МЧС Кыргызстана

МЧС Кыргызстана

Share

Сактоо, коргоо, жардам

04/06/2026
04/06/2026

«ӨКМ» деген сөздү укканда оюңузга биринчи эмне келет?

Кээ бирөөлөр үчүн бул – куткаруучулар, башкалар үчүн - өрт өчүрүүчүлөр, оор учурдагы жардам, коопсуздук жана ишеним.

Биз жарандарыбыздан ӨКМ аларда кандай ассоциация жаратарын сурадык. Алардын жооптору бул видеодо.

Ал эми сиздин оюңузга биринчи эмне келет? Пикириңизди комментарийге жазыңыз. ⬇️

#ӨКМ #Куткаруучулар #Коопсуздук #ӨКМКР #КыргызстанӨКМ

******

Что приходит вам на ум, когда вы слышите слово «МЧС»?

Для кого-то это спасатели, для кого-то - пожарные расчёты, помощь в беде, безопасность и надежда.

Мы спросили наших граждан, с чем у них ассоциируется МЧС. Их ответы - в этом видео.

А что первым приходит на ум вам? Делитесь в комментариях. ⬇️

#МЧСКыргызстана #Спасатели #Безопасность #МЧСКР

03/06/2026

ӨКМ Кызыл Жарым Ай Коому менен өз ара кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун директору Чынгыз Жакыпов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган калкка гуманитардык жардам көрсөтүү багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл калкты жана адистерди биринчи жардам көрсөтүүгө окутуу системасын өнүктүрүүгө, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, ошондой эле жабыркагандарга психосоциалдык колдоо көрсөтүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да конструктивдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырастап, келечектеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

******

Сегодня состоялась встреча Министра чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Чыныбаева Канатбека Койчубековича с директором Национального общества Красного Полумесяца Кыргызской Республики Джакыповым Чингизом Тилековичем.

В ходе встречи стороны обсудили актуальные вопросы двустороннего сотрудничества в области предупреждения и ликвидации чрезвычайных ситуаций, а также оказания гуманитарной помощи населению, пострадавшему в результате чрезвычайных ситуаций.

Особое внимание было уделено развитию системы подготовки населения и специалистов по оказанию первой помощи, укреплению потенциала реагирования на чрезвычайные ситуации, а также расширению взаимодействия в сфере психосоциальной поддержки пострадавших.

По итогам встречи стороны подтвердили намерение продолжить конструктивное взаимодействие и наметили перспективные направления дальнейшего сотрудничества.

Photos from МЧС Кыргызстана's post 02/06/2026

КЫРГЫЗСТАНДЫН КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫК СИСТЕМАСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

2026-жылдын 2-июнунда «Кыргызстанда кризистик кырдаалдарга даярдык системасын талдоо» (CPGA) боюнча жыйынтыктардын бетачары жана аны талкуулоо иш-чарасы болуп өттү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Дүйнөлүк банктын кызматташуусунда уюштурулуп, ага Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев баштаган жетекчилер, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл жана эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Канатбек Чыныбаев аталган иштер Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, табигый каатчылыктарга даярдыкты талдоо бир гана министрликтин милдети эмес, жалпы мамлекеттик маселе катары кароо керектигин белгиледи. “Азыркы заманда каатчылыктар барган сайын татаалдашууда. Табигый кырсыктар социалдык, экономикалык, инфраструктуралык жана гуманитардык кесепеттерди жаратышы мүмкүн. Ошондуктан мындай кырдаалдарга даярдык бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун биргелешкен аракети аркылуу калыптанууга тийиш”, - деди министр.

Өз кезегинде Хью Ридделл, бул талдоо каатчылык кырдаалдарын башкаруу системасынын учурдагы абалын комплекстүү баалоого, бар мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого, ошондой эле мындан ары көңүл бурууну жана чыңдоону талап кылган багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берерин айтып өттү.

Жыйынтыгында катышуучулар кризистик кырдаалдарга каршы турууну күчөтүү үчүн мекемелер аралык координацияны күчөтүү, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана эрте эскертүү системаларын жаңылоо, ошондой эле маанилүү инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуунун зарылдыгын кошумчалашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

02/06/2026

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу-изилдөө борборунда адамдардын коопсуздугу үчүн маанилүү болгон атайын изилдөөлөр жана сыноолор жүргүзүлөт.

Борбордун негизги багыттарынын бири — өрт коопсуздугу боюнча сыноо лабораториясы. Бул жерде курулуш материалдары, чатыр, кездемелер жана башка буюмдардын сапаты менен өрткө туруктуулугу текшерилет.

Атайын заманбап жабдыктардын жардамы менен материалдар жогорку температурада сыналат. Эксперттер алардын канчалык тез күйөрүн жана алардан уулуу заттарды бөлүп чыгаруусун аныкташат.

Мындай текшерүүлөр имараттардын жана объектилердин коопсуздугун камсыз кылууда чоң роль ойнойт. Анткени сапатсыз материалдар өрттүн тез жайылышына себеп болот.

Бул борбордон мамлекеттик мекемелер, жеке компаниялар жана каалаган жарандар өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу жаатында окуп, билим алышат.
Материалдарын атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп, расмий корутунду да ала алышат.

Мындан тышкары, бул жерде өрт коопсуздугу боюнча адистер дагы даярдалат.
Жарандар теориялык билим алып эле тим болбостон, практикалык машыгуулардан дагы өтүшөт.

Окууну ийгиликтүү аяктагандарга сертификат тапшырылат.
Белгилей кетсек, мындай окуу-изилдөө борбору жана сыноо лабораториясы Кыргызстан боюнча ушул жерде гана бар.

Бул борбордун негизги максаты — өрт коопсуздугун күчөтүү жана адамдардын өмүрүн сактоого багытталган.

01/06/2026

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ: АР БИР БАЛА МЭЭРИМГЕ, КАМКОРДУККА ЖАНА БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫККА ТАТЫКТУУ

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев өлкөнүн бардык облустарындагы жана министрликтин борбордук аппаратынын өздүк курамындагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.

Жалпысынан 100 даана велосипед, 100 даана балдар комбинезону жана таттуу белектер таратылып, бөбөктөргө кубаныч тартууланды.

Майрамдык иш-чарада министр куттуктоо сөзүн сүйлөп, балдар – өлкөбүздүн келечеги, элибиздин эң баалуу байлыгы экенин белгиледи. Ал ар бир бала мээримге, камкордукка жана бактылуу балалыкка татыктуу экенин айтып, өсүп келе жаткан муундун ден соолугун, коопсуздугун жана бакубат жашоосун камсыз кылуу мамлекеттин жана коомдун негизги милдеттеринин бири экенин айтты.

Ошондой эле министр, Бишкек шаарындагы жаш балдар дарыланып жаткан медициналык мекемелердин бирине барып, майрамдык маанай тартуулады. Наристелерге оюнчуктарды, гигиеналык каражаттарды, шире жана таттууларды тапшырып, алардын тез сакайып кетишин каалады.

Канатбек Чыныбаев балдардын ден соолугу баарынан маанилүү экенин белгилеп, дарыланып жаткан бөбөктөргө жана ата-энелерине бекем ден соолук, чыдамкайлык каалады. Өз кезегинде медициналык мекеменин жамааты көрсөтүлгөн көңүл буруу жана жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.

01/06/2026

ӨКМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БАЛДАР ҮЧҮН КООПСУЗДУК БОЮНЧА ТААНЫТУУ ИШ-ЧАРАСЫН ӨТКӨРҮШТҮ

1-июнь Балдарды коргоо күнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери балдар үчүн коопсуздук эрежелерине арналган таанытуучу иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө куткаруучулар өрт коопсуздугунун эрежелери, сууга түшүүдөгү коопсуздук чаралары жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда кандай аракет көрүү керектиги тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле кооптуу кырдаалдарда 112 бирдиктүү кызматына чалуунун тартиби түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары, ӨКМ кызматкерлери алгачкы жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмаларын, анын ичинде жара таңуу, кан агууну токтотуу, жүрөк-өпкө реанимациясын жүргүзүү жана жасалма дем алдыруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү беришти.

Балдар иш-чарага активдүү катышып, пайдалуу маалыматтарды алып, коопсуздук боюнча өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Мындай иш-чаралар жаш муундун коопсуздук маданиятын калыптандырууга жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

*******

СОТРУДНИКИ МЧС ПРОВЕЛИ ДЛЯ ДЕТЕЙ ОБУЧАЮЩУЮ АКЦИЮ ПО БЕЗОПАСНОСТИ

1 июня, в Международный день защиты детей, сотрудники МЧС Кыргызстана провели для детей познавательную акцию, посвященную вопросам безопасности жизнедеятельности.

В ходе мероприятия спасатели рассказали о правилах пожарной безопасности, безопасного поведения на водоемах, а также напомнили порядок действий при возникновении чрезвычайных ситуаций. Особое внимание было уделено единому номеру экстренных служб 112, по которому необходимо обращаться в случае опасности.

Кроме того, сотрудники МЧС продемонстрировали основные навыки оказания первой помощи, включая наложение повязок, остановку кровотечения, проведение сердечно-легочной реанимации и искусственного дыхания.

Дети с большим интересом участвовали в практических занятиях, задавали вопросы и знакомились с важными правилами, которые помогут сохранить жизнь и здоровье в различных ситуациях.

МЧС Кыргызстана продолжает работу по обучению подрастающего поколения основам безопасности и правильным действиям в экстренных случаях. 🚒🚑📞112👧👦

30/05/2026

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ӨКМдин ВЕДОМСТВОЛУК КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 25 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН БОРБОР КАЛААНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫН КУТТУКТАДЫ

2026-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышып, өздүк курамды, ардагерлерди жана конокторду мааракелүү күн менен куттуктады. Министр өз сөзүндө куткаруучулардын калктын коопсуздугун камсыз кылуудагы, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы зор салымын, ошондой эле алардын жогорку кесипкөйлүгүн жана кызматтык милдетине берилгендигин белгиледи.

Ак ниет кызматы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматтык жана күжүрмөн даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү, ошондой эле жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде Ардак грамоталар, төш белгилер жана ар кандай даражадагы медалдар тапшырылды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктап, куткаруучулардын күжүрмөн эмгеги жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздоодогу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу бөлүк аяктагандан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, кызматтык жайларды, атайын техникаларды, авариялык-куткаруу шаймандарын жана өздүк курамдын кызмат өтөө шарттарын көрүп чыгышты.

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 25 жылдык мааракеси бөлүмдүн тарыхындагы маанилүү окуя болуп, кыргызстандык куткаруучулардын жогорку даярдыгын жана жарандардын өмүрү менен коопсуздугун камсыз кылуудагы күнүмдүк жоопкерчиликтүү эмгегин дагы бир жолу тастыктады.

Photos from МЧС Кыргызстана's post 30/05/2026

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ПОЗДРАВИЛ СПАСАТЕЛЕЙ БИШКЕКА С 25-ЛЕТИЕМ СО ДНЯ ОБРАЗОВАНИЯ ВЕДОМСТВЕННОЙ СЛУЖБЫ МЧС КЫРГЫЗСТАНА

30 мая 2026 года в Бишкеке состоялось торжественное мероприятие, посвященное 25-летию со дня образования Спасательной службы Управления МЧС Кыргызской Республики по городу Бишкек.

В мероприятии принял участие министр чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Канатбек Чыныбаев, который поздравил личный состав, ветеранов и гостей с юбилейной датой, отметив значительный вклад спасателей в обеспечение безопасности населения, предупреждение и ликвидацию чрезвычайных ситуаций, а также высокий профессионализм и преданность служебному долгу.

За добросовестную службу, образцовое исполнение служебных обязанностей, высокие показатели в служебной и боевой подготовке, а также вклад в развитие системы гражданской защиты отличившимся сотрудникам были вручены ведомственные награды, в том числе почетные грамоты, нагрудные знаки и медали различных степеней.

Также участников мероприятия поздравил мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев, выразив благодарность спасателям за их самоотверженный труд и вклад в обеспечение безопасности жителей столицы.

По завершении торжественной части министр чрезвычайных ситуаций Канатбек Чыныбаев и мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев ознакомились с материально-технической базой Бишкекской спасательной службы, осмотрели служебные помещения, специальную технику, аварийно-спасательное оборудование и условия несения службы личным составом.

25-летний юбилей Спасательной службы Бишкека стал важной вехой в истории подразделения и подтверждением высокого уровня подготовки кыргызстанских спасателей, ежедневно стоящих на страже жизни и безопасности граждан.

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Address


проспект Манаса 101/1
Bishkek
720055

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30
Saturday 08:30 - 17:30