Салык кызматы / Налоговая служба

Салык кызматы / Налоговая служба

Share

Салык кызматынын расмий баракчасы / Официальная страница Налоговой службы Кыргызской Республики

03/06/2026

💍 В Кыргызстане расширены меры поддержки ювелирной отрасли

📜 Кабинет Министров Кыргызской Республики принял новое постановление для поддержки ювелирной отрасли.

📊 Согласно документу, предприниматели, ввозящие из-за рубежа оборудование и материалы, необходимые для ювелирного производства, освобождаются от уплаты НДС и таможенных сборов.

📈 Эти меры помогут развивать производство, снижать затраты и повышать конкурентоспособность кыргызских ювелирных изделий.

https://sti.gov.kg/news/details/5aad43be-550e-497b-980e-ff5d3fac0321

02/06/2026

💍 Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

📜 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зергерчилик тармагын колдоо үчүн жаңы токтом кабыл алды.

📊 Ага ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө керектүү жабдууларды жана материалдарды чет өлкөдөн алып келген ишкерлер КНСтен жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

📈 Бул чаралар өндүрүштү өнүктүрүүгө, чыгымдарды азайтууга жана кыргыз зергер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

https://sti.gov.kg/news/details/5aad43be-550e-497b-980e-ff5d3fac0321

Photos from Салык кызматы / Налоговая служба's post 30/05/2026

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү алдамчылык фактыларынын көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертет

Акыркы убакта шылуундар ар кандай амалдарды жана алдамчылык схемаларын колдонуп, анын ичинде телефон чалууларды жасап, ошондой эле мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери катары тааныштырышууда.

Ошондой эле шылуундар жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен өздөрүн Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги катары көрсөтүп, ар кандай шектүү жана мыйзамсыз аракеттерди жасоону талап кылышууда.

Мындан тышкары, шылуундар салык милдеттенмелерин төлөө боюнча жасалма билдирүүлөрдү таратып, аларды Мамлекеттик салык кызматынын атынан жөнөтүлгөн расмий билдирүү катары көрсөтүшүүдө.

Салык төлөөчүлөр төмөнкүлөрдү эстен чыгарбашы керек:

— расмий билдирүүлөр почта же «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» аркылуу гана жөнөтүлөт;

— Мамлекеттик салык кызматы WhatsApp, Telegram жана башка ушул сыяктуу мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтпөйт;

— салык органдарынын кызматкерлери жеке эсептерге же белгисиз реквизиттер боюнча акча каражаттарын которууну талап кылышпайт.

Эгерде сиз шектүү билдирүү же маалымдоо алган болсоңуз:

— шектүү шилтемелерди ачпаңыз;

— жеке маалыматтарынызды, сырсөздөрдү, SMS-коддорду жана банктык карталардын реквизиттерин бербеңиз;

— белгисиз же тастыкталбаган реквизиттер боюнча төлөм жүргүзбөңүз;

— маалыматты катталган жериңиз боюнча аймактык салык органына кайрылып тактаңыз;

— түшүндүрмө алуу үчүн 116 кыска номерине чалыңыз.

Салыктык карыздын текшерүү жана төлөм жүргүзүү «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети», ошондой эле банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу мүмкүн экендигин эскертебиз.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды сак болууга, алдамчылардын айла-амалдарына алданбоого жана шектүү кайрылуулар келип түшкөн учурда алар тууралуу дароо укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

*****

ГНС предупреждает налогоплательщиков об участившихся случаях мошенничества

В последнее время злоумышленники используют различные уловки и мошеннические схемы, в том числе совершают телефонные звонки, а также рассылают сообщения через мессенджеры и социальные сети, представляясь сотрудниками ГНС.

Также злоумышленники, используя технологии искусственного интеллекта, представляются руководством ГНС и требуют выполнения различных сомнительных и незаконных действий.

Кроме того, мошенники распространяют поддельные извещения об оплате налоговых обязательств, выдавая их за официальные уведомления от имени ГНС.

Налогоплательщикам важно помнить:

— официальные извещения направляются исключительно почтовыми отправлениями либо через «Личный кабинет налогоплательщика»;

— ГНС не направляет уведомления через мессенджеры, такие как WhatsApp, Telegram и другие подобные сервисы;

— сотрудники налоговых органов не требуют перевода денежных средств на личные счета или по неизвестным реквизитам.

Если вы получили подозрительное сообщение или извещение:

— не переходите по сомнительным ссылкам;

— не сообщайте персональные данные, пароли, SMS-коды и реквизиты банковских карт;

—не производите оплату по неизвестным или неподтвержденным реквизитам;

— перепроверьте информацию, обратившись в территориальный налоговый орган по месту регистрации;

— позвоните по короткому номеру 116 для получения разъяснений.

Напоминаем, что проверить наличие налоговой задолженности и произвести оплату можно через «Личный кабинет налогоплательщика», а также посредством мобильных приложений банков.

ГНС призывает граждан быть бдительными, не поддаваться на уловки мошенников и в случае поступления подозрительных обращений незамедлительно сообщать о них в правоохранительные органы.

Photos from Салык кызматы / Налоговая служба's post 29/05/2026

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкерлерди мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынганын маалымдайт.

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү №366 токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган.

Токтомго ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоодо кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотуу каралган.

Мындан тышкары, аталган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүдө бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланыштуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн алынуучу жыйымдардан да бошотулат.

Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:
• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттогон жана импортко КНСтен жана бажы жыйымдарынан бошотулуучу субъекттердин тизмеси;
• зергерчилик өндүрүшүнө арналган жана импорттоодо КНСтен, ошондой эле бажы операцияларын жүргүзүүгө байланыштуу жыйымдардан бошотулуучу жабдуулардын, технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмеси.

Аталган токтом зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, өндүрүш процесстерин модернизациялоого, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн финансылык жүгүн азайтууга, ошондой эле ички жана тышкы рыноктордо ата мекендик зергерлердин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

*****

В Кыргызстане расширены меры поддержки ювелирной отрасли

Государственная налоговая служба Кыргызской Республики информирует о принятии мер государственной поддержки субъектов ювелирной отрасли.

Соответствующее постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики «О мерах по реализации требований статьи 297 Налогового кодекса Кыргызской Республики» №366 принято 25 мая 2026 года.

Постановлением предусмотрено освобождение от уплаты налога на добавленную стоимость при импорте оборудования и технологий, реактивов и полуфабрикатов, предназначенных для ювелирного производства.
Также указанные товары освобождаются от уплаты сборов за совершение таможенными органами операций, связанных с выпуском товаров при их ввозе на территорию Кыргызской Республики.

Постановлением утверждены:
• перечень субъектов, осуществляющих импорт оборудования и технологий, реактивов и полуфабрикатов, предназначенных для ювелирного производства, подлежащих освобождению от уплаты НДС на импорт и таможенных сборов;

• перечень оборудования и технологий, реактивов и полуфабрикатов, предназначенных для ювелирного производства, подлежащих освобождению от уплаты НДС на импорт и сборов за совершение таможенных операций, связанных с выпуском товаров.

Указанное постановление направлено на создание благоприятных условий для развития ювелирной отрасли, модернизацию производственных процессов, снижение финансовой нагрузки на отечественных производителей, а также повышение конкурентоспособности продукции отечественных ювелиров на внутреннем и внешнем рынках.

Photos from Салык кызматы / Налоговая служба's post 29/05/2026

1-июндан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияга товар алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирет

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-июнунан тартып Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Россия Федерациясынын аймагына товарларды алып кирүүнүн жаңы эрежелери күчүнө кирерин эскертет.

Товарларды Россия Федерациясына экспорттоодо тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары жеткириле турчу товарлар жөнүндө электрондук документти тариздөө кабыл алуучу тарап — башкача айтканда, россиялык импорттоочу тарабынан жүргүзүлөрүн эске алышы керек.

Россия Федерациясына товар импорттоочу тарап төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1. Россиянын Федералдык салык кызматынын сайтындагы арыз берүүчү сервис аркылуу товар жеткирүүнү күтүү тууралуу электрондук документти тариздөө;
2. Камсыздоо төлөмүн киргизүү;
3. QR-код алуу.

Белгилей кетсек, ташуучу Россиянын Федералдык бажы органдарынын талабы боюнча QR-кодду көрсөтүүгө милдеттүү.

Эгерде QR-код жок болсо же жеткириле турчу товарлар жөнүндө документте көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу документтердеги маалыматтарга дал келбесе, жүк ташуучу унаа товары менен Россия Федерациясынын аймагына киргизилбейт.

Толук маалымат менен Россиянын Федералдык салык кызматынын расмий сайтынан таанышууга болот: https://www.nalog.gov.ru/rn77/related_activities/spot/?ysclid=mpcc8a9f3j542524753

*****

С 1 июня вводятся новые правила ввоза товаров в Россию из стран ЕАЭС

Государственная налоговая служба Кыргызской Республики напоминает, что с 1 июня 2026 года вступают в силу новые правила ввоза товаров на территорию Российской Федерации из государств — членов Евразийского экономического союза.

При экспорте товаров в Российскую Федерацию участникам внешнеэкономической деятельности необходимо учитывать, что оформление электронного Документа о предстоящей поставке товаров (ДОПП) осуществляется принимающей стороной — то есть российским импортером.

Импортерам, осуществляющим ввоз товаров в Российскую Федерацию, необходимо:

1. Оформить электронный документ, подтверждающий ожидание поставки товаров (ДОПП), через Сервис заявителя на сайте ФНС России;
2. Внести обеспечительный платеж;
3. Получить QR-код.

Отметим, что перевозчик обязан предъявить QR-код по требованию таможенных органов Российской Федерации.
В случае отсутствия QR-кода либо несоответствия сведений, указанных в ДОПП, данным товаросопроводительных документов транспортное средство с товаром не будет допущено на территорию Российской Федерации.

С более подробной информацией можно ознакомиться на сайте ФНС России: https://www.nalog.gov.ru/rn77/related_activities/spot/...

27/05/2026

Ошто салыктарды бөлүштүрүүнүн пилоттук долбоору башталат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй пропорцияларды караган сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тапшырылды:
* сатуудан алынуучу салыктын 50 %ы;
* бирдиктүү салыктын 15 %ы.

Пилоттук долбоордун жүрүшүндө шаардык жергиликтүү бюджетке болжол менен 2 млрд сом түшүүсү күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин, 2025-жылдын август айында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош шаарындагы жаңы борбордук базарда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө сатуудан алынуучу салыкты децентралдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча демилгесин сунуштаган.

Ал мындай чара көмүскө экономиканы кыскартууга, «көмүскө» схемаларга каршы күрөштү күчөтүүгө өбөлгө түзүп, келечекте жергиликтүү бийлик органдарынын кирешесин көбөйтөрүн белгилеген.

26/05/2026

⚡ Ошто чогултулган салыктардын бир бөлүгү шаардык бюджетке багытталат

🔹 Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

🔹Жарлыкка ылайык КРнын Министрлер Кабинетине 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй пропорцияларды караган сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тапшырылды:

📌 сатуудан алынуучу салыктын 50 %ы;
📌 бирдиктүү салыктын 15 %ы.

🔹 Пилоттук долбоордун жүрүшүндө шаардык жергиликтүү бюджетке болжол менен 2 млрд сом түшүүсү күтүлүүдө.

26/05/2026

📢 Налоговая служба продолжает работу по принудительной деригистрации юридических лиц и индивидуальных предпринимателей, не осуществляющих деятельность.

📄 Основанием для снятия с налогового учета являются следующие случаи:
— непредставление налоговой отчетности более 1 года;
— отсутствие сведений об экономической деятельности за последние 2 года.

⚙️ Процесс проводится автоматически, штрафные санкции не предусмотрены.

📊 Данная мера направлена на обновление налоговой базы и упрощение налогового администрирования.

📌 В общий список включены 21 584 налогоплательщика:
— 8 712 юридических лиц
— 12 872 индивидуальных предпринимателей

📑 Со списком налогоплательщиков, подлежащих принудительной деригистрации, можно ознакомиться в разделе «Другие разделы» на официальном сайте Налоговая служба Кыргызской Республики.

✅ Если вы нашли себя в списке и планируете продолжить деятельность — вы можете обратиться в налоговый орган для исключения из списка.

❗️Если же вы не планируете продолжать деятельность, дополнительных действий от вас не требуется.

25/05/2026

📢 Салык кызматы иш жүргүзбөгөн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди мажбурлап каттоодон чыгаруу иштерин улантууда.

📄 Каттоодон чыгарууга төмөнкү учурлар негиз болот:
— 1 жылдан ашык убакыт салык отчету тапшырылбаса;
— акыркы 2 жыл ичинде экономикалык ишмердүүлүк боюнча маалымат болбосо.

⚙️ Процесс автоматтык түрдө жүргүзүлөт жана айып санкциялары каралган эмес.

📊 Бул чара салык базасын жаңылоо жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзүлүүдө.

📌 Жалпы тизмеге 21 584 салык төлөөчү кирген:
— 8 712 юридикалык жак
— 12 872 жеке ишкер

📑 Каттоодон чыгарылуучу салык төлөөчүлөрдүн тизмеси менен Салык кызматынын расмий сайтындагы «Башка бөлүмдөр» бөлүмүнөн таанышууга болот.

✅ Эгер өзүңүздү тизмеден таап, ишмердүүлүктү улантууну кааласаңыз — салык органына кайрылып, тизмеден чыксаңыз болот.

❗️Ал эми ишти улантпайм десеңиз, сизден кошумча аракет талап кылынбайт.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address


Кыргызстан
Bishkek

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00