28/12/2020
Мамлекеттик агенттитин жамаатынын бийликке кайрылуусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а.,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т. Т. Мамытовго
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин м.а.,
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри
А.Э. Новиковго
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы
К.К. Ташиевге
КАЙРЫЛУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамагенттик) жамааты 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин, республикадагы туруксуз кырдаалдан пайдаланып, кадыр-баркы шектүү, абийирсиз адамдар Мамагенттикке бийликке келгенине өтө тынчсызданууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорлугуна Кутманова Динара Асиевна 2020-жылдын 11-ноябрында дайындалды.
Кутманова Динара курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик системасында 1998-жылдан баштап 2006-жылга чейин ар кайсы кызматтарда иштеген.
2000-жылдары Айлана чөйрөнү коргоо республикалык фондунун директору кызматын ээлеп турган учурунда далай финансылык мыйзам бузууларга баргандыгы үчүн кызматтан бошотулуп, бирок кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор менен сатылма, коррупционер соттор аркылуу кайрадан кызмат ордун ээлеп, бир топ каражатты өкмөттүн эсебинен өндүрүп алган.
Аталган фонддун директору кызматын ээлеп турган кезинде Д. Кутманова фонддун бир нече каражаттарын өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланган.
Мисалга алсак, ошол жылдары Ош областынын мурунку губернатору Накен Касиевдин Бишкектеги Токтогул көчөсүндө жайгашкан квартирасын фонддун акчасына сатып алганын ошол кезде тармакта эмгектенген адистер жакшы билишет.
Андан сырткары, ошол учурда экология тармагы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамына киргендиктен, аталган министрлик менен бирге Айлана чөйрөнү коргоо республикалык фонду Ош шаарында жайгашкан. Ошол жагдайдан пайдаланып, Кутманова кезинде фонддун каражаттарынын эсебинен командировкага Бишкек шаарына, ошондой эле Өзбекстанга тажрыйба алмашууга баргандыгы тууралуу жасалма документтерди жасап, акчаларды кымырып турган.
Д. Кутманова, мамлекеттик агенттиктин азыркы директору, 2002-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо тармагындагы кызматкерлердин арасында айлана чөйрөнү коргоо максатында деп лотерея уюштуруп, ар бир кызматкер 3төн лотерея алууга милдеттендирилген, жана андан сырткары тармактын инспекторлору аркылуу ишканаларга саттырган. Ал эми түшкөн каражаттарды Кутманова жеке өзүнө ыйгарып алган.
2003-жылы Кутманова Д. ротация аркылуу Бишкек шаардык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалган.Келер замат, жетекчи катары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишканалар үчүн экологиялык паспортторду жана башка ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүчү “Бишкек шаардык экологиялык лаборатория” (мындан ары - БШЭЛ) аттуу жеке компанияны уюштурган. Ошол учурда, Д.Кутманованын ооз эки буйругу боюнча, ушул жеке компаниянын эсебине, кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн акы төлөөдөн тышкары, КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамында белгиленген айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү жаратылышты коргоо фондун айланып өтүп, жөнөтүлүп турган. Андан сырткары, Бишкек шаардык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын контролдук функциясынын таасирин пайдалануу менен Бишкек шаарында жайгашкан айлана чөйрөгө зыян тийгизген ишканалардан ири суммалардагы спонсордук жардамдарды БШЭЛнын эсептик счетуна котортуп турган.
Андан кийин, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөр мыйзам бузуу жолу менен товар түрүндө дагы алынып турган, атап айтканда "арак" түрүндө ЖЧК “Бишкек борбордук ликер-арак заводунан” 35913,5 сомго 1085 бөтөлкө алынып, Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болгон Д.Кутманованын уулунун шайлоо өнөктүгүндө колдонулган учурлар болгон.
Бишкек шаардык жаратылышты коргоо фонду Кутманованын сиңдисинин (Г. Абдыкалыкова) автоунаасын ижарага алып, айына ижара акысына 40 миң сомдун тегерегиндеги акы төлөнүп турган, ал эми тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы ошол кезде болгону 1000-1200 сомду түзгөн.
Бишкек шаардык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын инспекторлорун жана өзүн Алматыга тажрыйба алмашууга барды деген жалган документтерди жасап, акчаларды өзүнүн жеке кызыкчылыгында пайдаланып, кийин инспекторлор Д. Кутманованын финансылык махинацияларынын негизинде прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында СИЗОго отуруп чыгышкан.
Д. Кутманованын мыйзам бузуу фактыларын санай берсең санак жетпейт. Жалпысынан, ошол кезде бир нече миллиондогон сомдорду өзүнө мыйзамсыз ыйгарып, мамлекетке ири суммада зыян келтирген. Ал мыйзам бузуулар боюнча негиздүү маалыматтар (бир эле текшерүүнүн материалдары) ушул кайрылууга тиркелет.
Андан сырткары, республикада ар бир жогорку бийлик алмашуу болгон сайын Д.Кутманова Мамагенттике ОПГ өкүлдөрүнүн колдоосунда рейдерлик чабуул жолу менен жетекчи болууга аракет кылууну өнөкөткө айландырган. Мисалы, 2010-жылы бийлик алмашканда Д. Кутманова командасы менен келип ошол кездеги Мамагенттиктин статс-катчысы А.Чынгожоевди сабап, кабинетинин ачкычын тартып алышкан.
Жакында эле, 6 октябрда Д. Кутманова күйөөсү Эркин Булекбаев (Жашылдар партиясынын төрагасы) экөө ОПГнын өкүлдөрдүн колдоосу менен Мамагенттике чабуул салып рейдерлик басып алуу жолу менен жетекчи болууга аракет кылган. Ошол убактагы Мамакгенттиктин директору болуп турган Мирслав Аманкуловду Кутманованын буйругу менен ОПГнын өкүлдөрү коллективдин көзүнчө кабинетинен эшикке сүйрөп чыгышкан.
Азыркы убакта Кутманованын ар түрдүү мыйзамсыз буйруктарынын негизинде Мамагенттикте башаламандык орноп, көп жылдардан бери эмгектенип келген жетекчилерди жана кызматкерлерди кордоп, куугунтуктоо иштери күч алды.
Мамагенттиктин жааматы Кутманованын мыйзам бузууларынан чарчап отурат. Мисалга алсак, Э. Жапаров аттуу Кутманованын коомдук негизде кеңешчиси “грузила” деген атка конду, анткени агенттиктин кызматкерлерине, эл аралык айлана чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлордун кызматкерлерине налог салып, опузалоо, акча, оргтехникаларды өндүрүү менен алектенип жүрөт.
Д. Кутманова социалдык тармактарда өздүк баракчасына популисттик, мыйзамсыз, мамлекеттин жетекчинин денгээлине татыксыз кайрылууларды жазып жатат (Фейсбук). Ошол мыйзамсыз аракеттердин негизинде белгисиз, кайсы мекеменин же эл аралык уюмдун өкүлү экени белгисиз адамдарды Мамагенттиктин иштерин аудит өткөрүүгө дайындап, ошону менен бирге мамлекеттин кызыкчылыгындагы кызматтык жана жашыруун маалыматтардын таралып кетишине коркунуч туудуруп жатат.
Андан тышкары, Мамагенттиктин кызматчыларын ээлеген кабинеттеринен кубалап чыгып, көчөдөн келген, тиешелүү кесиби, жөндөмдөрү, тажрыйбасы жок адамдарга кабинет берип, кызматчылардын үстүнөн жетектетип коюп жатат.
Мисалга алсак, айлана чөйрөнү коргоо тармагында 20 жылдан ашык эмгектенген эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Б. Салыкмамбетованы Д. Кутманова кабинентинен кууп чыгып, ал кабинетке башка сырттан келген өзүнүн коомдук негиздеги кеңешчисин жайгаштырүүна пландап жатат.
Ошондой эле, Толмачев Александр аттуу коомчулукка кеңири белгилүү чуулгандуу, “Жашылдар партиясынын” саясий кеңешинин мүчөсү, моралдык-этикалык баалуулуктарды карманбаган провокаторду Кутманова “шопур-жансакчы” кылып алган. Мамагенттиктин кызматкерлердин ар бир кыймыл аркетин видеокамералардан чөнтөк телефон аркылуу онлайн режимде аңдып, коллективде терс маанайды жаратууда. Мындай көрүнүш Мамагенттиктин кызматкерлеринин өздүк коопсуздугуна коркунуч жана иш алып барууга тоскоолдук жаратып келет. 18.00дон кийин адистерге жумуш ордуна кирүүгө тыйуу салынып, Д. Кутманованын адамдары кабинеттерди, казагдарды, маалыматтарды аңтарып жүрүшөт. Директор катары кызматкерлерге карата өтө орой, мамалекеттик кызматчынын этикасына дал келбеген мамиле кылып келет.
Ошол эле убакта терс көрүнүштөрдүн бири - Мамагенттик бүгүнкү күндө “Жашылдар партиясынын” филиалы болду десек жаңылышпайбыз. Өкмөттөн "Кызматтык пайдалануу үчүн" жана башка ушул сыяктуу маанилүү документтер "Кыргызстандын жашыл партиясына" жеткиликтүү болуп, натыйжада мамлекеттик коопсуздуктун негизги компоненти болгон экологиялык коопсуздукка зыяндуу таасирин тийгизүүдө.
Азыркы күндө, бир айдан бери бүткүл Мамагенттик боюнча маалыматтык материалдарды чогултуп, “Жашылдар партиясына” берилип жатат. Ошол эле убакта Бишкек шаарындагы түтүн (смог) маселеси боюнча бир дагы конструктивдүү иш алып барылган жок, тексерисинче “ал биз чече турган маселе эмес” деген саясатты жүргүзүп жатат. Шаардын 1.5 миллион тургундарынын ден-соолугу жана экологиялык абалы Д. Кутманованы айлана чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдын жетекчиси катары ойлондурган жок жана дайындалгандан бери смог маселесин чечүүчү бир да чечкиндүү кадам жасалган жок.
Д. Кутманованын мындай мыйзамсыз иш-аракеттери Мамагенттиктин ишине өтө терс таасирин тийгизип, жамаатта толкунданууну жаратып жана жалпысынан иштин натыйжалуулугун төмөндөтүүдө.
Жакында эле Корей Республикасына кызматтык иш сапарын демилгелеп, билеттерди алып, Өкмөттүн кызматкерлерине туура эмес маалымат берип буйругун чыгартып алып, тиешелүү процедураларды сактабагандыктан Корей Элчилиги Д. Кутманованын иш сапары боюнча каршылык Нотасын жиберди.
Айлана чөйрөнү коргоо тармагы ушуга чейин көп сынга алынып келет, бирок жетекчилике дайындалган кадрларга талап коюлбай келет. Д.Кутманова сыяктуу, репутациясы өтө булганган, моралдык-этикалык өзөгү жок, ач көз адамдын бүтүндөй бир ири тармакка жетекчи болуп дайындалышы азыркы бийликтин аброюна чоң шектерди жаратууда.
Ушул тармакты бүтүндөй жеп, тоноп, алдап, уурдап келген Д.Кутманова бул кызмат ордуна татыксыз, аткени чындыгында мамлекеттик органдын жетекчиси эмес, бир нече кылмыш иштеринин фигуранты боло турган адам.
Өтүп бараткан 2020-жыл бүтүндөй кыргыз эли үчүн өтө оор жылдардын бири болду. Пандемия, саясий орчундуу өзгөрүүлөр жана экономикалык оорчулуктар (төмөн айлык, баалардын өсүшү) элдин шайын алып бүттү. Ушундай шартта, Мамагенттиктин жамааты Д. Кутманованын кылык-жоруктарына кыжыры кайнап турган учуру.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Мамагенттиктин эмгек жамааты Д. Кутманованы ээлеген кызматынан токтоосуз бошотууну талап кылат. Талап аткарылбаган учурда Мамагенттиктин республика боюнча 2000 ашык жамааты мөөнөтсүз нааразычылык акциясына 2020-ж. 28-декабрынынан баштап чыгуусун маалымдайбыз.
Мамагенттиктин эмгек жамааты, 25-декабрь 2020-ж.