06/09/2023
Чолпон - Атада “Micromine” колдонуучуларынын 6-эл аралык конференциясы өтүүдө
Бүгүн, 6-сентябрда Чолпон - Ата шаарында “Micromine” программасынын колдонуучуларынын 6-эл аралык конференциясы башталды . Эки күндүк бизнес жана маданий иш-чаралар камтылган конференцияны Борбордун Азиядагы "micromine" компаниясы менен "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы уюштурууда.
Аталган компания дүйнөнүн 90 ашуун өлкөсү тоо кен казуудагы эң ыңгайлуу ыкма катары колдонуп келишет. Учурда баяндамачылар алдыңкы техникалык адистер менен тажрыйба алмашуу, жаңы бизнес байланыштар, кызыктуу өнүм учурлары тууралуу жаңы билги, сунуштар айтылууда.
Конференцияга КР Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев жана Экология министринин орун басары Эмил Осмонбетов сөз сүйлөдү.
6- эл аралык конференцияга Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан өкүлдөр келишти. Австралиянын тоо кен казуудагы кесипкөй адиси онлайн катышып, micromine колдонууда анын жеңилдиктери боюнча кеңири маалымат берди.
Конференциянын уюштуруучуларынын бири “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Белек уулу Улукбек төмөндөгүлөргө токтолду: “ Бул иш-чаранын максаты өлкө башчыбыз Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде биргелешип конференция, коомдук иш-чара өткөрүү маселеси көтөрүлгөн. Биз Өзбекстандын “Micromine” компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, “Кыргызкөмүр” ишканасына санариптештерүү, жаңы технологияларды колдонуу боюнча Ысык-Көлдө конференция өткөрүүнү чечкенбиз. Анын алкагында өзбек компаниясы менен жаңы программалык камсыздоо, жаңы кадамдар менен баштап,тажрыйба алмашуу каралган. Башка компаниялар жана инженерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орто Азиядагы бир лицензия боюнча талкуу болот. Мындан ташкары Өзбекстандын “Micromine” компаниясы менен санариптештирүү багытында мемарандумга кол коюлат”
14/08/2023
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече», «Мин-Куш» жана «Ысык-Көл кемечилиги» филиалдарында жайгашкан оор салмактык тараза жабдууларына Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери менен бирге эталондук гиралар коюлуп, калибровка жүргүзүү иштери менен текшерүүдөн өттү.
12/05/2023
❗Түз эфир.
Күн жана шамал электр станцияларынын курулушу.
https://m.youtube.com/watch?v=PIfHDoECFUQ
29/04/2023
Бүгүн “Кыргызкөмүр” МИнын жумушчулары ишембликке чыгып, тазалоо иштерин жүргүздү.
Ишканын жумушчулары Көк-Жар айылынын жол жээгинде жаткан таштандыларды жана ошол аймакты тазалашты.
“Ийгиликтин башаты тазалыктан башталат”,-дегендей ар бирибиз өлкөбүзгө салымыбызды кошолу.
Бул иш чара “Таза Мурас” демилгесинин алкагында Президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашты.
27/04/2023
✍Энергетика министрлиги менен Венгриянын Обуда университетинин ортосунда Меморандумга кол коюлду
✅Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Венгриянын Обуда университетинин ректору жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Тараптардын жолугушуунун негизги максаты Обуда университетинин Энергетиканын кайра жаралуучу булактыра боюнча иш алып барган кадрларды даярдоо жагынан тажрыйбасы бар. Мындан улам КРнын энергетика министри ЭКБ боюнча долборлорду ишке ашыруу үчүн тажрыйба алмашуу максатында жолугушуу уюштурду.
✅Жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагы боюнча кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, Кыргыз-Венгрия фондун ишмердүүлүгү ж.б. маселелер тууралуу талкуулашты.
✅Ал эми Кыргызстандын энергетиктери келген делегаттарга аткарылып жаткан иштер, долбоорлор, алдыга коюлган пландар, инвесторлорго болгон жеңилдиктер, жаратылыштан электр энергиясын өндүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентация кылышты.
✅Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Обуда университетинин (Венгрия) ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана электр энергетикасы жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
✅Аталган Меморандумдун алкагында тараптар өз ара аракеттенүүнүн төмөнкү формаларын кароого ниеттенүүдө:
- энергия тутумун оптималдаштыруу (электр энергиясынын жоготуусун минималдаштыруу);
-0,4 - 500 кВ тармактарда электр энергиясынын коромжулуктарын азайтуу жана эсепке алууну автоматташтыруу боюнча иш-чараларга сунуштарды иштеп чыгуу жана ыкмаларды изилдөө;
- чакан гидроэлектростанцияларды курууда жана өнүктүрүүдө кызматташуу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жол картасын иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Салттуу түзүлгөн энергия системасына интеграциялоо;
- Окуу борборлору менен биргеликте даярдоо курстарын, семинарларды, техникалык кеңешмелерди жана жумушчу жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;
- энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- отун-энергетикалык комплексинде инновациялык иштин маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, семинарларды уюштуруу жана аларга биргелешип катышуу;
- кызматташуу жаатына тиешелүү маалымат алмашуу, анын ичинде электр энергиясынын рыногунун ишине тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды, рыноктун катышуучуларынын өз ара мамилелеринин механизмдерин жана жөнгө салуу ыкмаларын изилдөө;
- тараптардын кызматташуу максаттарына жетүүгө багытталган келишимдерди (макулдашууларды) түзүү.
Мындан аркы кадамдар, эки тараптын коюлган пландарын ишке ашыруу максатында жол картасы түзүлөт.
✅Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстан тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Чыныбаев, Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин катчысы, экономика илимдеринин доктору Б.Баетов, Кыргыз энергетикалык эсеп борборунун башкы директору Б.Жаныбеков, ал эми Венгрия тараптан Обуда университетинин ректору PROF.DR.HABIL. KOVACS LEVENTE ADALBERT, Обуда университетинин кафедра башчысы, Кандо Калман университетинин Электрондук инженерия бөлүмүну башчысы, PROF.DR.PETER KADAR жана тараптардын кызматкерлери катышты.
______________________________________________
✍Министерство энергетики подписало Меморандум с Университетом Обуда Венгрии
https://minenergo.gov.kg/ru/news/175
20/03/2023
КАРА-КЕЧЕНИН АЧЫЛЫШЫНАН ВИДЕО РЕПОРТАЖ.
НТК:КОНУШ ЖАЙЛУУ БОЛСУН!
«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы жаңы 2-кабаттуу заманбап шарты бар кеңселүү болушту. Мындан 2 жыл мурда райондун Байзак айылында куру...
20/03/2023
Айыл аксакалдарынын сөзүнөн:
-“Быйыл кыштан чынын айтканда эркелеп эле чыктык. Арзан көмүр кенен болду, көмүр кампаларга бат-бат түшүп жатты. Эми батамды берейин силерге”,-деди.🤲🤲
ЖАКШЫ СӨЗ ЖҮРӨК ЖЫЛЫТАТ.🤩🤩
20/03/2023
КЫРГЫЗКӨМҮРДҮН ФИЛИАЛЫНЫН ИМАРАТЫН КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ? ☺️☺️☺️🙃🙃
Курулушу жаңы аяктаган имарат эки кабаттуу. Заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөн, көмүр менен жылытылат. Кеңселери жарык жана ыңгайлуу.
Ал эми жумушчулар үчүн чип орнотулуп, жеке карточкалар менен кирип турууга шарт түзүлгөн.
20/03/2023
Биздин айылдын сулуулары, кара каштары, кымча бел, ажарлуу, татынакай, ийкемдүү көз жоосун алган кыздары, филиалыбыздын ачылышында.
😇😊😊😊