Программа развития сектора "Навыки для инклюзивного роста" АБР

Программа развития сектора "Навыки для инклюзивного роста" АБР

Share

Профессиональное техническое образование в КР

3 КҮНДӨ КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУУ МҮМКҮНБҮ? 20/11/2024

Валидациялоо жана сертификациялоо борбору компетенцияларды көз карандысыз баалоо, ошондой эле
формалдуу эмес билим берүүнү таануу аркылуу кесиптик билим
берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган иштерди жүзөгө ашырат.

Ал эми Алдыңкы тажрыйба борборлору валидациялоо жараянын жүргүзүлө турган окуу жайлар болуп тандалган. 2024-жылы АТБда 104 адам 5 кесип боюнча
өз көндүмдөрүн тастыкташты.

Ошондой эле ПРСНИР долбоорунун алкагында борбордун имараты толугу менен реконструкцияланып, керектүү жабдуулар менен жабдылган.

https://www.youtube.com/watch?v=b3suo8Cvp00

#ПРСНИР, #МОНКР, #АБР, #валидация, #көндүмдөр
Билим берүү жана илим министрлиги
Kgtk T Kulatov
Бкамс Бывший Строительный Техникум
Индустриалдык-педагогикалык колледжи
@топовые поклонники

3 КҮНДӨ КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУУ МҮМКҮНБҮ? БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК.Facebook: https://www.facebook.com/Eltrbilim/?locale=ru_RUInstagram: https://www.instagram.com/

14/11/2024
Photos from Программа развития сектора "Навыки для инклюзивного роста" АБР's post 05/11/2024

Бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Вице-президенти Инмин Ян башында турган делегациясы "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун пилоттук окуу жайларынын бири болгон Бишкектеги архитектура, курулушта жана менеджмент колледжинде болду.

Делегация өкүлдөрүнө окуу жай боюнча экскурсия уюштурулуп, анда долбоордун алкагында ишке ашырылган масштабдуу реконструкциялоо, сатып алынган техника, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар менен таанышуу жүрдү. Мындан тышкары долбоордун алкагында түзүлгөн окуу-өндүрүштүк комплекс, педагогдорду окутуу, ден соолугу начар студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берилди.

ПРСНИР долбоорунун менеджери Н.Атаканов өз презентациясында долбоордун ишмердүүлүгү, ошондой эле кесиптик билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар тууралуу кеңири айтып берди.

Инмин Ян мырза долбоордун ишмердүүлүгүнүн оң натыйжаларын жогору баалап, кесиптик билим берүү системасын инклюзивдүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Долбоордун негизги максаты – өлкөдөгү кесиптик билим берүүнү колдоо, аймактардагы колледждердин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлорун (АТБ) түзүү аркылуу кесиптик билим алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларын колдоо болуп саналат.

Жалпысынан 35 окуу жайы камтылган жана бардыгы болуп 55 315 чарчы метр окуу жайлары, тактап айтканда окуу класстары, лабораториялар, окутуучулар үчүн кабинеттер, ашканалар, жатаканалар, санитардык түйүндөр, эс алуу жайлары реконструкцияланган.

Долбоор өз ишин 31-жылдын 2024-декабрында жыйынтыктайт.

______________________________________________________________

Сегодня делегация Азиатского банка развития (АБР) во главе с Вице-президентом АБР Инмином Яном посетила Бишкекский колледж архитектуры, менеджмента в строительстве - одно из пилотных учебных заведений проекта «Программа развития сектора: Навыки для инклюзивного роста».

Для делегации была организована экскурсия по учебному заведению, где в рамках проекта было осуществлено: масштабная реконструкция, обучение педагогов, покупка техники, учебного и производственного оборудования. Кроме того, был создан учебно-производственной комплекс, созданы условия для студентов с проблемами здоровья.

Менеджер проекта ПРСНИР Н.Атаканов в своей презентации подробно рассказал о деятельности проекта, а также о рекомендациях по улучшению системы профессионального образования.

Господин Инмин Ян высоко оценил положительные результаты деятельности проекта и отметил важность проделанной работы, способствующей инклюзивному развитию системы профессионального образования.

Отметим, что основной целью данного проекта является поддержка профессионального образования в стране, создание условий для получения данного образования, через создание Центров передового опыта (ЦПО) на базе колледжей в регионах, а также поддержка пилотных учебных заведений начального и среднего профессионального образования.

В целях создания условий для улучшения доступа к профессиональному образованию, было охвачено 35 учебных заведений, в которых была проведена реконструкция 55 315 кв.метров учебных помещений. Так, были реконструированы учебные классы, лаборатории, кабинеты для преподавателей, столовые, общежития, санузлы, места отдыха.

Проект завершает свою деятельность 31 декабря 2024 года.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ 04/11/2024

Бишкек шаарында 1-ноябрда өткөн ПРСНИР долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы тууралуу УТРК Чуй телеканалынын сюжети:

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ Бишкек шаарында 1-ноябрда өткөн ПРСНИР долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы тууралуу УТРК Чүй телеканалынын сюжети:

ПОДДЕРЖКА ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ В КЫРГЫЗСТАНЕ 04/11/2024

Завершается проект "Программа развития сектора: Навыки для инклюзивного роста", реализуемый Министерством образования и науки Кыргызской Республики с 2018 года при финансовой поддержке Азиатского банка развития. В рамках проекта было охвачено около 6,000 студентов на уровне среднего профессионального образования и почти 2,000 учащихся на уровне начального профессионального образования:

ПОДДЕРЖКА ПРОФЕССИОНАЛЬНОГО ОБРАЗОВАНИЯ В КЫРГЫЗСТАНЕ Завершается проект "Программа развития сектора: Навыки для инклюзивного роста", реализуемый Министерством образования и науки Кыргызской Республики с 2018 го...

ЖУМУШЧУ КӨНДҮМДӨРДҮ АЛУУГА ҮЙРӨТҮҮ ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА 02/11/2024

Бишкек шаарында 1-ноябрда өткөн ПРСНИР долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы тууралуу ЭЛТР телеканалынын сюжети:

https://youtu.be/8ZmbnnGsMb0?si=QNDAw6inPxireN18

Билим берүү жана илим министрлиги
Kgtk T Kulatov Агрардык Техникалык- Экономикалык Колледжи Бкамс Бывший Строительный Техникум Индустриалдык-педагогикалык колледжи

ЖУМУШЧУ КӨНДҮМДӨРДҮ АЛУУГА ҮЙРӨТҮҮ ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК.Facebook: https://www.facebook.com/Eltrbilim/?locale=ru_RUInstagram: https://www.instagram.com/

01/11/2024

ПРСНИР долбоору жыйынтыкталууда!

Photos from Программа развития сектора "Навыки для инклюзивного роста" АБР's post 01/11/2024

Бүгүн, 1-ноябрда “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (КР ЖК) Социалдык комитетинин төрайымы В.Раимбачаева, КР ЖК Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Сыдыков, КР ЖК депутаты К.Талиева, Билим берүү жана илим министринин орун басары/долбоордун директору Абазбек уулу Расул, Кыргызстандагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жэн Ву катышты.

Мындан тышкары иш-чарага КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

В.Раимбачаева өз сөзүндө долбоордун ишмердүүлүгү окутуунун сапатын жакшыртууга гана өбөлгө түзбөстөн, экономиканын ар кандай секторлорунда иштөөгө атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди калыптандырууга шарт түзгөнүн айтып өттү.

Абазбек уулу Расул долбоор аткарган иштерге кенен токтолуп, долбоордун алкагында мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, аларга болгон жаңы педагогикалык стандарттарды иштеп чыгуу, кесиптик окуу жайларды заман талабына жооп берген заманбап методикалык колдонмолор, жабдуулар, техника, виртуалдуу реалдуулук технологиялар жана эмерек менен камсыздоо ишке ашырылганын айтты.

Жэн Ву долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөткөндүгү, долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги стратегиялык документтерди иштеп чыгып, кесиптик билим берүүдөгү 16 негизги саясий реформаны ишке ашыргандыгы чон жетишкендик экенине токтолду. Ошондой эле, АӨБ атынан Министрлер Кабинетине, Билим берүү жана илим министрлигине бул программанын алкагында жактоочулугу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Долбоордун негизги максаты – өлкөдөгү кесиптик билим берүүнү колдоо, аймактардагы колледждердин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлорун (АТБ) түзүү аркылуу кесиптик билим алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн пилоттук окуу жайларын колдоо болуп саналат.

Иш-чарада эксперттер жана кесиптик окуу жайлардын өкүлдөрү кесиптик билим берүүнүн өнүгүү тенденциялары, социалдык өнөктөштүк жана ишкердик, кесиптик билим берүү чөйрөсүн жакшыртуу темаларында талкуулады.

Долбоорго 35 окуу жайы камтылган жана бардыгы болуп 55 315 чарчы метр окуу жайлары, тактап айтканда окуу класстары, лабораториялар, окутуучулар үчүн кабинеттер, ашканалар, жатаканалар, санитардык түйүндөр, эс алуу жайлары реконструкцияланган.

Мындан тышкары, 8 АТБнын алдында уникалдуу окуу-өндүрүштүк комплекстер түзүлгөн, алардын максаты – студенттердин жумуш ордунда билим алуусу үчүн шарттарды түзүү. Бул комплекстер өздөрүн толук камсыздап, алар иштеп жаткан окуу жайларына киреше алып келет.

Ошондой эле, пилоттук окуу жайларга 144,5 млн.сомго 2514 даана кеңсе жабдуусу, 87 млн.сомдон ашык суммага 6569 даана эмерек жана 273 млн.сомго жакын суммага 1789 бирдик окуу жана өндүрүш жабдуулары сатылып алынган.

Долбоор пилоттук адистик жана кесиптер боюнча орто кесиптик билим берүү деңгээлинде 6 миңге жакын студент, ал эми башталгыч кесиптик билим берүү деңгээлинде 2 миңге жакын окуучуну камтыган.

Ошондой эле, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын педагогдору үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары, кайра даярдоо, ошондой эле ар кандай окутуучу тренингдер жана семинарлар уюштурулуп, жалпысынан 7 миңге чукул адам окуудан өткөн.

Долбоор өз ишин 2024-жылдын 31-декабрында жыйынтыктайт.

#МОН, #АБР, #ПРСНИР, #конференция

Photos from Программа развития сектора "Навыки для инклюзивного роста" АБР's post 16/10/2024

2024-жылдын 15-17-октябрында Бишкекте "Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификация жаатындагы Регионалдык кызматташуу" темасында региондор аралык семинар өтүүдө.

Семинардын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз валидациялоо жана сертификациялоо борбору менен таанышуу уюштурулду.

Борбор баалоо, сертификациялоо процессин гана жөнгө салбастан, кызыкдар тараптар (иш берүүчүлөр, бизнес-ассоциациялар, Соода-өнөр жай палатасы, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б.) менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Көз карандысыз сертификациялоо жана валидация борборуна катышуучуларга валидация жүргүзүү боюнча болгон тажрыйба, алгачкы жыйынтыктар, иштелип чыккан методикалык жана нускамалык материалдар, ошондой эле борбордун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу үчүн экскурсия өткөрүлдү.
Борбордогу жолугушуу пикир алмашуу менен аяктап, коноктор долбоордун алкагында гана эмес, ишкер байланыштарды түзүү аркылуу кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча өз тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү.

Семинар DARYA Европа билим берүү фондусунун долбоорунун алкагында уюштурулган. Семинардын максаттары Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификациялар жаатында регионалдык кызматташтыктын ЖККУ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин негизинде иштелип чыккан сценарийлерин сунуштоо жана талкуулоо. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда, анын ичинде Кыргызстандагы улуттук/сектордук уюмдарга баруу жолу менен жана ЕБ өлкөлөрү (Франция, Латвия) менен өз ара окуу үчүн мүмкүнчүлүк берүү.

Семинардын катышуучулары - Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Балтия өлкөлөрүнүн, Франциянын өкүлдөрү.

Борбордун имараты Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылнан ПРСНИР алкагында реконструкцияланган.
Ошондой эле долбоордун пилоттук окуу жайлары болгон 8 Алдыңкы тажрыйба борборунда валидациялоо жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги

#ПРСНИР, #МОН #АБР

БОРБОРДО ВАЛИДАЦИЯЛОО БОРБОРУ АЧЫЛЫП, ИМАРАТКА ЭЭ БОЛОДУ 10/10/2024

Борбордун имараты ПРСНИР долбоорунун каржылык колдоосунда толугу менен реконструкциядан өткөн. Борбор тууралуу төмөндөгу сюжетте:

БОРБОРДО ВАЛИДАЦИЯЛОО БОРБОРУ АЧЫЛЫП, ИМАРАТКА ЭЭ БОЛОДУ БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК.Facebook: https://www.facebook.com/Eltrbilim/?locale=ru_RUInstagram: https://www.instagram.com/

Want your business to be the top-listed Government Service in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Telephone

Website

Address


Bishkek
720000

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00