02/06/2026
Бүгүн, 2-июнда, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Салямова билим берүү тармагын колдоо жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунун эсебинен Манас шаарындагы №11 А.Калешов атындагы жана №3 Ж.Бакиев атындагы жалпы орто билим берүү мектептерине компьютердик жабдууларды жана принтерлерди тапшырды.
Бул жардам мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуучулардын санариптик билим алуусуна жана маалыматтык технологияларды терең өздөштүрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү Венера Салямова мектеп жамаатын жана окуучуларды окуу жылынын аякташы менен куттуктап, окуучуларга окууда ийгиликтерди каалады. Ошондой эле билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн мугалимдерге Ыраазычылык каттарды тапшырды.
02/06/2026
Бүгүн, 2-июнда «Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулоо боюнча» жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү.
Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, органикалык сектордун адистери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Махабат Мавлянова органикалык продукцияны тастыктоо тутумундагы тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи. Тактап айтканда, органикалык продукцияны аныктоо боюнча уюмдардын Кыргыз аккредитациялоо борборунда аккредитациядан өтүү процессинде жаралып жаткан көйгөйлөр каралып, аларды жоюу боюнча сунуштар айтылды.
Ошондой эле айыл чарба багытындагы лабораториялардын учурдагы абалына мониторинг жүргүзүү, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктоо жана заманбап талаптарга жооп берген лабораторияларды түзүү талкуунун негизги темаларынын бири болду.
Мындан тышкары, дыйкандарды айыл чарба кооперативдерине бириктирүү, органикалык аймактарды өнүктүргөн кооперативдер үчүн каржылык колдоо механизмдерин түзүү, анын ичинде күрөөсүз насыя берүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу, мыйзамдык жана институционалдык тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантуу тапшырмалары берилди.
02/06/2026
Жогорку Кеңештин депутаты Бекмурза Эргешов Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан №49 мектептин жаңы корпусунун ачылышына катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн депутат мектептеги орун жетишсиздиги тургундар тарабынан байма-бай көтөрүлүп келгенин белгилеп, жаңы окуу имараты келечек ээлеринин билим сапатын жогорулатууга кызмат кыларына ишенерин билдирди.
«Бул куттуу уядан билимдүү, мекенчил улан-кыздар тарбияланып, өлкөбүздү сыймыктандырган инсандар арбын чыксын. Ушундай саамалыктар башка аймактарда да уланып, Кыргызстаныбыз алдыга жыла берсин», - деди депутат.
Алсак, аталган № 49 негизги билим берүүчү мектеби жаңы курулган кошумча корпусу менен жалпы 630 окуучуга ылайыкталды.
02/06/2026
Жогорку Кеңештин депутаты Венера Салямова 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Манас шаарындагы уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Венера Салямова балдарды майрамы менен куттуктап, алардын ар тараптуу өнүгүүсү жана бактылуу келечеги мамлекеттин көңүл борборунда экенин белгиледи. Ошондой эле бардык балдарга бекем ден соолук, жаркын келечек жана окууларында ийгиликтерди каалады.
Андан соң депутат «Ак-жол» реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдарды да куттуктап, кабар алды.
Майрамдык жолугушуунун алкагында балдарга белектер тапшырылып, жагымдуу маанай тартууланды.
02/06/2026
Бүгүн, 2-июндагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоорун юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган. Конституциялык мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп маалыматтарды талдоого негизделген мамлекеттик аудиттин заманбап моделине өтүү, тобокелдикке багытталган жана алдын алуучу ыкманы киргизүү, ошондой эле аудитордук ишти санариптештирүү болуп саналат.
Тагыраагы, мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралат: мамлекеттик санариптик технологиялык системаларды жана башка маалыматтык ресурстарды пайдалануу менен тышкы мамлекеттик аудитти жүзөгө ашыруунун формасы катары электрондук (онлайн) аудитти киргизүү; тобокелдиктерди эрте аныктоого, финансылык тартип бузуулардын жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган алдын алуучу (проактивдүү) аудитти киргизүү; электрондук форматта алдын алуучу аудитти жүргүзүүнүн артыкчылыгын белгилөө жана башка түзөтүүлөр сунушталат.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев электрондук аудитти киргизүү демилгесин колдоп, ошону менен бирге мамлекеттик органдардын кайталанган текшерүү функцияларын жоюуну сунуштаса, эл өкүлү Улан Примов мыйзам долбоорунда сунушталган айрым нормаларга токтолуп, Эсептөө палатасынын көз карандысыз институт катары макамын сактап калуу чоң мааниге ээ экенин жүйө келтирди.
Ал эми санариптештирүүгө байланышкан жоболор тууралуу сөз кылган депутат Илимбек Кубанычбеков электрондук платформалардын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, ошондой эле бул багыттагы тобокелдиктерди азайтуу керектигин айтты. Муну менен катар депутат Таалайбек Сарыбашов мыйзам долбоорун ишке ашыруунун механизмдерине кызыкса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева маалыматтардын купуялуулугун коргоо жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Өз кезегинде депутат Медер Чотонов Эсептөө палатасы тарабынан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жүргүзүлгөн аудиттердин тартиби жана ага байланыштуу чыгымдар тууралуу суроо узатып, мындай текшерүүлөрдү толугу менен аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору айрым ченемдерди иштеп чыгуу максатында күн тартибинен алынды.
__
Комитет по финансам, бюджету, предпринимательству и развитию конкуренции на очередном заседании сегодня, 2 июня, рассмотрел проект конституционного Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики «О Счетной палате Кыргызской Республики» в первом чтении.
Инициатор законопроекта - председатель Кабинета министров.
Законопроект представил министр юстиции Аяз Баетов. По его словам, законопроект направлен на повышение эффективности, прозрачности и независимости внешнего государственного аудита. Основной целью законопроекта является переход к современной модели государственного аудита, основанной на анализе данных, внедрение риск-ориентированного и превентивного подхода, а также цифровизация аудиторской деятельности.
Точнее, предлагается внедрение электронного (онлайн) аудита как формы осуществления внешнего государственного аудита с использованием государственных цифровых технологических систем и иных информационных ресурсов; введение превентивного (проактивного) аудита, направленного на раннее выявление рисков, предупреждение финансовых нарушений и коррупционных проявлений, а также повышение эффективности управления государственными и муниципальными ресурсами; установление приоритетности проведения превентивного аудита в электронном формате, а также другие поправки.
В ходе обсуждения депутат Дастан Бекешев поддержал инициативу по внедрению электронного аудита и одновременно предложил устранить дублирующие контрольные функции государственных органов. Депутат Улан Примов остановился на отдельных нормах законопроекта и подчеркнул важность сохранения статуса Счетной палаты как независимого института.
Депутат Илимбек Кубанычбеков отметил необходимость обеспечения безопасности и бесперебойной работы электронных платформ, а также снижения связанных с ними рисков. депутат Таалайбек Сарыбашов интересовался механизмами реализации законопроекта. Депутат Айсаракан Абдибаева обозначила вопросы защиты конфиденциальности данных и обеспечения кибербезопасности.
Депутат Медер Чотонов задал вопрос о порядке проведения Счетной палатой аудитов в дипломатических представительствах Кыргызстана за рубежом и связанных с этим расходах, а также предложил рассмотреть возможность проведения таких проверок полностью в дистанционном формате.
По итогам обсуждения по предложению депутатов законопроект был снят с повестки дня для доработки отдельных норм.
02/06/2026
Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жетекчиси, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Талайбек Масабиров баштаган эл өкүлдөрү Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) улук вице-президенти Йошикава Йошиюки менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-жапон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана JICA алкагында калыптанган байланыштарды талкуулашты. Тагыраагы, эки өлкө ортосундагы мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканы белгиленип, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга жасаган расмий сапары эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзгөнү кошумчаланды.
Ошондой эле учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинен саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт тармактарында жасалып жаткан иштер айтылды.
Талайбек Масабиров JICA уюмуна Кыргызстан менен көп жылдык жемиштүү кызматташтыгы жана көрсөтүп келе жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын бакубат жашоосун камсыздоого кошуп жаткан салымына токтолду.
Өз кезегинде Йошикава Йошиюки да Жогорку Кеңеш, ошондой эле Япония менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобу тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылыгын айтып, буга жүйө катары эки тараптуу келишимдер өз убагында ратификацияланып жатканын кошумчалады. Муну менен катар алдыда да биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдирди.
__
Депутаты во главе с руководителем депутатской группы «Ала-Тоо», депутатской группы дружбы по сотрудничеству с Японией Талайбеком Масабировым встретился со старшим вице-президентом Японского агентства международного сотрудничества (JICA) Йошикава Йошиюки.
В ходе встречи стороны обсудили текущее состояние кыргызско-японского сотрудничества и взаимодействие в рамках JICA. Было отмечено динамичное развитие отношений между двумя странами, в особенности, дальнейшему укреплению двусторонних отношений способствовал официальный визит Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Японию . Наряду с этим, были обсуждены реализуемые проекты, включая взаимодействие в сферах здравоохранения, образования и транспорта.
Талайбек Масабиров выразил благодарность организации JICA за многолетнее плодотворное сотрудничество с Кыргызстаном и оказываемую поддержку, отметив ее вклад в социально-экономическое развитие страны и повышение благосостояния населения.
В свою очередь Йошикава Йошиюки также выразил благодарность Жогорку Кенешу и депутатской группе дружбы с Японией за оказываемую поддержку, отметив, что подтверждением этому является своевременная ратификация двусторонних соглашений. Он также заявил о готовности продолжать дальнейшее совместное сотрудничество.
02/06/2026
Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.
Алгач Медербек Алиев Жогорку Кеңеш ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен калыптанган туруктуу кызматташтыкты жогору баалай турганын белгилеп: «ЕККУнун Программалык кеңсеси Жогорку Кеңештин эң ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Мыйзамдуулукту чыңдоо жана парламенттик демократияны өнүктүрүү маселелеринде көрсөтүп келе жаткан эксперттик жана техникалык колдооңуздарды жогору баалайбыз», – деди.
Муну менен катар парламенттик дипломатиянын ролуна токтолгон Төраганын биринчи орун басары ЕККУ жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы менен алакаларды арттыруу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып: «Жогорку Кеңештин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясындагы делегациясынын жетекчиси катары биздин делегация үчүн Ассамблеянын сессияларына үзгүлтүксүз жана толук кандуу катышуу стратегиялык артыкчылык болуп саналарын белгилеп кетким келет», – деп кошумчалады.
Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт кеңсенин алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңеш менен кызматташууну мындан ары чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Андан тышкары, Фолькер Фробарт Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясында өткөн миграция маселелери боюнча эл аралык форумда (IMRF 2026) Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тарабынан жасалган баяндамага жогору баа берди. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасына караштуу Жаштар кеңешинин түзүлүшүн колдоп, бул демилге жаштарды мамлекеттик жана коомдук процесстерге кеңири тартууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
__
Первый заместитель Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Медербек Алиев сегодня, 2 июня встретился с главой Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке Фолькером Фробартом.
В ходе встречи Медербек Алиев подчеркнул, что высоко ценит сложившееся стабильное сотрудничество Жогорку Кенеша с Программным офисом ОБСЕ в Бишкеке. «Программный офис ОБСЕ является одним из наиболее надежных и стратегических партнеров Жогорку Кенеша Кыргызской Республики. Мы высоко ценим оказываемую экспертную и техническую поддержку в вопросах укрепления верховенства права и развития парламентской демократии», - отметил он.
Первый заместитель Торага, остановившись на роли парламентской дипломатии, подчеркнул особую важность развития отношений с ОБСЕ и ПА ОБСЕ. «Как руководитель делегации Жогорку Кенеша в Парламентской ассамблее ОБСЕ, хотел бы отметить, что для нашей делегации регулярное и полноценное участие в сессиях Ассамблеи является стратегическим приоритетом»,-обозначил Медербек Алиев.
Глава Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке Фолькер Фробарт, в свою очередь, рассказал о планируемых направлениях работы офиса и выразил заинтересованность в реализации совместных проектов и дальнейшем развитии сотрудничества с Жогорку Кенешем. Фолькер Фробарт высоко оценил доклад, представленный первым заместителем Торага Жогорку Кенеша Медербеком Алиевым на Международном форуме по обзору реализации Глобального договора о безопасной, упорядоченной и регулярной миграции (IMRF 2026), прошедшем в Генеральной Ассамблее ООН в городе Нью-Йорк. Наряду с этим, он поддержал создание Молодежного совета при Торага Жогорку Кенеша, отметив, что эта инициатива будет способствовать более широкому вовлечению молодежи в государственные и общественные процессы.