифровой логистики и экспортного потенциала Кыргызстана.

Одним из организаторов форума выступило ОАО «Кыргыз почтасы» — национальный оператор электронной коммерции Кыргызской Республики. Компания активно развивает e-commerce инфраструктуру страны, расширяет логистические маршруты, внедряет цифровые решения и реализует проекты поддержки отечественных предпринимателей и селлеров.

В ходе форума участники обсудили перспективы развития маркетплейсов, международной логистики, цифровизации торговли и внедрения искусственного интеллекта в сферу e-commerce. В мероприятии приняли участие представители крупных международных платформ, логистических и финансовых компаний, а также эксперты из стран Центральной Азии, Китая и России.

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 01/05/2026

“Кыргыз почтасы” ААК 1 Май — Эмгек күнү менен куттуктайт! 🌸

Кызматкерлерибизге, өнөктөштөрүбүзгө жана кардарларыбызга ишеним, колдоо жана биргелешкен эмгек үчүн ыраазычылык билдиребиз 🤝
Сиздердин эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кошкон салымыңыздар коомдун жана почта тармагынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт 📬

Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, туруктуулук жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз! ✨
——————————————————

ОАО «Кыргыз почтасы» поздравляет с 1 Мая — Днём труда! 🌸

Благодарим наших сотрудников, партнёров и клиентов за доверие, поддержку и совместную работу 🤝
Ваш труд, ответственность и вклад имеют большое значение для развития общества и почтовой отрасли 📬

Желаем крепкого здоровья, благополучия, стабильности и новых достижений! ✨

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 28/04/2026

“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ААК МИНИ-ФУТБОЛ БОЮНЧА ТУРНИРГЕ КАТЫШТЫ

“Кыргыз почтасы” ААК Байланыш күнүнө карата уюштурулган мини-футбол боюнча турнирге катышты. Спорттук иш-чара тармактагы уюмдардын өкүлдөрүн бириктирип, акыйкат атаандаштык жана командалык ынтымак шартында өттү.

“Кыргыз почтасы” ААКтын командасы жогорку даярдык деңгээлин, бирдиктүү оюнун жана жыйынтыкка болгон умтулуусун көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында команда ардактуу экинчи орунду ээледи.

Мындай иш-чаралар корпоративдик духту бекемдөөгө, командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөт.
——————————————————————

ОАО «КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ»ПРИНЯЛО УЧАСТИЕ В ТУРНИРЕ ПО МИНИ-ФУТБОЛУ

ОАО «Кыргыз почтасы» приняло участие в турнире по мини-футболу, приуроченном ко Дню связи. Спортивное мероприятие объединило представителей организаций отрасли и прошло в атмосфере честной борьбы и командного взаимодействия.

Команда ОАО «Кыргыз почтасы» продемонстрировала высокий уровень подготовки, слаженную игру и нацеленность на результат. По итогам соревнований коллектив занял почётное второе место.

Проведение подобных мероприятий способствует укреплению корпоративного духа, развитию командного взаимодействия и популяризации здорового образа жизни среди сотрудников.

Photos from ОАО Кыргыз почтасы's post 26/04/2026

“КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” ААК— СЕРГЕК ЖАШОО ОБРАЗЫ ҮЧҮН

Бишкек шаарында Business Run 2026 аттуу ири корпоративдик жүгүрүү жарышы болуп өттү. Катышуучулардын арасында “Кыргыз почтасы” ААКтын кызматкерлери да болуп, бул спорттук иш-чараны активдүү колдошту.

Жүгүрүү жарышы командалык форматта өтүп, ар түрдүү компаниялардын өкүлдөрүн жана активдүү жаштарды бириктирди. Катышуучулар физикалык даярдыгын гана эмес, командалык рухту, биримдикти жана өз ара колдоону да көрсөтүштү.

«Кыргыз почтасы» ААК сергек жашоо образын жайылтууга жана корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди туруктуу колдоп, жаштарды коомдук жана спорттук иш-чараларга активдүү тартууга өзгөчө көңүл бурат.
—————————————————————————————-

ОАО «КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ» — ЗА ЗДОРОВЫЙ ОБРАЗ ЖИЗНИ

В городе Бишкек состоялся масштабный корпоративный забег Business Run 2026. В числе участников — сотрудники ОАО «Кыргыз почтасы», активно поддержавшая данное спортивное мероприятие.

Забег прошёл в командном формате и объединил представителей различных компаний и активную молодёжь. Участники продемонстрировали не только физическую подготовку, но и командный дух, сплочённость и взаимную поддержку.

ОАО «Кыргыз почтасы» последовательно поддерживает инициативы, направленные на популяризацию здорового образа жизни и развитие корпоративной культуры, уделяя особое внимание вовлечению молодёжи в общественную и спортивную деятельность.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Category

Address


проспект Чуй, 227
Bishkek
720001